«МЕН БАЙ КЫТАЙГА ТУРМУШКА ЧЫКТЫМ ДЕП ОЙЛОГОМ...» Кытайларга турмушка чыгып алданып калган кыздар

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, былтыркы жылы 1394 кыргыз жигити чет элдик кыздарга баш кошкон болсо, 1141 кыргыз кызы башка өлкөнүн жарандарына турмушка чыккан. Ал эми башка өлкөдө никеге турган жарандар тууралуу так маалыматтар жок. Мындан сырткары жарандык никеде жашап жаткандар да жок эмес.

«ЖАМАН УЛУТ ЖОК, ЖАМАН АДАМДАР БАР»
Эркектер башка улуттан аял алса унчукпайбыз, ал эми кыздарыбыз башка улуттун жигиттерине турмушка чыкса сындап жатып калабыз. Ооба, чет элдикке тийген кыздарыбыздын бактылуу жашап жаткандары да, өкүнүп, азап тартып калгандары да бар. Үй-бүлөдө жубайлардын бактысынан да улуту маанилүүбү? Бул маселе тууралуу кытай мырзага турмушка чыгып, Кытайдын Пекин шаарында жашаган Айгүл аттуу (аты өзгөртүлдү) кыргыз кызы төмөндөгүчө оюн билдирди:
– Менин кытай мырзага турмушка чыкканыма 10 жыл болду. Кытайда окуп жатканда таанышып, жактырып калгам. Бир уулубуз бар. Жолдошум нике кыйдыруу үчүн ислам динин кабыл алган. Ал мени ЖОЖдо окутту. Жакшы жашайбыз. Бирок 2 жылдан бери таарынышып жүрөбүз. Ага карабай азыр да ата-энеме, балам экөөбүзгө жардам берет. Баламдын мектебине эле жылына 1 миллион 800 миң сом төлөйт.
Кытай жигиттерине турмушка чыккан мен билген кыргыз кыздары бул жакта аябай жакшы, бактылуу жашашат. Анткени бул өлкөгө келүү менен алардын маданиятын, жашоо шартын жакшы түшүнүп калышкан. Ошентсе да башка улуттагы адамга баш кошуу кыйын. Алардын маданиятына көнүүдөн тышкары эки тараптан тең чет жерлик күйөө бала, келинди кабыл ала албаганы кыйынчылыктарды жаратат. Биз Кыргызстанга барсак, жолдошум кытай, баламдын атасы кытай болгону үчүн бизге жаман мамиле жасашат. Кошуналар таш ыргыткан күндөр да болгон. Ошол эле себептен бул Кытайда да бизге жаман мамиле жасаган кытайлар бар.
Кытайлар эмгекчил болушат, үй-бүлөнү сыйлашат. Ал эми Кыргызстанга барып иштеген кытайлардын көпчүлүгү билимсиз. Алар Кытайдан акча таба албагандыктан Кыргызстанга барышкан. Ар бир адам жөн жерден үй-бүлөсүн, баласын таштап кете албайт да. Андыктан бул жерде бизге көрүнбөгөн маселелер жатат деп ойлойм. Жаман улут болбойт, жаман адамдар гана бар.

«ТОВАРГА КЕТКЕН БОЙДОН ДАЙЫНСЫЗ»
Бай турмуш, жакшы жашоону эңсеп кытай мырзаларына турмушка чыгып алданып калган кыргыз кыздары да бар. Күйөөсү таштап кеткенден кийин кайда барып, эмне кыларын билбей кыйналган бул кыздардын айрымдары Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборуна жардам сурап кайрылышат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Дарика Асылбекова айтып берди:
– Бизге башка улуттагы мырзага турмушка чыгып, ал никеден жапа чегип калган кыздар көп кайрылышат. 2016-2017-жылдары кытайларга турмушка чыккан 18-20 жаштардагы 6 келин биздин кризистик борборго кайрылган. Расмий эмес кайрылгандар, телефон аркылуу кайрылгандар дагы бар. Бул келиндер Ош, Жалал-Абадда кытайлардын колунда сатуучу болуп иштеп жүрүп эле кытайлар менен жакын мамиледе болуп турмушка чыккандар. 1 же 2 балалуу болгондон кийин күйөөлөрү дайынсыз кетишкен. Дегеним, алар көбүнчө соода-сатык менен алек болушат да. Товар алып келүү үчүн кеткен бойдон кайра кайрылып келбей коюшкан. Айрымдары «сени менен жашагым келбей калды» деп таштап кетишкен. Балдарын да талашышкан эмес. Үй-бүлөлүк жашоодо аялдарына жакшы мамиле жасашчу экен. Бир келинди күйөөсү Кытайга алып барып келиптир. Ал кыз мага «Мен кытайлардын байлары бул жакка келип иштешет деп ойлочумун. Кытайга жолдошумдун үйүнө барганда анын жашоо шартынын өтө начар экенин билдим. Талаа сыяктуу эле жерде жашайт экен. Ал кыштактын жашоочуларынын жашоо шарты өтө төмөн экен. Ал жактан кайра келип «Кара-Суу базарында» иштедик. Жакшы эле жашап жатканбыз. Бир күнү кезектеги товарды алып келүү үчүн кеткен бойдон дайынсыз. Эмне кыларымды билбей калдым» дейт.
Кыздар никесин каттатып расмий түрдө турмушка чыгышканы менен, нике каттоо күбөлүктөрү каякта экенин билишпейт. Бул кыздардын баары социалдык абалы начар үй-бүлөдөн. Айрымдарынын ата-энеси эмгек мигранттары. Ошондуктан алар акчага кызыгышып, жетиштүү турмушта жашайбыз деп ойлоп турмушка чыккандар.

«КҮЙӨӨЛӨРҮНҮН 2-3 ПАСПОРТУ БАР ЭКЕНИН КӨРҮШКӨН»
– Келиндер күйөөлөрү эмне себептен үйлөнүп, эмне себептен таштап кеткендиктери тууралуу себеп издеп таппай келишет. Айрымдары күйөөлөрүндө 2-3 өлкөнүн паспорттору бар экенин капысынан көрүп калышкан. Бирок бул тууралуу күйөөлөрү өздөрү ооз ачышкан эмес. Айрымдарынын күйөөлөрү Кыргызстандын жарандыгын алууга жетишишкен. Менин баамымда, кытайлар кыргыз кыздарына үйлөнүп Кыргызстандын жарандыгын оңой алып, биздин өлкөдө эркин жашап, эркин ишкерлик кылууну максат кылышкан. Ошол себептүү бул кыздарды пайдаланышкан окшойт.
Байкаганым, биздин кыздарды алган европалык, америкалык мырзалар үй-бүлөнү бекем сактап калууга аракет кылышат. Бизге көз жашын көл кылып кайрылгандардын арасында түрк улутундагы мырзага турмушка чыгып жапа чеккендер дагы көп. Кытайлар сулуулугуна, байлыгына карабай өз кызыкчылыктарын алдыга коюп үйлөнүп жатышса, түрктөр сулуу жана жаш кыздарга үйлөнүп Түркияга алып кетишет. Аларды убактылуу пайдаланып туруп таштап кетишет же сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашат. Алардын саналуусу гана турмуш куруп жашап калышпаса, көпчүлүгү ыйлап кайра келишет.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (80)
hanisa
2018-04-18 17:28:10
Озум Кытайда окуганмын биз окуп жургондо балдарда кыздарда кыйтайлар менен суйлошкон эмеспиз,турлорун коруп эле чочуйсунго,балит болгондо:(,анан биздин кыздар кантип кытайларга чыгышат билбейм бул жакты мен жиркенип кетем,алар паспорт алыш учун эле улонотта
-1
States
2018-04-18 17:39:36
Менделе чет олколук балага тийгем. 3 семья багып атам . Ошондо мен жаман болуп каламбы ?
+2
sumay2015
2018-04-18 20:30:17
Билбейм, кыздарын, аялдарын иштеткен эркектер Кыргызстандын башка аймактарындабы? Бизде баары эле уй-булом деп тытынган эркектер окшойт,себеби биздин миграция боюнча сурамжылоодо 2 эле уй-було Россияда экен аябай суйундум мектеп боюнча
+2
Baku88
2018-04-18 21:00:54
Үй булоосун эч нерседен кем кылбай баккан эркектер деле бар бирок бакпай кордогон эркектер басымдуурак болуп жатат жоопкерчилик жок. Илгери эркектер үй бүлө багайын балалуу болом деп уйлонсо азыркы эркектер курсагын тойгозуш үчүн үйлөнүп калды арабызда бар ошондойлор эң өкүнүчтүүсу ушул. Жаш жигиттерибиз жаш кыздарды алдап боюнда кылып коюп таштап кетишет анан кыздар эмне кылыштарын билбей акчасы барлар аборт кылып жок кылат акчасы жок бага албагандар төрөп туруп өлтүрүп ыргытып жиберип жатышат
+2
Baku88
2018-04-18 21:04:22
Кыздарды алдап олдум талдым сенсиз
Жашай албайм деп сүйүп сүйүүсү көпкө узабайт жүрүп жүрүп аягы бей күнөө наристенин өлүмү мн аяктайт
0
zarlyk2211
2018-04-19 03:08:46
Баарыбызга ыйман берсин. Ыйманга келсек баары жайында болмок.
0
qursy
2018-04-19 11:52:28
акчага тийбегиле. адамга тийгиле. акчасы жок бир бечара кыргызга тийсен сенин жакшылыгында экоонорго Кудай береке берип байып кетесинер
0
Azatbek.Svoboda.
2018-04-19 15:41:24
Baku88 чык эшикке Баку деп жазып алып сың эриң Азербайжанго!
-1
Baku88
2018-04-19 20:12:04
Azatbek.Svoboda., мына ушинтип дарт десе балаа деп отурсанар силерден эмне жакшылык кутсо болот просто сөз жок айтса чычалайсынар кана бир эркек чыккан жок биз кыргыз кызын коргойбуз деген макала чыккан күндөн бери кыздар мн теңме тең айтышып отурасынар сенин эрин тажик окшойт сенин эрин кытай окшойт деп
0
s81
2018-04-19 19:32:14
Башы жок биздин кыздардын өзү байлыкка кызыгып өл
-1
Baku88
2018-04-19 20:14:02
Кыргыз кыздар азер тажике тийсе тийгендир зато жоопкерчиликтуу ар намыстуу уулдарды торойт чонойсо апасын кор кылбай багат
0
Nuri1988Elim2010
2018-04-20 08:32:34
Baku88,жоопкечиликтуу болгону менен кыргызым деп сокпойт журогу,кези келсе сатып кеткенден тайбайт
+1
ady-88
2018-04-21 12:25:43
Baku88,э жетим себе озун тазик же азерге талтайып бул жакта озуно окшогондорго адвокат боло бербечи
0
Baku88
2018-04-21 16:33:49
ady-88, байкуш ай байкуш боорум ооруйт сени төрөгөн энеге
0
Aijash90
2018-04-20 11:18:36
Кыргызымдан айланайын!!!
0
Mart19
2018-04-20 11:43:53
Кыргыз эле жигиттер кыргыз кыздарды алып багалбай бактысыз кылып бир жакшы созун аягандар толтура.Же балдарын багалбай же аялын багалбай дагы устунон аял алып алганычы.Кыскасы эркектер намымтуу болгулачы кыздаргале аяпты коё калбай
+2
Bolunbo.kyrgyz
2018-04-20 20:33:32
Mart19, ошо эркек кундо 100 сом таап келсе да шугур деп жашаш керек да илгери биздин апалар ушундай эле жашашкан уйдоле эчким кор болбой азыркылар алкымынар эле чон ошого бактысызсынар эркекти угуш керек ал кандай болсо да
0
Targarien
2018-04-20 22:52:48
Кызын да эркегин да бирдей эле Ошон учун кыргыздар онукпойбуз Аялдар тилин тыйбаса эркектер колун тыйбайт
-1
Shooruk
2018-04-22 18:38:12
Эгер кыргыз кызы башка улутка тийсе ал ошол улутту кобойтот. Эгер кыргыз баласы башка улуттан уйлонсо ал кыргызды кобойтот. Кыргыз кобойгон жерде кыргыздын аты, салты, маданияты ырым-жырымдары, накыл создору, тарыхы сакталат. Айырмасы ушул жерде турат. Ошон учун ойлонгула кыргыздын кыздары!!!
0
rianna
2018-04-23 21:48:55
Азыркы учурда кыздар деле жигиттер деле бирдей . Кыргыз куруп калгансып башка улутка уйлонушот, турмушка чыгышат. Бир эки кыздардын айынан бардык кыздарды акча байлык учун барына даяр дегенинер туура эмес!
0
№ 806, 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан