Зарина Асанова: «БАЛДАРЫМ БУТ КИЙИМИМДЕН УЯЛАМ ДЕП МЕКТЕПКЕ БАРБАЙ ДА КОЮШАТ»

Бул жолку каармандарыбыз Ысык-Көл районунун Садыр аке айылында жашаган 10 адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрү. Оор турмушту башынан кечирип жаткан 38 жаштагы Зарина Асанова оорукчан жолдошун, 8 баланы багып келет.

«БИРИНЧИ ЖОЛДОШУМ КӨП ИЧЧҮ, КЫЙНАЛЫП ЖАШАДЫК»
– Мен 8 айга толгонумда ата-энем ажырашып кетишиптир. Таене, таятамдын колунда тарбиялангам. Атам менен апам ар кимиси өздөрүнчө үй-бүлө куруп кетишкен. Мектепти 9-класска чейин окуп, кесиптик окуу жайда билим алып жатканымда 17 жашымда биринчи жолдошум ала качып кетти. Ал көп иччү, кыйналып жашадык.
Бир ирет кайнежемдин малын багып иштейбиз деп Кочкорго барганбыз. Кайнежем бизге ишибиз үчүн акы төлөп бермек тургай нанды эсептеп берчү. Кийимдерибиз калбай, эски байпактарыбызды жамап кийип жүрүп, аягында бут кийимибиз жок калдык. Чыдабай калганда ошол жактагы бирөөнүн картошкасын отоп, тапкан акчамды жол кире кылып 3 баламды ээрчитип Ысык-Көлгө келе бердим.
Ошол бойдон күйөөм экөөбүз ажырашып кеттик. Андан жыл айланбай жолдошум каза тапты. 2 жылдан соң азыркы жолдошум Жекшенге турмушка чыгып, дагы 5 балалуу болдум. Азыр 4 кыз, 4 уулум бар. Эң улуу кызым 21 жашта, турмушка чыккан, кичүүсү 2 жашта. 3 балам мектеп курагында. Экөөнү өзүм, бирөөнү туугандарыбыз окутуп жатат. 2017-жылы октябрь айында тогузунчу баламды төрөгөм, бирок бир айлыгында ал уулум чарчап калды.

«ЖОЛДОШУМДУН ООРУСУНАН УЛАМ ҮЙДҮН ИЧИ САСЫП КЕТЕТ»
– Жолдошум мурда ашказаны ооруп баш-аягы ага 9 жолу операция жасалган. Мунусунда болсо өпкөсү ооруп 3 жылдан бери төшөккө жатып калды. 2002-жылы өпкөсүнө суук тийгизип алып, кургак учукка өтүп кетип ооруканада жатып дарыланган. Бирок жыл сайын ооруй берди, аягында кан, ириң кусуп баштады. Плеврит деген оору жармашыптыр. Азыр ар 15 күн сайын Чолпон-Атадагы ооруканага алып барып өпкөсүнө толгон ириңди сордуруп жатабыз. 1-1,5 литр, аз дегенде 600 грамм ириң чыгат. Ага 1000 сомдон кетет. Бир айдан бери каражат жоктугунан улам Чолпон-Атага да бара албай жатабыз. Жолдошум жөтөлүп оозунан ириң чыккан сайын үйдүн ичи сасып, жанына киши тура алгыс болуп калат. 2016-жылы Бишкектеги ооруканага алып барып көрсөткөнүбүздө, врачтар «Бир өпкөсүн алыш керек. Бирок жолдошуңуз алсыз болгондуктан, аны көтөрө албай калышы мүмкүн» дешкен. Каражат болгондо, балким, операция жасатканга аракет кылат белек...

«ЭКИ КҮНДӨП АЧКА КАЛГАН УЧУРЛАР БОЛДУ»
– Кышында үйүбүз суук болду, 2 күндөп эч нерсе жебей калган учурлар болуп жатты. Андайда кошуналар жардам берип жатышты.
Балдарым сентябрь, октябрь айларында кийими, бут кийими, окуу куралдары жоктугунан улам мектепке барбай калышты. Кийин 1-2 дептер алып берип эптеп барып тургула деп жиберип жаттым. Азыр эски кийимдери менен сабакка барып жатышат. Бирок өтө суукта буттарына суук өтөт деп жибербейм.
Балдарымды классташтары «силер кедейсиңер» деп шылдыңдашат экен. Балдарым «бут кийимимден уялам» деп кээде мектепке барбай да коюшат. Жалгыз калганда булардын тагдырын ойлоп ыйлап алам, эч кимисине көрсөтпөй.
Балдарым иштейин десе айылда жумуш жок. Бир балам спортко кызыгат, күрөш менен машыккысы келет. 7 жаштагы кызым атасын жакшы көрөт. Жанынан чыкпай колун кармап отура берет. Ал «чоңойгондо доктур болом» деп калат.
20 жаштагы экинчи баламдын тили кеч чыккандыктан 1-классты гана аяктады. Сабатсыздыгынан пайдаланып милиция кызматкерлери өткөн жылдын жай айларында уулумду мал уурулукка айыптап, жалган жалаа жабышты. Менин өкүл атам менен чогуу мал уурдады деп кармалды. Өкүл атам жоголду делген малдарды төлөп берди, биз да 1 уйду төлөп берип, 3 айдан кийин гана алар бошонуп чыгышты.

«АБАЛЫБЫЗДЫ УККАНДАР ЖАРДАМ БЕРИШҮҮДӨ»
– Жакыр үй-бүлө катары 4800 сом жөлөк пул алам. Ал акча дары-дармектен артпайт. Балдарым баланча сатып бер, түкүнчө жейм деп деле айтышпайт. Жок экенин түшүнүшөт.
Өзүбүз буга чейин бирөөнүн сарайында мал багып жашап жатканбыз. Ал киши малынын баарын сатып жиберген, биз жашап жаткан үйүнөн чыкпай туралы деп суранганбыз. Макул болгон, бекер жашап жатабыз. Өзүбүздүн болсо үйүбүз жок.
Аябай кыйналып тамак-ашка да жетпей калганыбызда айыл өкмөттөн отун сурагам. Бирок беребиз деп жүрүп бербей коюшту. Абалыбызды уккан Балыкчы, Караколдун тургундары жардам катары бир тонна көмүр, азык-түлүк, кийим алып келип беришкен. Айыл өкмөт башчысы Эркебек Арунов «Көмүрдү биз алып бердик, 8 миң сом, 2 баштык кийим бердик» деп жергиликтүү телеканалга маек бериптир. 8 миң сомду Эркебекке чейин иштеген айыл өкмөт башчысы берген. Кийим-кечек беришкен эмес. Гуманитардык жардам келди деп чакырышкан, бирок ал кийимдер менин балдарыма туура келбегендиктен алган эмесмин.
Декабрь айында Ысык-Көл райондук администрациясынын кызматкерлери келип абалыбыз менен таанышып кеткен. Алар айыл өкмөт башчысына «Буларга жакын арада отун түшүрүп бергиле. Жолдошун ооруканага көрсөткүлө» деп айтышкан. Бирок отун берише элек. Ал эми облустук оорукананын врачтары жолдошумду «Бишкекке алып барып көрсөткүлө. Биз кабыл албайбыз» деп коюшканынан Ананьеводогу ооруканага көрүнүп келген. Ошондо айыл өкмөт тараптан бизге 1500 сом акча жардам берилген.

«КОЛДОН КЕЛИШИНЧЕ ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨБҮЗ»
Садыр аке айыл өкмөтүнүн башчысы Эркебек Аруновго байланышканыбызда, ал Зарина Асанованы өзү аракет кылбайт деп күнөөлөдү.
– Айыл өкмөттүн карамагында отун жок. Кожоюндары менен сүйлөшүп, талаадагы чириген, карыган бактарды кыркып, бул үй-бүлөгө отун кылып берели дегенбиз. «Отунду кайсы жактан аларыңарды көрсөтүп берели. Келип алып кеткиле» десек өздөрү алып кетпей жатышат. Чоңоюп калган ишке жарамдуу балдары бар. Анан эле элге айыл өкмөтүн жамандай берет экен. Биз жасабаган ишибизди кантип жасадык деп айтмак элек? Гуманитардык жардам катары келген кийимдерден бергенбиз. Аны «алган эмесмин» деп жатат. Айыл өкмөттүн атынан күзүндө 1350 сом бергенбиз. Колдон келишинче жардам берип жатабыз. 8 миң сомду мага чейин иштегендер беришиптир. Ошону гана айткам.
Райондук администрациядан комиссия келгенден кийин Жекшенди (ред.: Заринанын күйөөсү)Караколдогу ооруканага алып барып жаткыралы десек дарыгерлер кабыл албай турганын айтышкан. Социалдык коргоо үчүн бөлүнгөн акчадан калган 2 миң сомду жардам катары бермекпиз. Бирок мен Караколго алып барам деп унаага бензин куйдуруп койгом. Калган 1500 сомду Заринанын колуна карматкам. Операция жасатканга жардам бере албайбыз. Өзүбүз дотациядабыз. Айыл өкмөт баарына кам көрүүгө алы жетпейт. Колубуздан келсе чоң эле жардам бермекпиз.

«Жолдошум 3 жылдан бери төшөктө. Каражат таап операция жасатсак айыгып кетчүдөй».


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (51)
Targarien
2018-02-21 18:53:37
Мен айылда уйум шаарда уйум болсо да уйбулолуу болсом кантип багам деп журом Булар тууса эле бир нерсе болуп тирилик отот деп туа бергендерден экен да Балдардын эле убалы
+1
Nurmat92
2018-02-22 14:02:29
Башынарга тушкондо тушуносунор
+4
alisha00
2018-02-22 16:31:00
Кызы чокусуна күйөөгө тийеби иштеп укаларин бакса болотко
+2
Nuri1988Elim2010
2018-02-22 22:51:03
Аллахым ар кимге ар кандай сыноо берет!!!Карарган тундун артында агарган тан бар дейтго!!!Антип айтпаныздар дейт элем,карап торосо болмок деп!жардам бере албагандан кийин бир ооз ширин соз айтып койсок эч нерсее болбойбуз туугандар
+2
Nuri1988Elim2010
2018-02-22 22:56:03
Бироонун ичиндеги кайгысын,турмушундагы азыбын эч качан бироо тушунбойт!!!Куноосун которбой дуа кылып койгула!!!Эн бактылуу эне экен,ушунча баланын энеси!!!Баланы аллахым суйгон пендесине берет
+1
Azatbek83
2018-02-23 16:44:16
Жардамыбызды аябайлык
0
Azatbek83
2018-02-23 16:45:05
Темадан бираз алыстадым Садыр Ава эмеспи Садыр аке би айылдын аты?!
0
Ali.na9595
2018-02-24 05:11:13
Жогоруда жазгандарга мен да кошулам эң таң калыштуусу күйөөсү 3жылдан бери төшөктө болсо , кичүү баласы эки де экен, дагы 2017төрөгөм 1айдан кийин чарчап калды дейт төшөктө жатып алып кантип бала жазап атат
+2
stervella415
2018-02-24 14:08:23
Биз да убагында кыйналып усту кардон менен жабылган уч комнат уйдо жашачубуз.жаан жааса уйдогу болгон идишти тосуп..кошуналар бирими суу май бириси рошки бириси озулорунон арткан нандарды алып келип беришчу..жердеги кукумду терип жеп сууга рошки бышырып жеген кундор болгон..ал убакта 4 кыз элек баарыбыз бир жаштан..азыр ойлосом акча деле берилбептир.анда санда квартальный маамды чакырчу гумпомощ келди деп..а так маам менен атам аракнт кылып атышып элдин алды болдук.аракет кылыш керекда.
0
zinagull1996
2018-02-24 15:09:23
Кайсыл элдин жудоо корсон зайыбын. Ошол элдин моюнуна кой айыбын. Эр соройлорду деп канча аял запкы жейт.
0
Nuri1988Elim2010
2018-02-24 22:42:36
Кантип торогонун жазып коюш керек беле,Ой силерге эмне ушактап айыбын тапкыча ,жардам бере албасанар унчукпай эле койгулада
+3
Bolotbek1991
2018-02-25 08:10:50
20 га чыккан баласы бар экен ошол деле иштеп аракет кылса болотда окмоттон карап отурбай балалуу уй було экен
0
aibars
2018-02-25 17:48:16
Жокчулук бул уят эмес, буйруса ушул уулдарыныз эр жетсе баары артта калат. Менин дагы деле эсимде, 3 класста иним экообуз бир бут кийимдик, кийин бир бирден алып берген ал дагы жыртылганда апам бут кийимдин башын кесип капталын тигип мектепке жоноткон. Ошондо мектептен шылдындашкан окуучулар иним экообузду. Ата энемдин каражаты жок аябай кыйналган учуру экен. Бирок Альхамдулиллах тарбиясын жакшы эле берди окутушту. Азыр иним Манас университетинде, мен Дубайда иштеп калдым. Альхамдулиллах.
+3
Birimdik5555
2018-02-27 01:56:43
Кайгырбаныз эже бул кундор да отот,балдарыныз чонойсо Кудайым буюрса,ылайым жакшы жашоодо жашайсыз. Айыл окмот чек берип койсо жакшы болмок
0
mamsali
2018-02-27 06:35:42
абалы ото эле оор экен кудайым берерин унутпасын
0
№ 798, 16-22-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан