Адамзаттын тарыхы китеп бетинде сакталат эмеспи. Ал эми тарыхын билген адам келечекке чечкиндүү кадам таштайт дешет. «Китепке болгон кызыгуу 16 жашымда, кеч ойгонду» деген ишкер Бабур Төлбаев өзүнүн ийгилик жолундагы китептин ролу тууралуу кеп салды.
– Айтсаңыз, китеп окууга болгон кызыгуу канча жашыңызда ойгонгон?
– СССР тараган маал, мен 11-класска жаңыдан көчүп жатканда колума кызыл мукабадагы калың китеп тийди. Ал Дейл Карнегинин «Как завоевать друзей и оказывать влияние на людей» деген чыгармасы болчу. Ошол чыгарманы окуп чыккандан кийин мен өзүмө эми башка жашоо баштаарымды айтып сөз бергем. Кантип сөз бергеним да эсимде: дарбазадан чыгып баратканда алгач оң бутум менен кадам таштадым да, «болду, мен эми башкамын» дедим. Башка болгонду мен көбүрөөк жылмаюудан баштадым. Менин өзгөрүүм мына ушундан башталган, жыйынтыгы жаман болгон жок.
– Сизге өзгөчө таасир калтырган кайсы жазуучу болду?
– Чындыгында чыгарманы окуп гана тим болбостон, аны жазган автор менен бетме-бет кез келип сүйлөшсөң ары кызыктуу, ары эсте каларлык болот. Менин тажрыйбамда мындай автор катары Брайан Трейси таасир калтырды. Мага аны менен жолугуу бактысы буюруптур, бир нече жолу ал өткөргөн семинарларга катыштым, жанында отурдум, кызыккан суроолорумду бердим. Брайан мен үчүн табышмактуу, жообу жок болуп келген бир нече суроомо жооп таап, жол көрсөтүп берди. Жардамы үчүн ыраазычылык билдирем.
– Учурда жаштар интернеттин айынан китеп окуудан алыстап кетти деген сындарды көп угушат. Заманбап технология менен китеп окууну чогуу алып кетсе болобу?
– Интернет, уюлдук телефон көпчүлүктө жаман адатка айланып баратканы чын, тилекке каршы, менде да андай учур болот. Бул адат бизди китептен гана эмес, спорттон, жакындарыбыз менен сүйлөшүүдөн алаксытат. Мен муну түшүнөм, андыктан кээде өзүм үчүн интернетте пассивдүү режим кабыл алам да, башка өзүмө керектүү иш менен алек болом. Айрымдар чындыгында эле улуулардын, таасирдүү адамдардын жардамына, алардын китеп окуу жашоодогу оор учурларда жардам берерин, кайсы бир учурда жол көрсөтөрүн, жан дүйнөнү байытарын айта турган кеп-кеңешине муктаж. Адамдарды китеп окууга шыктандыруу керек, керекпи кээде китеп окууга мажбурлап, көзөмөлгө алса да болот. Ал эми жаш балдар кичинесинен тарта китеп окушу үчүн аларга үлгү болуш керек. Бардыгы бизден, ата-энелерден башталат. Китептер кол жеткен, көз көргөн жерде жайгашып, жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланса эле маселе жаралбайт.
– Китеп окуу пайда гана алып келеби же зыяны да барбы?
– Эгер сапаттуу адабият жөнүндө сөз болсо, сөзсүз түрдө пайда гана алып келет. Албетте, көп окугандан же жарык туура эмес берилгенден көзгө күч келиши мүмкүн. Ал эми автор күчтүү эмес болсо, тажрыйбасы аз болсо, тарбиялык мааниси жок, калп, адамдарды адаштырган нерселерди жазса андай китептердин пайдалуулугу ойлондуруш керек.
– Карьералык тепкичиңизде китеп окуунун ролу канчалык болду?
– Мен ойлойм, адам даанышман, ийгиликтүү болуш үчүн үч жол бар. Биринчиси жана эң узагы – бул жеке тажрыйба. Биз жеке тажрыйба аркылуу акыл топтойбуз, канча бир оорчулуктарды басып өтүү менен ийгиликке жетебиз. Бирок кээде кечигип калышыбыз мүмкүн, биз бир нерсеге жеткиче убакыт өтүп кетет. Экинчиси, бат жана эффективдүүсү – бул китеп окуу. Өзүң кызыккан иш тууралуу китептерди окуу менен алдын ала болчу кыйынчылыктардан чыгуунун жолдорун үйрөнсө болот, башкача айтканда, убакыт үнөмдөлөт. Үчүнчүсү жана эң оңой жолу – бул даанышман, ийгиликтүү устаттуу болуу! Бирок баары бир адамды өзгөрткөн, туура жолго салган китеп болот. Аны табыш үчүн жүздөгөн, керекпи миңдеген китеп окууга туура келет, негизгиси аны табыш керек.
«МЕН СУНУШТАЙ ТУРГАН КИТЕП»
– Сиздер үчүн 2 китеп сунуштагым келет. Биринчиси – Шамиль Аляутдиновдун котормосундагы «Ыйык Куран». Окусаңыздар өкүнбөйсүздөр дейт элем. Экинчиси – Клейтон Кристенсендин «Стратегия жизни» китеби. Автор китепте мен мурдатан ойлоп, айтып келген ойду айтат: акчанын көптүгү, байлык адамды бактылуу кылбайт. Ири корпорациялар үчүн стратегия түзгөн профессионалдар кээде өздөрүнүн жашоо стратегиясын түзө албай убара болушат, натыйжада алар бактылуу эмес. Андыктан китеп тандоодо жан дүйнөгө төп келген, өзүбүздү адам катары өстүрүүгө арналган, жашоонун маңызын түшүндүргөн чыгармаларга токтолсок. Жогорудагы мен сунуштаган эки китеп тең бул багытта жардам берет деп ишенем.
«КИТЕП ОКУСАМ ЭЛЕ УКТАП КАЛАМ...»
Китепке болгон кызыгууну кантип ойготуш керек?
Асыл Орозбекова
koom@super.kg