«Ош базардагы» өрттөн зыян тарткан ишкер: «900 МИҢ СОМДУК ТОВАРЫМ КҮЛ БОЛУП САПЫРЫЛДЫ»

30-январда Бишкек шаарындагы «Ош базардан» чыккан өрт көптөгөн соодагерлерди сызга отургузду. "Сейтек", "Берекет плюс" кичи базарларында жалпысы 3500 чарчы метр аянт өрттөнүп, 200дөн ашык соода орундары күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда. Миллиондогон акчаларынан кол жууган соодагерлер кандай жардам, жеңилдиктерди ала алышат? Бул суроолорго жооп издеп көрдүк.

«НАН ТААП ЖАТКАН ЖЕРИҢДЕН АЙРЫЛГАН ЖАМАН ЭКЕН»
Канча каражатын жалынга алдырып жибергендерин эсептеп отурган соодагерлер баштарына түшкөн кырсык тууралуу кеп кылышты.

Байыш Мырзакматов:
– «Берекет плюстан» 2 орун сатып алып, соода кылып үй-бүлөмдү багып жаткам. Өрттөн эч бир товарымды сактап кала алган жокмун. 900 миң сомдук товарым күл болуп сапырылып кетти. Ижарага орун алып иштеткендер жана насыяга акча алып оокат кылып жаткандарга да боорум ооруп турат. Мен өзүмдүн акчамды иштетчүмүн. Жок дегенде жарым товарыбызды төлөп беришсе жакшы болмок. Эми насыя алып, кайрадан баштайм.
Өрттүн себеби аныктала элек, бирок эл «Сейтектин» электр чубалгылары эскилиги жетип калган» деп айтып жатышат. Эгер ошондой болсо, анда «Сейтектин» жетекчилиги убагында жаңылап коюшу керек эле. Текшерүү жүргүзгөн органдардын да күнөөсү болушу мүмкүн, себеби алар мындайларга тийиштүү деңгээлде чара көрүшкөн эмес. Мындан ары өрт чыкпашы үчүн ызы-чуу кылып базар сала бербеш керек деп ойлойм. Мисалы, «Сейтектин» ичине өрт өчүрүүчү унаа кире албайт, тез өчүрө албаганы ошондон болду. Өрт өчүрүүчү унаалар сыртта турду, шлангдары кыска, жеткен жерин эле өчүрүп жүдөштү. Ошол сыяктуу ызы-чууларды тартипке келтирсе, өрт өчүрүүчү унааларга да ыңгай түзүп коюшса жакшы болмок.

Кенже Ысакова:
– «Сейтекте» 2 соода ордун ижарага алып иштетип жаткам. Былтыркыдан калган жайкы товарларымды да ошол жакта калтырып койгом. Болжол менен 500 миң сомдук товарым асманга учуп кетти. Төлөнө элек 65 миң сом насыям бар. Банктар жардам берүүгө даяр экендиктерин айтышты.
Өрттөнгөндө нес абалында болгонбуз, азыр да өзүбүзгө келе албай жатабыз. Туугандар чалып абалымды сураса ыйлап жатам. Элестеткиле, бир заматта киреше булагыңдын баары өрттөнүп жок болуп кеткенин...
Базар жетекчилиги ашыкча электр жабдыктарын, чоң лампочкаларды колдондурчу эмес. «Кооптуу жерден тамеки чекпегиле» деп да айтчу. Бирок маңдайыбызга жазганы ушул окшойт.

«УРУКСАТ АЛСАК ЭЛЕ КУРУЛУШ ИШТЕРИН БАШТАЙБЫЗ»
«Сейтек» ЖЧКсынын директорунун орун басары Сабырбек Сакинбаев зыян тарткан соодагерлерге жеңилдик беребиз дейт:
– Биздин базардан 207 орун өрттөндү. Канча ишкер зыян тартканы такталууда. Биз долбоор түзүүчүлөр, куруучулар менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп баштадык. Куруу үчүн уруксат алсак эле курулуш иштерин баштайбыз. Ижарага орун алып иштеткендерге да жеңилдик беребиз. Банктарга, микрокредиттик компанияларга насыяларды төлөө мөөнөтүн узартып же токтотуп берүүнү суранып кайрылып жатабыз.

«СЕЙТЕКТИН» ЖЕТЕКЧИЛИГИ БАШКАЧА СҮЙЛӨП КАЛДЫ»
«Берекет плюс» соода түйүнүнүн башчысы Нургелди Канжанов болсо «Сейтек» соода түйүнүнүн жетекчилигине нааразы:
– Базарды кайрадан батыраак куруп берсек ишкерлерге жардам берген болобуз. Ижарага алып иштеткендер менен түзүлгөн келишимде «өрт чыккан учурда базар жетекчилиги жооп бербейт» деген пункт бар. Өрт «Сейтектен» чыккандыктан, ошол тарап зыян тарткандардын чыгымдарын төлөп бериши керек. «Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат» дегендей эле бет тырмоочулук болуп жатат. Башында «биз товарлардын жарымын болсо да төлөп беребиз, четте карап турбайбыз» деп айтып жатышкан. Эми болсо «күнөө бизде эмес, төлөп бербейбиз» дегендей түр көрсөтүп, башкача сүйлөп жатышат. Биздин базардан 13 ишкердин 26 оруну өрттөндү.

«ЖОЛДУ ТАЗАЛОО КЕРЕКТИГИ АПРЕЛДЕ ЭЛЕ АЙТЫЛГАН»
ӨКМдин өрттү анализдөө жана өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сталбек Абдылда уулу базардагы өрт эмнеден улам келип чыкканы азырынча белгисиз дейт:
– Биз жылына 2-3 жолу тактикалык машыгууларды өткөрүп турабыз. «Ош базарында» 2017-жылдын апрель айында машыгуу өткөн. Ошол убакта эле бул базарда бүгүнкү күндө көрүнүп турган мүчүлүштүктөр бар болчу. Жолдун боюна убактылуу соода кылгандар тоскоолдук жаратат, жолду тазалоо керектиги айтылган. Өрт учурунда базарда киши аз болуп өрт өчүрүү унааларына тоскоолдук жаралган жок. Биз өзүбүзгө тийиштүү алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз.
Белгилей кетчү дагы бир жагдай, өкмөттүн токтомунун негизинде чоң объекттерде өрткө каршы ыктыярдуу кошуундар түзүлүшү керек. «Сейтектен» андай кошуундун ишин көрө алган жокпуз.
Өрттүн келип чыгыш себебин азыр айта албайбыз. Учурда Ленин райондук ӨКМ бөлүмүнүн кызматкерлери өрт сыноо лабораториясы менен бирдикте иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

«СЕЙТЕК» 2015-ЖЫЛЫ ТЕКШЕРИЛГЕН, БИРОК ӨРТ КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРИЛГЕН ЭМЕС»
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактар аралык башкармалыгынын башкы тескөөчүсү Улан Уралиев аталган базардын өрт коопсуздугу көптөн бери текшерилбегендигин айтты:
– Мыйзам боюнча, текшерүүнүн субъекттери жогорку, ортоңку жана төмөнкү тобокелдик даражаларда болуп бөлүнөт. Жогорку тобокелдик даражадагы субъекттер 1 жылда бир жолу, ортоңку даражадагы 3 жылда бир жана төмөнкү даражадагылар 5 жылда бир жолу текшерилет. «Ош базары» жыл сайын текшерилчү даражада. 2017-жылы «Ош базарындагы» бир канча объект текшерилген. Бирок өрт чыккан «Сейтек» кичи базары биздин инспекция тарабынан акыркы жолу 2015-жылы текшерилген. Анда дагы өрт коопсуздугу эмес, башка багыттар боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Аталган мыйзам текшерүүгө милдеттендирбейт, уруксат берет. «Сейтек» кичи базарынын текшерилбей калгандыгынын себеби, бизде кызматкерлер аз, ал эми мындай объекттер көп. «Ош базарында» эле 80 чакты объект бар. Объекттер ачылып-жабыла берип саны так эмес. Эсептеп бүтүп базарды толук текшеребиз.


МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ:
2018-жылдын январь айында республика боюнча 250 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 36 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келген. Өрттөн улам 14 адам, анын ичинен 1 жаш бала каза тапкан. Катталган өрттөрдүн 30 пайыздан ашууну электр жабдыктарын туура эмес колдонуудан келип чыккан.
Кырсыкты текшерүү боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөн. 1-февралда чыккан өкмөттүн токтомуна ылайык, зыяндын көлөмү, жабыр тарткандардын тизмеси 1-мартка чейин аныкталып, салык төлөө мөөнөтү узартылып, финансы-кредиттик уюмдарына кредиттик карыздардын мөөнөтүн узартып же токтотуп берүүнү сунушташмакчы.

Жолдордо убактылуу соода кылгандар азыр дагы иштерин улантышууда


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Nevestkaa
2018-02-13 10:31:31
Кайда караба кыйналган кыргыздар.Бизге да кудайдын жакшы күндөрү келээр,жакшылыктан үмүт үзбөйлү.
+5
Nanei
2018-02-13 14:58:46
Баары эле аппак,эл эле куноолу,олуп калса деле оздору куноолу дер коюшат
+5
sabyr86
2018-02-13 16:19:03
Орт коопсуздугун текшерип,талапка ылайык болбосо штраф салып туруш керек.бизде текшерип барат,текшербей эле койчу акча сунуштаса аны чонтоко салып баары жакшы деп кетип калышат.
+3
bolotbeck1983
2018-02-13 16:51:40
Биздин эркин базар экономикабыздын кесепети. Борбор шаардагы чоң базардын акыбалы таптакыр стандартка жооп бербейт. Санитардык абалы да өтө начар. Менимче Москвадагыдай кылып жабык түрүндө заманбап павильон кылып кайрадан куруп чыкса болот. Анан дагы жол боюндагы майда соодагерлердин чаржайыт жайгашуусу дагы шаар көркүн бузуп, жол кыймылына да тоскоол жаратат. Кыскасы, чакчелекей будуң-чаң, маданият нөл тартип жок!
+4
Gulperi99999
2018-02-13 17:35:40
Сабыр
+1
Akniet_kg96
2018-02-15 13:22:02
эчким текшербейт текшерип келишет дегенде эле акча чогултур башташат ар бир адамдан200.300 сомдон сыйлайбыз деп бир кун мурун сыйын коруп акчасын алып анан баары сонун деп кетип калышаи
+1
№ 797, 9-15-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан