1-топтогу майып эне: «БАСА АЛБАЙ КАЛГАНДА ТАШТАП КЕТКЕН КҮЙӨӨМДҮ ЖАНА УУЛУМДУ СОТКО БЕРДИМ»

«Жолдошум ооруп калса аны таштамак эмесмин. Бирок ал мени таштап кетти»,- деп жакын адамдарынан көңүлү калган Рахат аттуу каарман азыр бирөөнүн карамагысыз жашоосун уланта албайт. Күчкө толуп турган кезинде ала качып үйлөнгөн өмүрлүк жары болчу адам, эки баласынын атасы аны ооруп калганы үчүн таштап, артын салып кеткенин айтат. 52 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну Рахат Абдырахманова азыр эки буту жок жашоо өткөрүп жатат.

«КАЙНЕНЕМ «БАЛАМА БАШКА АЯЛ АЛЫП БЕРЕМ, ООРУКЧАНДЫН КЕРЕГИ ЖОК» ДЕДИ»
– Мен Кочкордо төрөлгөм. Эл катары эле жашадым. Окудум, иштедим, турмушка чыктым. Бишкектеги Финансы техникумун аяктагам. Нарында эсепчи болуп иштеп жүрүп, ошол жакка турмушка чыктым. 23 жашымда, мөлтүрөп турган кезимде ала качып кетишти. Жолдошум менен эки балалуу болдук. Биринчи уулумду төрөгөндөн кийин эле бутум ооруп баштаган. Врачтар муундарыма суук тийгендигин айтышты. Полиартрит, ревматоиддүү артрит деген диагноз коюшту. Мен кыштын кыраан чилдесинде, январь айында төрөдүм. Ошондо суук тийгизип алдым окшойт. Дарыгерлерге, табыптарга көрүндүм. Тилекке каршы, жакшы жакка жылыш болгон жок.
Ооруп калганда эле жолдошум таштап кеткен. Апасы келип «балама башка аял алып берем, оорукчандын кереги жок» деди. Тың кыз кезимде алып кетишип, минтип жардамга, колдоого муктаж болуп калган кезимде таштап, терс бурулуп кетишти. Мага мындай мамиле оор тийди. Моралдык жактан көп кыйналдым. Бирок колумдан эмне келет? Баарыбыздын башыбызга сыноо келет. Ошону көтөрө билиш керек. Күйөөм ооруп калса мен таштап кетмек эмесмин. Карабай кеткен жолдошума жана уулума аябай таарынам. Ажырашкандан кийин уулум атасында, кызым менде калган.

«ЭКИ БУТУМДУ ТЕҢ КЕСИП САЛЫШКАН»
– Минтип эч нерсеге жараксыз болуп калганда бир туугандарым жанымда болушту. Кыйын күндөрдө мага ошол адамдар гана күйдү. 5 бир тууганым бар. Өз үй-жайым жок болгондуктан, бир тууганымдын үйүндө жашадым. Канча аракет кылсам да оорудан айыга алган жокмун. Муундарым деформация болуп кетти. Аябай кыйналдым. Майда кан тамырларыма суук тийип, бутумда кан айланбай калган экен. Врачтар айыкпай турганын айтышты.
Эки жыл баса албай төшөктө жаттым. Бирок кыбырап дааратканага өзүм барып келчүмүн. Тура албай, отура албай, оодарыла албай калган күндөрүм болду. Түркүн күндөр башымдан өттү, оорудан тажадым. Бутумду таңдырганда ыйлачумун. Ошол таңдыруу процесси жүрөгүмө тийди. Бутумдун ооруганын басабы деп оору басуучу дарыларды ичем. Ал да такыр жардам бербей койду. Чыдабай түнү менен ыйлап чыкчумун. Врачтар «бутуңузду кеспесе болбойт, бир бутуңуз гангрена болуп баратыптыр. Бир бутуңузда 18 пайыз кан айлануу бар, экинчисинде такыр жок» дешти. Ооруга чыдабай, бутумду таңуудагы ооруну көтөрө албай калганда буттарымды кестирип салууну туура көрдүм. Айыкпагандан кийин башка эмне кылам? Башыма түшкөнү ошол экен. Операцияны да шыр жасашкан жок. «Кан басымы начар, каны аз, наркозду көтөрө албай калат» деп кан толтуруп, кан басымымды көтөргөндөн кийин жасашты. Операциянын чыгымдарын бир туугандарым көтөрүштү.
Ошентип 2 жылдан бери 2 бутум жок жашоо өткөрүп келем. Азыр бул абалыма да шүгүр кылам. Кестиргенге чейин «бутумду кестиргенче өлүп эле калсам экен» дечүмүн. Бирок ичер суум түгөнө элек, жашоом бүтө элек экен, башыма түшкөндү кабыл алып жашап жатам. 1-топтогу майыпмын. Азыр кесилген жери күн бүркөлгөндө, шамал болгондо сыздап ооруйт. Дары менен жашайм. Бирок дарылар да бир органга жакса, экинчисине жакпай кыйнайт. Аллергия кылат, бөйрөктөрүм, өтүм, ашказанымды оорутат. Кымбат дарыларга акчам жетпегендиктен азыр 200 сомдук дары алып ичип жатам. 24 саат ушул диванда жатам. Коляскам бар болгону менен, мени ага отургузганга эркек кишинин күчү керек, кызым көтөрүп сала албайт.

«СОТКО БЕРГЕНИМ ҮЧҮН БАЛАМ ТААРЫНЫП ЖАТАТ»
– Кайрымдуулук фонддорго кайрылдым. Жардам бергендер бар. Азыр Балыкчыда батирде турабыз. Батирдин ээси кайрымдуулук кылып бизди бекер жашатып жатат. Коммуналдык кызматтарга гана акча төлөйбүз. Учурда кызым жана 3 неберем менен чогуу турам. Кызым да балдары менен ажырашып келген. Балдарынын, менин жүгүм ушул кызга жүктөлгөн. Эртеден кечке биз менен алек. Баарыбыз менин 5 миң сом пенсияма жашайбыз. Кызымды иштетейин десем, бизди караганга киши жок. Бала багуучу же мени караганга кызматчы алсак аларга тапкан акчасынан көп төлөп калат экенбиз.
Жолдошум болсо өз үй-бүлөсү менен жашайт. Уулум да үйлөнгөн. 2 баласы бар. Ал мурда анда-санда келип абалымды сурап турчу. Бирок жардам берген жок. Өзүм ага эч нерсе бере албагандан кийин мен да кыйначу эмесмин. Бутумду кестиргенден кийин жок дегенде дарыланганга акча берип турушсун деп жолдошум менен уулумду сотко бергем. Сот баламды ай сайын 1000 сомдон алимент төлөп турсун деген чечим чыгарган. Соттон кийин балам мага такыр каттабай калды. «Өз балаңды сотко бересиң» деп таарынып жатат. Оорулуу адамдан баары качат экен да. Ага чейин деле катышып, каралашып кыйраткан эмес. Ошондуктан балама таарынам. Балам ошол алиментти да төлөбөй келет.

«ВАННАГА КӨТӨРҮП БАРЫШ ҮЧҮН ТААНЫШ КЫЗДАРДЫ ЧАКЫРАМ»
Рахат Абдырахманованын кызы Нурайым Өмүрова 29 жашта. Анын күнү 3 кызын жана оорукчан апасын кароо менен өтөт.
– Эртеден кечке чейин апам, балдарымдан колум бошобойт. Апамды эртең менен тургузуп, жуунтуп, чай берип, анан түшкү намазга даярдайм. Ошол отурган жеринде намаз окуйт. Апамды бир айда бир жуунтам. Жуунтуш оор, ваннага көтөрүп барыш керек. Ал үчүн тааныш эжелерди, кошуна кыздарды чакырам. Өзүм кичинемде таежемдин колунда чоңойдум. Мен эс тартканы эле апам таяк таянып жүрдү. Анан минтип буту жок калды. Өзүм окуган эмесмин. 21 жашымда эле турмушка чыккам. Тагдыр экен, жолдошум экөөбүз эки башка жолду тандап кеттик. Мен бактылуу үй-бүлөнү мындайча элестетем: камкор, мээримдүү күйөөм болуп, балдарым менен бактылуу жашасак жана биздин үйгө ден соолугу чың апам келип коноктоп кетип турса...


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
rashmoll
2018-05-22 22:36:42
Саламатсыздарбы жардам берүү жолдорун да жазып койгула
+5
Zainidin96
2018-05-22 23:49:54
Бизде эмне закон деген жокпу уй булолук мыйзамды киргизиш керек а алиментти айына 1000 сом эмес 3000 ден толоттуруш керек акмак ата энене кылган жамандыкты озундун баланан коросун кийин кайтар дуйно деп койот ойлон
+4
nur1975
2018-05-22 23:54:21
сабр берсин аллахым
0
Girl1996
2018-05-23 09:22:01
oz enesinen aiyna 1000 som aiagan akmak. Asmandan tushkom dep eseptese da, bagip chonoitkonun oiloso bolmok
+2
Nuke_A
2018-05-23 10:35:48
жардам берем дегендер болсо, Рахат Абдрахманованын телефон номери: 0709 715 004
+2
Malik92
2018-05-23 10:42:48
Админ,ушундай окуяларды жазганынар жакшы.Бирок силерден сураныч,ушул эки аялдын тагдырын материалдык жактан чечишууго жардам бергилечи.Баласынан 1000сомдон алименти ай сайын алынышына,кызынын 3-баласына да алимент болунушуно себепкер болгулачы.Биздин ата соройлорго баары бир болуп калдыго.
+6
melashka
2018-05-23 10:44:12
Аллахым сабыр берсин аябай окунучтуу баласына мин наалат эмне деген ниеттер мн тороп чонойтосун ээээх
+2
Shahrizaada
2018-05-23 13:37:18
Бала болбой жерге кир. Кантип адаммын деп жер тепсеп басып журот? Эненисин ордуна баласы буту жок жатканда, эне байкуш акыркы минуталарына чейин таштабай бакмак баласын.Кызына куч кубат берсин Аллахым.
+3
Djumaev0mur
2018-05-23 17:07:35
Мындай баладан Кулай сактасын! Кызынын омуру узун болсун, Аллазым ыраазы болсун! Биздикилер лагман пн чучукту коюп ушуга окшогондорго кайрымдуу фонт ачса болот эле
+2
SweetLady
2018-05-24 16:18:04
Бала болбой олуп кет. Жер кантип которуп турат мындай башы жокту. жок дегенде апасынын кылган эмгегин актаса болмок. Балдарынан корот. жашоо бумеранг. Куйоосу деле тируу олук экен. Акмак. Жаш омурун жалмап эми оорукчан болгондо таштап кеткен. Сотко берип жакшы кылыптыр. экоондон тен 5000 минден 10000 алимент алыш керек. Соттор деле кайсы арына 1000 сом алимент жазды. Азыр эмне 1000 сом менен жашап болобу?
+2
pikooo93
2018-05-25 14:45:50
Алиментти кобойтсо анда аялдарда ажырашуудан коркпой калат маселенин ошол жагы да бар.Анан эжеге сабыр тилейм аллахым суйгон адамына сыноо берет
+1
Meerman
2018-05-25 17:09:56
pikooo93,erkekter korkdun tashtap ketkenden.karagylachy ar sanda erkekter bir nerseni bashtagsndar
+1
Meerman
2018-05-25 17:07:57
Myna kyrgyzdyn jigitteri bashka ulutka tiibesh uchun Allahtyn yraazychylygy uchun ushul kyzdy algyla jardam bergile 2-aial alam degenderge jakshy shans. Yimandy suilop yimanduu bolgondor Kurandagy 2-aialga amal kylgandarKAIDASYNAR ERKEKTER
+1
Gulmira015
2018-05-25 18:38:16
кантип эжеге акча которсок болот Москвадан
+1
saltanat.
2018-05-26 03:59:30
Өзүмдүн жердешим экен балыкчылык, азыр иштеп турганымда жардам берет элем, мен да күйөөмдүн мойнунда отурам, буюрса баары жакшы болот эже.....
+1
pero123
2018-05-28 09:42:43
баласы адам эмес экен.1000 сомдон кантип качат?!ай сайын 10.000 сом берип турсаң да аз болот го!сени жарык дүйнөгө алып келген апаңды багып карай албасаң ХХХХХХ
0
№ 811, 18-май -24-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан