Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «КИТЕП ОКУУГА УБАКЫТ ТАПКЫСЫ КЕЛГЕН АДАМ ТАБАТ»

Китеп – билимдин эле булагы деген жаңылыштык болсо керек. Китеп дүйнөсүнө сүңгүп кирген адам акылдын да кенчин таап, ал тургай сабырдуу, жөнөкөй же оор басырыктуу болууга үйрөнүп, кулк-мүнөзүнө чейин тарбиялай алары белгилүү. Депутат Жанар Акаев журналист катары, саясатчы катары да калыптанышына китептердин таасири тийгенин айтат.

«ЫСМАЙЫЛ, СЕЙДЕ, ЖАМИЙЛАНЫН ТАГДЫРЫНА КАБАТЫР БОЛУП...»
– Мен да эл катары эле окуучулук күндөрдө залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен чоңойдум. Айтматовдун чыгармалары бизди гумандуулукка, айкөлдүккө, чыдамкайлыкка үйрөттү. Кыргыз адабияты сабагынан берген мугалимибиз сабакты абдан жакшы өткөнү үчүн класстагы окуучулар Ысмайыл, Сейде, Жамийланын тагдырына көп кабатыр болчубуз. Бирок мага Исай Калашниковдун «Каар заман» чыгармасы катуу таасир этти. Аны журналист кезимде окудум, адамды саясатчы катары чыйралта турган, курчута турган, мага эң жаккан чыгармалар деп «Каар заман» менен Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романын атайт элем.

«ИНТЕРНЕТКЕ КОРОГОН УБАКЫТТЫ КИТЕПКЕ АРНАСАК...»
– Китеп окуганга убакыт табам деген адам табат, бирок биз, жаштар көп убактыбызды интернетке коротуп жатабыз. Күнүмдүк гана жаңылык, ызы-чуу видеолорду карап отуруп убактыбыз текке кетет. Мен да, тилекке каршы, ошолордун катарындамын. Азыр гана Уинстон Черчиллдин «Асти сынбагыла» деген кыргызча которулган китеби колума тийди. Эми ушул чыгарманы окуюн деп турам.

«МЕН СУНУШТАЙ ТУРГАН КИТЕП»
– Акыркы жолу индиялык улуу ойчул Махатма Гандинин өмүр таржымалы тууралуу "Менин жашоом. Менин ишенимим" деген китебин окудум. Бул китепти Роза Отунбаеванын фонду кыргызчага которуптур. Менин жан дүйнөмө бул китеп өтө катуу таасир этти. Махатма Ганди канчалык улуу киши экенин бүт дүйнө билет, бирок анын ошончолук жөнөкөй, жупуну киши экенин чыгарманы окуган адам билип, катуу таасирленет. Бул китеп адамды сабырдуулукка, айкөлдүккө, боорукерликке үйрөтөт. Кыргызда «таш менен урганды аш менен ур» деген жакшы сөз бар го, ушул макал сыңары Гандинин жашоо урааны "Зомбулуксуз жашоо" болгон. Махатма Гандинин лидер катары калыптанышы да абдан кызыктуу. Ал эл алдына чыгып сүйлөгөндөн абдан тартынган, уялчаак адам болгон. Өзү вегетариан болгондуктан, анын алгачкы уюштуруучулук жөндөмү эт жебегендердин клубун түзүү болгон. Анан ошол жерде он-он беш кишинин алдына чыгып сүйлөп баштаган. Махатма Ганди адамдарды өңү-түсүнө, улутуна карап бөлүнүүчүлүккө, адилетсиз чечимдерге каршы туруп, дүйнөдө калыстык болушун көксөгөн. Каалап гана тим болбостон, ошол максаты үчүн күрөшкөн инсан экенин ушул китептен тапса болот.
«Мен өз мекендештеримди канчалык сүйсөм, жалпы адамзатты ошондой эле сүйөм. Анткени Кудай ар бир пенденин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Демек, мен адамзатка кызмат кылуу аркылуу турмуштагы эң мыкты нерсени жүзөгө ашырууга умтулам»,- деп жазган өз чыгармасында.
Аны көчөдө баратканда топ балдар сабап кеткен. Ал ошол убакта белгилүү жактоочу эле. Күнөөлүүлөрдү полиция кармаганы менен, Ганди алардын үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан. Себеби Ганди эч бир адамга түрмөдөгү кордукту каалаган эмес жана кечиримдүү болгон.
Чынында, бул китепти окугандан кийин бир аз эмоцияны чектеп, сабырдуу жана кечиримдүү болгонго аракет кылат экенсиң. Эң башкысы, Махатма Ганди жумшак мүнөзү менен чындык үчүн өмүр бою күрөшүп, ошондой атак-даңкы болгону менен, кымындай да байлык топтобогонун билүүгө болот.

Алтынай Тынышова

koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kelemdedin
2018-02-20 09:17:13
Жамийланы окуганда менда эми каяка барышат каякта жашашат деп ойлонгонум эсимде.
0
taalay25
2018-02-20 16:42:53
Жамиланы окугандар негизи эле чыгарма окугандар китептеги автордун оюуна жетеленип кетет. Мисалыга Жамила куйоосу согуштан келгенче бир казак менен качып кетет. Эми чыныгы жашоого салыштырганда мен каршымын!)))
-5
Hotinhere123
2018-02-21 04:58:20
Жанар Акаев мен сыйлаган сыймыктанган адамым.
+6
Nanei
2018-02-25 22:33:39
Американская трагедия деген китепти окусанар,олло жакты мага
0
№ 798, 16-22-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан