КАРАКОЛДО ДАРЫГЕРЛЕРДИН ШАЛААКЫЛЫГЫНАН 4 ЫМЫРКАЙ ООР ИЛДЕТКЕ КАБЫЛДЫ

«Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» дегендей, наристелердин ооруганын укканда ар бир эненин жүрөгү сыздаса керек. Каракол шаарынын облустук төрөтканасынан ымыркайларга инфекция кирип, натыйжада 4 наристе «остеомиелит» оорусуна кабылышкан. Бул иш боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы аталган оорукананын дарыгерлерине кылмыш ишин козгоду.


«ЭНЕ ҮЧҮН БАЛАСЫНЫН КЫЙНАЛГАНЫН КӨРГӨНДӨН АРТЫК АЗАП БОЛБОЙТ ЭКЕН»
Айнура Азаева, Түп районунун Арал айылынын тургуну:
– 2017-жылы 16-мартта ай-күнүм жетип Каракол шаарындагы облустук төрөтканага баргам. Кан басымым жогору болуп, 17-мартта кесарево жолу менен уул төрөдүм. Төрөгөндөн кийин 5 күн жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Анан балдардын патологиясы бөлүмүнө которулдук. Балам 1-2 күн жакшы эле жүргөн. Анан врачтар «балаңдын башында гематома бар» деп дарыларды жазып берип, актовегин дарысын сайышты. Актовегин алган биринчи түнү эле баламдын дене табы көтөрүлүп, ыйлап чыкты.
Эртеси күнү да актовегин сайылды, ал түнү да баламдын дене табы 39га чейин көтөрүлдү. Көрсө, ошондо эле инфекция жайыла баштаган окшойт. Сол жак бутунун тизеси шишип, кол тийгизбей 3 күн ыйлады. Чыдабай калганда балдар патология бөлүмүнүн башчысы Элмира Асанбековага барсак, рентгенге тартып «балаң дисплазия (ткандардын, органдардын туура эмес өсүүсү), сөөгү жетпей турат. Эч кандай эмдөө кылбагыла, 1 айдан кийин келесиңер» деп эле ооруканадан чыгарып жиберишти.
Остеомиелитти козгоочу стафилококк бактериясы бизден мурун деле ошол төрөтканада бар экен. Анткени арыз жазган энелердин арасында Шахида Матухтаеванын баласы 2016-жылы остеомиелит болуптур. Төрөт үйү дезинфекция иштерин жүргүзүшү керек эле да. Канчалаган баланын убалына, ата-эненин көз жашына калып жатышат?!
Төрөтканада баш-аягы 12 күн жаттым. Үйгө келгенде деле баламдын ыйлаганы басылбаганынан кайра Караколго келдик, Элмира Асанбекова көрдү, бирок эч нерсе кылган жок. Анан создуктурбай Бишкекке эле алып барайын деп 17-апрелде Жалдагы Эне жана баланы коргоо ооруканасына алып келсек, врачтар дароо остеомиелит деп диагноз коюп, «көпкө дарыланышыңар керек» дешти.
Жаңы төрөлгөн, эч нерсени айта албаган ымыркай кандай кыйналды?! Эне үчүн баласынын кыйналганын көргөндөн артык азап болбойт экен (каарманым сөзүн уланта албай ыйлап жатты). Эртерээк барганыбыз үчүн врачтар оору терең жайылып кете электе токтотуп калышты. Күтүүдөн өткөн жаман нерсе жок экен. Арызданчу жердин баарына арыздандык. Баары эле "күткүлө" дешет, күтүп жатабыз.

«БАЙКУШ КЫЗЫМДЫН СӨӨКТӨРҮ ИРИҢДЕП КЕТИПТИР»
Айчүрөк Гүлжигит кызы, Жети-Өгүз районуна караштуу Конкино айылынын тургуну:
– Кош бойлуу кезимде анализдерим жакшы чыгып, эч кандай коркунуч жараткан жагдай болгон жок. 2017-жылдын 8-мартында Каракол шаарынын облустук төрөтканасында төрөтүм жеңил өтүп, кыз төрөдүм. Ооруканадан чыгарда, көпчүлүк жаңы төрөлгөн балдар саргайып (желтуха) кетет го, кызым да саргайып бизди "дагы 2-3 күн кармаласыңар" дешти. "Лампага кактайбыз" деп балдардын патология бөлүмүнө которушкан. 6-сутка болгондо УЗИге тартып, «кызыңдын башында майда киста бар экен» дешти. Ошол жерде турган балдардын көбүнүн анализи негедир киста деп чыкты. "Жаңы төрөлгөн балдардын көбүндө эле болот, кийин өзү жоголуп кетет" деп сүйлөшүп калышты тургандар.
Кистага байланыштуу кызыма актовегин дарысын сайышты. Экинчи жолу ийне сайылганда тынчы кетип, ичи көөп баштады. Врач «уколдон эмес» деп койгон. Үчүнчү жолу сайылганда кызым кадимкидей онтоп, дене табы кайра-кайра көтөрүлүп уктай албай калды. Акыры жандандыруу бөлүмүнө түштүк.
Жалпысы ооруканада 28 күн жаттык. Убагында туура диагноз койбогону үчүн ириң денесине тарап кетип жатпайбы?! Элмира Асанбекова рентгенден чыккан сүрөттү карап «дисплазия» деп, «баланы бир ай бир бөлмөдө эч кимди киргизбей карагыла. Бир айдан кийин Бишкекке алып барып көрсөткүлө» деп ооруканадан чыгарып койду.
Үйгө келгенде кызымды ичи ооруп жатат деп эле ары-бери силкинтип көтөрө бериптирбиз, байкуш кызымдын сөөктөрү ириңдеп, ооруп жатканын билсем кана?.. (ыйлап) Чыркырап ыйлайт, эси ооп 10 мүнөттөй уктайт да, кайра ыйлап баштайт. Акыры чыдамым бүтүп, төрөтканадагы жандандыруу бөлүмүнүн башчысына бардым, ал кызымдын бутун ачып көрүп эле «колуңардан келсе дароо Бишкекке жөнөгүлө» деди. Бишкектеги Жалда жайгашкан балдар ооруканасына барганыбызда гана остеомиелит деп диагноз чыгарышты. Кызымдын бутуна ортопедиялык абдуктор аппаратын кийгизишти. Ал аппаратты кийгендеги кызымдын ыйлаганын сурабаңыз, 3 күн, 3 түн чыркырап үнү Кудайга жетти го, жүрөктү эзип.
Бишкектеги врачтардан сурадым «балким, инфекция менден жуккандыр» деп. Алар «жок, энеден балага жукчу инфекция эмес. Бул оорукана инфекциясы. Киндигин кесип жатканда же укол сайганда жугушу мүмкүн» дешти.
Врачтар убагында 2-3 бала бирдей чыркырап ыйлап жатканда жакшылап текшерип койсо болот эле го?! Эми балдарыбыз өнөкөт остеомиелит болуп калышты. 5 жылга 2-топтогу майып деген категорияга кирдик.
Балдарыбыздын ыйы басылып, өзүбүзгө келип калганда ата-энелер чогулуп төрөтканага бардык. Элмира Асанбекова
2 миң сомдон үчөөбүзгө карматып койду, буларга акча эле керек деди окшойт. Балдарыбыздын документин ачып караган да жок. Үйгө келип ызаланып өкмөттүн аппаратына кат жазып жибердим. Ошондон кийин оорукананын врачтары чогулуш кылышты. Анан өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери чогулуш кылып, марттын башында «силердин арызыңар прокуратурага кетти» дешкен. Мен кат жазгандан кийин балдардын патология бөлүмүнөн бир медайым "арыз жазгандардын ар бирине 20 миң сомдон берели, кийин да жардам берип турабыз" деп үйгө келиптир. Башында эле көңүл буруп, колдоп коюшса болмок да. Сунуштарын кабыл алган жокпуз.
Жооп жок болгонунан жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрыла баштадык. Иш кайра жанданды. Прокуратурага барсак, 29-мартта гана арыз түшкөнүн айтып жатпайбы, ага чейин биздин арызды ким кармап отурганы белгисиз. Өкмөттүн аппаратынан иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кат келди: «Кызматтык иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча арызда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталды» деп. Оорукананын директорунун орун басары өз каалоосу менен жумуштан кетиптир, ал эми Элмира Асанбекова бөлүм башчылыгынан түшүп, кадр жетпегенине байланыштуу убактылуу катардагы врач болуп иштеп жатыптыр. Министрликтен комиссия түзүлгөн, жыйынтыгы апрелдин аягында чыгат деген, дале чыга элек. Убакытты чоюп отуруп, же ары эмес, же бери эмес жыйынтык чыгарып коюшат го деп корком. Арыз жазган 4өөбүз эле, андан сырткары дагы 3 адам балдарын текшертип жүрүшөт.

«ИЛИКТӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮП ЖАТАТ»
Бул маселе боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасынын кызматкери Канат Насипов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бизге 2018-жылдын 29-мартында Каракол шаарындагы төрөтканадагы дарыгерлердин айынан ымыркайлар остеомиелит оорусуна кабылып, алар майып болуп калганын айтып 4 адам арыз менен кайрылган. Буга байланыштуу аталган төрөтканада текшерүү иштери жүргүзүлүп, арыз менен кайрылган 4 адамдын балдары ошол төрөтканада төрөлгөнү, кийин баары остеомиелит оорусуна кабылганы белгилүү болгон.
Бул факты боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан 119-берене (медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашы) жана 316-берене (шалаакылык) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.


«КОМИССИЯНЫН ЧЕЧИМИНЕ ЖАРАША МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ ЧАРА КӨРҮЛӨТ»
Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссиянын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашевага байланыштык:
– Аталган иш боюнча министрлик тарабынан 12 адамдан турган комиссия түзүлгөн. Биз Каракол шаарына барып бир гана остеомиелит эмес, башка оорулар боюнча да иликтөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Акыркы чечим кызматтык иликтөө аягына чыкканда билинет. Комиссиянын чечимине жараша медициналык кызматкерлерге чара көрүлөт.

Остеомиелит – сөөктүн ириңдүү оорусу. Сөөк, сөөктүн чучугу жана сөөктүн тегерегиндеги майда ткандар жабыркайт. Ооруну козгоочулар: стафилококк жана башка бактериялар, ичеги таякчалары. Дарылоо мезгили оору эрте байкалган учурда 2-3 айды түзөт. Оору өтүшүп кетсе бир нече жыл бою дарыланып, врачтардын көзөмөлүндө болуу керек.


ДАРЫГЕРЛЕРДИН ШАЛААКЫЛЫГЫ – ООРУГА БАЙЛАНГАН БАЛАЛЫК
Врачтардын шалаакылыгынан балдарга коркунучтуу оору жуккан бул биринчи окуя эмес. 2007-жылы Ош шаарында жана Ноокат районунда дарыгерлер жаш балдарга массалык түрдө ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алышкан. Бул боюнча 14 дарыгерге кылмыш иши козголуп, анын алтоо акталып, калганы ар түрдүү жазаларды алышкан. Мындай окуя бүтүндөй өлкө үчүн чоң сабак болушу керек эле. Бирок дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ымыркайлардын келечеги ооруга байланып калган окуялар кайталанып жатышы врачтардын аброюна шек келтирери айтпаса да белгилүү. Аталган окуялар ден соолукту сактоодо үлгү алчу кесип ээлери иштерин жоопкерчиликтүү алып баруусу тыгыз көзөмөлдө болуусу керектигин айгинелейт.



Асыл Орозбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
remi.005
2018-05-15 23:18:01
Эч ким оорубасын,азыр больницага жатыштан да коркосун. Жакында Ошто горбольницада лордо операция болдум. Кандан анализ алганда медсестра бир колуна эле перчатки кийип канчалаган адамдардан кан алды мен эмне учун бир перчатки менен баарынан кан алып жатасыз алмаштырыныз десем мени жеп койчудай карап бирден эле перчатки берсе эмне кылайын мен дейт мен тапшырбайм анда десем мына деп колун дезинфекция кылды спирт менен ага чейин даже дезинфекция кылбай алыптыр. Адамдар озунуздорго сак болунуздар.
+5
kyz19
2018-05-16 03:14:14
remi.005,молодец. Туптуура. Адам озунун укугун билиш керек.
+2
kyz19
2018-05-16 03:12:19
Министерство здравоохранения эшек такалап отурушабы? Попробуй Россияда ушундай болсо роддомдун баарын тымтыракайын чыгармак. Биздин чондорго акчаны аандытып койсо болду. Биринчи эле коррупцияны айтышат. Элдин ден соолугун, ошол ымыркай келечкктеги ПРЕЗИДЕНТ болоорун ойлошпойт. Алдейлерге ичим ачышып атат.
+6
kyz19
2018-05-16 03:17:05
Супер инфо, ушул ишти аягна чыгаргыла супаныч. Эл билсин, правительство билсин. Башка шалаакы врачтарга сабак болсун. Элдин ишенгени СУПЕР ИНФО силерсинер. Ишеничти актайсынар деген чооон умуттобуз.
+4
maralum93
2018-05-16 12:53:54
Биринчиден жараткан АЛЛАХЫМА шүгүр келтирем ымыркайларга ата энелерге сабыр жана шыпаа тилей. АЛЛАХЫМ пендем десең перзентим дедирбе.... балдарыбызга урпактарыбызга бекем ыйман жана ден соолук тилейм. Урматуу супер инфо жааматы сураныч эл үчұн келечек үчүн суранам тыкыр иликтөө кылыңыздарчыы... неге ак халатчандар мындай жоопкерчиликсиз болосуңар ..... жаным ачып ичим күйгөндө ушу шалааеы ак халатчандар уругуңар курут болуп какшасаңар экен дейм.... АЛЛАХЫМ суранам ымыркайларга шыпаа бер....
0
zamir_kgz
2018-05-19 03:35:06
maralum93,мен медик эмесмин, бирок системасын тушуном жумушу аябай оор озунду бироонун ордуна коюп кор ! Булар да бала чака бар. Сен балдарын барып карап багып бер - анан натыйжа корсотушсун. Бир бала канча аракетти талап кылат, сен бир кундук убактынды болуп кор ошондо тушуносун.
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2018-05-19 13:09:15
zamir_kgz, мен сага такыр эле тушунбодум. Ошондо медиктердин баласы бала, аларга кеткен убакыт убакыт экен дагы, жанакы жабыр тарткан ымыркайлар, алардын ата энесинин балдарына кетирген убактылары, нервтери эч нерсеге татыбай калдыбы. Мен башкачатушуно албадым сени
0
maralum93
2018-05-16 12:56:39
неге камалбайт камалсын врачтар ар кандай жазалар менег кутулбай ошол наристенин бир тамчы көз жашы ата эненин жүрөк оорусу жөн эле жазабыы
+2
Hanzada.sabih
2018-05-17 20:56:28
Карга карганын козун чукубайт кылбай жок дегенде,ушул бейкуноо наристелер учун ишти толук,анык изилдеп,куноолуулорго жаза берсе гана аттин...Биздин мамлекеттен акыйкатты издеп таппай калдыкко.
+2
saltanat.
2018-05-18 00:06:26
Ужас. Ошол үчүн КРда төрөгүм келбейт, экинчи баламды да Россиядан төрөйм, КР аман болсун...
+1
hanisa
2018-05-18 07:57:30
saltanat.,туура айтасын Кыргызстанда торогондон коркосун, мен 4 баламды тен Казахстанда тородум
Бир тыйында акча алышпайт тороп болгучакты акушердин баары жанында журот буросу белинди массаж, буросу суу ичирип жакшы карашат
+1
tram-lam
2018-05-18 19:17:18
saltanat.,туура кыласыз, чет олкого барып тороп келуу колунан келсе элдин баары ошентиши керек, жок дегенде аймактарда эмес, Бишкеке келип торош керек. КР жашаган коркунучтуу болуп калды го, ооруканага баргандан Аллахым сактасын
0
zamir_kgz
2018-05-19 03:29:12
Адам ден соолугу бизнеске айланып кеткенин себеби бар. Менин карындашым мед окуу жайында 5жылдан бери окуйт. Мен озумда жогорку билимдуу болгондуктан байкап турам, негизи жакшы окуйт анан акча талап кылган мугалимдер кооп. Мед - окуу жайда ушул система жоюлса дейм.Макул контрагына да ыраазыбыз бирок сессия зачет экзамендерде чонтокту суутуп коюшат. Демек кетирген расходту копчулугу кафе ресторандарда иштеп жабышат.Анан булар окуйбу же акча табышабы?
+1
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2018-05-19 13:15:15
Баардык врач бирдей эмес. Жакшылары толтура. Ар кимдин ниетине жараша болсо керек. Мен торогондо жакшы эле карашкан. Баламды жаныман бир карыш алып кеткен эмес. Укол саярда палатага алып келип сайып кетишкен. Мени жуунтуп тазалашып палатаман 3 кун карашты. Андан кийин озум жуунчу болмосуно барып аттым, алар жуунтуп атышты. Эн негизгиси ушунун баары биздин гос.больницада баары бекер болду. Чыгаарда документке деп 200 сом сурады. Бул жерде багыма жакшы врачтар туш келип калдыбы)))
+1
Kaninaiman
2018-05-20 00:47:18
Супер инфо кесарево жолу мн тороо оорканаларда бекерби ,дегеле торогону барсан пул тилешет канынды жуудум кан токтотчу укол сайып карадым деп бетине айтып.чыгарда уйуно дагы бир эки жерге кол койдурганы жонотот аларда фонтко пул дейт бири жентек пул дейт конулдоруго карап пул береберсек кандай бул ,мед кызматкерлер ишин милдет кылбаса экен
0
aimai
2018-05-20 20:44:00
ushundai ech nerse bilbegen akmak vrachtardan kudai ozu saktasin timele bolnisaga barsan ozdorun ushundai kudaidai sezishet deisin
0
Venerochka
2018-05-21 13:34:35
Жалал-Абад обл. Базар-Коргон районунда роддом ото начар. Кышта январда торогом дагы адамдардын жаны бышык экен дедим. Родзал муздак ушуп торогонбуз, гигиенаны айтпай эле коеюн. Ар бир торогон аялдан туалетная бумага, жидкое мыло алышат аны эч ким колдонбойт, акча берип тааныштары барларды жакшы карашат, болбосо олсон да баары бир. Бизде окмот текшериш керек, текшерип келсе акча беришет кайра кете беришет баары жакшы деп
0
Venerochka
2018-05-21 13:35:16
Азыр ооругандан Кудайым сактасын
0
Venerochka
2018-05-21 13:37:45
Ооруп Ошко барсак врачты жок деп коюшту урушуп арызданам десем киргизишти кабинетинде эле отуруптур как будто мен алардан нан сурап баргандай качышат
0
Venerochka
2018-05-21 13:43:30
Балама прививкасын аркасынан кууп журуп алабыз, вообще чакырышпайт и картасына прививка оз убагында алды деп жазып коюшат
0
№ 810, 11-май -17-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан