Редакциябызга оор турмушун айтып, жардам сурап келгендердин саны көп. Бул ирет өз ден соолугун экинчи орунга жылдырып, балдарынын ден соолугу, келечеги үчүн жан үрөп келе жаткан Назгүл Садыкованын баянына орун бермекчибиз. “Адамдардын баарына каалаарым чың ден соолук. Ден соолук болбосо жашоонун кызыгы болбойт экен. Үй-бүлөбүз менен оорулуу болуп, баарыбыз жашоо үчүн күрөшүп келебиз. Чукул арада кызымдын бөйрөгүн алмаштырыш керек”,- дейт каарманым.
Таң эрте турган Назгүл Садыкова кызы Бегайымды ооруканага алып барганга даярданып жатты. Саат 7де ооруканада болуп калышы керек. Ага чейин үйдөгү балдарына чай даярдап, дарылары барбы же жокпу деп бир сыйра көз жүгүртөт. Бегайымды гемодиализ аппаратына жаткырып коюп, өзү Бишкектеги борбордук мечитти көздөй шашып жөнөдү. Эненин көзүндөгү арман, айласыздык жана коробкага түшкөн тыйындын үнү...
Улуу эжеси каза болгондон кийин Назгүл айым анын уулу Нурсултанды өз балдарына кошуп багып алган. “Ажырашып, 4 балам менен жалгыз калганда да айыл өкмөт "биздин кыз" деп балдарыма жөлөк пул чыгартып берип, колдоо көрсөтүп жатты”,- дейт.
-Айылда жашоо баары бир оор да, балдарымды алып Бишкекке келип, кафелерде идиш жуугуч болуп иштедим. Кызым көнүп калган мектебин, курбу-досторун таштай албай, “мектепти ушул жерден эле бүтөйүнчү” деп Кочкордон кеткиси келбей койду. Кичүү балам да 1-класска бармак. Ошентип балдар үчүн жолдошум менен жарашууга туура келди. Жолдошумдун ичкенин көрүп капа болуп жатып, кайра ооруп калдым. 2017-жылдын февраль айы болчу, Кочкордун дарыгерлери эмнем ооруганын билбей койгонунан, Бишкекке келип дарылана баштадым. Бегайым 10-класста окуп жаткан эле, ооруп калганынан суук тийди деп ойлоп, эч кимге айтпай үйдө жата берип шишип кетиптир. Ичип жүргөн атасы байкабайт да. Кызымдын уюлдук телефону да иштебей калыптыр. Мен ичимден кыжалат болуп, жамандыкты сезгендей кыйнала бердим. Анан кошуна келинге телефон чалдым “үйгө барып карап койчу, баары жакшы бекен?” деп. Ал мага дароо эле телефон чалып “келбесең болбойт, Бегайым ооруп шишип кетиптир” деди.
Мен барып, “Тез жардам” чакыртсак, кан басымы 200гө чейин көтөрүлүп кетиптир. Кочкордун ооруканасында орун жок, Нарынга бардык. Ал жактан кызымдын каны түшүп кеткенин айтып, Бишкекке багыттама жазып беришти. Бишкектеги Жал кичи районунда жайгашкан ооруканага баргандан кийин гана врачтар “эки бөйрөгү тең иштебейт, дароо гемодиализ аппаратына жатышы керек” дешти.
Ошол күндөн баштап Бегайым жумасына 3 ирет гемодиализ аппаратынан канын тазалатып келе жатат. Анын ата-энеси жардам сурап мүмкүн болгон бардык кабинеттин эшигин каккылашкан. Түркиядагы ооруканага барып бекер дарыланууга квота алып, бирок кошумча 1 миллион сом (тамак-ашы, жатакана, жол кире жана башка) каражатты чогулта албай кезегин өткөрүп жиберип, эми кайра башынан кезекке туруп жатканын айтат Назгүл айым.
- Врачтар “кызыңыздын эки бөйрөгү тең 70 пайыздан иштебейт, алмаштыруу керек” дегенден кийин бир топто өзүмө келдим. Ооруканада туура 4 ай жылбай жатты байкуш кызым. Азыр үйгө чыгарып келгенбиз, жумасына 3 жолу гемодиализ алып турат.
Атасы экөөбүз донор болобуз дегенбиз, мени биринчи текшерип “жүрөгүңүз калыптагыдан чоң экен, дарыланганда деле бөйрөгүңүздү алганга болбойт” деп жаратпай коюшту. Жолдошумду текшергенде “өпкөсү жарабайт, кургак учук плеврити” деген диагноз коюлду. Кайнагам текшерилсе анын да өпкөсүндө кара так бар деп жарабай калды. Өзүмдүн инимдикин текшертсек, аныкы 2-топ экен, кызыма 1-топтогу бөйрөк керек. Буларды укканда чындап айлам түгөнүп отуруп калдым. Бир күнү ыйлап отурсам баягы эжемдин баласы Нурсултаным келип “апа, мен берем бөйрөгүмдү” дейт. Балама абдан ыраазы болдум. Аны ооруканага алып келсем, боордун гепатит С дартына чалдыгыптыр. "Создуктурбай дарылагыла" дешти. Эми балам да дарыланып баштады, ага айына 15 миң сомдук дары-дармек кетет экен. Бегайымдан кийинки 9-класста окуп жаткан уулумдун да сол бөйрөгү ооруйт экен. Бир дарттан арыла албай отурсак, минтип бир заматта баарыбыз оорулуу болуп чыга келдик.
Улуулар ооруга каршы күрөшүүнүн айласын издеп жүргөндө, Назгүл Садыкованын мектеп жашындагы балдары жол киреге акча таппай, каралбай калышкан. 9-классты бүтүргөн баласы учурда окуудан чыгып, бир заводго ишке орношуунун айласын издеп жүрөт.
- Азыр кайыр сурап эле жашап калдык. Бир туугандар ар кимиси өзүнүн жашоосун эптеп курап жүрөт. Жолдошум кызы ооруп, өзү кургак учук менен ооруурун билгенден бери арак иче элек. Акыркы айда Бегайымдын кан басымы 220га чейин көтөрүлүп, эки күндүн биринде “Тез жардам” чакыртып жатабыз. Дайыма бирөөнүн көзөмөлү керек. Күндөн-күнгө абалы оорлоп баратканын көрүп жүрөгүм түшөт. Кайрымдуулар жок деп айтпайм, бизге каражат чогултууга мүмкүн деп үмүт берген да элим болду.
Кызым жаңы ооруганда улуу баламды “болгон туугандарга барып эшигин кагып акча сура” деп айылга жибергем. Балам ыйлаган бойдон кеткен. Ал жактан кызымдын Айкөл деген классташы бөйрөгүн алмаштырган экен. Айкөл “бөйрөктү алмаштырбаса кыйнала берет” деп, менин балама кошулуп Калыгул Бай уулу атындагы мектепке кайрымдуулук концертин уюштурушуптур. Ар ишемби сайын мал базар болот да, айыл элинин баары чогулат ошол жерге. Кызымдын, баламдын классташтары баары чогулуп коробка көтөрүп алып элди аралап кайыр сурашкан экен. Баш-аягы 140 миң сомдой акча чогултушуптур. Дароо кызыма банктан эсеп ачып которуп койдук. Өздөрү кичине, жүрөгү тоо ошол балдарга рахмат айтам. Жаш бала деп шагын сындырбай, оорулуу кызым үчүн колдон келген жардамын коробкага салган элге рахмат. Элден жардам күтсө болот экен деген үмүт, кызымды аман алып калам деген ишенич пайда болду менде. Жума сайын эртең менен мен борбордук мечитке, жолдошум дагы башка чоң мечиттерге барып кайыр сурайбыз. Түштөн кийин келип балдардын тамагын жасайм, оорулуу адамдарга бапестеп тамак бериш керек да. Орозодо ооз ачарга жакын кафелерди кыдырып идиш-аягын жууп берип, түнкү 12-1лерде кайра үйгө кайтам. Эки-үч күндөн бери өзүм да ооруп, жанымды бекем тиштеп алып жүрөм. Мен балдарым үчүн оорубашым керек...
Асыл Орозбекова
koom@super.kg