23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен үй-бүлөнүн тиреги, мекендин коргоочусу болгон бардык мырзаларды, бул тармакта иштеген бардык жарандарды куттуктайбыз! Майрамды утурлай эл аралап собол салып, «Кыргыздын жигити кандай болушу керек?» деген суроого жооп алдык.
Айшакан Баженова, 84 жашта:
– Кыргыздын жигити акылдуу, кайраттуу, баарына көзү жеткен даанышман, ата-энеге кайрымдуу болушу керек. Ким көп окуса, илим-билимге умтулса эле баарына жетет, акылдуу кыргыз жигиттери турганда элибиздин түбү терең болот. Кыргыздын балдары – менин балдарым да, амандык тилейм, ден соолук тилейм балдарыма.
Шактыгүл Чолпомбаева, 54 жашта:
– Кыргыздын жигити намыскөй болсо үй-бүлөсүн да, элин да башкага кор кылбай багып кете алат. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей, өнөрлүү, табышкер, мээнеткеч, жалкоолуктан алыс адам болсун. Эки дүйнөдө тең бактылуу болгудай татыктуу жашасын.
Чыңгыз Кылычбеков, 13 жашта:
– Кыргыз жигити эр жүрөк болуп, Ата Мекенин коргосо бизге эч ким тийише албайт. Анан да жакшы окуп, акылдуу болуш керек, кийин чоңойгондо үйү, машинасы бар бай болот.
Нурислам Кудайбергенов, 10 жашта:
– Менин оюмча, кыргыз жигити акылдуу, ыймандуу, күчтүү болушу керек. Дагы ал өз үй-бүлөсүн багып, көп акча табышы керек. Эгерде атасы үйдө жок болсо, апасы менен бөбөгүн жакшы карап, жоопкерчиликтүү болот. Алдаса, сөзүнө турбаса, жаман эркек болот. Мектепте урушуп кетсе үйгө айтып келбеш керек.
Заирбек Нуруев, 43 жашта:
– Кыргыз жигити намысты биринчи орунга коюшу абзел. Намыс бар жерде үй-бүлө, жоро-жолдош, мамлекет, элиң болот. Учурда кыргыз жигиттеринде намыс кеткен үчүн алакандай кыргыз элин бага албай, ар ким өз чөнтөгүн ойлоп, калкыбыз кыйналып жатпайбы. Кыргыз деп соккон жүрөктүү, намыскөй жигиттер болсо, кыргыздын келечеги кең болот, буюрса.
Аида Курманбаева, 15 жашта:
– Кыргыз жигитине төрөлгөндө эле көп нерсе милдет болуп калат: намыскөйлүк, эр жүрөктүк, үй-бүлөсүнө жана жакындарына жоопкерчилик, айкөлдүк. Кыргыз жигити ушул сапаттарга ээ болушу керек деп ойлойм.
Анара Шырдакбаева, 41 жаш:
– Кыргыздын жигити ар-намыстуу, убадасына бекем турган, жүрөгү таза, апасын баш кылып бардык аялзатын урматтаган чыныгы мырза болсо экен дейм.
Эрика Баубекова, 15 жашта:
– Кыргыздын жигити жигиттей болушу керек, кыздарга окшобой.
Алихан Акимов, 10 жашта:
– Кыргыз жигити тайманбас, эр жүрөк болушу керек. Кедейлерге, буту-колу жок майыптарга жардам берет. Ата-энесин, балдарын таштабайт, элин коргойт.
Ади Дейдиев, 57 жашта:
– Кыргыздын жигити мекенчил, мээнеткеч, «Манаста» айтылгандай айкөл, динде айтылгандай ыймандуу, Исхак Раззаков айткандай таза, Чыңгыз Айтматов айткандай күнүгө адам болушу керек.
Каниет Бекишова, 17 жашта:
– Жигит деген кандай кыйын учур болбосун чыгып кете алган тапкыч адам болсо. Алдына максат коё алган, тамашакөй, «с чувством стиля» болушу керек. Керек дегенибиз менен, баары эле идеалдуу боло бербейт, бирок аракет кылса болот да.
Жайнагүл Сейитбек кызы, 22 жашта:
– Кыргыздын жигити кандай болуш керек дегенде мен башкаларды айтуудан мурун өзүмдүн кичинекей уулумдун кандай мырза болсо деп кыялданганымды айтар элем. Атак-даңк үчүн эмес, Ата Журт үчүн кызмат кылып, мекенин сүйүп, элин сыйлап, билимдүү, сөзүнө бекем турган, "жигит" деген сөзгө татыктуу уул кылып тарбияласам дейм.
Нурила Култаева, 43 жашта:
– Кыргыздын жигити эң жөнөкөй, Манас атабызга таандык болгон сапаттардын баарына ээ, мисалы, кайраттуу, баатыр, элин-жерин коргогон, эмгекчил болуусу керек. Кандай кырдаал болбосун мекенин коргоого даяр туруп, ошол сапаттар менен бирге эле үй-бүлөсүн туура жолго салган, камкор ата болуусу зарыл.
Акбермет Султан кызы, 24 жашта:
– Учурда коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү эске алганда, кыргыз жигити жоопкерчиликтүү, айкөл, чынчыл жана күчтүү болуусу шарт. Эркек, эң негизгиси, эрки күчтүү, үй-бүлөсүн сактап алчу кожоюн жана үлгүлүү ата болсо. Азыр таштанды балдарды көрүп зээниң кейийт, чет жакка чыккан кыздарыбыз көбөйдү, ошонун баары эркектердин жоопкерчилиги жоктугунан деп ойлойм.
Келдибек Эргешов, 76 жашта:
– Кыргыздын жигити айткан сөзүнө жасаган иши туура келген, чынчыл, эл-журтка кайрымдуу, абийирдүү, жигит деген атка татыктуу болушу керек.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg