6-февралда Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчилиги жана Кыргыз диаспора өкүлдөрү кышкы Олимпиада оюндарына катышууга барган мекендеш спортчуларыбызды «Инчон» аэропортунан өзгөчө шаң менен тосуп алышты. Иш-чарага Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан да катышты. Элчи Кыргыз спортчуларына ийгилик каалап, маанилүү жана масштабдуу иш-чарага жеткирген алардын талыкпас эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди. Кышкы Олимпиада оюндарына катыша турган спортчулар Евгений Тимофеев (лыжа менен тоодон тоскоолдуктарды аралап түшүү), Тариэл Жаркымбаев (лыжа менен жарышуу) жана алардын машыктыруучулары, Улуттук Олимпиада комитетинин өкүлдөрү аэропорттон машыгуулар өткөрүлө турган жайга жөнөп кетишти.
XXIII кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында 9-25-февраль күндөрү өтөт.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg