“Келиним сиздерге кайрылып, баянын айткан экен. Мен да өз оюмду айтууну туура көрдүм”,- деп кайрылды Сырга Аликеева аттуу аял. Эске салсак, гезитибиздин мурунку санында Анара Акбаева аттуу келиндин айткан арманын чыгарган элек. Сырга айымдын айтымында, келини Анара жакшы болсо анын колунан ысык чайын ичип отурмак.
“ӨЗҮМ ҮЙҮН ЖЫЙНАП, КИРИН ЖУУП ЖҮРДҮМ”
– 2009-жыл болчу. Тойго эч кандай даярдыгыбыз жок эле. Балам бир күнү келин алып келип калды, экөө мурдатан эле сүйлөшүп жүрүшкөн экен. Мен “балам, даярданып алалы, анан үйлөн. Азыр үйүнө эле алып барып койчу” десем көнбөй койду. Мен Анарага “кызым, мен алгач ата-энең менен таанышайын. Ата-энең жалгыз баламды сотко берем десе эмне кылам?” десем, “менин ата-энем жоош, эч нерсе дешпейт” деп койду. Кошуналарым да келип “үйгө келген бакытты кубалаган болбойт” деп туруп алышты. Ошентип баламды үйлөнтүп койдук.
Балдар үйлөнгөндөн кийин Беловодск айылындагы үйдө чогуу туруп калдык. Куда-кудагыйымдын 7 баласы бар экен, бири каза болуп калыптыр. Келинимдин бир туугандары келип-кетип жатып баламдын тапкан-ташыганы ошолорго кетип жатты. Мага анда-санда эле тыйын ашырат. Коммуналдык кызматтардын баарын өзүм төлөйм. Ошентип 4 жыл чогуу жашадык. Келин болуп келгени колумду узартып кызмат кылып, сыйлаган жок. “Үйдү жыйнап алып анан жат. Каалашыңча кино көрө бер” десем, түнкүсүн мага тынчтык бербей кино көрөт, күндүзү уктайт. Өзүм үйүн жыйнап, кирин жууп жүрдүм. Ошентип 5 жыл чогуу жашаган соң мен да турмушка чыгып, бөлүнүп кеттим.
“УРГАН ЖОКМУН, УРСАМ ӨЛТҮРДҮ ДЕМЕК ЭКЕН”
– Мени сабады деп айтыптыр. Балам Орусияда жүрүп мага телефон чалды “апа, үйдү карап турсаң боло, келиниң арак ичип жатыптыр” деп. “Ай, балээге калам го, койчу, барбай эле коёюн” десем, жолдошум болбой “барып кел” деди. Барсам балдарын сыртынан бекитип коюп өзү жок. Дагы жакшы экинчи ачкыч жанымда болчу. Аны ачып кирдим, келиним кечки 9дарда келгенде “балдарды эмнеге камайсың? Азыр балдар токко урунуп, муздаткычта тоңуп калып жатат. Жолдошуң балдарды сага ишенип таштап чет мамлекетте иштеп жүрөт” деп башынан акырын эле түртүп койдум. Ал болсо апасына чалып “кайненем мени сабап салды” дептир. Урган жокмун, урсам өлтүрдү демек экен.
“БАЛАМДЫН ОРУСИЯДАН АЯЛ АЛГАНЫН КӨРГӨН ЖОКМУН”
– Өзүнчө турганда урушкандыр, бирок баламдын менин көзүмчө келинимди сабаганын көргөн эмесмин. Эч нерсе боло электе төркүнүнө кетип калат, балам болсо “апа, бул эмне кылганың, бизди ушинтип эле уруштура бересиңби?” деп аялынын артынан эле чуркап жүрчү. Анан мен ага “үйдөн эч оокат кылбайт. Эмне эле аялың кетсе кошо кете бересиң? Үйдө эле отуруп калбайсыңбы?” деп айтып урушчумун. Азыр жашаган үйдүн абалын көрсөңөр, менин сарайым таза ага караганда.
Баламдын Орусиядан аял алганын көргөн жокмун. Мен бул жакта турсам кайдан билмек элем? Балам аял алдым деп айтканы Анарадан кантип кутуларын билбей, көңүлү калсын дегени го.
“НЕБЕРЕЛЕРИМДИ ӨЗҮМ АЛЫП, ТУУРА ТАРБИЯ БЕРЕЙИН ДЕГЕМ”
– Неберелеримди өзүм алып, туура тарбия берейин дегем, бирок келиним макул болбой койду. Өзү тарбиясыз болуп өскөнү үчүн мени бир жамандап, ата-энесин бир жамандап жүрөт да. Үйдү өз маңдай терим менен алгам. Балама “мен каза болгондон кийин бул үй сага мурас болуп калат. Көзүм тирүүсүндө бербейм, анткени силерге ишенбейм” дегем. Келинимдин акылы болсо тымпыйып жашап, үйдү басып калмак да. Жалгыз балама бербегенде кимге берет элем үйдү?
Келиним Жалал-Абадга кеткен болчу, балам телефон чалса атасы “Анара эрге тийип кеткен” деп айтыптыр. Анан баламдын деле жини келет да. Мен да жиним келип үйдүн кулпусун алмаштырып салгам. Бир күнү “апа, келе жатам” деп телефон чалды, эрге тийгенин уккан жаным “келе жатсаң ырас болуптур, каттоодон чык” дедим. Ал дароо милицияга кабарлаптыр. Ошондо мен “бул менин үйүм. Эми такыр эле бербейм. Үйдү сатамбы-коёмбу өзүм билем” дедим. Мен деле 5 келин албайм да, жалгыз баламдын аялынын сыйын көрүп, ысык чайын ичип отурганым жакшы эмес беле.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg