«Ош базар» жакта жашайбыз. Уюлдук телефонум да жок, мени ушул даректен табасыз» деген эле бир ирет Айпери аттуу келин. Кебетесинен анын оор турмушту башынан кечирип жатканы байкалып турган, бирок көргөнүм мен элестеткенден да ашып түштү. Кичинекей бөлмөнү эптеп жылыткан электр жылыткыч, төр жакта жарым жан эне, үйдө 2 жаштагы томпойгон ширин кыз, 6 айлык боюнда бар келин. «Булар жакында болгон ит өлгөн сууктан кантип аман-эсен чыкты?» деп каңырыгым түтөдү.
«БЫЧАКТЫ ШИЛТЕП ЖИБЕРДИ, АЗ ЖЕРДЕН ӨЛТҮРҮП КОЁ ЖАЗДАДЫ»
Башынан өтүп жаткан оор турмушу, айылдан кантип борбор калаага келип калгандары тууралуу Айпери аттуу каарманыбыз төмөнкүлөрдү айтып берди:
- Биз Талас облусунун Ак-Жар айылынан болобуз. Борбор калаага келгенибизге бир жарым ай болуп калды. Турмушубуз оор болуп, эмне кыларыбызды билбей калганда апамды жана кызымды алып баса бергем. Мурун жашообуз жакшы болчу. Эл алды болбосок да, ортосу болуп эч нерсеге муктаж эмес элек. Атам айдоочу болсо, апам кыргыз тили жана адабият сабактарынан сабак берип 30 жыл мугалим болуп иштеген.
Апам 2006-жылы ат арабадан кулап кетти. Бир аз сылтып, кайра эле басып кеткендиктен ага көңүл бурган деле эмеспиз. Кийин эле такыр баспай калды.
«Баш кетсе баары кетет» деген чын окшойт, атам 2012-жылы каза болгондон кийин биздин үй-бүлөнү кырсык тооруду. 3 бир тууганбыз. Агам ичкиликке ооп кетти, эмнеден башталганын деле билбейм (ыйлап). Эжем 3 баласы менен жалгыз бой. Атам каза болгондон кийин апамдын 2 буту тең баспай калды. Ошол убактан бери такма жалаяк кийгизип багабыз. Карыганда кайгыбызды көрүп апам байкуш да кыйналып кетти, анткени агам ичип келген сайын чаң салып коркутат. Бычактарды бекитип, балта сыяктууларды көздөн далдаа катып коёбуз. Түнкү саат 2 болобу, 3 болобу көзүнө кимибиз көрүнсөк «арак таап кел» деп үйдөн кууп чыгат.
Анын жоруктарына чыдай албай койдум, Бишкекке кетип калдым. Иштеп жүрсөм бир күнү коңшуларыбыздын бири мага телефон чалып, апамдын таптакыр каралбай калганын айтты. Агам үйгө камап коюп кетип калыптыр, 2 күн бою тамак ичпей, алды тазаланбай калыптыр. Февраль айы болчу, барсам үй суук апам тоңуп калыптыр. Ошол күнү да агам ичип келип «Шаарда сойку болуп иштеп жүрдүңбү?» деп жан кейиткен сөздөр менен сөгүп кирди. Акча жоктун айынан кеткенимди, тигүүчү болуп иштегенимди айтсам ишенген жок. Бычак алып келип шилтеп жиберди. Бычактын мизи майтарылып калган экен, кирбей калып аман калдым окшойт (ыйлап). Апама агамдын колу көп тийген жок, бирок «аялды силер таап бергенсиңер» деп эле ичкен сайын эзе берет.
«ЭНЕҢДИ БАГА БЕРЕБИЗБИ ДЕП КҮЙӨӨМ ЭЗЕ БЕРДИ»
- Апамды айылда багуу мүмкүн эмес болчу. Ар күнүбүз коркунучтуу эле. Агам мени да жайыма койбой ур-токмокко ала берди. Айла жок апамды таежемдин үйүнө алып бардык. Ошол жакта жашап жүрүп жолдошум менен таанышып калдым. 3 күн сүйлөштүк, анан үйлөнүп калдык. Ага акыбалымды түшүндүрүп айтып бергем, менден башка апамды бага турган адам жок экенин айтсам «чогуу жашай беребиз» деп макулдугун берген. Ошентип күйөөм экөөбүз апамды карап жүрдүк.
Кийин эжем апамды Бишкекке алып кетип бакты. Бирок ал дагы 3 баласын жалгыз чоңойтуп жаткандыктан апамды карай албай калды. Кайра «мен багайын» деп Ак-Жардагы өзүбүздүн үйгө күйөөм болуп барып чогуу жашап калдык. 2016-жылы агам түрмөгө камалган. «Мурункудай корко турган байкең да жок. Барып жакшынакай жашап, апамды бага бергиле» деди эжем.
Апам дайым кароого муктаж, күйөөм башында түшүнгөн сыяктуу болчу. Кийин «Биз эле бага беребизби, байкең менен эжең да бакпайбы?» деп мээмди жей берчү болду. Күйөөм өзү арак ичпейт, тамеки чекпейт, кол деле көтөрбөйт. Бирок апамды батырбай койду. Кайнатам да ичип келгенде апама жаман сөздөрдү айтат, деги тынч жашайынчы деп апамды алып баса бердим. Учурда 2 жаштагы кызым бар. Экинчиси да боюмда болуп калыптыр. Алдырганга дитим барбады. Азыр ага 6 ай болду. Боюмда бар экенин билгенде жолдошум «кал» деди.
Алдымда 2 жол турду. Бир жагынан балдарымдын атасыз чоңоюшун каалабайм, экинчи жагында апам. Үй-бүлөмдү сакташ үчүн апамды көчөгө таштап салмак белем? Айтор, эки оттун ортосунда калдым. Бишкекке келип арзаныраак батир таап жашап жатабыз. Апам 6 миң сом пенсия алат. Анын 3 миңине өзүнө памперс алам, калганын батир акысына төлөйбүз. Эми электр жарыгына да акча чыгат, аны кантип төлөйбүз билбейм. Боюмда болгону бул жакта каттоого да турган эмесмин. Төрөп алсам, иштеп апамды дарылатсам дейм. Чындыгында азыр жардамга муктажмын.
Агам жеңемди уруп койгондуктан 6 жылга соттолгон. Амнистияга туш келгенби билбейм, айтор, ушул февраль айында бошоп чыгат экен. Агам келсе тозок жашообуз кайра башталабы деп ойлоп бул жакка келе бергенбиз. Бир жагынан коркуу, экинчи жагынан оор турмушту ойлоп ушул учурда эмне кыларымды билбей эле жашап жатам. Минтип элге кайрылганымды билсе агам мени өлтүрүп салышы мүмкүн, бирок кайрылып жардам сурабасам апам менен кызымды жалгыз карай албай калдым. Күйөөм менен мыйзамдуу түрдө ажырашкан эмесмин, балдарга да алимент кесиле элек. Айтор, оор абалдамын.
«АТ АРАБАДАН КУЛАП КЕТИП БАСПАЙ КАЛГАМ»
Айтбүбү эне көп жылдар төшөктө жатканданбы, унутчаак да болуп калган. Ал Айпериге «агаңды жамандаба, келип сени өлтүрүп кетпесин» деп эскертип жатты:
- Мен 71 жаштамын. 30 жылдай мектепте мугалим болуп иштегем. 2006-жылы ат арабадан кулап кетип, аксап жүрүп кийин такыр баспай калдым. Доктурларга деле көрүнгөн жокмун. Иштеп жүргөн кезимде ар түрдүү сыйлыктар менен сыйлангам, азыр болсо мени эч ким деле эстебейт (ыйлап). Дарттан улам көп жылдар бою төшөктөмүн. Дарыланайын десем акчам жок. Кыздардын колундамын, алар деле кыйналып жатышат. Күйөөлөрү менен ажырашып, азыр экөөнүн тең үйү жок, балдарын жалгыз бой тарбиялап жатышат. Айта берсе сөз көп, азап болуп жатам минтип.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg