«Кызымдын өмүрүн сактап калуу үчүн 2-3 жума ичинде донор табышыбыз керек» дейт энеси. 3 баланын энеси, 26 жаштагы Айымкүлгө акысыз Түркияда бөйрөгүн алмаштырууга Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан квота берилген. Бирок эми ага донор табуу маселеси бар. Бул үй-бүлөдөгү абалды Айымкүл жана анын энеси Нарынбүбү айтып беришти.
«ӨЗҮМ ДОНОР БОЛО АЛБАЙТ ЭКЕНМИН»
Нарынбүбү айым кызын сактап калуу үчүн жардам издеп жүргөнүн айтат:
– Бул сыр мени менен кошо кетиши керек эле. Бирок кызымдын өмүрүн сактап калуу үчүн айтууга аргасызмын. Өзүм төрөбөй калып, 40 жашка келип калганда төрөтканадан 7 күндүк Айымкүлдү асырап алгам. Күйөөм каза болуп калган. Кичине кезинде ден соолугу чың болчу, жакшынакай эле чоңойгон. Турмушка чыгып, ортолорунда 3 баласы бар. Төртүнчү баласы боюнда кезинде түйүлдүк өспөй, ичинен өлүп калыптыр. Ымыркайдын 7 жумалыгында эле жүрөгү токтоп калган экен, аны кызым 12 жума болгондо билип тазалатыптыр. Бул убакта түйүлдүк ириңдеп кетип, инфекция тарап бөйрөгүнө залал берген. Ошондо бөйрөктү текшерген дарыгерлер кандын курамында креатиндин деңгээли жогорулап кеткенин айтышкан. Учурда бөйрөгү кенедей болуп эле бүрүшүп калган, гемодиализ алуу керек эле. Бирок кызымдын Түркияда бекер бөйрөк алмаштыруусуна кезеги да келип калган. Болгон маселе донор таба албай жатабыз. Багып алган кызым болгондуктан мен да, туугандарым да донор боло албайт экен. Бөйрөгү үчүн донорго кем дегенде 15 миң доллар акчабыз болуш керек экен. Үйүбүздү саталы дегенбиз, бирок чукул арада өтпөй жатат. Ошондуктан кызым үчүн жардам сурап жалдырап жүргөн кезим. Өз туугандарын да издештирдик, бирок эч кандай маалымат таба албадык. Андыктан жалгыз үмүтүбүз элде калды.
«ӨМҮР ҮЧҮН КҮРӨШҮҮГӨ ТИЙИШМИН»
Күнүгө коркуп жашап келем деген Айымкүл төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Күйөөм ижарага алып маршрутка айдайт. Өзүнчө батирде турчубуз, ооруп калганыма байланыштуу азыр апамдын үйүндөмүн. Мындай ооруга жолугам деп деле ойлогон эмесмин. Эми бүт аракетимди колдонуп, өмүр үчүн күрөшүүгө тийишмин. Анткени 3 балам бар.
Менин ар бир күнүм опурталдуу. Анткени бөйрөгүмдөгү креатиндин саны 400дөн ашса, комага түшүп калуу коркунучу бар экен. Гемодиализ ал дешкен, бирок биз коё туралы деп жатабыз. Анткени аны алуу үчүн бир аптага эле 25 миң сом кетет экен. Аны бир жыл эмес, өмүр бою колдонуу керек, аябай оор процесс деп айтышты. Андан көрө бөйрөктү алмаштырып салган пайдалуу деп жатышат дарыгерлер. Анын үстүнө Түркияга барып дарыланууга да кезегибиз келип калды. Элден жардам сурайм, анткени мен балдарым үчүн жашоого тийишмин!
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg