Жалал-Абад облусунун 3 жаштагы тургуну Лейла Калыбекова 3 айлык кезинен бери кекиртектин папилломатоз дарты менен алпурушуп келет. Кыргызстандан бул ооруну толук айыктыруу мүмкүн болбогондуктан кызды Түштүк Кореяга алып барып операция жасатуу керектелүүдө. Кыздын апасы Гүлүмкан Абдималикова кызынын абалы тууралуу айтып берди.
«БАЛАҢ КЫЙНАЛСА ЖАМАН ЭКЕН...»
- Кызым дени сак төрөлгөн. 3 айлыгында тамагы ооруп ооруканага алып барсам, сасык тумоо деп дарылашкан. Кайра эле ооруй бергенинен багыттама менен Бишкекке келдик. Бул жактан ларингит деп дарылашты. Жакшы болуп калып айылга кетип калдык. Бирок аны менен бүткөн жок. Аз убакыттан кийин үнү такыр чыкпай калды. Врачтар кайра ларингит деп дарылашты. Абалы начарлап, тамагы кырылдап, үнү жоголуп, демиге берди. Жасалма дем алдырышып, укол сайып жатышты, кызым кыйналып кетти. Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына көрүндүк. Ал жактан кекиртектин стенозу деп диагноз коюп дарылашты. Бирок такыр айыкпай койду.
Ларингоскопко тарттырган соң гана кызымдын кекиртегинде папиллома бар экени билинди. Операция жасаттык. Кышылдаганы жоголуп сүйлөп калса, баары артта калды деп сүйүнгөнбүз. Бир айдан кийин кайра үнү чыкпай калды. Көрсө, папиллома кайра өсө баштаптыр. Улам эле операция жасата бергенден коркуп башка да шыпаа издеп көрдүк. Молдого алып барып сөөл байлаттык. Анда да бир аз жакшы болуп калган.
Жолдошум экөөбүз акча топтойлу деп Москвага барып да иштедик. 5 айдан кийин кызымды Москвадагы дарыгерлерге көрсөтөлү деп жатканыбызда кызым кайра ооруп, өзүбүз кайтып келүүгө туура келди. Тамагына трахеостома (жасалма дем алдыруучу кекиртек) коюшту. Дагы операция жасалды. Дем ала албай калып, Москвадан түтүк саттырып алып тамагына тактырдык. Анда байкушум “моюнум ооруду” деп көрсөтө берди. Кучактап, май сүйкөп койсом кайра ойноп кетет. Моюнун тешкенде “тешип койду, врачты уруп кел” деп ыйлап, моюнуна эч нерсе тийгизбей жатты. Балаң кыйналса жаман экен.
«КЫЗ БОЙ ЖЕТКЕНЧЕ ТЫНБАЙ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАП ТУРУШ КЕРЕК»
- Үчүнчү операция жасатууга даярданып жатканда бир күнү көгөрүп, дем албай, колу-буту муздап кетти, тамагынан кан атып чыкты. Ошентип жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдык. Көрсө, түтүктөн улам тамагы дүүлүгүп кетиптир. 3-жолу операция жасалды. Дем алып калгандан кийин түтүктү алып салышты. Азыр тешилген жери бүтөлүп баратат. Дарыгерлер “5 күн байкап көрөбүз, болбосо кайра тешебиз” дешкен. Кекиртектин папилломатозун толук айыктыруу үчүн бизде жабдыктар, дары-дармектер жетишпейт экен. Врачтар кызым бойго жеткенде, 15-16 жашында оорусу жок болуп кетиши мүмкүн экендигин айтышты. Ага чейин улам операция жасатып туруу керек экен.
Ушундай оору менен ооругандардын Түштүк Кореядан айыгып келип жаткандарын угуп, 29-майга Кореяга врачтын кабыл алуусуна жазылып койдук. Ал жактан кызыма 5 жолу операция жасалышы керек экен. Ал үчүн 58 миң долларга жакын акча зарыл. Андан башка да папиллома бар болсо, аларды алуу үчүн жасалган ар бир операцияга 1500 доллардан дагы кошулат экен. Жалпы чыгашаларды 80-90 миң доллар деп эсептеп жатабыз.
Кызым ооруп баштагандан бери менде уйку жок. Ал уктай берет, бирок дем албай калат. Кыймылдатып койсом, кайра дем алып баштайт. Түнү менен ошентип карап жатам, дем албай калса эмне кылам анан? Тамагы ооруганда жүрөгүмдү кошо оорутуп ыйлайт. Суюк тамактарды жейт. Папиллома көбөйүп кеткенде коюу тамак жей албай калат. Кызымдын башка балдардай болуп каалаганын жеп, эл катары мектепке барып, дени сак жүрүшү үчүн аракет кылып жатабыз. Кайрымдуу элден жардам сурайбыз. Кореядан айыгып кетүүгө үмүтүбүз чоң.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg