Альбина Нуралиева: “КЫЗЫМ БАСКАНДА ИЧЕГИСИ ТИЗЕГЕ ЧЕЙИН ЧУБАЛЫП КАЛАТ”

Кызы күлсө кошо күлүп, ыйласа кошо ыйлап, ооруса кошо ооруган эне арманын айтып, коомчулуктан жардам сурайт. Альбина Нуралиеванын кызына ичегинин курч бүтөлүп калуусу деген диагноз коюлган. Шекербек кызы Нурпериге 4 ирет операция жасалган, наристени алдыда дагы операция столу күтүп турат...

“ИЧИ ТҮЙҮЛҮП ООРУП, КАН АРАЛАШ ЗАҢДАП ЖИБЕРДИ”
-Жолдошум экөөбүздүн 3 балабыз бар. Экөөбүз тең тигүү цехинде иштечүбүз. Кичүү кызыбыз ооруп жатканына байланыштуу мен үйдө отуруп калдым. Нурпери 2015-жылы төрөлгөн. Төрөлгөндөн кийин бат-баттан ичи катып кала берчү, улуу балдарымдын деле мурда ичи каткандыктан маани деле берген эмесмин. Сокулук районунун Лесное айылында жашайбыз, айылдык ФАПка барсак деле укроп суусун ичиргиле деди, аны ичкен соң кызым жакшы болуп калчу. Ичи катып калганда бир жумада бир клизма жасап баштадым.

8 ай болуп калганда ичи түйүлүп ооруп, кан аралаш заңдап жиберди. Коркуп Бишкек шаардык 3-балдар ооруканасына алып бардык. Врачтар көрүп, “ичегилери бири-бирине жабышып калыптыр. Дароо операция жасабасак, кызыңыз чарчап калат” деп операцияга алып кирип кетишти.

“ЖООН ИЧЕГИСИН СЫРТКА ЧЫГАРЫП КОЮШТУ”
-Операциядан кийин жакшы болуп, үйгө чыгып келгенбиз. Үйгө келгенден кийин куса берди. Врачтарга айтсак “күн ысыкта ушундай болот, жакшы болуп кетет” дешти. 4 айдан кийин ичи томпоюп чыгып калганынан кайра ооруканага бардык. Врачтар “грыжа, эч нерсе болбойт” деп кош көңүл мамиле кылып коюшту. Операция жасалган жери жарылып суу чыга баштаганынан айтсак, “грыжада суу чыга берет” деп коюшкан. Мен бала менен ары-бери чуркай албай калдым, апам келип иштин чоо-жайын териштиргиче 6 сааттай убакыт өтүп кетти. Көрсө, кызымдын ичегиси бүтөлүп, жарылып, заңы ичине жайылып кетиптир, операция жасалган жеринен да чыга баштаптыр. Ал убакытта ичегилери карарып кетиптир. Операция жасалып ичегисинен кесип алып, заң түшө турган аспап коюп жоон ичегисин сыртка чыгарып коюшту. “4-5 ай жакшылап карагыла. Ичегиси өскөндө кайра ичегини киргизип жабабыз” дешти. 5 айдан кийин келсек, кызымдын анализдери жакшы чыгып, операция жасалды. Бирок 1-2 күндөн кийин баягы жери кайра жарылып, кайра операция жасалып ичегисинен дагы кесип алышты. Ошентип 4 ирет операция жасалып, 60 сантиметрдей ичегиси кесилди.

“ООРУСУН ЖЕҢИЛДЕТЕ АЛБАГАНДАН ӨТКӨН ООР НЕРСЕ ЖОК ЭКЕН”
-Кызымдын жоон ичегиси дагы деле сыртка чыгып турат. Ашказанына кирген тамак жоон ичеги аркылуу дароо ошол заң кабыл алгыч баштыгына түшөт. Баштыгын курсагына чаптап коёбуз, ошол жерлери аллергия болуп кызымды ого бетер кууратып жатат. Күн ысыганда аябай кыйналып, ыйлайт. Эми 5-операция жасатышыбыз керек. Бирок өзүбүздүн врачтардан эч кандай кепилдик болбогондон кийин жолдошум экөөбүз акча чогултуп былтыр Москвага барганбыз. Ал жактын врачтары “ичегиси өссүн” дешкен. Түркиянын Стамбул шаарындагы врачтар менен сүйлөшсөк, алар жетпеген жерин өздөрү кошуп беришет экен, бирок 16 миң доллар керектелет. Кызымдын 1 күндүк дарысына 1500 сом кетет, 2 балабыз мектепте. Жолдошум учурда жалгыз иштегендиктен, операция жасатууга каражат чогулта албай жатабыз.

"5 айдан кийин келгиле" дешти эле, 7 ай өтүп кетти. Азыр Нурперинин ичегиси өскөн окшойт, туруп ары-бери басса эле тизесине чейин чубалып чыгып калат, жаткырып туруп кайра салып коёбуз. Кызарып, ачышып ооруйт, кызым ыйлайт... Кызымдын кыйналганын көрүп, бирок оорусун жеңилдете албагандан өткөн оор нерсе жок экен эне үчүн.

Асыл Орозбекова

koom@super_kg

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Асылжан
2018-06-05 09:23:14
Шекербек кызы Нурперинин апасы Альбина Нуралиеванын номери: 0706 876868
+12
Zainidin96
2018-06-05 10:18:04
Аллах шыпаасын берсин сакайып кетсин сабыр кылыныз эже
+5
maks94.kb
2018-06-05 10:20:13
Эл сом номер калтырсанар жакшы болмок эл журт бар бат эле чогулат
Кичине кыздын келинчеги учун аябайбыз
+6
Асылжан
2018-06-05 13:51:39
maks94.kb, жогоруда жаздым, апасынын номеринде Элсом
0
zinagull1996
2018-06-05 10:31:33
Ыйлагым келип кетти. Эй аллахым озун шыпаа бер нурпери деген кызга. Бизде да балдар бар. Кедэ урушабыз. Бирок ушцндайларды корсок журогун ооруйт
+6
fantomas
2018-06-05 11:11:57
Ушул убакка келип жумушуна шалаакылык мамиле кылган бир да врач камала элек. Адам олумуно куноолуу болгон кундо да. Бул кыздын бул абалга келуусуно да врачтар куноолуу, кайдыгер мамиле кылган...

Ошого окшогон врачтарды иштен гана албай, реально камаш керек 2-3 жылга. Ошондо акылдары башына келет. Башкаларга да сабак болот.....
+10
Zarlykbek
2018-06-05 13:17:47
fantomas,Врачтар кантип камалмак эле ишке киргенде олчойгон сумма берип (шапкасы) аны чондору жеп.жегенден кийин "жеген ооз уялат"демекчи анан ушундай шалаакылыктар болгондон кийин эл козуно урушуп согуш берип коет болду кыскасы биягы карганын козун карга чокубайт. Уялбай куноону кайра озуно оодара салганына мен тан калбайм булардын ошон учун каарылардын созу барго "догдурдун бычагына урулганча ажалдын кучагына урулайын" соз коп айта берсен
+2
guli.82
2018-06-05 12:30:58
Ооба кудай ушуларга окшогон врачтардын жазасын бер,боорум ооруп кетти кичинекей Ширин кызга
+1
nurhan2702
2018-06-05 13:45:41
Аллах шыпаасын берсин .Коп тукурсо кол болот элим кайдыгер карабастыр .Орозонун улук кундорундо соопко калабы

Супер инфо !Силерге да рахмат.Элдин койгойун ,кубанычын элге жеткирип турганынарга!Ишинерге ийгилик !!!
0
kutman-kg94
2018-06-05 18:02:22
Шыпасын берсин аллахым
0
Ziregul
2018-06-05 19:37:10
Аллах шыпасын берсин ,кызыныз айыгып кетсин эже
0
Aigerim1982
2018-06-05 21:58:39
Биздин Кыргызстанда ишин мыкты билип аткарган врачтар саналуу гана, башкалары аты эле врач болгону менен оорукчан адамды кыйнагандан башканы билишпейт. Нурпериге албетте жардамыбызды аябайбыз. Бироонун шалаакылыгы менен наристенин жаны кыйналганы аябай аянычтуу
+1
sirke
2018-06-06 03:11:19
Туркия олкосу жыл сайын 100 оорукчанга бекер дарылануу мумкунчулугу бар. Элчиликке барып кайрылып коргуло бирок 50 дой оорукчанды турк тарап, 50 оорукчанды кыргыз тарап тандайт. Силер турк тарап тандасын деп белгилесенер болот болбосо кыргыз тарап ал жагынан дагы акча сорот. Мындай аномалия оорулар учун тажрыйба жана изилдоо учун тандалыып алынышы мумкун.
+1
010288
2018-06-06 12:01:15
Аллахым шыпаасын берип,корбогондой болуп кеткиле.
0
babi92
2018-06-07 03:06:56
Аллахым шыпаасын берсин.Баланын колу канаса эненин журогу канайт.Кызынын ушул ахыбалын коруп эч кандай жардам кыла албаган эженин журогу кантип жатты экен.
0
Bishkek
2018-06-12 03:31:47
Шыпасын берсин Алахым, биздин врачтардын шалдыгынан канча наристе азап тартат, акча менен окууну буткондор. 10 жыл мурдагы врачтар карап туруп Эле билчуу. Кудайм ак халатчандан кызыл шапкачандан алыс кылсын
0
№ 813, 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан