ООРУ МЕНЕН АЛЫШКАН НАРИСТЕЛЕРДИН ЖАШОО ШАРТЫ КАНДАЙ?

Балакайлардын күлүп-жайнаганы, булдурап ар кайсыны сураганы, оюнга тойбой томпоңдоп чуркап жүргөнү адамга бакыт тартуулап, мээримге бөлөйт эмеспи. Тилекке каршы, ар бир эле балакайга өзү теңдүүлөр менен жарышып ойноо, ата-энесине эркелөө буюрган эмес. Биз бул сапар «Супер-Инфо» гезити менен Super.kg порталы 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Токмок шаарындагы Республикалык адистештирилген реабилитациялоо борборунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алдык. Чуркап ойноочу маалында эми гана телчигип, чыгырыкка сүйөнүп басканды үйрөнүп жаткан бөбөктөрдү да көрдүк. Бул жашоодо эч бир бөбөк, эч бир адам оорубаса кана?..

Биздин балдар үйүнө көрсөткөн эң чоң жардамыбыз – алардын көйгөйлөрүн чагылдыруу эмеспи. Ал көйгөйлөр мамлекет тарабынан же боорукер адамдар тарабынан жакшы жагына чечилсе кандай жакшы. Ошентсе да «Супер-Инфо» гезити менен Super.kg порталы наристелерге куру кол барган жокпуз.
Көпчүлүк балдар тамак жей алышпайт экен. Баарын блендер аркылуу майдалап, анан тарбиячылар тамактандырып жатышты.
Мамлекет тарабынан ар бир баланын тамак-ашына, дарысына акча бөлүнгөнү менен, балдар үйүн оңдоп-түзөөгө, балдар аянтчаларын курууга каражат бөлүнбөйт. «Бирок кайрымдуу адамдардан жардамдар үзгүлтүксүз келип турат» дешет кызматкерлер.
Балдар үйүнүн бир корпусу учурда урап калуу коркунучунда. Үйдүн пайдубалынан, дубалдарынан жарака кеткендиктен, анда тарбияланып жаткан 2 тайпадагы балдарды башка тайпаларга кошууга аргасыз болушкан. Андыктан тайпадагы балдардын саны чектен ашыкча.

Гүлжан Абдымомунова, педиатр: «БАЛА МАЙЫП ТӨРӨЛСӨ ЭРКЕКТЕР ҮЙ-БҮЛӨСҮН ТАШТАП КЕТИШЕТ»
– Токмоктогу балдар үйү 1950-жылы негизделген. Мен 1987-жылдан бери эмгектенем. Учурда бизде 80 бала тарбияланат, алардын жарымынан ата-энеси баш тартышкан. Калганынын ата-энелери бар, анда-санда келип кабар алып турушат, экөөсү томолой жетим. Балдардын көбү шал оорусу (ДЦП), Даун синдрому, гидроцефалия, микроцефалия менен жабыркайт. Төрөлгөнүнө 10 күн болгондон тарта кабыл алып, 4 жашка чейин тарбиялайбыз. Күндүзгү бөлүм катары оорулуу балдар үчүн атайын тайпа ачылган. Аларды ата-энелери эртең менен саат 8де алып келишип, кечки 5те алып кетишет. Тамак-ашына, караганына акча алынбайт. Андан сырткары жалпысы 5 тайпа бар. Анын бири 1 жашка чейинкилер болсо, 2-тайпада акыл-эси кем, өздөрүн карай албагандар. Аларга тарбиячылар тамак беришет, жуундурушат. Калгандары басышат, сүйлөшөт, тамак жей алышат.
Эгер бала ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип төрөлсө көбүнчө аталар үй-бүлөдөн кетип калат экен. Андай баланы эне жалгыз карай албайт, башка балдарын багуу үчүн иштеши да керек. Ошондуктан бизге алып келип беришет. Аларды 4 жашка чейин карайбыз, андан соң ата-энелери алып кетпесе Беловодск айылындагы балдар үйүнө жиберебиз. Азыр айрымдар балдарын чоң ата, чоң энесине таштап Орусияга иштегени кетип жатышпайбы. Чоң ата, чоң энеси бага албай бизге алып келген учурлар да бар.
Мындай балдар үйүндө бардык эле адам иштей албайт. Иштейбиз деп келишет да, оорулуу балдарды көрүп чыдабай кетип калышат. Учурда Германиядан келген волонтёрлор да иштеп жатышат. Алар балдарды укалоо боюнча иш алып барышууда.

Анаргүл Алымсейитова, социалдык кызматкер: «АТА-ЭНЕСИ ООРУКЧАН 2 БИР ТУУГАНДЫ АЛЫП КЕЛГЕНБИЗ»
– Балдар үйүнө арак ичкен, жетишпеген үй-бүлөнүн балдары да алынып келинет. Ысык-Ата райондук социалдык өнүгүү бөлүмүнүн кызматкерлери бул райондогу айылдардын биринен ден соолугуна коркунуч келген 2 баланы алып келишкен. Булардын туугандарынын бири арыз жазып, «кенедей балдарынын ачка-ток экенин деле сезишпейт. Кайсы убак болбосун таштап кетип калышат. Мурун эжем карачу эле, азыр ал дагы төшөккө жатып калып карай албай калды» деп билдирген. Ата-энеси экөө тең акыл-эс жагынан артта калган адамдар. Балдар жаңы келгенде тамак да жей алышчу эмес, экөө тең арык, араң эле жандары бар болчу.


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Майыптыгы үчүн ата-эне мээриминен чыгып, балдар үйүндө тарбияланып жаткан бөбөктөрдүн жашоо шарты кандай?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aijan06
2018-06-05 17:36:33
Супер инфо макаланын жарымы корунбой калат экен. Телефондон окууганларга кыйынырак болуп атат
+5
salimbek87.kg
2018-06-06 07:54:04
Менда окуй албай койдум
0
ayana16
2018-06-08 03:51:26
Мен да окуй албай койдум.Менде эле десем баары эле окшойт окуй албаган.Супер Инфо ондоп койгула!!!
0
№ 813, 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан