30 жашында 3 баласы менен жалгыз калган келин «мен да апамдын тагдырын кайталадым» деп арманын айтып отурду. Каарманыбыз Бегайым Мамбетованын айтымында, ал бала чагынан эле жокчулуктун торунан арыла элек.
«БАЛДАРЫМ КААЛАГАНДЫ АЛЫП БЕРЕ АЛБАЙ ЫЙЛАП КАЛАМ»
– Мен 1987-жылы Орусиянын Красноярск шаарында төрөлгөм. Атам аскер кызматкери болгондуктан көчүп-конуп иштечү экен. Орусияга кетип баратканда апамды кошо алып кетиптир. Аялы катарыбы же сүйлөшкөн кызы катары алып кеткенби, экөө расмий түрдө никеге турушканбы, аны да билбейм. Мен төрөлгөндөн кийин экөө ажырашып кетишиптир.
Мен кичинемден таенем, апам менен чогуу Бишкекте жашап чоңойдум. Апам «Дордой» базарында соода кылып иштечү. Бирок анда да жетишпеген жашоодо, өзүбүздүн үй жок, батирде жашадык. Башка кыздардай болуп каалаган кийимимди кийип, каалаган оюнчугумду ойной алчу эмесмин. Бирок апам сураганымды алып бергенге аракет кылчу.
Мен апамдын тагдырын кайталадым. Азыр мен дагы балдарымдын жүгүн моюнума артып жалгыз калдым. Апам сыяктуу эле балдарыма каалагандай жашоо куруп бере албаганыма, алар сураганды алып бере албай жатканыма ыйлагандан башка аргам жок. 3 балам бар, алардын улуусу 10, экинчиси 7 жашта болсо, кичүү кызым 9 айлык. Кичинекей кызымды карап, иштегенге мүмкүнчүлүгүм жок отурам. Кээде унубуз да жок калган учур болду. Андайда бирөөдөн сурап болсо да балдарымдын курсагын тойгузганга аракет кылам.
Жашап жаткан 2 бөлмөлүү батир үчүн айына 5 миң сом төлөйт элем, аны азыр төлөй албагандыктан ээси үйдөн чыгуубузду талап кылып жатат. Буга чейин бир эже жардам берип батир акысын төлөп берип турчу. Батирдеги буюмдардын баары үй ээсиники. Менин бул үйдө балдарым, бир столум жана бир аз идиш-аягым гана бар.
«АТАМДАН КӨҢҮЛҮМ КАЛГАН»
– Атамды ойлогондо жалаң гана жаман нерселер эсиме келет. Анткени ал мени эркек бала болот деп күткөн экен, кыз болуп төрөлүп калганым үчүн мени жаман көрчү. Мен мурда дайыма апамдан атамды көргүм келгенин айтып сурана берчүмүн, апам болсо жолуктургусу келчү эмес. Бирок мен атам менен бир нече жолу жолуккам. Анын мага кылган мамилеси, айткан сөздөрүн эстегим келбейт, андан көңүлүм калган. Азыр атама жолуккум да келбейт. Анын азыр башка үй-бүлөсү, эркек баласы бар экенин билем. Толук кандуу үй-бүлөдө чоңоюп, жанымда бир туугандарымдын болгонун каалачумун. Жашоодо эң чоң өкүнүчүм – бир туугандарымдын жоктугу. Ошондуктан өзүм көп балалуу болгум келчү. Бирок минтип 3 баламды да бага албай кыйналып жатам. Бул менин маңдайыма жазылган тагдырым деп билем. Тагдырдын катаалдыгына эч ким күнөөлүү эмес, анын ичинде мен дагы.
«АПАМА АЙТПАЙ ЖИГИТИМ МЕНЕН ЖАШАП АЛГАМ»
– 19 жашымда бир жигит менен таанышып, аны сүйүп калдым. Жарым жыл сүйлөшкөндөн кийин апама айтпай эле экөөбүз чогуу жашап алдык. Анткени ошол кезде апам менен урушуп кетип, үйдөн качып кеткен элем. Апам мени издеп 3 күндөн кийин таап алды. Апама «жигитимди сүйөм. Эч жакка кетпейм, жигитим менен жашайм» деп калып калгам. Экөөбүз расмий түрдө никеге турган эмеспиз, жарандык никеде эле жашадык. Ошондон кийин экөөбүз ажырашып, кайра жарашып жүрүп 3 баланын ата-энеси болдук.
Ажырашууну мен дагы каалаган эмесмин. Өзүм атасыз өскөндүктөн балдарым атасыз калбасын деп чыдап жашап көрдүм. Бирок ал бизди бага албай жатса кандай кылам? Азыр деле жолдошум «аракет кылам, силерди багам» деп келсе кечирүүгө даярмын. Анткени балдарым «атам качан келет?» деп сурай беришет. Айрым окуучуларды мектептен атасы алып кеткенин көрүп жаман болушат.
Жокчулуктун айынан эле уруша бердик, тажап кеттим. Жолдошум бизди бага албай жатат. Ал кыш куюп иштечү. Жумушу сезондук болгону үчүн кышында үйдө отуруп калчу. Жашообузда эч качан баары түгөл болгон эмес. Азык-түлүктүн бири бар болсо, экинчиси жок. Пияз, май алсак, картошка, күрүч жок болуп калчу. Мен официант болуп, кээде унаа жууп иштечүмүн.
«ҮЙҮМ, АНЫН ИЧИНДЕ БАЛДАРЫМДЫН ӨЗ БӨЛМӨЛӨРҮ БОЛУУСУН КЫЯЛДАНАМ»
– Азыр иштеп каражат табайын десем кичүү кызымды таштаганга адам жок. Жакын каралашар адамым да жок. Таенем инсульттан, апам жол кырсыгынан каза болушкан.
Мен 40 жашка чыкканча балдарым өзүбүздүн үйдө жашап калышын каалайм, ошого аракет кылам. Ар бир баламдын өзүнүн бөлмөсү болуусун кыялданам. Анткени мен кичинемде ошол нерсени кыялданчумун. Өз бөлмөм болсо, оюнчуктарымды бул жакка койсом, анан сабак даярдачу парта бул жакта турса деп элестетчүмүн. Ушундай шартты түзүп бергим келет балдарыма. Кызым бир аз чоңойсо эле иштеп баштайт элем. Бул убактылуу кыйынчылыктан чыгууга жардам сурайм. Бирок жардам беримиш болуп түр көрсөтүп жаман ниет менен келген мырзалар да болуп жатат. Мисалы, жакында эле бир байке келип «жакшынакай экенсиң, кечинде келсем болобу?» дейт. Коркуп калдым. Ушул убакытка чейин көп жакшы адамдар жолукту. Жардам берип, бизди ачка калтырбай жаткан элге ыраазымын.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg