Жайдын аптабында өлкөбүздөн да, чет элден да эс алуучулар Ысык-Көлгө агылышат. Бул жылы кыргыз бермети болгон Ысык-Көлдө эс алуу канчага турат? Бул маалымдама, окурман, сиз үчүн.
ЖОЛ КИРЕ БААЛАРЫ
УНАА
Бишкек–Ысык-Көл каттамы боюнча жол кире баалары (Бишкектеги батыш автобекетинин тарифтеринин негизинде 1 адамга) Бишкек–Балыкчы
Такси – 300 сом
Кичи автобус – 200 сом
Автобус – 180-200 сом
Бишкек–Каракол
Такси – 700 сом
Кичи автобус – 350 сом
Автобус – 350 сом
Бишкек–Кажы-Сай
Такси – 500 сом
Кичи автобус – 280 сом
Автобус – 200-220 сом
Бишкек–Чолпон-Ата
Такси – 500 сом
Кичи автобус – 280 сом
Автобус – 220-230 сомУЧАК
Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропортунан.
Ош–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Ош аба каттамдары шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү учат. 2018-жылдын 29-июнунан тартып 1 аптада 3 рейстен каттайт. Билет баасы бир багытка болжол менен 3600 сом.
Алматы–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Алматы аба каттамы дүйшөмбү, жума күндөрү учат. 2018-жылдын 29-июнунан тартып 1 аптада 2 рейстен каттайт. Билет баасы бир багытка болжол менен 16 700 сомдон жогору.
Ташкент–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Ташкент аба каттамы 2018-жылдын 29-июнунан тартып 1 аптада 2 рейс каттайт. Баасы эми такталат.
Новосибирск–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Новосибирск аба каттамы 2018-жылдын 7-июлунан тартып 1 аптада 2 рейс каттайт. Болжол менен билет баасы бир багытка 9500 сомдун тегерегинде болот.ПОЕЗД
Бишкек–Балыкчы каттамы. 2018-жылдын 16-июнунан 29-июлуна чейин каттоочу күндөрү: жума, ишемби, жекшемби. 2018-жылдын 10-сентябрына чейин күн сайын жүрөт.
Жөнөө убактысы – Бишкектен эртең менен саат 06:25те.
Билет баасы – чоңдор үчүн 69 сом, балдар үчүн (5-10 жаш) 34 сом.
КӨҢҮЛ АЧУУНУН БААЛАРЫ
Стол тенниси – 150 сомдон жогору (саатына)
Бильярд – 150-200 сом (саатына)
Караоке – 30-50 сом (бир ырга)
Кинозал – 300 сомдон жогору (1 кишиге)
Концерт – 300 сомдон жогору (1 кишиге)
Дискотека – 200-400 сомдон жогору (1 кишиге)
Карусель – 150-200 сомдон жогору (15 мүнөт)
Велосипед – 200 сом (саатына)
Бассейн жана машыгуу залы – 200 сомдон жогору (саатына)
Сауна – 150-200 сом (1 кишиге)
Массаж – 500 сомдон жогору
Кайык – 100-150 сом (саатына)
Банан – 150-200 сомдун тегереги (1 кишиге)
Скутер – 500 сом (5 мүнөткө)
Парашют – 1500-2000 сомдон жогору (1 кишиге, 1 жолку учууга)
Катамаран – 200 сом (саатына)
Теплоход – 500 сомго чейин (1 кишиге, саатына)
Парустуу яхта – 2000 сомдон жогору (саатына, 1 кишиге)
Канымжан Усупбекова, Гүлжамал Абылкасымова