Мухаммедамин Алтынбек уулу учурда 12 жашта. Ал төрөлгөндөн тартып веналык мальформация дартынан арыла албай келет. Тили чоңоюп, шишип оозуна батпай калгандыктан врачтар анын тилинин бир бөлүгүн кесип салышкан. Балага баш-аягы 18 операция жасалган. Атасы «врачтар уулума дагы 10 операция жасоо керек дешти» деп жашыды.
«УУЛУМА 18 ЖОЛУ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ»
Мухаммедаминдин атасы Алтынбек Мамажунусов уулунун оорусу тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Ош шаарынын четиндеги Жапалак айылынан болобуз. Уулум 2006-жылы туулган, ошондо эле тилинин жана бетинин жарымы кызыл болчу. Бир жарым жашында Ош облустук ооруканасына кайрылсак, «анар (гемангиома) экен» деп дарылашкан. Бирок оорусу күчөп, тили чоңоё берди. Кийин гана Москвага алып барганда бул жакта туура эмес дарылашканын билдик.
Эки жарым жашка келгенде тили менен бети чоңоюп, тили сыртка чыга баштады. Кайрадан облустук ооруканага алып барсак, врачтар онкологияга жиберишти. Ал жактан «бул ооруну айыктырганга биздин да, Бишкектеги врачтардын да алы жетпейт. Москвага алып баргыла» дешти. Ошентип жүрүп 6 жашка чыкканда гана Москвага алып барганга мүмкүнчүлүк таптык. Ошол жактагы туугандарыбыз «эптеп алып келгиле, биз жардам берели» дешти. Мен бул жактан акча чогултуп жаттым, кайнатам баламды алып барып көрсөттү. Бир жылда 4 жолудан операция жасатып, 300 миң сомдой кетип жатты. 10 жолу операция жасалгандан кийин ал клиниканын дарыгерлери күчү жетпей калганын түшүнүштү окшойт, баламды башка клиникага өткөрүп беришти. Ал жактагы врачтар «каражат көп керек болот, кыйналасыңар» деп бизди «Русфонд» деген кайрымдуулук фонду менен тааныштырган. Ошентип уулума андан кийинки жасалган операцияларды ошол фонд каржылады. Баш-аягы 18 жолу операция жасалды. Уулум кыйналып кетти.
Былтыр баласы гемангиома менен ооруп, Казакстандан дарыланып жаткан эжеге жолугуп калып, аны менен Казакстанга барып келдик. Алар 10дон ашуун операция жасашарын жана анын жалпы суммасы 15 миң доллардай болорун айтышты. Бирок алар дагы айыгып кетерине кепилдик бере алышпайт экен. Кыргызстандагы врачтардан кеңеш сурасак, алар Түркияга же Москвага эле алып баруубузду айтып жатышат.
«АКЧА СУРАП ЖАЛДЫРАГАНГА МАЖБУР БОЛУП КАЛДЫМ»
– Бишкектен пластикалык хирургга да жолуктук. Ал адам операция жасаса болорун, бирок андан кийин баламдын тили иштебей калышы мүмкүн экенин айтты. Мен орусча түшүнбөйм. Бизге жардам берип жаныбызда жүргөн хоспистин директору хирург менен орусча сүйлөшүп жатты. Алар мага баары жакшы болорун айтышканы менен, алардын өңүнөн абалыбыз оор экенин түшүндүм. Дарыланууну Москвадан улантууну чечип Ошко кайттык. Май айында кайра Москвага барабыз.
Өзүм дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенем. Жубайым балдарым менен үйдө отурат. Ата-энемден калган тамда энем менен чогуу турабыз. Буга чейинки операцияларына атамдан калган малдарды сатып короттук. Туугандарым, эл-журт жардам беришти. Баарына ыраазымын. Ооба, акча сурап барсам көңүлүмдү ооруткандар да болду. Өзүм да айласыздан бир эле адамга бир нече ирет барып акча сурап жалдырап жүрдүм. Айрымдардан уялып, ага көрүнгөндөн качып калдым. Бирок уулум айыгып кетсе, мен баарына ыраазымын. Кадырымдын жерге тепселенгенине да ыраазымын.
Балага энеси да, атасы да жооптуу. Атанын жоопкерчилиги энеден да жогору деп билем. Андыктан ооруп, турмуштун оор сыноосуна кабылган балдарын таштап кеткен аталар туура эмес кылышат.
«БАШКА БАЛДАР УУЛУМДУ ШЫЛДЫҢДАП КОЁБУ ДЕП КОРКОМ»
– 5 балам бар. Мухаммедамин эң улуусу. Азыр ушул балам деп эле жашап жатабыз. Башка балдарым да ага көнүп калышкан. Бир нерсе алып бер деп суранышса, «агаң дарыланып келсин, анан алып беребиз» деп коёбуз. Уулумдун абалын карап туруп өзүбүз дарыланып же кийинип-ичинип алууга жүрөгүбүз чыдабайт. Ушул балам сакайганда кийип-ичербиз деп жүрөбүз.
Мухаммедамин 4-класска чейин мектепке барган. Чоң класстардын мектеби 2 чакырымдай алыс болгондуктан 5-класска барганда кыйналып калды. Ага оор жумуш кылып, чуркаганга да болбойт. Энтигип, дем ала албай калат. Айрым учурда мектепке бара жатып автобуска жетишпей калса жөө басууга туура келет. Анан балдар менен чуркашат. Ошентип бети шишип, түндө кыйналып, дем ала албай коркутуп баштаганда мектепке жибербей койдук. Мектептин директору үйгө келип, баламды окутуу үчүн мугалимдерди бөлүп берген. Бир жыл үйгө келип сабак өтүштү. Бирок мугалимдерди да кыйнабайын деп бул жылы аларды келтирбей койдум. Азыр уулумдун классташтары 6-класста окуп жатышат.
Баламды эшикке көп чыгарбайм, балдар менен көп ойнотпойм. Башка балдардын шылдыңдап уулумдун жүрөгүн оорутуп коюшунан корком. Көчөдө баратып колу менен көрсөтүп, «карасаң, тиги баланын тили чыгып турат экен» дегендерди көрдүм. Андайда мени бирөө уруп кеткендей эле абалда калам. Ошондуктан мультфильмдердин дискин алып, телевизор коюп берип, үйдөн көп чыгарбаганга аракет кылабыз.
«КАЧАН АЙЫГАМ?» ДЕП СУРАП ЖҮРӨК ООРУТАТ»
– Уулумдун тилинин оозунан чыгып турган бөлүгүн кесип салышкан. Кыйналып сүйлөйт. Анысына өзүбүз гана түшүнөбүз. Суюк тамактарды, жибитип жей турган тамактарды жейт. Катуу тамак жей албайт. Чоң энеси менен жакшы сырдашат. «Эне, эмнеге мен балдарга кошулбайм? Эмнеге минтип ооруп калдым? Качан айыгам?» деп сурап апамдын жүрөгүн оорутат экен.
Балам жөн турганда деле кээде дем ала албай калат. Карылдаган үн чыгып, дем ала албай түнү менен уктабай кыйналып чыгат. Биз болсо эч кандай жардам кыла албайбыз. Карап туруп бергенден башка эч нерсе колубуздан келбейт. Ошол маалда жүрөгүм жанчылып кетет.
Сасык тумоо болуп ооруп калса адаттагыдан катуу кыйналат. Аны карап отуруп эч нерсе кыла албаганым мен үчүн азап. Үмүтүм өчпөйт. Уулум айыгып, жакшы өмүр сүрөрүнө ишенем. Качан эмне болуп кетерибизди билбейбиз да. Ошондуктан уулума арнап ачкан дептерге ага ар дайым кеңештеримди жазып турам. Ага бул кыйын күндөрүндө кол сунуп жардам берген адамдардын аттарын да жазам. Кийин чоңойгондо алардын жакшылыгын актаса, жакшы адам болуп башка муктаж адамдарга жардам берсе, мен ага ыраазы болорумду жазам.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg