ИЗДЕЙМ СЕНИ. «УУЛУМДУ 10 ЖЫЛДАН БЕРИ ИЗДЕП КЕЛЕМ»

– Уулум Исламов Замирбек Кусеиновичти издейм. Ал 1972-жылдын 29-декабрында Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. 2008-жылдын декабрь айынан бери дайынсыз. Ошол кезде Токмоктогу мечитте иштеп жатам деп айткан. Издеп Токмок, Бишкектин мечиттеринен таппай койдум. Же өлгөнү, же тирүүсү белгисиз. Уулум тууралуу маалымат билгендер болсо, байланышып коюуңуздарды суранам.

Апасы Бермет Куанышева,

тел.: 0771 85 22 17, 0702 79 01 54



«2017-ЖЫЛЫ ҮЙҮНӨН ЧЫГЫП КЕТИП, КАЙТКАН ЭМЕС»

– 1993-жылы 2-майда туулган Шергазы Досмат уулу изделет. Ал 2017-жылдын 1-октябрында Сокулук районунун Манас айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бою 170-175 сантиметр, арыкчырай, кара кыска чачтуу, кашы коюу жана кара. Кимдир бирөө бул жигит тууралуу кандайдыр бир маалымат билген болсо, кабар берип коюуңуздарды өтүнөбүз.

Тел.: 0707 43 41 70, 0558 86 14 86



«КУРСТАШТАРЫМДЫ САГЫНДЫМ»

– Кайдасыңар, курсташтарым? 30 жыл мурда, 1988-жылы Токмоктогу медициналык окуу жайды чогуу бүтүргөн Елена Зотова, Елена Мыльникова, Замира Ниязалиева, Майрам Айтикеева, Эдиса Чотолаева, Доктуркүл Токчулукова жана башка бардык курсташтарымды сагындым. Жылдар өткөндөн кийин да жолугуп турабыз деп бири-бирибизге сөз бергенибиз эсиңердеби? Жолугуп, өткөн күндөрдү эстеп, чер жаза сүйлөшүп отуралы. Байланышкыла. Силерди күтөм.

Ысык-Көл облусунун Темир айылынан курсташыңар Гүлмира Токталиева (Тосико),

тел.: 0703 83 29 58

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.

ЭСКЕРТҮҮ! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.

Байланыш телефону:
(0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан