Кош бойлуу жаш келин 2 баласы менен унаа оңдоочу жайдагы кичине бөлмөдө баш калкалап жатат. Бул чакан үй-бүлө күнүмдүк тамак-ашка, кийим-кечеге муктаж. Уулунун апасын карап, анын айтып жатканын түшүнгөндөй муңдуу көз карашы, оюнга алаксыбай ойлуу отурганын көрүп, жаш балдарды таттуу балалыгынан ажыратпасак, жашоонун түмөн түйшүгүнө эрте салбаганга аракет кылсак деген ой келди.
«КУРСАГЫМДА 5 АЙЛЫК НАРИСТЕМ БАР КЕЗДЕ КАТУУ САБАЛДЫМ»
Каарманыбыз оор тагдыры тууралуу оор үшкүрүнө сөз баштады:
-2009-жылы Беловодскто иштеп жүрүп Райымжан аттуу жигит менен таанышып калдым, экөөбүз бир жолу жолуккандан кийин эле мени ала качып кетти. Өзүм Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынан болом, Чүйдүн Беловодск айылына келин болуп бардым. Келин болуп баргандын эртеси эле жолдошум жаактан ары бир чапты. Бозоруп эле туруп калдым, «көйнөк үтүктөгөндү да билбейсиңби, жакасы калып калыптыр» деп ачууланды. «Келгениме 1 күн боло электе уруп баштасаң, келечегибиз эмне болот? Кеч боло электе кетейин» дедим. Райымжан «үй-бүлөдө мындай чырлар болуп турат. Кетпе, экинчи кайталанбайт» деп мени жоошутуп койду.
Көп өтпөй кош бойлуу болдум, 5 айлык курсагымда бар кезинде катуу сабалдым. Жолдошумдун достору менен конокко барган элек, өзүнүн эле досторунан кызганып алардын көзүнчө сабап салды. Балким, туугандарыбыз тарабынан «кой-ай» деп туура жол көрсөткөн адам болсо жакшы жашап кетмек белек? Бирок биздики тескерисинче болду. Жолдошумдун таежеси бар, ошол да экөөбүздүн ортобузга чок салды окшойт. Бир жолу ашканада таежеси, апасы, анан жолдошум болуп сүйлөшүп отурушуптур. Таежеси Райымжанга «майып немени эмне алдың? Ал сага аял болуп жыргатпайт» деп айтып жатыптыр, угуп аябай ыза болдум. Жолдошума айтсам «Унчукпа. Сени мен алдым, мени менен жашап жатасың» деп койду. Өзүм төрөлгөндөн эле бир жак капталым жакшы кыймылга келбейт, 2-топтогу майып катары жөлөк пул алчумун. Бирок күйөөгө тийгенден кийин жөлөк пулдан баш тартып койгом, анткени жолдошум «мен пенсионер аял менен жашабайм, баш тарт» дей берген.
«КЫЗЫҢДЫ ӨЛТҮРҮП КОЁ ЭЛЕКТЕ АЛЫП КЕТ» ДЕДИ»
-Өзүнчө жашайбыз деп кайненемден бөлүнүп, Сокулук айылына батирге чыктык. Бирок өзүнчө жашаганда деле жыргап кеткен жокпуз. 2010-жылы уулумду жарыкка алып келдим, жолдошумдун жини кармаганда баламды көтөрүп качам. Башында кошуналардыкына кирчүмүн, алар да бара-бара «жолдошуңдан коркобуз» деп киргизбей калышты. Андай күндөрү ар кайсы подъезддерге кирип түнөп чыгабыз.
Бир күнү кайненемдикине бардык. Баягы таежем экөө отурушкан экен. Жолдошум мени ашканага сүйрөп кирип эле «мына, силерге жакпаган келин, ушуга эле асыласыңар» деп мени тепкилеп кирди. Айнектерди чагып, өзүнүн да колун кескилеп, ортого түшкөн кайненеме да кол көтөрдү. Акыры кайненем менин апама «кызыңды өлтүрүп коё электе алып кет» деп телефон чалды эле, алар келип мени Жалал-Абадга алып кетишти. Ал жакта деле көпкө жүрө албай, кайра жолдошумдун жанына келе бердим.
«ИЧЕР СУУМ ТҮГӨНӨ ЭЛЕК ОКШОЙТ, АМАН КАЛДЫМ»
-2014-жылы кызыбыз жарыкка келгенде Райымжан аябай сүйүнгөн. 2-3 ай мени жакшы карады, кол көтөргөн жок. Ии, жашообуз оңолот экен деп сүйүнүп алгам. Бирок көнгөн адат калбайт экен. Кетип калат, эки-үч күндөп келбейт. Келсе да сабайт. Анан иштеп келем деп Орусияга кетти. Анда-санда акча салып турчу, кийин такыр эле салбай калды. Балдарым ачка болгонунан талаага чыгып, дунгандарга жалданып иштей баштадым. Балдарым үйдө жалгыз калышат, кээде кайненем келип карайт.
Бир жолу жумуштан жарым саат кечигип калсам кайненем «сен көрүнгөн менен жүрөсүң» деп каргап-шиледи. «Апа, мени менен иштегендердин баары аялдар. Ишенбесеңиз мени менен кошо барып келиңиз» десем, «сен алдын ала алар менен сүйлөшүп койгонсуң да» деп ишенбейт. Кыйналганымды айтып бир тууган эжеме чалсам, ал «бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт. Өзүң чеч маселеңди» деп телефонун коюп койду. Жашагым келбей бычак алып айылдын четиндеги суунун жээгине бардым да, билегимди кестим... Мени бир кичинекей кыз көрүп калыптыр. Көзүм тумандап баратканымды билем, эсиме келсем үйдө жатыптырмын. Ичер суум түгөнө элек окшойт, аман калдым. Кайненем жанымда экен, экөөбүз бири-бирибизден кечирим сурадык.
«ТАГДЫРЫМА БАШЫНАН ТАЯК КЕТПЕЙТ ДЕП ЖАЗЫЛГАН ОКШОЙТ»
-Бир күнү жолдошум эскертпестен эле келип калды. Талаада элем, чогуу иштеген кыздар бирдик калбай калганда бири-бирибиздин телефонубузду алып чалчубуз да. Райымжан келип менин телефонумду кармап турган маалда бир жигит чалып чогуу иштеген кызды сураптыр. Болду, балээге калдым. Башка кызды сураганына ишенген жок, жолдошума «груша» болдум. Менин жашоом тирүү калуу үчүн күрөш менен өтүп калды.
Жалал-Абадга кетип калдым. Бирок барганда деле жыргабасымды билчүмүн, анткени атам да ичип алып, апамды баш кылып балдарына да кол көтөрөт. Бир туруп тагдырыма «төрөлгөндөн эле башынан таяк кетпейт» деп жазылган окшойт деп ойлоп коём. Кичинемде мени апамдын Өзбекстанда жашаган сиңдисине берип коюшкан. Өз апам карабаган, анын сиңдиси кантип карамак, болгон кордукту көрдүм, мектепке да барган жокмун. 15 жашымда гана ата-энемдин колуна келгем. Атамдын ичкичтиги, балдарына, аялына кол көтөргөндүгү менин жолдошума эстафета болуп өткөндөй. Өз үйүмө баргандан кийин атам мени эле эмес, баламды да ура баштаганынан апама айттым «апа, өлсөм сөөгүм жолдошумдукунан чыксын. Балам менин атамдан кордук көргүчө, өз атасынан көрсүн. Кыйналсам да кайра барайын» деп келе бердим.
«СЕНИ МЕНЕН АЖЫРАШАМ. ТАЛАК БЕРДИМ!»
-Кошуналарымдын баары билет менин кандай тозокто жашаганымды. «Кыйналбай кетип калбайсыңбы?» дешет. Айтканга оңой болгону менен, балдарым менен кайда батам? Үчүнчү ирет кош бойлуу болгонумда «бул жактан акча табуу кыйын болуп калды» деп Райымжан кайра Москвага кеткен. Бир күнү чалып «болду, сени менен ажырашам. Талак бердим!» деп телефонду коюп койду. Анан башка аял алганын айтып, аны менен түшкөн сүрөттөрүн жөнөтө баштады. Мен «ажырашсаң мейли, бирок балдарга 1000 сом болсо да салып турчу, кыйналып жатабыз» дедим. Кайдагы акча, кайра мени коркутуп жатат.
Кайненем да үйүнөн чыгарып салган. 2 баламды жетелеп талаада калдым. Алгач тааныштардыкына бардык, бир-эки күн тургандан кийин эле жумуштары бар экенин айтып үйдөн чыгарып коюшат. Күндүзү каралбай калган үйлөрдү издейм, кечкисин ошол жакка барып түнөйбүз. Өткөндө күндө жаан жаап жатты го, ошондо эптеп чатыры бар жай издеп калбадымбы. Күндүзү орус кошунабыз чакырып тамак берет, ага ыраазымын, көп жардам берди. Анан тааныштар айтып калышты, «ушундай кыйынчылыкка кабылган аялдар үчүн Бишкекте «Сезим» деген борбор бар. Ошол жакка кайрыл» деп. Ал борборго кайрылып, бир ай ошол жакта жашадым. Бир тааныш кыз автоунаа оңдоочу жайда администратор болуп иштейт экен, ал ошол жайдан бош бөлмө алып берип, учурда балдарым менен жашап жатам.
«КЕЛЕЧЕГИМДИ ЭЛЕСТЕТЕ АЛБАЙМ»
-Паспорт алганыма аз эле жыл болду, аны да кайненем алып берген. Балдарымдын бирине да туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган эмеспиз. Булар төрөлгөндө жолдошумдун да паспорту жок болчу. Балдарга документ алганга маани деле бербептирмин. Эми гана балдарыма документ алайын деп жатам. Кайненем «менин үйүмдөн каттоодон чык» дегенинен «каттоодон чыксам такыр эле талаада калам, чыкпайм» десем, мени сотко бериптир. Анын жыйынтыгы кандай чыгат билбейм.
Кош бойлуумун, колумда жетелеген эки балам менен көчөгө калтырып, жолдошум башкага үйлөнүп алды. Келечегимди элестете да албайм. Кайда барып жашайбыз? Балдарымдын курсагын кантип тойгузам, эмне кийим кийгизем? Ушундай жообу жок суроолор менен күнүм өтүүдө...
«АЛИМЕНТ ӨНДҮРҮП АЛСА БОЛОТ»
Анара Акбаеванын маселеси боюнча юрист Калыйнур Батыралиевге кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Балдарды багууга жардам болуш үчүн мамлекеттен жөлөк пулдар каралган, алардын бири – «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу. Бул мамлекеттик жөлөк пул 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө берилет. Жөлөк пул алуу маселеси боюнча Социалдык фондго кайрылуу керек.
Муну менен катар эле жолдошунан алимент өндүрүү арызы менен сотко кайрылса болот, сот алимент өндүрүп берет.
Бул кадамдарга барыш үчүн, албетте, тиешелүү документтер: паспорту, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болуусу шарт.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg