УЧАК ЖҮРГҮНЧҮСҮ: «АКЫРКЫ МҮНӨТТӨРДҮ ЖАШАП ЖАТАБЫЗ ДЕП ОЙЛОДУМ»

Элестетиңиз, кайсы бир ишиңизге шашып учак менен жол тарттыңыз. Бийиктикке көтөрүлгөндө учактын кайсы бир тетиги жарактан чыгып, кооптуу абал жаралды. Мындайда, албетте, жүрөгү оозуна тыгылып, көпчүлүк жүргүнчүлөр дүрбөлөңгө түшүшү мүмкүн. 1-мартта Бишкектен Баткенге багыт алып, бирок кайра артка кайтууга аргасыз болгон учактын ичинде дал ушундай ызы-чуунун орун алганын жүргүнчүлөр айтып беришти. Ошондой эле мындай кооптуу абалда жол таап, учакты ийгиликтүү кондуруп, жүргүнчүлөрдүн өмүрүн сактап калган учкучтар менен да маек курдук.


УЧАКТЫН БИР КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ ИШТЕБЕЙ КАЛГАН
1-март күнү саат 14:22де «Манас» эл аралык аэропортунан «Tez Jet» авиакомпаниясынын RJ-85 учагы 96 жүргүнчүсү менен Баткенге карай сапар тарткан. Бирок асманга көтөрүлгөн соң учактын 4 кыймылдаткычынын бири иштебей калып, артка кайтып, саат 14:52де кайрадан «Манас» аэропортуна конгон. Бактыга жараша, учактагы 96 жүргүнчүнүн эч кимиси жабыр тарткан эмес. Бул окуя боюнча ИИМ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен (Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация агенттиги кырсыктын себебин иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөн.


«ЭЧ КИМ ЖАБЫР ТАРТПАГАНЫНА КУБАНЫП ЖАТАБЫЗ»
Авариялык абалда конгон учак тиешелүү «Tez Jet» авиакомпаниясынын аткаруучу директору Ян Екимовский "комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгында гана эмне себептен учактын бир кыймылдаткычы иштебей калганы аныкталат" дейт:
– Учак жеңил конду, эч ким жабыр тарткан жок. Биз ошого кубанып жатабыз. RJ-85 учактары Англиянын заманбап учактары, анда 4 кыймылдаткыч болот. Учактардын техникалык жактан абалдары жакшы. Экипаж мүчөлөрү тажрыйбалуу кызматкерлер. Дайыма учууга чейин, учуудан кийин компаниянын адистери учактардын техникалык абалын текшерип турушат. Бул күнү дагы баары текшерилген. Бирок эмнеден улам мындай болгону азырынча түшүнүксүз, аны түзүлгөн комиссия аныктайт.


«ЫЙЛАГАНДАР, НЕС АБАЛЫНДАГЫЛАР, ДҮРБӨЛӨҢГӨ ТҮШКӨНДӨР...»

«Мындай коркунучту тасмадан көрүү башка, чыныгы жашоодо баштан өткөрүү такыр башка экен. Эч кимге мындай абалга туш болууну каалабайбыз» деп учактагы абал тууралуу жүргүнчүлөр мындайча сүрөттөп беришти.


Аваз Акимов, ырчы:
– Учак көтөрүлгөндөн көп өтпөй бир нерсе жарылгандай катуу үн чыкты. Учак кыймылдап туруп, ылдый көздөй катуу түшө баштадык. Ал учурда баарыбыз дүрбөлөңгө түштүк. Учак ылдыйлап баратып бир аз түзөлүп, кайра калчылдап ылдый түшүп бараттык. Ал учурдагы коркунучту сөз менен айтып жеткире албасам керек. Учак жарылган тасмаларды элестеттим. Аман каларыбыздан үмүтүм үзүлүп калган. Анткени борт коштоочулар өздөрү нес абалында жүрүштү. Алар абалды башкарып, «коркпогула, баары жакшы болот» деп айтып койсо, балким, эл бир аз тынчтанып калмак. Өздөрү көздөрүнөн жаш айланып, эч кимди укпай эле ары-бери басып жүрүштү. Жүргүнчүлөргө эч ким, эч кандай маалымат берген жок, кийин гана учактын бир кыймылдаткычы күйүп кеткенин билдик.
Аман калганыма башында ишене алган жокмун. Башым, бөйрөгүм ооруп кыйналдым. Кыймылдаткычтын күйүп кеткенин көрүп дагы бир жолу корктум. Негизи Бишкек-Баткен рейси менен учканга көңүлүм тартпай жатканда досторум көндүрүшкөн. Анткени бир ирет Баткенге учканымда учак калдырап-шалдыраган абалда экенин көрүп коркуп калгам. Бул окуя мен үчүн чоң сабак болду. Азыр көп нерсеге көз карашым өзгөрүп, болор-болбос маселелерге жинденбей, ойлонбой калдым.


Шакирбай Хакимов:
– Учак көтөрүлгөндө эле уктап калгам. Кыйкырык-өкүрүктөн улам ойгондум. Ыйлагандар, нес абалындагылар, дүрбөлөң түшкөндөр... Ошол убактагы сезимдеримди айтып бере албайм, аябай коркунучтуу. Эч кимдин башына салбасын. Акыркы мүнөттөрдү жашап жатам деп ойлодум.
Биз өмүрүбүз үчүн экипаж мүчөлөрүнө карызбыз. Учкуч Дмитрий Палашкинге жолуксам, аны бир жерге алып барып коноктойм. Мындай адамдарды баалаш керек. Бардык эле адамдар борт коштоочу, учкуч боло албайт экенин түшүндүм. Булар өзгөчө күчтүү адамдар болушу керек экен.
Учак жеңил конду. Жерге конгондо дарыгерлер жүргүнчүлөргө дары берип, укол сайып, кан басымдарын текшерип жатышты. Мага дары жардам берген жок, селейип эле турдум. 100 грамм арак ичкенден кийин өзүмө келе баштадым. Анан гана эмне болгонун түшүнүп, шыр эле жакындарыма телефон чалдым. Ага чейин ыйлаган эмесмин. Аялым менен сүйлөшкөндө ыйлап жаттым. Жубайыма «2 кой союп, муктаждарга тараткыла, мен аман калдым» дедим.


ДМИТРИЙ ПАЛАШКИН, УЧКУЧ: «ЭРДИК ЖАСАГАН ЖОКМУН. ЖУМУШУМДУ ГАНА АТКАРДЫМ»
Аталган окуяда башкы ролдогу каармандар – учкучтар. Ошол убактагы окуянын андан ары өнүгүшү, 100гө жакын адамдын өмүрү учак экипажынын командири Дмитрий Палашкин менен экинчи учкуч Талгат Миндубаевдин колунда эле. Жайдары мүнөз Дмитрий Палашкин жөн гана өзүнүн милдетин аткарганын айтып отурду.

– Саламатсызбы? Алгач окуя тууралуу айтып берсеңиз.
– Саламатчылык! Ал күнү кадимкидей эле рейске чыкканбыз. Абага көтөрүлгөндөн 15 мүнөттөн кийин эле учактын бир кыймылдаткычы иштен чыкканын байкадык. Бул боюнча диспетчерге кабар берип, артка кайтарыбызды айттык. Штаттык режимде эле иштедик. Негизи биз жыл сайын машыгуулардан өтүп, ар бир авариялык абалдан кантип чыгуу боюнча даярданабыз. Машыгуу тренажёру Бельгиянын Брюссель шаарында жайгашкан. Бул жылы ушул окуядан бир жума мурун, тактап айтканда, 23-27-февраль күндөрү барып окуудан өтүп келгем.
– Адамбыз да, мындай абал жаралганда баарыбыз эле коркобуз, учкучтар дагы коркобу?
– Мындай учурда учкуч үчүн эмоция жөнүндө сөз болбошу керек. Маселенин жаралганынан жерге конгончо 14 мүнөт убакыт болду. Анда эмоцияга алдырсам, иштегенге убактым калбай калмак. Эмоцияга кетирген убакытты системди иштеп чыгууга жумшап, ошол боюнча аракет жасаш керек. Окуянын ошол убакыттан ары оң тарапка өнүгүүсү үчүн аракет кылдык. Эмоцияларга жерге конгондон кийин орун берсең болот. Баары жакшы өтүп, ийгиликтүү конгонубузга, жүргүнчүлөрдүн аман калганына кубандык.
– Канча жылдан бери учак башкарасыз?
– Жашым 52де. 1987-жылдан бери ушул кесипти аркалап келем. Жалпы 12 миң саат учтум. Ар кандай типтеги учактарда учтум. RJ-85 менен 4 жылдан бери достошуп келем. Бул типтеги учак менен алгачкы жолу стандарттык эмес абалга кабылдым. 31 жылдык тажрыйбамда ар кайсы тетиктердин иштебей калган учурлары болгон. Баарынан жеңил өтүп жатам. Мурда советтик учактарда уччубуз, бул Англияныкы. Мунун өзү жакшы көрүнүш. Учакта 4 кыймылдаткыч бар, анын бирөө иштебей калса, 3 кыймылдаткыч деле ошондой иш алып бара берет. Бирок кооптуу абал болгондуктан артка кайттык.
– Эрдик жасадым деп ойлойсузбу?
– Жок. Жумушумду аткардым. Биз да, борт коштоочулар да өзүбүздү жоготпой, ишибизди так аткара алдык деп ойлойм. Бирок бүгүн мени менен сүрөткө түшүштү. Аэропортко кирип баратсам авиациялык коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн бири жаныма келип, «Ошол рейстин экипаж командири сиз белеңиз? Сиз менен сүрөткө түшүп алсам болобу?» деп сүрөткө түштү. Телефон чалып рахмат айткандар болуп жатат. Жагымдуу, албетте.
– Жумушуңуз эмнеси менен кызык?
– Кесибимди аябай жакшы көрөм. Билесизби, мен 52ге чыгып калсам дагы романтикмин. Булуттар, асман, бийиктикке көтөрүлүү, учакта учуунун өзү керемет. Менимче, авиацияга байланышкан жумуш мага эле эмес, баарына жакса керек.

Учкучтар Дмитрий Плашкин менен Талгат Миндубаев.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
vavilon.
2018-03-13 10:02:56
Болбогон эле көйгөй ал бир кыймылдаткыч иштебей калганы. Мен эки кыймылдаткычтуу самалёт депмин, төртөө турбайбы. Эки кыймылдаткычтуу учактар деле бироосу иштен чыкса учуп кете берет. Ал эмес баардык кыймылдаткыч иштен чыгып, же учактын куйуучу майы тугонуп калып, ошондо да кондурган учурлар бар дуйнолук практикада
-28
Dalil
2018-03-13 10:16:42
vavilon., ошол убакта учакта болгонуңда оюң башкача болмок.
+25
vavilon.
2018-03-13 10:25:41
Dalil, Болмок эмес, анткени бир кыймылдаткыч иштен чыкса эч нерсе болбошун жакшы билем, антип паника кылуунун кереги жок.
-32
Farhat25
2018-03-15 14:47:24
vavilon.,самалёт деп жазганын эле че стоит. Мен аябай ишеничтемин сенин самолет тетиктери боюнча билеринди
+4
vavilon.
2018-03-15 20:51:08
Farhat25, Мен учактардын авариялары тууралуу ар жерден окугандарыма таянып жазып жатам. Самолёт деп жазамынбы самалёт деп жазамынбы, негизгиси оюмду билдирип жатам. Интернетте комментарийлерде толгон токой каталар менен жазат баары эле. Мен сага макала жазып, же кандайдыр важная информация жазып жатканым жок.
-2
Zaina
2018-03-15 06:09:32
vavilon.,сени Учкуч дейн десем самолёт кандай жазылганын билбейсин. Тантырап дагы комментарий жазып койот
+4
vavilon.
2018-03-15 20:22:06
Zaina, Шашылышта боло берет, экзамен тапшырып жаткан жокмун. Ананда орус тилинде САМОЛЁТ деп жазылат, мен орус эмесмин.
-2
nazgulya2406
2018-03-19 11:53:56
vavilon., орус тилинде САМОЛЕТ а кыргыз тилинде САМАЛЕТ деп жазылат деп койбойсунбу
0
Aitun
2018-03-13 10:07:22
Ажалын жетсе жерде ташка чалынып деле олосун... Ажалын жетбесе асмандан деле аман эсен коносун. Алланын кудупети. Жана летчиктердин оз ишин мыкты билгендиги
+22
vavilon.
2018-03-13 10:45:27
Самалёттун автоунаага караганда коопсуз экенинин далили. Автоунаада бирнерсе болсо соо калууң кыйын, учакта анантип бузулса да эч нерсе болбойсун.
-13
Anaraalieva
2018-03-13 10:54:16
100 грамм арак((((
+5
bond02
2018-03-13 14:00:36
ырчылардын комментарийлери бесит, калдырап шалдыраган самолет деп как будто озундо менчик самолет бардай. а мына 100грамм мужик!
+9
murat17
2018-03-13 15:24:53
Аллах сактаптыр бирок учкуч дагы азамат аман болгула
+8
Nur96fat0000
2018-03-13 16:59:55
Ошол учкучка тош белги бериш керек, ушунча адамдын омурун сактап калган, Азамат экен, анан каяктагы эки созду жаттап алып ырдагандарга бербей
+8
nurhan2702
2018-03-13 18:24:05
Кудай сактаптыр, аман калыпсынар. Ошол убактагы коркконунарды элестетип алып коркуп кеттим.
+4
Nanei
2018-03-13 19:31:00
Дайыр бар экен ичинде депатат эленерр но,Эми Аваз чыгып калдыго ,андай мындай депеле
+2
Nurgul_35
2018-03-13 21:00:04
Кудай сактаптыр. Тынч бололу. Уч куласа, тирүү калууга шанс жокко эсе.
0
Zireshka248
2018-03-14 03:29:59
Тиги байкенин арактан бастырганы жакшы экен, озу олойун деп жатса, дагы деле кыргыз эли акыркы жолу болсо да аракты ичип калыш керек))))
+2
sirgak_92
2018-03-14 10:21:42
Ушул учурда атеист баптисттин баары кудай деп ийди болуш керек
+7
kydyrova_71
2018-03-14 14:18:43
Аллах улук, бары аллахтан
+3
mirlan_kdm
2018-03-14 16:42:46
Лётчиктерге чексиз сыйлык берсе арзыйт! 96 жургунчуну жаракат алдырбай жерге самолётту кондурганы учун. Жакында эле Домодедоводон учкан АN-148 бир да жургунчусу калбай орттонуп кеттиго. Лётчиктер азамат экен!!!
+6
ainura_jyrgalbai97
2018-04-04 08:43:45
Аай иий мынча эмне акылдуусунар?!Тиги тигинин катасын ондоп жатат."Самолёт" болот деп,а ОЗУ "койот"деп жазып атат,хотя "коёт"болот го.Баары ката жазып алышы толук мумкун.Мелочтанып ар кимдин созуно сайылбай эле койсонор.Как будто шумдук бир нерсе кылып жаткансып ката ондогуч боло каласынар...
0
№ 801, 9-март -15-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан