Айгүл Текебаева, Өмүрбек Текебаевдин жубайы: «МАГА ӨЗҮМӨ БОЛГОН ИШЕНИМ ЖАНА КҮЙӨӨМӨ БОЛГОН СҮЙҮҮ ДЕМ БЕРЕТ»

Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева эл алдына көп чыкчу эмес. Ал ар дайым күйөөсүнүн артында, көлөкөсүндө болууну туура көрүп келген. Бирок акыркы окуялардан улам коомдук жайларда аны көп учуратууга мүмкүн болуп калды. Соттук отурумдарда Айгүл Текебаева күйөөсүн колдоп, анын эртерээк үйгө келүүсүн күткөнү менен, эми бардык үй-бүлө мүчөлөрү ашканада чогуу чай ичүүсү азырынча мүмкүн эместиги белгилүү.

– Айгүл, күйөөңүз бир жылдан ашык үйдө эмес. Буга көнүп калдыңызбы?
– 2017-жылдын 22-25-февралында Өмүрбек менен Венада болчубуз. Ал көптөн бери чогуу барып келебиз деп убада кылып келген. Ар кайсы себептерден улам бул сапарыбыздын убактысы жылып отурган. Дарыгерлердин тыюу салганына карабай бул жолкусунда жолго чыгууга камданып алды. Мен дагы кой, ай дедим, себеби анда ал стационардык дарыланууда эле. Анын ички туюму абдан күчтүү өөрчүгөн. Ошондо ал мындай мүмкүнчүлүк азыр болбосо жакынкы аралыкта болбой каларын сезген экен деп ойлойм. Ага карата кылмыш иши козголгонун жана камакка алынары мүмкүн экендигин Өмүрбек Венада эле билиптир. Бул жөнүндө Бишкекке конгуча мага айткан жок.
Учакта ал мага видеоплеерди тууралап, жолдо көрүп отурууга кино тандап берди. Бишкекке чейин мен бир комедияны көрүп, күлүп келдим. Эми азыр ушулардын баарын эстеген сайын жанга батып кетет. Абдан эле. Көзүмө жаш келет, ыйлайм. Менин эң жакын жана сүйүктүү адамыма кыйын мезгил келгенде мен эч нерседен кабарым жок Вена менен Стамбул аэропортторунун дүкөндөрүн кыдырып, күлүп-жайнап жүргөнүмдү ойлоп алып ыйлайм.
Бишкекке келгенде аэропорт укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен курчалганын билдик. Ошондо Өмүрбек мага ызы-чуу салуунун кереги жок экендигин суранып, «Айгүл, өзүңдү карма! Эми сен үй-бүлө жана жакындар үчүн жооптуусуң» деди.
Учакта траптан аны граждандык кийимчен атайын кызматтын кызматкерлери курчап алып, башка эшиктен чыгарып кетишти. Менин жолумду тороп, чыгарып коюшту. Аны террорчу сымал кармап кетишти, бул алардын Өмүрбек Чиркешовичтен корккондугу, алсыздыгы. Муну башкача кантип түшүнсө болот? Мен окуянын мындай бурулушуна таптакыр даяр эмес болчумун. Өзүмдү жоготуп койдум, айлам кетти. Ошондон кийин биздин жашообуз өзгөрдү. Мен үчүн убакыт токтогондой эле болуп калды. Бир айдай өзүмө келе албай жүрдүм. Бирок убакыт өткөн сайын өзүңдү колго алууга аракет кылат экенсиң, күрөшөт экенсиң.

– Жолдошуңуз сизге өзүнүн жумушу тууралуу, саясий пландары, оппоненттери жөнүндө канчалык көп айтып берчү эле? Анын саясий карьерасында кеп-кеңешиңизди айтып турчу белеңиз?
– Биз өлкөбүздө жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуяларды көп талкуулачубуз. Өмүрбек тигил же бул окуя эмне үчүн, кантип болгонун түшүндүрүп берчү. Ал абдан кызыктуу айтып берет. Бир нерсе жөнүндө айтып жатканда убакыт бат эле өтүп кеткендей болот. Бизде үй-бүлөлүк жакшы салт бар. Эртең менен ар дайым мен ага кофе даярдап берем. Экөөбүз сүйлөшүүгө берилип кетип, көп жолу жумушуна кечигип калчу. Ар дайым менин оюмду уга билчү, бирок маселени өзү чечет.

– Сизди Өмүрбек Чиркешович менен айына канча жолу жолуктурушат?
– Мыйзамга ылайык, бир айда бир жолу жолукканга уруксат.

– Апасы бул окуяны кантип көтөрүп жатат? Аны менен канчалык көп сүйлөшүп турасыңар? Бишкекке келип баласы менен жолугуп, кеп-кеңештерин айтып турса керек?
– Өмүрбектин апасы 87 жашта. Ал абдан кайраттуу жана акылдуу адам. Канчалык ага оор болуп жатса дагы кейип жаткандыгын эч көрсөтпөйт. Тескерисинче, бизди күчтүү болууга, кандай сыноо болбосун чыдамкай болууга чакырат. Ал бул аралыкта эки жолу Өмүрбек менен жолукту. Жолугушууларда Өмүрбектин апасынын көзүнөн бир дагы жаш чыккан жок. Болгону баласына «Биз үчүн кабатырланба, бизде баары жакшы» деди. Анын бул сөздөрүнөн кийин мен колумду түшүрүүгө акым жок экенин түшүндүм. Мага бул дем берди.

– Учурда Өмүрбек Чиркешович отурган жайда бир катар тыюу салынган жана ыңгайсыз шарттар бар. Ал сизге даттанабы? Болсо, эмнеге?
– Ал мурдагыдай эле. Ошондой эле күчтүү, чечкиндүү жана оптимизмге бай. Анда ар дайым тамашалаганга себеп табылат. Өмүрбекте даттануу адаты жок. Бирок Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жана Зомбулуктун алдын алуу улуттук борбору бир катар тартип бузууларды табышты. Тилекке каршы, колония администрациясы Өмүрбектин сейилдөөсүнө шарт түзө алган жок. Мыйзам боюнча сейилдөөгө укугу бар. Ден соолук үчүн дагы бул керек да. Ошондой эле менин жолдошум отурган камерага колония администрациясы тарабынан 24 саат бою онлайн видеокамера орнотулган. Ал видеокөзөмөлдү кимдер көрүшөрү бизге дагы деле белгисиз. Видеокамеранын коюлушу негиздүү эмес, демек, мыйзамдуу дагы эмес.
Администрациянын түшүндүрмөсү күлкүнү келтирет. Алардын айтымында, камера жеке коопсуздук үчүн коюлган. Камеранын ичинде кайдагы коркунуч? Эгерде чын эле коопсуздук үчүн болсо видеокамералар камеранын сыртында орнотулушу керек. Администрация Өмүрбек тамырын кесип салат деп коркушса, алар терең жаңылышат. Ал андай адам эмес. Анын алга болгон умтулуусу күч, пландары көп жана өзүнө-өзү кол сала турган мүнөздөгү адам эмес. Мыйзам боюнча видеокөзөмөл абактан качуу же башка кылмыштарга бөгөт коюу үчүн коюлат. №47 колониянын террорчу, экстремист, өмүр бою эркинен ажыратылгандар жатуучу камераларда 7 видеокөзөмөл орнотулган. Ошол 7 видеокөзөмөлдүн бирин менин жолдошум отурган камерага орнотуп коюшту. Бул алардын Өмүрбек Текебаевди экстремист, террорчулар сыяктуу коомчулукка коркунуч жараткан адамдар менен теңеп коюшканы. Мунун баары психологиялык жана моралдык жактан кысым көрсөтүү, менин оюмча, бул зомбулуктун курч түрү.

– Жолдошуңуздун табити өзгөрдүбү? Кандай тамак алып кел деп өтүнөт? Өмүрбек Текебаевдин жакшы көргөн тамагы кайсы?
– Өмүрбек тамак ылгабайт. Азыр ал шартка жараша айран, сүт жана бат сиңирилүүчү тамактарды каалап жатат. Көп окуйт, бир жумалык бардык гезиттерди алдыртат.

– Атасы менен көрүшпөй жаткан балдар бул сыноону кантип көтөрүүдө? Тагдырдын мындай соккуларын көтөрө билүүнү кантип үйрөтүп жатасыз?
– Биздин балдар кандай кыйынчылык башка түшпөсүн аны татыктуу көтөрүү керектигин түшүнүп тарбияланышкан. Өмүрбек Акаев учурунда да, Бакиев учурунда да, акыркы мезгилдерде Атамбаевдин тушунда да оппозицияда жүрдү. Атасынын жумушу кооптуу экендигин бардыгы билишет. Албетте, балдар атасын абдан сагынып жатышат. Өзгөчө кичүү кызыбызга атасын эмнеге мынча көп убакыттан бери бошотпой жатышкандыгын түшүндүрүү кыйын болуп жатат. Улуулары түшүнүшөт. Биз жалгыз эмеспиз. Бизди туугандарыбыз, досторубуз, жакындарыбыз колдоп турат. Бул мага жана балдарыбызга кыйын мезгилде жардамын тийгизбей койбойт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыйын мезгилдерде биздин жаныбызда болгондорго ыраазычылык билдирип кетем.

– Бул окуядан кийин сиздерден жүз буруп кеткен санаалаштарыңыз болдубу?
– Адамдар ар кандай учурда ар түрдүү мамиле кылышат. Бул алардын укугу. Биз аларды түшүнөбүз, алардын мамилесине философиялык көз караш менен гана карайбыз.

– Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишин кайра карап чыгуусу үчүн өлкө президентине кайрылууга даярсызбы?
– Өмүрбек Текебаевдин иши достор жана жолдошторунун аракеттеринен улам бир эле үй-бүлөлүк иш болгон жок. Бул иш менен биздин жактоочулар гана эмес, партиялаштар, коомдук жана саясий ишмерлер, укук коргоочулар жана партиянын юристтери алектенишүүдө. Юристтер болгон инстанцияларга кайрылуу үчүн документтерди чогултушууда. Керек болсо БУУ жана өлкө президентине чейин. Кайрылуунун маңызы – мыйзамдуу жана адилеттүү сот. Биз Өмүрбек толук акталмайынча акыр аягына чейин күрөшөбүз.

– Мындан ары жашоо үчүн сизге эмне дем берет?
– Өзүмө болгон ишеним жана күйөөмө болгон сүйүү.

"Балдар атасынын жумушу кооптуу экендигин билишет. Албетте, алар атасын абдан сагынып жатышат".


24.kg'ден которулду

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aikajan-----
2018-03-15 16:20:01
Баардык суткорлорду ушундай тагдыр кутсун!Бир кем дуйно деп койот,олкодо канча адам кыйналып,чет жердеги мигранттар кредиттерин толош учун канчасы омуру менен кош айтышып,жонокой жарандар айлык кутуп жашап жатса, куйоонуз катар-катар фирмаларды,уйлорду наамынызга откоруп жатты.Вот и расплата.
+3
aikajan-----
2018-03-15 16:27:20
Тим эле суттой ак болуп алышат.Текебаевге окшоп элдин акчасын жеген Бакиевдер, Акаевдер эмне болушту? Кудай корбойт деп ойлогон да. Керек болсо айылдаштары колдобойт бул кишини, акча учун митингге чыгып беришти. Ошон учун ак эмгек менен таза нан жеш керек эле!
+3
Emu-Janyl
2018-03-16 01:44:06
aikajan-----,билип билбей эле суйлойт бересинерда ээ адамдар.Айылдаштары колдобойт деп ким айтты сизге?Акча учун митингге чыгып беришти деп,сиз Акмандыктарга шек келтирбениз.Биз, Омурбек Чиркешовичтин ак жана таза иштегенине ишенебиз,ошондуктан аны колдойбуз!Анын бир дагы куноосун конкреттуу далилдер менен далилдей алышкан жок.Анын камалышы ,жон гана саясий буйрук.
+1
Ago
2018-03-15 22:58:41
Текебаев кыргыздын эн кучтуу тайманбас чындыкты бетке айткан кыргызга куйгон номер1 саясатчы бойдон калат.Текебаевдей адамды тууган апасына рахмат! Текебаевди колдогондордун баары тентип мигрант болуп интернеттен коргондон башка айлабыз жок.Жеген жебегенин билбейм бирок иштегенин билем.Эртеби кечпи кыргызстанга барып ата мекенди шайлайбыз биз дагы.
+4
anonimka_03
2018-03-16 11:39:28
Атамбаев Текебаевден корккону учун камаганы ырас
+8
№ 801, 9-март -15-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан