Салтанат Илипбаева: «БУТУМ ООРУЙТ, БИРОК КОЛУМДАН БААРЫ КЕЛЕТ»

Адам баласына тагдыр түрдүү сыноо берет. Оор тагдырга кабылган адам менен баарлашканда өзүңдү күнөөлүү сезип, көкүрөктү оор жүк баскан учурлар болот. Ал эми бүгүнкү каарманым менен маектешип отуруп, тескерисинче, мен энергия алдым. Жашоого позитивдүү караган Салтанаттан үлгү алсак болчудай. Анда сөз башынан болсун.

«АПА, БУТТАРЫМ ЖАКШЫ ШИЛТЕНБЕЙ ЖАТАТ ДЕЙ БЕРДИ»
Фарида Хусаинова, апасы:
– Кызым Салтанат 1991-жылы 6-майда Жети-Өгүз районунун Тамга айылында жарыкка келген. 3,5 килограмм салмактагы, жакшынакай наристе төрөдүм. Кызым кичинесинен аябай активдүү болуп, кылык-жоруктары менен баарыбызды күлдүрүп, кубантып эле жүрчү. 5 жашында кептөөргө (дифтерия) каршы эмдөө алдык. Алган күндөн баштап дене табы улам көтөрүлүп-түшө берди. «Эмдөөдө ушундай болот го» деп көп маани берген жокпуз. Бир жумадай өткөндөн кийин «апа, басып баратканда буттарым өзүнөн-өзү шилтенбей калып жатат» дей баштады. Ыраматылык Гүлшайыр Бекболотова деген мыкты айылдык врач бар эле, бир күнү ал кишиге көчөдөн кезигип калдым. Ал кызымды көрүп эле «бул системдүү бөрү жатыш» деди.
Саку барган сайын алсырап баратканынан коркуп Бишкекке алып жөнөдүк. Бруцеллёз деген диагноз менен ооруканага жаткырышты. Дарыланганыбызга 10 күн болгондо кызым такыр баспай калды. «Колубуздан башка эч нерсе келбейт, оорусу күчөп баратат» деп, ал жердин врачтары хирургияга жөнөтүшкөн. Ал жактан дароо «сөөктүн остеомиелити, операция жасоо керек» дешти. Балаң ооруп жатканда ар кайсыны карап жүрүп өзүң да врач болуп калат экенсиң. Мурда ооруканада жатканда остеомиелит болуп ооруган балдар кандай болорун көргөм, «эч кандай остеомиелит эмес» дедим да, кызымды алып качып кеттим.

«ЦИАНИД КЫЗЫМДЫН ООРУСУН КОЗГОДУ ОКШОЙТ»
– Барбаган эмчи-домчубуз калган жок, баарынан дартка даба издей бердик. Кийин Эне жана баланы коргоо медициналык борборуна кайрылып, ал жерден «системдүү бөрү жатыш» деп, дароо ооруканага жаткырышты.
4 ай ооруканада жаттык, ортодо бир аз тыныгуу алабыз да, кайра жатабыз. Аз-аздан басып калган. 1998-жылы Барскоон суусуна каргашалуу цианид төгүлбөдүбү, ошондон кийин кызым кайра баспай калды, оорусун козгоду окшойт. Мурунку дартына кошумча дерматомиозит дегени да жабышыптыр, анда тутумдаштыргыч ткандарга кошо булчуңдар да жабыркап, алсыз болуп калат экен.
Ортодо балдак менен кичинеден басып баштаган, 6-7-класста окуп жүргөндө эки буту кызыл ашыгынан ылдый такыр эле кыйшайып, баса албай калды. 2 жолу операция жасаттык. Дерматомиозит менен ооругандан кийин сөөктөр кайра эле кыйшык өсө берет экен.
Түштүк Кореядан волонтёрлор келип, атайын майыптар үчүн араба, балдак берип кетишкен. Антпесе жөлөк пулу 1500 сом, эч нерсесине жетпейт.

«ТЕРЕЗЕДЕН ОЙНОП ЖҮРГӨН БАЛДАРДЫ КӨРСӨМ ДЕПРЕССИЯГА КАБЫЛЧУМУН»
Каарманыбыз Салтанат Илипбаева келечекке ишенич менен жашаган адам:
– Баары эмнеден башталганы эсимде жок. Эсимде калганы, бир жолу байкем экөөбүз жеңебиздикине сүт алып барып, кайра келе жатып жыгылып кеттим, туруп бир-эки кадам таштаганда кайра жыгылдым. Байкем «эмне эле жыгылып жатасың, тур бас» деп урушкан. Бирок басайын десем эле улам кулай бергем.
Ошентип баспай, арабада отуруп калдым. Терезеден мектепке бараткан же ойноп жүргөн балдарды көрсөм депрессияга кабылчумун. «Эмнеге мен баспайм? Эмне үчүн мен ушундаймын?» деп ойлонор элем. Анан бир күнү өзүмө «кыялдар орундалат, мен бир күнү баары бир турам» дедим. Ооруканада дарыланып жатканда да өзүмө болгон ишенич менен жашадым.

«5 ЖЫЛ ҮЙДӨН ОКУДУМ»
– 7 жашымда ден соолугума байланыштуу мектепке барбай калдым. Бирок эжем 5 жыл бою мени үйдөн окутту. Өзүм теңдүүлөргө кошулайын деп 6-класста мектепке бардым. Бутум баспайт да, апам велосипедге салып алып барат. Баары мага карашат, бири колу менен көрсөтөт, бири күлөт. Ошондой мамиле адамды чүнчүтүп, кыжалат кылып жиберет экен. 1-2-сентябрь күндөрү барып эле сабакка баргым келбей койду. Бир жылдан кийин туугандарыбыздын кызы келип, «мени менен окубайсызбы, жардам берем» деп калды. Ошентип өзүмдөн кичүүлөр менен 5-класска отурдум.
Көчөдө кетип баратканда шылдыңдагандар болсо мен эмес, жанымдагы курбуларым теригип кетишчү «эмнеге өзүңдү шылдыңдаганга жол бересиң?» деп. Менин колумдан эмне келет? Уруша кетсем эмне өзгөрөт? Бир жолу кыздар менен үйдүн жанында турсак бир бала өтүп баратып мага жаман сөз айтып жиберди. Кыздар «атаңа айт» дегенинен атама айтсам, ал баланын аркасынан чуркап барып «тарбиялап» келген. Эртеси апам мектепке барып тиги баланы директорго, анан биздин класска алып кирип кечирим сураткан. Ошондон кийин эч ким тийишпей калды (күлүп).

«ДАСТАН БЕКЕШЕВ ЖУМУШКА ОРНОШУУГА ЖАРДАМ БЕРГЕН»
– Шаарга окууга барарда мектептегидей көп кыжалат болгон жокмун. Шаарда цивилизация бар деп ойлогом. Ошондой эле болду, шаардан көп курбу-дос таптым. Университетке күнүгө такси менен барып-келип окуп жүргөндө эле иштейин деп чечкем. Отуруп иштегенге эмне жумуш ыңгайлуу болот деп ойлонуп, бир нече ишканага резюме жөнөттүм. Бирок мени көрүп эле, жумушка албай жатышты.
Бир күнү ооруканада дарыланып жатсам депутат Дастан Бекешев келип калды, жанымдагылар «ушуга айтып көрсөң» дешкенинен ага абалымды түшүндүрүп, жумушка албай жатканын айттым. Өзүнүн визиттик картасын берип, резюмемди, кайсы жумуштарга кызыгарымды сураган. 2-3 күндөн кийин эле уюлдук оператордон чалып чакырышты, сүйүнгөнүмдөн далымдан тер кетти го. Кечки 5тен түнкү 2ге чейин иштечүмүн. Жумуш оор болду, көпкө отурганда белим ооруйт, анын үстүнө суук болсо эле бутума таасир берет, жарым жыл иштегенден кийин дарыланып келсем «сыноо мөөнөтү бүттү, документтериңди алып кет» деп жолго салышты.
Бир чети моюнумдан оор жүк алып салгандай эле болдум. Бирөөнүн кол алдында иштөө болбойт экен менин ден соолугум менен, андыктан өзүмчө иш баштоону чечтим. Маникюр, визаж боюнча билим алып, үйдө иштеп баштадым. Буюрса, айылда кардарларым көбөйүп калды. Каражат жетпей жатат, айылдын борборуна салон ачсамбы дедим эле. Эртең менен тура калып эле «бүгүн кардар келет болду бекен?» деп ойлоном (күлүп).

«ӨЗҮМ БАШКАРГАН ИШ БАШТАСАМ ДЕЙМ»
– Өзүмө дайыма «Оңой иш барбы? Кудай тарабынан берилген сыноо, мен аны жеңишим керек» дейм. Бир нерсени аткара албайм деп ойлонгум келбейт. Бутум ооруйт, бирок менин колумдан баары келет.
Мен сыяктуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга эң негизгиси өзүңдү кандай болсоң ошол бойдон кабыл ал дейт элем. Майыптар дүйнөсү, анан дени соолор дүйнөсү деген эки жашоо жок, баарыбыз бир асман алдындабыз.
Менин өжөрлүгүмө, көктүгүмө чыдаганы, мени менен чогуу ушул кыйын жолду басып келе жатканы үчүн апама ыраазымын. Келечекте өзүм башкарган иш баштасам, дагы өнүгүп-өссөм, чет өлкөлөрдү кыдырсам деген кыялым бар.

«Менин өжөрлүгүмө, кыял-жоругума чыдаган ата-энем».


Асыл Орозбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Ferdews
2018-04-24 10:46:30
Ушул кыз менен кантип байланышсак болот экен ?
+4
admin_media
2018-04-24 12:07:01
Ferdews,
Саламатсызбы! Байланыш номерлер: 0705 992208, 0776 685848
+4
Nevestkaa
2018-04-24 11:50:20
Ооба баарыбыз бир асмандын алдындабыз.Мамлекет мүмкүнчүлүгү чектелгендерге да иш ордун караштырса жакшы болмок.Салтанат бактылуу бол ,жараткан сени колдосун.
+6
nurhan2702
2018-04-24 13:41:37
Тилегине жет. Алла шыпаасын берсин!
+4
Asel33
2018-04-24 17:44:30
Азаматсың, тилеген тилегине жет.
+3
Toguzbai
2018-04-25 08:03:44
Аллахым сизге куч кубат берсин
+3
arzygul.imankulova
2018-04-26 00:01:10
Аллах шыпаасын берсин. Бактылуу болуңуз. Ойлогон ой максаттарыңыз орундалсын
+1
Damirbek-KG
2018-04-27 11:48:30
Азамат кыз экен, мамлекеттен жардам сурап отурбай өзү аракет кылган, ар бир аракетиңди кудай колдосун, шыпаасын берсин. Максатың орундалсын.
0
aika.ainur1992
2018-04-27 18:45:58
Турцияда мумкунчулугу чектелген адамдарга мамлекет жумуш таап берет. Аларды ар кайсыл жака жиберет, сезон башталса отельдерге жиберет. Отельде аларды алганга милдеттуу болушат. А биздечи? Мумкунчулугу чектелген адамдар эмес, алты саны аман адамдарга жумуш жок...
0
Peri93.93
2018-04-28 09:32:48
Акылдуу кыз экен,омурун узуун ден-соолугун чын бактылуу бол?эн бир туура айтасын?баарыбыз асман алдындабыз,асманга эчким чыгып кеткен жери жок?асман Алды баарына бирдей.
0
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан