«ОШ БАЗАРЫ» 3 ЖОЛУ ӨРТТӨНДҮ. АНЫ АТАЙЫН ӨРТТӨП ЖАТЫШАБЫ?

«Ош базарында» ушул жылы үчүнчү жолу өрт чыкты. Мындан улам аны атайын эле бирөө өрттөп жатабы деген суроо туулат. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Окуядан кийин эле шаар мэри Албек Ибраимов базардын башка жакка көчүрүлө тургандыгын айтып чыкты. Миллиондогон акчаларды күлгө айлантып соодагерлердин көз жашын көл кылган өрттөр эмнеден кабар берет?

«БЕРЕКЕТ» БАЗАРЫ БОЮНЧА ҮЧ ВЕРСИЯ КАРАЛУУДА»
12-апрелден 13-апрелге караган түнү Бишкектин «Ош базарындагы» «Берекет» кичи базарынан өрт чыгып, ал жүздөгөн ишкерлердин нанын тартып алды. Жалын 5400 чарчы метр аянтты каптады. Келтирилген чыгымдар так эсептелип бүтө элек. ӨКМнын өрт сыноо лабораториясы тарабынан өрт иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 174 (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 238-беренелери (өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кылмыш иши 3 версиянын негизинде тергелип жатат. Алар – атайын өрттөө, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабоо, «кызыкдар болгон атаандаштар тарабынан уюштурулушу мүмкүн» деген версиялар. Базарда ошол күнү 3 жерден бир учурда өрт чыккан. Андыктан атайын өрттөө версиясы негизги катары каралууда.
Өрт башталгандан 50 мүнөттөн кийин гана өрт өчүрүүчүлөргө кабар келген. Кубатбек Боронов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып «50 мүнөт өрттүн жайылышын күтүшкөнбү деген да ойго түртүп жатат» деди.
Ушуну менен «Ош базарынан» ушул эле жылы үчүнчү жолу өрт чыгып жатат. Буга чейин 30-январда жана 5-мартта да өрт чыгып, андан «Сейтек» жана «Берекет плюс» кичи базарлары өрттөнгөн.
Ушул эле түнү Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда да өрт чыгып, 1344 чарчы метр аянт күйгөн.

«ӨРТ КООПСУЗДУГУНА ЖЕКЕ ИШКЕР ӨЗҮ ЖООПТУУ»
Өрт коопсуздугун Экологиялык техникалык инспекциясы текшерет. «Берекет» базары бир жылда бир жолу текшерилчү объекттердин катарында. Бирок текшерүү пландуу жүргөндүктөн текшерүүчүлөрдүн келери базардагыларга маалым болот жана алар даярданып алышат. Эреже бузуулар аныкталган маалда да айып пулдарды төлөп коюп, андан ары иштей беришет. Бул тууралуу өрт маселеси каралганда Кубатбек Боронов айтты. Ал эми «Берекет» базарындагы текшерүүлөр тууралуу экотехинспекциянын өрт коопсуздугу боюнча башкармалыгынын башчысы Таалай Өмүрзаков төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Ушул жылдын 23-мартында «Берекет» базарын текшергенибизде 18 пункттан турган эреже бузуу табылып, эскертүү берилген. Апрелдин аягында контролдук текшерүү болмок. Бирок ага жетпей өрт чыгып кетти. Мындан бир жыл мурда текшергенибизде дагы эреже бузуулар катталып,
50 миң сом айып салынган эле. Негизинен базарда унаа өтүүгө тоскоолдук көп жаралат. Өрт коопсуздугуна жеке ишкананын кожоюну толук кандуу жоопкерчиликтүү экендиги мыйзамда так жазылган.

«3 БАЛАМ МЕНЕН ТАЛААДА КАЛГАНЫ ЖАТАМ»
«Ош базарындагы» өрттөн улам 9 миллион сомдой акчамдан ажырадым» деген Алтынай Асаналиева 10 күн мурун эле абалынын мынчалык оор болуп каларын ойлогон эмес.
– Базар өрттөнүп жаткандыгы тууралуу түндө угуп, саат 3:40тарда барып калдык. Барсак, идиш-аяк саткан жер күйүп жатыптыр. Биздин орундар Киев көчөсү жакта болчу. Ал жакка өрт жете электе бир нерсебизди сактап калалы деп ошол жактагы милиция кызматкерлерине жалдырасак да «силер бир нерсе болсоңор, биз жооп беребиз да» деп көнбөй коюшту. Милиция, «Тез жардам» бар экен. Өрт өчүрүүчүлөр биз баргандан кийин жарым сааттан кийин келишти. Ага чейин баары өрттөндү, эч нерсебиз калган жок. Айрым документтерибиз да күйүп кетти. Бул окуядан кийин бутум баспай калган. Дарыланып, азыр басып калдым. Бирок азыр деле абалым жакшы эмес. Бир учурда баарынан айрылып калыш өтө оор экен.
Жолдошум «Ош базарында» 24 жылдай иштеди. Экөөбүз баш кошуп, ушул эле базардан нан таап келгенбиз. Бирок ушул жылдын февраль айында жолдошум каза болуп калган. Аны жерге берип, кыркын өткөрүп, башка жумуштарды бүтүрүп айылдан келгенимдин эртеси күнү ушул окуя болду. Биздин ал базарда эки чоң дүкөнүбүз жана 11 кичинекей орунубуз бар болчу. Айына 90 миң сом ижара акысын төлөчүбүз. Тумак, чепкен сатат элек. Мунун баарын күйөөм экөөбүз эч кимден жардам албай күнү-түнү иштеп тапканбыз.
Быйыл эле үйүбүз бүтүп, той берген элек. Бирок үйүбүз күрөөдө. Өзүбүздүн гана эмес, дагы бир курдашыбыздын үйүн күрөөгө коюп бир жарым миллион сом насыя алганбыз. Жалпы 9 миллион сомго жакын товарым өрттөндү. Мен эми эч нерсем жок кантип жашайм? Үч балам бар. Азыр аларга жол киреге да акча таппай калган абалдамын. Азыр бизге орун берсе деле менин сата турган эч нерсем жок. Компенсация төлөп берсе деп бийликтен жардам сурап жатабыз. Насыямды жаап алсам, пол жуусам да балдарымды багып кетет элем. Азыр мындай абал менен үйүмдөн айрылып, 3 балам менен талаада калганы жатам.

«ОШ БАЗАР» «ТУРБАЗАНЫН» ТАГДЫРЫН КАЙТАЛАЙБЫ?
1990-жылдары Бишкекте 500дөй соодагерди баккан «Турбаза» деген базар бар болчу. 2001-2002-жылдары бул базарда 3 өрт катталган. Акыркысы 2002-жылдын февраль айында катталып, базардын баарын жок кылган. Бул окуялардан кийин ал жактагы соодагерлер «Мадина» базарына көчүшкөн.
«Ош базарындагы» акыркы убакыттагы өрттөн кийин калаа башчы Албек Ибраимов базарды шаардын четине, чоң жолдордун боюна көчүрүү тууралуу планы бар экенин айтты. Бирок соодагерлер «шаардын четине ким барып соода кылат?» деп базардын көчүрүлүшүнө каршы экендиктерин айтышты. Базарды көчүрүү маселеси буга чейин да талкууланып, бирок ишке ашпай келген. Соодагерлердин арасында «атайын өрттөө болушу мүмкүн» деген версияны кармангандар да бар. Алар муну шаарда заманбап шарттардагы соода түйүндөрүнүн көбөйүп жаткандыгы менен байланыштырышат.
Базар жетекчилиги базарды толугу менен өзүнүн каражатына тургузуп берерин Албек Ибраимов соодагерлерди кабыл алган учурда айтты.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Baku88
2018-04-25 04:40:30
Кырсыктын алдын албагандан ушундай окуя кайталанып жатат эбак эле оңдоп баарын текшерүүдон өткөрүп коопсуздук сакталса мынчалык болмок эмес кичине акчасын аяшып опол тоодой өздөрүнө түйшүк арттырышты
0
Baku88
2018-04-25 04:42:13
Кимге күч келиптир дейсинер түн ортосунда барып 1 эмес 3 жолу өрт койгонго. Просто баары эски коопсуздук сакталган эмес аягы ушул болду
0
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан