КТРКнын КЫЗМАТКЕРИ ЖЕТЕКЧИЛИГИНИН КЫСЫМЫНАН УЛАМ ИНСУЛЬТ АЛДЫБЫ?

Интернетке буга чейин бир нече телеканалдарда иштеп, көрсөтүүлөрү аркылуу ар кыл көйгөйлөрдү көтөрүп, эл үнүн бийликке жеткирүүгө аракет кылган, өз ишин так билген журналист Чынара Токонованын апасы Батма Абдразакованын КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго кайрылуусу жарыяланды.

Кайрылууда:
Жакында КТРКга жаңы келген орун басарың Жылдыз Жумабекова жыйын куруп «Сюита Соурбаеванын материалдарын эфирге чыгардың» деген күнөө коюп кызымды аябай кысымга алган. Кызым ошол үчүн иштен кетүү тууралуу арызын жазган экен. Натыйжада 3-май күнү кесиптеш курбуларына жолукканы кеткен кызымдын кан басымы көтөрүлүп, 200гө чыгып жыгылган. Кызым 10 күндөн ашуун убакыттан бери Республикалык оорукананын неврологиясында жандандыруу бөлүмүндө жатат, дарыгерлер ага «Геморрагиялык инсульт» деген диагноз коюшту. Кызымдын ден соолугу кайрадан мурункудай калыбына келет деп дарыгерлер да кепилдик бере алышкан жок.

Кызым «өз арызым менен иштен бошотуп коюңуз» деп арыз жазган экен. Эмнеге териштирбей туруп арызын кабыл алып, дароо жумуштан бошотуп койдуң, уулум Илим?! Сюитанын материалын менин кызым Чынара эфирге чагылдырбаса, башка бирөө деле бермек да. Сураштырсам, орун басарың Жылдыз Жумабекованы учурунда Сюита Соурбаева жумуштан кетиргенби же башка Сюита деген кызга кетпеген кеги барбы, айтор, ошол өчүн менин кызымдан алыптыр,- деп айтылат (кайрылуу кыскартылып берилди).

Бул кайрылууга КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков интернет баракчасы аркылуу жооп берип, иликтөө иштери жүрөрүн айтты. Ал эми окуяда аты аталып жаткан Жогорку Соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаевага байланышканыбызда ал төмөнкүлөрдү билдирди:

– Биз Чынара экөөбүз көп жылдан бери курбу экенибизди биздин чөйрөдөгүлөр жакшы билишет. Бирок менде өчү бар адамдын досумдан өч алганы бул Кудайга да жакпаган нерсе деп билем. Чынында Жылдыз экөөбүздүн ортобузда талашкан эч нерсе жок болчу, аны мен жумуштан кетирген да эмесмин. Бирок ал ошондой ойдо жүрсө керек. Мелис Эшимканов КТРКны жетектеп турганда мен «Ала-Тоо» редакциясынын продюсери болчумун. Анда Жылдыз Жумабекова кабарчы эле. Ошондо журналисттер аттестация тапшырышкан, андан кийин мен Кытайга окууга кеткем. Келсем Жумабекова жок экен. Ал аттестациядан өтпөй калганбы же өз каалоосу менен кеткенби, билбейм. Ал эми Чынара эфирден кетирген көрсөтүү боюнча айтсам, соттор арасында бильярд боюнча мелдеш өткөрүлгөн, ошол иш-чараны бардык маалымдоо каражаттарына таратканбыз. Кесипкөй адамды болбогон нерсе менен куугунтуктоо туура эмес. Мен өзүм интервью берсем же менин жеке ишим чагылдырылса бир жөн.

Азыркы тапта кыргыз журналистикасынын өкүлдөрү кесиптеши Чынара Токоновага жардам берүү үчүн каражат топтошууда. "Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамааты да кесиптешибиздин эрте сакайып кетишине тилектеш!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
monster_high_98
2018-05-22 11:26:07
Илим Карыпбеков сиздин бир олумдон калганыныз сизге белги эле жоон жур деген,дагы деле конул коштук менен журо берсениз, кийинкисинде аман калбайсыз,кеч боло электе туура жолго тушсонуз
+16
Ma9
2018-05-22 11:48:22
Аман эле болсун Жылдыз дагы Илим дагы
+4
Paprikafm
2018-05-22 12:32:44
Жылдыз дагы Илим дагы отставкага кетсин
+8
gulmira96
2018-05-24 04:18:33
Ушул Илим Карыпбеков жакпайт эч эле,качан болсо ызы чуудан чыкпайт, жакшы адамды эл эч качан жаман дебейт.
+1
fanatka19
2018-06-05 12:32:26
ким ушул абалга алып келсе жакшылык корбосун.
0
№ 811, 18-май -24-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан