Таалайбек Кулманбетов, акын: «ЭЛ КАТАРЫ ҮЙЛӨНҮП, БАЛА КӨРБӨГӨНҮМ АРМАНЫМ»

Бул каарманыбыз ары кызыктуу, ары таланттуу. Анын колу-буту иштебейт, чулдурап кыйналуу менен сүйлөйт жана башы калчылдап турса да тагдырына таарынып отуруп калган эмес. Ыр жазып, китеп окуп, жадакалса жаш акындарды тарбиялап келет. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Сөгөт айылынын тургуну Таалайбек Кулманбетов өзүнүн күрөшкө толо тагдыры тууралуу айтып берди.

«МЕН ҮЧҮН ЖАШООНУН ӨЗҮ ЭРГҮҮ»
Каарманыбыз кыйналуу менен сүйлөгөндүктөн анын сөздөрүн жакын адамдарынан башкалардын түшүнүүсү кыйын. Биз анын сүйлөгөнүн иниси жана келининин жардамы менен түшүндүк.
– Мен 1965-жылы Токтогул районунда туулгам. 8 бир туугандын алтынчысымын. Ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Азыр кичүү инимдин колундамын. Төрөлгөндө дени сак эле болчумун. 2 жашымда менингит менен ооруп калып врачтар жүлүндөн сары суу алабыз деп жатып жүлүндүн суусун сордуруп алышкан экен. Айыктыруунун жолун издеп ата-энем көп жерге барышыптыр. Тилекке каршы, эч кимден даба болбоптур. Учурда 1-топтогу майыпмын.
Оорунун айынан мектепте да окуган эмесмин. Бир туугандарымды карап отуруп окуганды үйрөнүп алгам. 1984-жылы 28 жашында улуу агамды өлтүрүп кетишкенде жүрөгүм сыздап алгачкы жолу ыр жазгам. Ошондон бери ыр дүйнөсүндө жашап келем. Азыр мектептеги иш-чараларга, майрамдык кечелерге ыр жазууга сунуштар түшүп турат. Анан да таланттуу жаштардын чыгармаларына сын айтып, аларга ыр жазуунун жолун үйрөтүп турам. Учурда 4 шакиртим бар. Жок дегенде бир шакиртим жолумду улантса, мен үчүн ошол ийгилик.
Жашоодо арманым – жаштыгымдын татыксыз өткөнү. Дегеним, эл катары басып, эл катары иштебегеним. Башка эркектердей кыз сүйүп, кыз жандап жүрбөгөнүм. Элдей болуп үйлөнүү той, балалуу болуп жентек той өткөрбөгөнүм. Эл катары жашасам арманым жок эле.

«КУДАЙ АГАМДЫН КАНЧАЛЫК ДЕН СООЛУГУН АЛСА, ОШОНЧОЛУК АКЫЛ-ЭС БЕРГЕН»
«47 жылдык жашоомдун баары агам менен чогуу өттү» дейт Таалайбек Кулманбетовдун иниси Талантбек мырза.
– Агам өзү тамак жей албайт, өз алдынча иш жасай албайт, баса да, отура да албайт. Көбүнчө көмкөрөсүнөн жатат. Колу-буттары кээде катып калат. Баскычы бар телефонго жазганды үйрөнүп алыптыр. Кээде ырларын телефонго өзү жазып коёт. Кудай агамды канчалык ден соолугунан алса, ошончолук акыл бериптир. Кичине кезибизде үй тапшырмаларыбызды Таалай агама жасатчубуз. Ал айтып бергенди биз дептерге жазып коюп «5» ала берчүбүз.
Үйдө өзүнүн китеп текчеси бар, ал жакта кыргыздын залкарларынын баарынын китептери тизилип турат. 50-60 жыл мурун жарык көргөн «Ала-Тоо», «Чалкан» журналдары бар. Жакшы материалдар, аңгемелер чыккан санын сактап койчу.
Көбүнчө эски муундун адабий чыгармаларын жакшы көрөт. Акындардан Алыкул Осмонов, Бактыгүл Чотурова, Бактыгүл Сейитбековалардын чыгармаларын сүйөт. Азыркы чыгып жаткан китептердин мазмуну терең эмес деп айтат. Учурда "Куран", "Инжил" китептерине кызыгып жүрөт. Бирок алып бере албай жүрөм. Атам тирүү кезинде агамдын «Поэзия менин жашоом» деген китеби басылып чыккан. Андан бери 2 китеп боло тургандай ырлары бар. Бирок каражат жоктугунан улам китеп чыгара элекпиз.
Саясатка кызыгат, элдин арасында кыйналып жашагандар тууралуу көп айтат. Айрым адамдарда байлык болсо дагы кайрымсыз экенине кейийт. Шахмат, нарда ойнойт. Дени сак болсо мындан да көп өнөрү чыкмак беле?..
Өзү «басып калсам, аркамда бала калса» деп кыялданчу. Мен да аракет кылып акча төлөп, келишим менен болсо дагы бир уул төрөп бергенче жашай турган келин издештирип көргөм. Таппай койдум.
Жашообузда ар кандай адамдар бар. Айрымдар агамдын акыл-эси кем деп ойлошот, тийишишет, боору ооругандары да бар. Тийишсе таарынып калбайт, күлүп коёт. Бир ирет арабада отурса кошунанын баласы таш менен уруп кетиптир. Апасына барып «балаңызды кой деп коюңузчу» деп айтсам, кайра апасы мага атырылган. Жашоомдун баары агам менен чогуу өттү. Ал атам менен апамдан калган белек. Ошондуктан аны бирөөгө чаптырбайм.

«УСТАТЫМДЫН АКЫЛ-НАСААТЫ АТАМДЫКЫНАН БАШКАЧА»
Өзүн Таалайбек Кулманбетовдун шакирти катары тааныштырган Акбермет Турдакун кызы устаты анын жашоосуна чоң таасир бергенин берилүү менен айтып берди:
– 7-класста окуп жүргөнүмдө айылдагы клубда айыл өкмөтүнүн жардамы менен бул кишинин поэзия кечеси уюштурулду. Агайдын ырларын угуп ыйлагам. Ошондо «мен үйдө эртеден кечке жалгыз жатам, келсеңер кубанам» деп айткан. Үйүнө барып жүрүп сүйлөгөнүнө түшүнүп калдым. Устатыма «ата» деп кайрылам. Ал мени «кызым» дейт. «Сен мага Кудайдын берген белегисиң, болбосо мени эч ким ата дебейт болчу» деп калат.
Устатым жашоомо көп таасир берди. Өзүмдүн атамдын айткан акыл-насаатынан аныкы башкача. Дүйнөгө болгон көз карашы да башкача. Ырлары өзгөчө жагат. Анын ырлары жүрөктөн чыгат. Бир жолу анын тагдырына аябай ыза болуп «Колумдан келгенде дүйнөнү башкача кылмакмын, мен сизди бастырып коймокмун» деген саптары бар ыр жазгам. Бир ирет мектептин ичин кыдыртып келгем. Өмүрүндө мектептин ичин көрбөптүр да, аябай кубанып мага ыраазычылыгын айткан. Ушул убакытка чейин мектептин залында 3 жолу анын поэзия кечесин өткөрдүк.

ТААЛАЙБЕК КУЛМАНБЕТОВДУН ЫРЛАРЫНАН

Акым бар
Өмүрдүн теңин узаттым,
Өткөрдүм көбүн курактын.
Элүүдөн өтүп калсам да,
Сүйүүгө жетет убактым.

Жүрөгүм деле жалындуу,
Сүйүүгө жазам жаңы ырды.
Майып да болсом жигитмин,
Махабат ыры жагымдуу.

Кыздарга жазган катым бар,
Кыз сүйбөс кандай акындар?
Сексенге жашым жетсе да,
Сүйүүгө менин акым бар.

Жан дүйнө
Оо, адамдар, көр пенделик качан бүтөт?
Ойлонуп капаланам ичтен түтөп.
Адамдык жан дүйнөбүз оңолбосо,
Акыретте бизди кандай жашоо күтөт?

Акчалууну куткарат азат соту,
Арамдыкты куйкалайт тозок оту.
Жаннаттан өз ордуңду тапкың келсе,
Жан дүйнөңдү тазартып намаз оку.

Мен деле көпчүлүктөй бир пендемин,
Менин да билгенден көп билбегеним.
Күнөөсүз урпактардын өмүрү үчүн
Кудайга дуба окуп тиленемин.

"Минтип жатып алып китеп окуйм".


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Amor
2018-04-03 14:08:24
Аябай кучтуу адам экенсиз. Кудайым ден соолук берсин. Ининиз жакшы адам экен, ырларыныз ото маанилуу экен.
+9
Eureka
2018-04-03 14:31:07
Агайга коптошуп жардам берип ноутбук алып берсек соцтармактарга ырларын жарыялап, досторду таап байланышып турса болот.
Инисинин номерин берсенер жакшы болот эле. Аллах ыраазычылыгы учун Куран китеп жонотот элем.
+20
admin_media
2018-04-03 15:07:26
Eureka,
Саламатсызбы! Байланыш номери: 0700 14 50 38
+4
Mavlyuda
2018-04-07 11:55:08
Eureka,Аллах сизден ыраазы болсун
+1
Eureka
2018-04-03 14:34:42
Талантбек мырза Аллах сизге ыраазы болсун! Азаматсыз, азыркы заманда алты саны аман-эсен бир туугандарына каралашкандар аз. Сизге дагы да чыдамдуулук, сабыр берсин Аллах.
+6
biznes
2018-04-04 08:42:41
Eureka, саламатсызбы. Бизде форумчулардын атынан түзүлгөн кайрымдуулук фонд бар. Жардамга муктаж адамдарга жардам беребиз. Кааласаңыз кошулсаныздар болот
+2
nargiz94
2018-04-03 14:35:20
Жулундон суу алганда майып болуп калаарын билет, анан не алышат врачтар тушунбойм. Коп адамды кордум жулундон суу алып, майып болгон. Журогу таза, жакшы адам экен. Балалуу болуп алса жакшы болмок экен, кап ...
+9
baklajan
2018-04-03 18:59:38
Таалай агабыз менен биз дайым сыймыктанабыз!Ырлары да мыкты!Кудайым сизге узун омур ден соолук берсин!Жардам болсо агабыздын башка ырларын чыгартсак жакшы болот эле.Ооба Акбермет мектепке алып келгенде абдан кубанган.Бар болунуз
+6
aksy94
2018-04-03 19:27:45
Келинине соз жок азыркы келиндер башкача куйоосун балдарын зоорго карайт а бул келин молодец
+7
Eli.91
2018-04-03 19:52:46
Байкашымча бул байке ал нерселер менен эле чектелип калбастан намазда окуйт окшойт?Бул байкеге жардам керек,бул байкени колунда барлар жардам кылып уругун алып 1 балалуу кылып койсода болот?ырларын 1 китеп кылып чыгарса болгудай?жакыныракта болгондо Куран китептерди озум сатып алып бермекмин.
+8
ishen.kgz123
2018-04-09 03:26:22
Eli.91, коп китеп чыгарган бул киши мен айылдашы болом
0
Tyty1990
2018-04-04 08:58:09
Инжилди алып бербесин
+1
Sofiagul
2018-04-04 09:23:44
Инисине да келинине да Аллахым ыраазы болсун азыр мындай биртуугандар ото чанда кезигет.Алты саны аман биртууганы кичине ооруп калса которо албагандар бар. ото ыраазы болдум. Аллахым бир туугандар арасында бекем ынтымак берсе экен
+4
nur72
2018-04-06 20:56:03
Сиз кучтуу адамсыз оорубаныз калеминиз курчуй берсин
+2
stervella415
2018-04-07 17:04:40
Окунучтууу.ыйлагым келди...менин бир козум алды ылдый бир аз...кээде неге башка кыздардыкындай эммес деп ызаланам.бирок бул байкени окуп кудайга тобо кылдым.шугур дедим.инисине болсо молодец демекчимин...абдан ыраазы болдуммм
0
Akylaj85
2018-04-08 04:33:26
Инисинин акыркы сөздөрүн окуганда көздөн жаш кеттиго
+1
ishen.kgz123
2018-04-08 21:51:07
Аллахым сизге узун омур берсин!!
Жана калеминизден жашообузга тарбия бере турган ырлардан жаза бериниз.
0
Bak.taalai
2018-04-08 23:06:07
Аллахым жардамын берип ошого себепкер адамдар табылып артынызда туяк калса экен кандай жол менен болсо да.
0
ishen.kgz123
2018-04-09 03:23:32
Менин айылдаштарым го
0
№ 804, 30-март -5-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан