Бишкектин четиндеги Арча-Бешик конушунда жайгашкан үйдүн эшигин кактым. Жерде боортоктоп жылса да кыймылы шамдагай, маңдайы жарык, көзүндө оту күйүп турган адам мени босогодон жылмайып тосуп алды. Өзүнө эмес, өзгөлөргө жардам издеген Марс Жусукеев бүгүн «Тагдыр» рубрикабыздын каарманы.
Эч ким баласына оору тилеп албайт. Улуу баласынын майып төрөлгөнүн түшүнүү менен кабыл алып, татыктуу тарбия берген ата-энесине уулу ыраазы:
– Мен 1984-жылы Бишкекте төрөлгөм. Атамдын аты Кумарбек, апамдыкы Айнур, 3 бир тууганмын. Төрөлгөндө врачтар колунан түшүрүп алганбы же бир нерсеге уруп алышканбы билбейм, кийин рентгенге түшкөндө башымда гематома (кандын уюп калуусу) болгон экен. Ошентип медициналык картама ДЦП деген диагноз жазылган. Тубаса майыпмынбы же врачтардын катасыбы билбейм, аны териштирген эч ким болгон жок, баары Кудайдын таразасында калды.
Балалыгым тууралуу элесимде тартылган тасма жок, анткени ал кезде ден соолугум аябай начар болчу, чоңойгондон эле баскан жокмун, анын үстүнө эске тутуум да начар эле. Так сүйлөй алчу эмесмин, 5 жыл мурун дарбаза такылдатып келген дааватчыларга кошулуп мечитке бара баштадым, намаз окуп, Куран жаттадым. Ошондон баштап сүйлөп калдым, эске тутуум да жакшырды, буюрса.
«Жакындардын, жакшы адамдардын колдоосу, бир ооз жакшы сөзү, жакшы маанайы кыйын жашоону жеңилдетет. Тагдырдын сыноосунда үй-бүлөм мага канат болду» дейт ал:
– Мен жаңы төрөлгөндө апамдын тааныштары «бул баланы бакпай эле кой, кыйналып каласың» дешкен экен. Эне үчүн бала биринчи орунда да, башкага кара көрүнгөн бала энеге ак. Апама ыраазымын, бардык кыйынчылыкка чыдап, энелик милдетин аткарып мени азыркыга чейин колдоп, бапестеп келет. Атамдын көзү өтүп кеткен. Учурда апам, мен, кызым болуп бирге жашайбыз. Үйлөнгөм, бирок тагдыр экен, ажырашып кеттик. Азыр кызым жанымда, 15ке чыгып калды. Иним менен карындашым өзүнчө түтүн булатып бөлүнүп кетишкен.
Өзүнө карата айтылган жаман пикирлерди намыс үчүн жеңип, жашоодон өз ордун табыш үчүн көп аракет кылганын айтат:
– 2006-жылы Сокулуктагы майып балдар үйүндө 5 жыл окудум. Тамак жасагандан баштап колубуздан келген кол өнөрчүлүктүн бардык түрүн үйрөтүштү. Ал жерде көп жүрөк титиреткен тагдырларды уктум, майыптарды көрдүм. Эки колу, эки буту жок көздөрүн жылтыратып балдар жатат, бети курттап кеткени, деги койчу, айткандан ооз үшүйт. Ошондо чыйралдым. Мен аларга салыштырмалуу бир колдоп болсо да өзүм тамак иче алам. Эми иштейин деп чечтим.
Бир туугандарым жип, кийиз алып келип беришкен. Алгач баштык, байпак токуй баштадым. Кийин кийиз менен иштеп, баштык, тапичке, телефон кап жасаганга өттүм. Башында окшошчу эмес, тырышып, мыйрыйып калат, кайра сөгүп, тигем. Апам «жаныңды кыйнабай, тикпей эле койчу, балам» дейт, мен болбой өжөрлөнөм.
Эң биринчи кардарларым бир туугандарым болду (күлүп). Анан дүкөндөрдүн алдына, эл көп чогулган жерлерге барып жайып алып сата баштадым. Кээ бирлерге жакпай калса «үйүңдө эле отурбайсыңбы, окшошпоптур, тырышып калыптыр» деген сындарды укчумун. Анан бир кол менен тигеримди айтып түшүндүргөнгө туура келчү. Ошентип колум көнүп кетти. Азыр ишим жакшы жүрүшүп калды. Мен да өз тирилигимди кылып, жашоо үчүн күрөшүп келем.
Айрымдар келечек эмес, бир күнгө максат коё албай келишсе, Марс мырзанын алдыга койгон пландары көп, аны ишке ашыруу үчүн ал болгон аракетин жумшайт:
– Былтыр намаз окуган байкелеримдин бири өз машинасын сатып, мага майыптар үчүн атайын араба алып берген. Эми көчөгө ээн-эркин чыгып, иштегенге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Максатым – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн чоң ишкана ачуу. Майыптарды багып турган ата-энесинин көзү өтүп кетсе, алар көчөдө калбаса экен дейм. Андыктан өз бутуна туруп иштеш үчүн кыздарга тамак жасаганды, андан ары өз ишин баштап кеткенди үйрөтсөм, балдарга да кол өнөрчүлүк, устачылык иштерин үйрөткүм келет.
Айрым жаштардын алты саны соо туруп сыноого эмес, шылтоого сынып ичип кеткенин көрүп жаным кейийт. Менин башымдан кыйынчылык өткөн жок дейсиңерби, өттү, бирок мен сынган жокмун.
Буга чейин бир колу менен гиря көтөрүү боюнча бир канча мелдештерди жеңген каарманымдын машыгып, келечекте паралимпиада оюндарына катышуу тилеги бар:
– Ишкана ачып калсам, түшкөн акчаны кайрымдуулукка, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин өркүндөөсүнө жумшайт элем. Үстүмдө жашап жаткан үйүм бар, андан ашыгынын кереги жок.
Келечекте паралимпиадага катышсам, анан миллион доллар утуп алсам, үй сатып алат элем. Анан ошол үйдү майып кызга үйлөнгөн балага же майып жигитке турмушка чыгып үй-бүлө кургандарга берет элем. Дени соолор менен катар майыптар дагы бала жытын искеп, үй-бүлө курганга акысы бар. Бул жашоого ошол милдет менен келишет да. Учурда өзүм дагы келинчек караштырып жүрөм. Жаш баласы менен болсо да үй-бүлө курсак, тамагын жасап, жанымда шерик болуп жүрсө дейм.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg