Өлкөдө катуу жамгырдын кесепетинен улам 13-майда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында сел жүрдү. Кырсыктан дамбалар бузулуп, ички чарбалык жолдорду, арыктарды жана турак үйлөрдү сел каптады. Лейлек районундагы бир катар айылдарда 20дан ашык менчик үй, социалдык объекттерге суу кирип, айдоо аянтчалары жабыркаса, Аксы районунда Кош-Дөбө жана Ак-Жол айыл аймактарындагы 20 турак үйдүн короо-жайын, жолдорду каптады. Мындан тышкары суу ташкыны көпүрөлөрдү да керектен чыгарган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-майда Лейлек жана Аксы райондоруна өзгөчө кырдаалдар тартибин киргизип, келтирилген зыяндарды эсептеп, тактоо иштерин жүргүзүп баштады.
Учурда жабыркаган аймактарда электр жарыгын кошуу, жолдорду тазалоо жана ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg