Мирана Мамырбаева, жабырлануучу:«ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ ИНТИМ КЫЗМАТ КӨРСӨТӨТ ДЕГЕН КАРАЛООГО КАБЫЛДЫМ»

Жашообуздун маанилүү бөлүгүн ээлеген интернеттин оң жагы менен кошо терс жагы да бизди коштоп жүрөрүн унутпасак. Социалдык түйүндөргө катталып, ал жакка жеке маалыматтарды, сүрөттөрдү жүктөйбүз. Бирок ошол маалыматтар кайра өзүбүзгө каршы курал болору көп ойлондурбайт. Акыркы күндөрү ар кандай жолдор менен каралоолор болуп жатканы катталууда.

«ЖОЛДОШУМДАН МЕН КҮТКӨН КОЛДООНУ АЛГАН ЖОКМУН»
Акыркы учурда вебкам-моделинг кызматына аралашкан кыргыз кыздарынын жылаңач сүрөттөрү интернетке тарап, коомчулуктун катуу талкуусуна алынды. Бул ызы-чууну улай Фейсбуктун бир колдонуучусу өз баракчасына жылаңач кыздын бир нече сүрөтүн жүктөп, анын астына «Кыргыз кыздар, уялбайсыңарбы ушинтип ар кимге фото жибергенден! Түрк таанышыма Мирана деген кыз жиберген экен, ал ар кимге таратып жатат» деген билдирүү жазды. Сүрөттөгү Мирана Мун (Мирана Мамырбаева) аттуу айым экенин айтып, анын баракчасынан да сүрөттөрдү кошо илген. Мына ушул окуяга кандайча кабылып калганын бизге Мирана Мамырбаева төмөнкүчө айтып берди:
– Үйдө кадимкидей эле үй жыйнап бейкапар жүргөм, анан эле WhatsApp`тан тааныштарым «Фейсбукта эмне эле болуп жатат?» деп жаза башташты. Түшүнбөй эмне болуп жатканын териштиргиче тааныштарым четинен жазып, чала баштады. Көрүп эле нес болуп калдым. Алгач жолдошума айттым. Менин таянган адамым эле, бирок ал мен күткөн колдоону берген жок. Сөздөн сөз чыгып отуруп, аягы экөөбүздүн ажырашуубуз менен бүттү. Апам, бир туугандарым, курбу-достордун баары сүрөттөрдү көргөн соң «сен эмес экениң дароо эле билинип турбайбы» деп күлүп эле коюшту, бул окуяны олуттуу кабыл алышкан жок.
Белгисиз жылаңач кыздын сүрөттөрүнө менин баракчамдагы сүрөттөрүмдү көчүрүп кошуп койгон адам Санжар Исаев деген фейк атты колдонуп жүрөт. Экөөбүз бири-бирибизди тааныйбызбы же тааныбайбызбы билбейм, бирок бир журналист деп ойлоп жатам. Жазсам байланышка чыкпайт. Ал адам мага интернеттен эле тиш кайрап калган. Учурда ага каршы далилдерди чогултуп жатам. Бир караган адамга сүрөттөрдөгү айырмачылык дароо билинет, сүрөттөгү кыздын колунда татуировкасы, эрининин үстүндө калы бар экени.

«КҮНӨӨЛҮҮЛӨР ТИЙИШТҮҮ ЖАЗАСЫН АЛСА ДЕЙМ»
– Эч кимге эч нерсе далилдебей эле коёюн дегем, бирок бул интернеттен мени каралаган биринчи учур эмес. 2017-жылы болгон Дача-СУ айылындагы учак кырсыгына байланыштуу Фейсбукта бир группада талкуу болуп, ошол жерге бирөө менин атымды колдонуп, «оштуктар, сасыбай Ошуңарга кеткилечи!» деп жазыптыр. Аны да билбейм. Көп өтпөй мага чалып да, жазып да коркутуп башташканда гана эмне окуя болгонун билгем. Укук коргоо органдарына кайрылсам, ал билдирүүнү жазган адамдын IP-дареги Беларустан чыгып жатканын айтып, эч кандай чара көрүлбөй, иш жабылып калган. Ал адам менин баракчама окшош клон баракча ачып, менин сүрөтүмдү жүктөп койгон экен. Анан жогорудагыдай билдирүү жазып, аны скрин кылган да, ар кайсы группага таратып жиберген. Анан баягы клон баракчаны өчүрүп салыптыр. Мен жөн жерден жаманатты болуп калгам.
Анда да ошол Санжар Исаев деген колдонуучу тараткан. Мунусунда мени белгилүү журналист кылып пиарлаганына таң калдым. 5-6 жыл мурун super.kg порталында модератор болуп иштегем. Аны деле тактап отурбай, "Супер-Инфонун" журналисти деп жазып, таратып жиберишти. Бул сапар УКМКга арыз жаздым, күнөөлүүлөр табылып, тийиштүү жазасын алса дейм.

«БИЗДЕ ИНТЕРНЕТ ТАРМАГЫ БОЮНЧА ӨЗҮНЧӨ МЫЙЗАМ ЖОК»
«Интернет аркылуу бирөөлөрдү каралаган адамдарга карата кандай жаза каралган?» деген суроого юрист Калыйнур Батыралиев жооп берди:
– Кыргыз мамлекетинде интернет тармагы боюнча өзүнчө мыйзам жок. Бирок башкаларды каралаган адамдарга карата Жарандык кодекстин 16 жана 18-беренелеринин негизинде "Ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо" жөнүндө арыз менен сотко кайрыла алат. Эгер моралдык зыян келтирилген болсо, ушул эле кодекстин 16-беренесинин негизинде моралдык зыянды да өндүрүп алса болот. Муну менен катар тастыкталбаган каралоолорду өчүрүү боюнча да талап коё алат. Себеби ушул эле кодекстин 19-беренесине ылайык, адамдын жарыяланган сүрөтүн (картина, фотосүрөт, кино жана башка) анын макулдугусуз жарыялоого жана таратууга эч кимдин укугу жок. Сүрөттү жарыялоо жана таратуу соттун, алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын талабына байланыштуу болгон учурларда, сүрөткө тартуу же башкача жол менен сүрөтүн алуу көпчүлүк жүргөн жерде болгон кезде, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда мындай макулдук талап кылынбайт. Эгерде сүрөттөгү адам акы үчүн сүрөткө түшсө, анын сүрөтүн жарыялоого жана таратууга ал адамдын макулдугу суралышы мүмкүн.

Интернетке тарап, талкуу жараткан сүрөт.


Асыл Орозбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Интернеттен интим кызматын көрсөтөт” деп каралоого кабылган келин: "Үй-бүлөм жөн жерден бузулду"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
JANAR
2018-04-24 11:24:36
мен дагы кыргыз кыздарын суротторун топтоп журом. жакында чыгарам... 50 дон ашык кыргыз кыздын, сурот видеолору менен бар. алардын эн жашы 17-18 жашта...
-21
Jasa
2018-04-24 11:50:49
JANAR,кыйраттын чыгар ага да конулун толбосо фотошоп жасап жибер, сендейлерден баарын кутсо болот...
+19
fantomas
2018-04-24 12:07:05
Jasa, жалган маалымат, каралоо эмес, чындап эле жаман жолдо жургон кыргыз кыз-келиндеринин же эркектеринин фото-видеолору болсо иниернетке жуктой беришсин. Кыргызстандагы куйоосу/аялы, ата-эне, урук-тууганы кабар тапсын...

Кызы да, эркеги да кысчу жерин кысып жакшына журушсун, биринчиден зынаа кылып куноого батпай, экинчиден КЫРГЫЗ элин уят кылбай...

Мен лично колдоймун, эгер маалымат чындык болсо....
-8
fantomas
2018-04-24 12:03:17
JANAR, эгер жалган маалымат, фотошоп орун албаса чыгара бер. Мен колдоймун... Мисалы Россияда (айрыкча Москвада), Туркияда жургон кыз-келиндерибизге Кудай берди, бизди ким кормок дегенсип... Кыргыз жигиттер менен да журушот, бойдогу менен да, уй-булолуу эркектер менен да, зынага батып... Азери, озбек, тажик, турктор менен да журушот, ыймандан кабапы жок... Кыргыз корсо уялып да койбойт.

Ошолорду, ошого окшогондордун фото, видеолорун жуктоо керек. ЭЛ билсин!!!
+7
Emkgupa
2018-04-25 12:33:25
fantomas, ошо эл билсин болуп, башка элдин ач көз эркектери да көрүп, ЖАЛПЫ кыргыз кыздарын жаманатты кылгандык болбойбу? Жакшысы, жаманын жашырып, жакшысын ашырыш керек го дейм. "Кыргыз кыздары ыймандуу, сонун, "недоступный", тиги-бу" деген сыяктуу маалыматтардан көбүрөөк таралсачы? Ошондо, балким, кыргыз кыздарына кызыккан ач көз эркектер азайып, балким, силер көргөн бузулуулар азаяр, балким, балким... Кыргыз кыздары ушундай жеңил ойлуу деп рекламалай берсеңер азайбай калды
0
fantomas
2018-04-25 12:48:40
Emkgupa, эми Россия, Турция ж.б. бузулган кыргыз кыздарынын суротторун интернетке жайсан да, жайбасан да аты чыгып бутту... Ооруну жашырсан олум ашкерелейт дейт. Сен мин жаап жашырганын менен озбек, тажик, азерилер менен жетелешип эле журушот кыргыз кыз-келиндери. Туркияда нянка же сиделкаболуп иштеп жатам деп уйундогулорун алдап, сойку болуп иштеген кыз-келиндер канча...

Ошол учун бузулган кыз-келиндердин сурот-видеоун жарыялаш керек, ата-эне, тууган уругу болсо арданып тыяр.
+3
fantomas
2018-04-25 12:53:05
Emkgupa, анан да Кыргызстандын озундогу эле сойкуларды тыйыш керек. Кочодогу, мосттогу, сауна, борделдеги сойкуларды милиция кармап анан кайра кое берип койбой, суротун, видеосун элге корсотушу керек...

Ал гана эмес гостиница, суточный квартираларга рейд жургузуп, документ, ЗАГС куболугун сурап, эрди-катын эмес, ойноштор болсо теледен корсотсун эл-журтка. Ошол бузулгандарда намыс калбаса, алардын тууган-уругунда намыс бардыр, тыйып алаар зына жолдо жургон тууганын.
+3
Ferdews
2018-04-24 14:51:38
JANAR,сенин канча ишин бар дейм да, ар кимдин баша озундо, жетбегенге сен интернеттке жуктосон деле жетбейт, и еще бироону каралап интернетке чыгарсан закон чегинде жооп бересин!
+7
Kelsinay1993
2018-04-24 20:16:40
JANAR, кайдан корсом болот ошол видео суротторду? Элдер Кайсыл жактан коруп жатасынар?
-2
cholpon119966
2018-04-24 11:37:57
Ушундай жыланач мыланачтарды кайдан таап аласынар деги... бул кыз мага андай ыпластыка бара тургандай корунбоду. Супердин порталында иштеген болсо тарап кетерине бул ото кооптуу экенине башы жетсе керек эле. Значит ото укмуш фотошоп жасаган Адам менин деле однаклассникиге жуктогон любой суротумду алып жыланачтап коюп анан ушул кыз ушинтип журот деп таратып салышы толук мумкун экен да э. Анда тийиштуу кызматтар буга окшогон нерселерге чара коруш керек тезинен. Туурабы?
+14
bermet104
2018-04-24 11:49:04
Эң жакшысы сүрөт жүктөбөш керек соц тармактарга. И бейтааныш адамдарга (өзгөчө кыздар жаңы таанышкан жигиттерге) ойду келди түшкөн сүрөттөрдү жөнөтпөгүлө! Катуу чүчкүрүп койсоң деле интернетке чыгарып жибере турган заман болуп калды.
+8
Nuraruu5
2018-04-24 16:14:19
Менин бир курбу кызымды жакында эле одноклассникиде закрытый болуп турган жерден классташ добавить этип кой деп коштуруп, эки күндон кийин видео ролик даярдап 2000р бер болбосо [moderated]га салам деп акча талап кылды али турмушка чыга элек кызга удар болду. Ал жерде жалан ага ини жаш балдар мн түшкөн сүрөтү экен. Ал ойлонгуча [moderated]ка коюп салды. Ошондо билдим адамдын ар намысы 2000р га түшүп калганын. Бирок [moderated]ка жалоб жазган экен данныйларын алып 3 күндө өчүрүр салды. Ошол 3күндү
+2
Ne.vajno
2018-04-24 17:34:43
Айрыкча Москвадагы эрден ажырашкан келиндер чоон эле эжелер(баары эмес албетте соз ээсин табат) озунун баласы мн тен балдар мн журушот бироо мн да эмес кайсы эркек суйлоп койсо ошону мн журуп кете берет экен оз козум мн коруп атам.уялсанар боло. Андай эч кимибиздин башыбызга тушпосун.
+8
vikidiki
2018-04-24 19:52:57
кудай сактасын!
+2
Kg-samsung
2018-04-24 20:26:28
Интернетте толтура баарын суротторун чыгарып таштайын дейм бирок кой дейм мен билгенден 3дан ашык кыздардын видеолорун кордум. Россияда доступ жок экен бул сайттарга
0
Same
2018-04-24 23:20:14
Мен Москвада 6 жылдан беримин. Неге ошондой кыздарды корбойм. Балдар силер каерлерден коросунор андай кыздарды
+2
meni_kut
2018-04-25 04:41:02
Same,калп эле олумуш болбочу
-6
zheentaev
2018-04-25 09:28:39
Козу кор адам деле коруп турбайбы суроттогу кыздын дене-тузулушу ичке жана жаш кыз экенин
-2
fantomas
2018-04-25 12:44:25
zheentaev, дене тузулушу ичке же жоон болсо эмне озгорот?!! Логикан кызык го?!.)))
+1
nur_92
2018-04-26 00:43:34
Шамал болбосо теректин башы кыймылдабай
+1
stervella415
2018-04-26 12:17:26
Окуп отурсан баарыле суттон ак таза укмуш екенсинерго..силер ошентип бул дуйнодо кыйратам жакшылык кылып кыздардын суротун интернетке жуктойм деп атасынар..ошо кыздардын арасынан бироо бир нерсе болсо тиги дуйнодо озунор жооп берип каласынар билесинерби??? Тиги дуйнону ойлоп ар ким озуно карап журсунчу...интернетти кыйратканды коюп...ар ким озу жооп берет кылган куноолору учун...тиги дуйнодо жанында туруп куноосун чогуу болушчудой болуп кыйын болосунарда...бирин олуп бирин кал короче...
-1
fantomas
2018-04-26 13:55:52
stervella415, мен мисалы тазамын, зына жолдон алысмын. Анан калса бироону каралап жалаа жаап эмес, чындыкка негизделген фото-видеолордун интернетке жуктолушун мен колдоймун...

Мисалы сен бузуку жолдо журсон озбек, тажик, турктор менен, бироо сен тууралуу видео жуктосо интернетке, туура кылат. Анан сен арданып асынып алсан оз шорун озуно. Арданып уят болбоо учун туз жолдо журуш керек, никесиз ар кимдин астында уйпаланбай... Намыстуу, ыймандуу болгула кыргыз кыздары...
+2
stervella415
2018-04-26 12:20:14
Башка ишинер жокко ээ...россиядагы кыздардын ХХХХ ХХХХ тушуп видеого тартып андып эле журосунор...уят...жашоодо башка эмнени кыйраттынар мындан башка???аппак болуп кетесинер ээ...
-1
fantomas
2018-04-26 14:07:23
stervella415, Москвадагы кыргыз кыз-келиндери Кыргыз улутун уят кылып бутту... Кыргыз кафе-ресторан, клубдарына барып коргуло, коросунор кандай журушконун...

Кочодо, метродо, соода туйундорундо башка улут эркектери менен ачык эле уялбай ээрчишип, кучакташып обушуп жургон кыргыз кыз-келиндерин коргондо, ошол жерде эле олтуруп койгун келет, Кыргыз улутун шерменде кылган намыссыз, ыймансыз бир сойку кыргыз кыз-келини учун деп турмого тушкун келбейт да. Болбосо барбы...
+2
Diyana
2018-04-27 17:54:28
fantomas,мен да кошулам ушу созуно. Башка улут менен жургонун анча байкай элекмин, бирок озубуздукулор эле бири-биринин семьясын бузуп, ойнош болуп, кочодо чыпташып обушуп жургонун коруп , алардын ордуна мен уялып кетем. Кудай берди боло береткен биякта деп эле, биздин менталитетке туура келбеген жоруктарды жасашат. Биринчиден мусулманбыз, анан каерде кыргызда элдин козунчо кучакташып, обушуп журчу эле. Кыздардын журум-турумуна келсек, тооба кылдым дейм, себеби мен да бала тарбиялап атам..
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-04-26 20:50:09
Күнөө өзүңөрдө кээчке сүрөт жүктөйсүңөр эркегиңда аялыңда реклама кылып мактанып анан ыйлайсыңар!
+1
momun74
2018-04-26 22:37:44
биздеда болгон интрнеттин терс таасири менин уй булоомо эле тийип аткандай сезилген корсо ар бир экинчи уй булоого зыяндуу нерсе экен да куйоом жумушуна байланыштуу адамдар мн акырын жылмайып суйлоп тушундуруп берсе эле молдо экинчи аял алса керек дегенсип ватсаптан кыз, келин,улуу эле эжелер жаза беришет болбогон нерсени шылтоолоп олуп эле каласында менда чалгам бир эки жолу уятсыз келиндерге анан куйоомдон улуу эле эжелерге кыйшаландап назданышып аягында беттен алышат...
+1
Daniel01
2018-04-28 16:25:04
Мумкун куйосу кылгандыр эптеп ажырашканга шылтоо тапай тургандай тез эле ажырашып кетишиптирго
0
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан