ДҮКӨНҮ ЖАНА КӨЙГӨЙҮ ЖОК КЫЗ-КҮЙӨӨ АЙЫЛЫ

Бишкек-Торугарт жолу менен баратып Боом капчыгайына жеткенде тоонун боорундагы Кыз-Күйөө деген аталыштагы кичинекей айыл көзүңүзгө урунат. Бул кандай айыл жана аталышы эмне себептен Кыз-Күйөө болуп калгандыгы көпчүлүктүн кызыгуусун жаратат.

КЫЗ-ЖИГИТТИН СҮЙҮҮСҮН ДАҢАЗАЛАГАН АЙЫЛ
Бул айыл тууралуу эл оозунда уламыш айтылып жүрөт. Байдын жылкычысы менен кызы бири-бирине ашык болуп калышат. Бирок бай кызын кандай болгон күндө да жылкычыга бермек эмес, анан башка бирөөгө турмушка берүүнү чечет. Ошондо жылкычы өзү баккан жылкылардын мыктыларынан экини тандап токуп, кызды ала качып кетет. Сүйүшкөндөрдүн артынан кубалаган байдын желдеттери азыркы Кыз-Күйөө айылына келгенде кууп жетип жылкычы менен кызды өлтүрүп салышат. Ошентип ашыктардын канынан булак жаралган дешет. Ошол булактын айланасында пайда болгон айылдын аты Кыз-Күйөө деп аталып калган экен.

«ЫШКЫН САТЫП КОШУМЧА КАРАЖАТ ТАБАБЫЗ»
 Кыз-Күйөө – 20 түтүнү бар чакан айыл. Бул айылга тургундарды алардын кызматы чогулткан. Жашоочулардын баары «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери. Алар поезддин тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздап турушат. Негизги кызматынан сырткары тургундар мал чарбачылык менен алек болушат. Малдары тоонун боорун аралап оттоп жүрө беришкендиктен, башка айылдардагыдай аларды кайтаруу да көп эмгекти талап кылбайт. Тургундар сезону келгенде кошумча каражат табууну да өздөштүрүп алышкан. Май-июнь айларынын аралыгында бир ай ышкын чогултуп кан жолдон өткөндөргө сатып пайда табышат. Бири-бирине туугандай болуп калган ынтымактуу жамаат чыр-чатактарды улуусу кичүүсүн тыюу жолу менен өз ара чечип алышат. Мектеп, бала бакча, оорукана, дүкөн жок, ошол эле учурда көйгөйү да жок айыл тууралуу кызыктарды тургундар айтып беришти. 18 жылдан бери темир жол кызматкери болуп эмгектенип, ушул айылда жашаган Күмүшай Шаршеналиева чакан элдин жашоосун мындайча баяндайт.
– Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда согуштан качкандарды, жумуштан кечиккендерди жаза катары кара жумушка салышчу экен. Бул темир жолду ошондой жазага тартылгандар салышыптыр. Бардык жумуш эч кандай техникасыз, адамдын колу, кара күчү менен жасалыптыр. Кол менен жардырып, балкалап, жолду, мына сиздер көрүп турган сарайларды салышыптыр. Муну чоң аталарымдан уккам. Чоң аталарым, таякелерим темир жолдо иштешкен. Өзүм Кеминде чоңойгом. Бирок кичине кезимде эле бул айылга чоң аталарыма көп келчүмүн. Азыр өзүм жана 3 балам ушул тармактын кызматкерибиз.
Айылда 18 жаш бала бар. Окуучулар үчүн ишканадан атайын автобус бөлүнүп берилген. Ошону менен 30 чакырымдай алыстыктагы Кызыл-Октябрь айылына барып окушат. Бала бакча жок. Жакында Жел-Арык айылында бала бакча ачылды. Эми балдарыбызды ошол жакка алып барсак болот. Ооруканабыз жок. Фельдшер бир жумада бир жолу келип текшерип кетет.
Негизги кызматыбыздан тышкары ышкын сатып пайда табабыз. Жылына бир маал, май-июнь айларында жолго чыгып эле өткөн-кеткен унаага ышкындын даанасын 5-10 сомдон сатып, бир сезондо бир үй-бүлө 15 миңдин тегерегинде акча таап алабыз. Баарыбыз быжырап жолго чыгып албайлы деп ал үчүн да кезек түзүп алабыз.
Үйлөр тоонун боорунда. Кан жолдон тынбай унаалар өткөндүктөн жаш балдар үчүн кооптуу. Ошондуктан балдарыбыз ойноп жатканда кулап кетпесин деп башка иштерибизди токтотуп карап турабыз. Бирок, Кудай сактасын, кулагандар болгон эмес. Балдар деле жол жээгинде кандай басышты үйрөнүп калышат.

«СОЮЗ УБАГЫНДА 40ТАЙ ТҮТҮН БАР БОЛЧУ»
Маектешим Бактыбек Максүтовдун темир жолундагы эмгегине 40 жылдай болуп калды. «Күзүндө пенсияга чыгам» деп күтүп жаткан каарманым махоркасын ороп отуруп суроолорубузга жооп берди.
– Темир жолго 80-жылдары келгем. Советтер Союзунун учурунда бул айылда орустар, азерлер жана башка улуттардын өкүлдөрү болуп 40тай түтүн жашачубуз. Азыр жалаң кыргыздар калдык. Биз «Кыргыз Темир жолу» ишканасынын жол чарбасы боюнча филиалынын кызматкерлерибиз. 33 жыл жолдун монтёру болуп иштедим. Азыр жолдун көзөмөлдөөчүсүмүн. Жашоо шарттарыбыз жакшы. Эч кандай деле көйгөйүбүз жок. Айылда базар, дүкөн жок болгону менен, айлык колго тийгенде ынтымакташып баарыбыз чогуу 30 чакырым алыстагы Быстровканын базарына барып, азык-түлүк алып келип алабыз. Суу тегерегибиздеги булактардан кудукка келет. Телевизордон 30 каналдай тартат.

«ЖАЙЫНДА АЙЛЫГЫБЫЗ КӨБӨЙӨТ»
Талант Стакеев айлык акысы тууралуу айтып берди:
– «Кыргыз Темир жолунда» иштегениме 10 жыл болду. Биз жолду оңдойбуз. Болттор үзүлүп кетиши мүмкүн, жолдун бир темири сынып, таштар түшүп же сел жүрүп поезддин жүрүшүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Ушул сыяктуу тоскоолдуктарды жоюп, поезддин өтүүсүн камсыздашыбыз керек. Биз 10 чакырымдай жерди карайбыз. Бул жолдон көбүнчө жүк ташылат. Жайында июнь-август айларында жүргүнчүлөр каттайт. Биз, кызматкерлер Кыргызстандын ичинде поездде бекер жүрө алабыз. Айылдын бир тарабы унаа жолу, экинчи тарабы темир жол. Эки жактан тең үндөр чыгат. Башында жаңы көчүп келгенде көнө албай, уктай албай жүргөнбүз. Азыр болсо жаныбыздан тепловоз өтүп кетсе да ойгонбойбуз. Айлыгыбыз жакшы. Кышында 15-16 миң сом чыгат. Жайында командировкалардын убагында 25-30 миң сомго чейин алабыз. Баары жакшы.

«Балдар ойноочу аянтты Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү 2 жыл мурун салып берген. Быйыл коопсуз болуусу үчүн тегерегин тосуп беребиз деп жатышат».
«Баарыбыз темир жолчуларбыз. Андан сырткары мал чарбачылыгы менен алекпиз».


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ady-88
2018-05-15 09:46:56
25 30мин алса айлыктары жакшы экен.
+10
ady-88
2018-05-15 09:49:51
ady-88,азыр бишкекте 25 30мин айлык жок
-4
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2018-05-15 13:02:33
ady-88,эмнеге жок, бар. Албетте гос жумушта эмес частныйларда
+7
karakyz23
2018-05-17 22:53:22
Канчадан бери шугур деген адамды газета бетинен биринчи жолу окуп жатам болбосо...
+7
Zainidin96
2018-05-18 00:55:56
Чын эле коркунучтуу жер екен биздеда ушулардыкындай ынтымак болсо ортобузда
+2
№ 810, 11-май -17-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан