БИШКЕКТИК АЙЫМ НАЗГҮЛ АИЛЧИНОВА «COMEDY BATTLE» ДОЛБООРУНА КАТЫШТЫ

Бишкек шаарынын тургуну, 33 жаштагы Назгүл Аилчинова орусиялык ТНТ телеканалындагы «Comedy Battle» долбооруна катышып, кийинки турга жолдомо алды. Ири долбоорго биринчи жолу катышып жаткан Назгүл ийгилиги тууралуу: «Мен мурун өмүрүмдө КВНде ойноп көргөн эмесмин, юмордук берүүлөргө деле кызыгуум жок болчу. Менин «Comedy Battle» долбооруна катышканымды уккандар азыркыга чейин таң калып бүтө албай жатышат. Себеби мен катардагы эле үй кожойкесимин. Кесибим жок, 3 баламды тарбиялоо менен алекмин. Кокусунан эле бул тармакка келип калдым. Аталган долбоордун Бишкектеги аймактык кастингине катышып, жеңип алгам. Жеңгенден кийин уюштуруучулар Орусияда тартыла турган берүүгө чакырышкан. Негизи биздин аудиторияга караганда орусиялыктардын публикасына тамаша жазуу оор экен. Биз күлгөн тамашаларга алар күлбөй коюшу мүмкүн дегендей. Менин тамашаларымды үй-бүлөлүк жашоо, жолдошум менен мамилени юморго салып кенен чагылдырганым үчүн жактырышты окшойт. Буюрса, долбоордун кийинки турунан да жеңгенге аракет кылам»,- деп билдирди.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Aitun
2018-03-13 09:48:18
Молодец...
+3
Pandora
2018-03-13 11:23:42
Ийгилик!!!
+3
engel
2018-03-13 14:32:40
Ооо жакшы дагы ийгилик каалайбыз!
+5
Tatyna9119
2018-03-13 17:06:33
Видеосун кайсыл жерден корсок болот?
+2
admin_superstan
2018-03-14 13:50:51
Tatyna9119, саламатсызбы! Бул жактан көрсөңүз болот: https://www.super.kg/media/uservideo/217693/
0
surgeon777
2018-03-16 18:25:36
Азаматсыз!)
0
№ 801, 9-март -15-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан