ТОЙЛОРДОГУ ЫСЫРАПКОРЧУЛУК КЫРГЫЗДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ТУШОО БОЛУП ЖАТАБЫ?

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ашыкча ысырапкорчулукту жоюу туурасында маселе козгоп, жалпы байге фонду 200 000 сомду түзгөн тойлордун жаңы үлгүсүнө сынак жарыялады. Сынактын максаты – коомчулукка той өткөрүүнүн жаңы эрежесин таңуулоо эмес, сунуш кылуу экенин белгилешет. "Жарандар биз сунуш кылган үлгү тойду жашоосуна колдонобу же мурдагыдай эле 8 сааттык тойлорду өткөрөбү, аны өзү билет",- дейт министрлик.

Тойлордогу ысырапкорчулукту кыскартууну буга чейин экс-депутат Аида Салянова да көтөрүп чыккан. Ал: «Ашыкча чыгымдарды аткаминерлер кылып, той-топур өткөрүп жатышат. Эл элитаны ээрчигендей болушу үчүн ысырапкорчулукту токтотууну мамкызматкерлерден баштоо туура болот»,- деген.

КОҢШУЛАР ТОЙЛОРГО ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИШТИ
Өзбек президенти Шавкат Мирзийоев быйыл өлкөдөгү бийлик өкүлдөрүнүн тойлорго барышына тыюу салганы белгилүү. Ал: «Өзбекстанда мен баш болуп бир дагы бийлик өкүлү туулган күндөргө, тойлорго барбайт. Ал заман өттү! Азыр тойдо жүрүү адамдардын ачуусун келтирет. Мындай тойлор жогорку даражадагы кызматкерлерсиз өтөт. Тойго кеткен 20 килограмм эттин ордуна бир кембагалдын үйүн сырдаганга жардам бер же телевизор сатып бер. Биздин адамдар той өткөрүүгө жана калың берүүгө 20 миң доллар табыш үчүн Орусияга ишке кетип жатышат»,- деп нааразы болгон. Президент бул тыюуга каршы чыккан кызматкер жумушунан айдаларын, жазага тартыларын да кошумчалаган.
Тажикстанда аш-тойлорду тартипке салуу боюнча мыйзам 2007-жылы кабыл алынып, коноктордун саны, тойдун убактысы, меню бардыгы тартипке келтирилген. Мисалы, сүннөт тойго 60 адамга чейин чакырууга уруксат. Үйлөнүү тойго келгендердин саны 150дөн ашпай, убактысы 3 саатка созулушу шарт. Туулган күн, мааракелер үй-бүлө ичинде белгиленип, сөйкө салуу сыяктуу ырым-жырымдар таптакыр өткөрүлбөй калган. 2017-жылдагы эсеп боюнча, Тажикстанда мыйзам кабыл алынгандан бери 18 миллиард сомони же 2 миллиард доллар үнөмдөлгөн.
Албетте, элди мажбурлап же таңуулап тарбиялоо тескери эффект жаратышы мүмкүн. Мындай таңуулоолордун кыргыз коомчулугуна сиңип кетиши да кыйын. Тойлорго кеткен маани-максатсыз чыгымдардан коомчулук эч кандай тыюуларсыз, өз аң-сезими менен баш тартып, ошол ресурстарды үй-бүлөнүн өнүгүүсүнө жумшаса жакшы жыйынтык берет беле?


ОШТО АР БИР АЛТЫНЧЫ НАСЫЯ ТОЙ-АШКА ЖУМШАЛАТ
Маалыматтар боюнча, чет өлкөлөрдө миллионго чукул кыргызстандык эмгектенет.
Улуттук банктын билдирүүсүнө таянсак, 2017-жылдын он айында мигранттардан Кыргызга 2 миллиард 288 миллион доллар которулган. Айрым маалыматтарга караганда өлкөдө жылына тойлорго 2 миллиарддан ашуун доллар сарпталат. Ошондо мигранттардын маңдай тери менен тапкан акчалары тойлорго эле жумшалып кетери зээниңди кейитет.
БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун 2017-жылкы маалыматы боюнча, Кыргызстанда алынган жыйырма насыянын бирөө тойго сарпталып, сап башында Ош шаары турат. Анда ар бир алтынчы кредит жакшылык менен жамандыктарга жумшалары көрсөтүлгөн.

Тойлор – өнөрпоздордун акча тапчу булагына айланганы белгилүү. Тойлордогу ысырапкорчулукту жоюу туурасында алардын пикирине кызыгып көрдүк.

Мирбек Атабеков, ырчы:
– Тойдун максаты – элдин батасын алуу, ошондуктан жалпы элди той-аштардан чектөө мүмкүн эмес. Бирок той үчүн көп чыгымдын деле кереги жок. Биздин тойлор дайыма кечкисин өтөт эмеспи, ошону кечкиге калтырбай күндүз берсек. Мисалы, дунгандардын тойлору түшкө чейин эле бүтүп калат. Эмнеге биз антсек болбосун? Түшкө чейин болсо азыраак отуруп, аз тамак желип, акча азыраак жумшалмак. Ырчыларга да жакшы болмок, күндүз тойго барып ырдап келип, түнкүсүн эл катары эс алмакпыз.

Нурзат Токтосунова, алып баруучу: – Улам жаш үй-бүлөлөр көбөйөт, балдар төрөлөт дегендей, ошондуктан тойлорго анча бөгөт коюлбайт. Бул ар дайым өсүп туруучу процесс. Бири-бирине атаандашкан тойлор азаят деп да ойлобойм. 2-3 тамактын ордуна 6 тамак бергендер да бар, мен ошого каршымын. Негизи дасторкондун жайылып турганы жакшы, соңунда баштыктарына салып кетип жатышпайбы. Ата-эне тойдон келгенде, балдары сөзсүз «эмне алып келдиң?» деп колун карашат. Эгер ошонун баары төгүлсө ысырапкорчулук болмок.

Азамат Болгонбаев, төкмө акын: – Мамлекеттик деңгээлде тойлорго өзгөртүү киргизүү убагы келди деп ойлойм. Жакшы нерседе деле, жаман нерседе деле бир идеология болуш керек. Бирок айрым коңшу өлкөлөр колдонуп жаткандай диктатуралык негизде өзгөртүү киргизгендей эмес. Тойлордо майда-чүйдө талаш-тартышты жок кылгыдай жалпы стандарт болсо, бул менин жеке пикирим. Мисалы, мен күнүмдүк турмушумда Лимузин менен жүрбөйм да. Үйлөнгөндө деле түшкөн жокмун, анткени мактангым келбейт. Өзүмдүн күнүмдүк турмушумдан ашык ысырапкорчулукка барууну туура көрбөйм. Тойлордогу ысырапкорчулук той ээсинин акыл деңгээлине жараша ойлоно турган нерсе деп билем.

Самара Каримова, ырчы: – Бирөөнүн үй-бүлөсүнүн ишине аралаша албайм. Ар ким "той кылсам, элге чай берип, бата алсам" деп ниет кылып жашайт. Биз деле балдарыбыз төрөлгөнү ата-энелик парзыбыздан кутулуп, элден бата алууну пландаганбыз. Ким канча киши чакырат, дасторконун кандай даярдайт, өзү билет да. Ырчыларды тойдо гана ырдап акча табат дешет, той болбосо концерт берип деле акча табышыбыз мүмкүн.


Үмүт Култаева, филология илимдеринин доктору, профессор: – Кээде бешбармагы бышпай, той түнкү бирге чейин созулат. Баш-аягын эсептесек бир сутканын 10 сааты тойго кетет. Мындан улам кийинки күндө пайдалуу иштин коэффициенти такыр нөлгө түшүп, жумуш ордуна да зыянын келтирип жатат. Экинчиден, тойдун эң асыл максаты – бата берүү унутулуп, анын ордуна атаандаштык, байлыкты, байланышты көрсөтүү сыяктуу нерселер алдыга чыгып жатканы өкүнүчтүү.

Насирдин Шамшиев, экономист: – Биз жылына тойлорго 2 миллиард доллардын тегерегинде каражат жумшалат деп болжолдуу эсептеп келебиз. Ар бир үй-бүлөдө жакшылык-жамандык болот, аны белгилөө да зарыл. Бирок чыгымын азайтып, экономикалык мүмкүнчүлүккө жараша өткөрүүнү үйрөнүшүбүз керек. «Мен андан кемминби?» деген атаандашуу, мактануу менен ал адам жашоо деңгээлин төмөндөтүп жатат. Айылдарда каражатын тойдон тойго чейин эптеп жеткирип жашагандарды көрүп жүрөм. Тойдогу ысырапкорчулукту андан көрө бала-чаканын билимин өстүрүүгө, ден соолугун чыңдоого, баш кошкон жаштардын турмуш-тиричилигине кетирген оң. Же болбосо чакан ферма ачып мал бакса, канаттууну көбөйтсө, балык өстүрсө, күнөскана тургузуп, ишкерлик кылса өзүнө, үй-бүлөсүнө гана эмес, мамлекетке да пайда.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
Edelveis929317
2018-05-08 16:20:02
Биздин кыргыздар бир эмес эки мыйзам чыкса дагы тоготпойт.Бүтүрүүчүлөр деле ресторан кафелерде отурбасын дешкенине канча жыл болду уккан эч ким жок,дагы деле өткөрүп эле жатышпайбы.
+4
Malika...08
2018-05-08 17:46:09
Азыр бироодон той кандай болду десен Нурлан Насип Мирбек келди десе демек той укмуш откон болот. А эгер азыраак таанымал ырчыларды айтса демек той орто эле болду дейсин. Ырчы келбей эле бийчилер келсе иий деп коёсун. Тойдун кандай откону ырчылардан коз каранды болуп калган. Бул байкуштар дале ресторандын алдына барып пайлашат экен. Анан тамада менен суйлошуп ал той ээсине мактап анан ырдап калышыптыр кыскасы ырчынын да баркы кетти тойдун дагы баркы кетти. Азыр адамдар тойдон жадап калган.
+3
Aima94
2018-05-08 18:01:13
Айта берсе сөз көп. Тойду чакан эле кылып өткөрүш керек. 1 күндө баарын чачып отуруп калбай. Жылдап чогулткан акчаны
+3
Baku88
2018-05-08 21:08:22
Көрбөгөндүн көргөнү курусун. 10 колун оозуна тыгып эми буттарын кошуп тыгып баштады окшойт. Суктугунун айынан сукулдап жүрүп шакылдаган сагызган да өлгөн экен.
+2
munara90
2018-05-08 22:49:02
Мен да бир жыл мурун той откортпой койгом куйоомо. Кайненем таарынып суйлобой жургон копко, себеби элдерге уулум Америкада той берет деп мактанып койгон экен. Бирок азыр ошол тойго кетчу акчага камаз алып иштеп журот.
-1
mir996
2018-05-08 23:15:31
Мен ысырапкорчулукка каршымын жетишеерлик кылып бата алса жакшыго. Эгер ашып ташып жатса кыйналган акчага муктаж адамдарга беришсе жакшы болмок.
+1
xnurgul_gul
2018-05-09 01:50:08
Самара тойго чакырбаса концерт коюп акча табышыбыз мумкун деп жазыптыр анан эмнеге ырчылар концерттен акча тушпойт озунун чыгымын жапса болду эле дей беришет го
0
Aza1983-1991
2018-05-09 12:25:32
Ырчылар ставкасын бирдей кылып Бишкекте баардык ырчылар бирдей Жалал абадта,Баткен,Нарын,Ыссыкколго,Ошко деп закон турундо баардыгынын ставкасын бирдей кылып коюшса жакшы болмок
0
Pandora
2018-05-09 14:59:42
Ар ким озунун шартына жараша жоо бериптирго.
Мирбек уйкудан калганына окунуп тойду кундузу откорууну ойлосо.Башка мамлекеттик жумушта иштегендер бара албайт да.
Самаранын колунда бар,жолдошунун катташкандары коп болуп ар ким озу билет десе.
Умут эжебиз кечкисин уйкудан калып,эртеси жумуштан кыйналганын айтып.

Аида салянова тууру айтыптыр чектоону мамлект башчыларынан башташ керек.Адамдын санына,убакытка жана менюга чектоо киргизуу керек.
0
aisyrga88
2018-05-09 16:14:21
Кыргыздар уйлонуп тойду откоруп келинчегин алып россияга жонойт себеби чыгымды келин иштеп толош керек ал жакта же жашап бактылуу болуп байып келишет же ажырашып келишет
+3
Aisle
2018-05-10 02:47:17
чынын айтсам ушул каада-салттар ашыкча чыгым кетируу мага эч жакпайт ошол тойлордун артынан мигрант байкуштар иштеп журушпойбу чет олкодо чурка деп гастарбайтер же башка дешсе деле.Салынган акча дагы экономдолбой той пой жаман жакшылыкка карызга эле жумшалат.дешсе дагы элдин созунон уялып барышат.жадатты ушул болбогон бири бирине атаандашуулар.тойду деле чакан откоруп койсок дейм эч кимди кыйнабай бирок келинмин айтууга укугум жок
+4
Asyl10
2018-05-10 16:57:39
Кечээ жакында эле таанышым баласын уйлойм деп кыз тарапка кудаа тушуп келишти. 150 мин сом калын, 20 мин сом сут акы, 6 кой, 2 бодо мал дептир бул деле ысырапкорчулук да. Баланын ата-энеси ресторанда да той бериш керек, ага да болбоду дегенде 2 мин доллар кетет,айласыздан тамын коёуп кредит алышты, уйлонуп алып Россияга барып кредитти жабышат деп. Мыйзам чегинде тартипке салынбаса,улана берет ысырапкорчулук. Толонот да деп акылдуулар чыгымды кобойто беришет.
+4
titanik32
2018-05-11 16:38:47
Тойдун пайдасын Самара эле көрөт,кайсыл тойго барбайын Самараны көрөт элем.Жар жар айткан ким?-Самара,ырдап жаткан ким?-Самара.Мындай эле врач,мугалим, куруучу жөнөкөй кесиптин ээлеринен таппадыңарбы суроо сопкут кылганга.Бирок тойдо ысырапкерчиликти азайтуу керек,жөнөкөй эл кыйналып калып жатат байыраак адамга теңелип той өткөрөм деп.Тойдо негизи бата алуу керек го,бата алуусу унутулуп эле жайган столун көрүп сынамай,кандай өткөзөт экен деп сынап келмей тойго.
+1
titanik32
2018-05-11 16:45:08
Негизи тойду ырчылары жок эле өткөрсө болот.Ырчылар келет да фонограмма менен эзип 20 30 миң сомду сулкуйтуп салып чыгып кетишет.Жакшы бата бере турган жакшы аксакалдар болсо ырчылардан көрө.Ырчы дегенди кандай катыштырбай жок кылып салса болот эл журт?билгендер өз оюңарды бөлүшкүлөчү.
0
Zinazima
2018-05-12 23:30:21
Насирдин Шамшиевдин жообу жакты
0
№ 809, 4-май -10-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан