Бүгүнкү маектешим интернет айдыңы аркылуу көпчүлүккө тааныла алды. Анда сөз каарманымда: «Кыргызым, берекем! Турагой, тур. Миллионер эмессиңби, колуң көккө жете элекпи? Чоң иш кылышыбыз керек, алтыным. Кыргыздын жаңы деми Гүлзат Мамытбек сүйлөп жатат...»
– Саламатсызбы, Гүлзат эже? Учурда улуу-кичүүнүн оозунан «турагой, кыргызым, турагой» деген сөздү көп учуратып калдык. Сизди интернет жылдызына айланткан видео тууралуу кеп салсаңыз.
– Саламатсыздарбы? Мен «Тур, турагой» деген кыргыз үчүн жакшы чакырык таптым. Чын эле кыргызым турушу керек, 2030-жылга чейин №1 өлкө болушубуз керек. Тур, кыргызым, турагой, алдыда сени чоң максаттар күтүп жатат. Бизге аны ишке ашыруу оңой эле, мендей, сиздей, Сапар Исаковдой уул-кыздар турганда кыргыз бат эле оңолот. Тарткан видеолорум аркылуу мен жакшы гана нерсеге үндөйм: билим алууга, өсүүгө, сабаттуу болууга.
– Сиздин видеороликтериңизге жооп иретинде тартылган пародиялар көбөйүп кетти. Аларды кандай кабыл алдыңыз?
– Өзүм кыргызмын да, мени жакшы деп колдоп айтабы же мазактап айтабы, мага кыргыз айтып, жазып жатат. Мен үчүн кыргыздын ар бир уул-кызы баалуу. Андыктан бардык ой-пикирлерди туура кабыл алдым. Мени колдоп пародия тарткандарга ыраазычылыгымды билдирем, анткени менин оюмду, идеямды элге жеткирип жатышат. Анан да «кара пиар баары бир пиар» дейт го, андыктан кандай болсо да пиар болуп жатам (күлүп).
– Шайыр, дайыма активдүү жүрөсүз, бала чагыңызда да тың болсоңуз керек...
– Менин балалыгым Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айылында 5 бир туугандын арасында өттү. Кичинемден бетке айткан, тың кыз болдум, ата-энем туура эмес иш кылса аларга батынып айта алчумун «мобуну туура эмес кылып жатасыңар» деп. Ата-энем да менин шагымды сындырбай оюмду угуп, мени менен эсептешчү. Бул тарбиянын келечекте менин ийгиликке жетүүмө чоң жардамы тийди. Мектепти бүткөндөн кийин КУУнун журналистика факультетин кызыл диплом менен бүтүрүп, өз кесибим менен аз эле убакыт иштедим. Ошол учурда жарнама агенти болуп иштеп жакшы каражат табууга болот эле. Андан ары англис тилин үйрөнүп, тилди үйрөтүү боюнча атайын ыкма иштеп чыгып, анан англис тили мектебин ачтым.
– Ширин балдарыңыз тууралуу кеп салсаңыз?
– Бар байлыгым болгон 3 балам бар, жолдошум менен 2 жыл мурун эки башка жолго түшкөнбүз. Анын «үйдө отур» деген талабын аткара албадым. Мен активдүү адаммын да, үйдө отуруп чөктүм, толдум, эч нерсени жактырбай негативдүү болуп кеттим. Анан «мен үйдө отура албайм, максаттарыбыз башка экен» деп айттым. Ошентип ажырашканбыз. Ал кишини аябай сыйлайм, ортобузда сонун балдарыбыз бар. Жолдошум кийин үйлөндү, жакшынакай жубайы бар, менин балдарыма да каралашып турушат. Бактылуулук каалайм аларга.
Өзүмдүн бактымды Голливудда деп эсептейм, балким, Том Крузга күйөөгө чыгам (күлүп). Тамаша, өзүмдү келечекте Голливуддан көрөм. Мен Голливудда Манас тууралуу тасма тартышым керек. Атактуу «Гладиатор», «Александр» сыяктуу дүйнөдөгү мен-мен деген кинолордун катарында турчу тасма тарткым келет. Мен аны тарта алам, көзүм жетет, күчүм да, духум да, билимим да жетет.
– Сиздин мусулман-саентологмун деген билдирүүңүзгө көптөгөн сындар айтылып жатат...
– Эми бул ар бир адамдын өзүнүн иши деп ойлойм. Ооба, мен саентологмун. Болгондо да мусулман-саентологмун. Аны жашырбайм. Мусулман саентолог боло алат, анткени саентология Алла жок дебейт, сенин диниңди бурбайт, бардык диндерди сыйлаган илим. Египеттеги «Аль-Асхар Эль-Шариф» ислам илимий изилдөө академиясы саентология билиминин негиздөөчүсү Лафайет Рональд Хаббарддын «Бакытка карай жол» китебин изилдеп чыгып, анда эч кандай динге каршы келе турган нерсе жоктугун, акыл-насаат, этикалык баалуулуктар тууралуу туура ойлор камтылганын айтып чыгышкан. Саентология – жашоо тууралуу илим, секта дегендер жаңылышат.
– Маегиңизге рахмат!
P.S. Саентология уюму Кыргызда 2001-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өткөн. Бирок аталган комиссия 2012-жылы каттоо күбөлүгүн кайтарып алган. Ошол жылдан тартып саентология уюму Кыргыз өлкөсүндө ишмердүүлүк жүргүзүү укугунан ажыратылган.
Асыл Орозбекова
star@super.kg