ИЗДЕЙМ СЕНИ

«НУРБЕК, КАЙДАСЫҢ?»
– Мен үйүмдө мал багып иштеген Нурбек Мавлянкуловду издейм. Ал 1980-жылы Аксы районундагы Дейрес-Сай айылында туулган. Биздин үйгө 2017-жылдын ноябрь айында келген. Өзүнүн айтымында, ал жубайы менен ажырашып кеткен, 2 кызы бар. Өткөн жылдын 31-декабрь күнү кыздарын майрамдатып келүүгө кеткен. "2 күн аралыгында келип калам" деген. Бирок кечигип жаткандыктан жубайы Санатага телефон чалсам "бир түнөп алып эле кеткен" деп койду. Ошондон бери Нурбекти издеп жатабыз, дайынсыз болууда. "Ата-энем Сокулукта жашайт" деп да айткан. Биз алар менен байланыша албай жатабыз. Нурбек абдан ишине так, алдабаган адам эле. Анын минтип жоголуп кетмей адаты жок болчу. Кимдир бирөө көрүп же таанып калса, бизге байланышып койгула.


Токтогул районундагы Чоң-Арык айылынан Дилде,
тел.: 0770 24 25 64


«КАЙДАСЫҢАР, КУРСТАШТАР?»
– Мен Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин 1988-жылы бүтүргөн курсташтарымды издейм. Курсташтар, кимдир бирөөңөр окуп калсаңар, мага байланышкыла.


Курсташыңар Гүлнар Садыкова, тел.: 0706 66 60 03


«АГАМДЫ КӨРҮП-БИЛГЕНДЕР, КАБАРЛАШКЫЛА»
– Агам Таалайбек Шакиров изделет. Ал Арча-Бешик конушунда жашаган үйдөн 2015-жылы чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Анын туруктуу иштеген иши деле жок болчу. Кимдир бирөө сүрөттөгү агамды көрүп калса, мага кабарлашып коюуңуздарды суранам.

Иниси Шейшенбек,
тел.: 0705 16 51 52,
0555 88 82 35, 0706 31 07 10



Сиз качандыр бир кездеги жакын ада­мы­ңыз­ды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же
koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
ЭСКЕРТҮҮ! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
БАЙЛАНЫШ ТЕЛЕФОНУ: (0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 797, 9-15-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан