АБИТУРИЕНТКЕ КЕҢЕШ. КАНДАЙ КЕСИП ТАНДОО КЕРЕК?

Учурда мектепти бүтүп, ар кайсы окуу жайдын эшигин каккылап жүргөн абитуриенттерди көп көрүүгө болот. Айрымдары өзүнө жаккан кесипти тандаса, кээ бири тааныш-билиштикке карап, республикалык тесттин жыйынтыгына таянып, кыскасы, шартка жараша билим алууга бет алгандар. Кесипти туура тандап жатасыңбы, алдыңкы 5-6 жылда ата-энеңдин каражатын туура жумшаганы жатасыңбы? Жашоодо ордун таап калган кыргыздын билимдүү, илимдүү адистери менен биргеликте абитуриентке кесип тандоо боюнча кеңештерди иштеп чыктык.

Эркин Рыскулбеков, алпаруучу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетин аяктаган: «ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯДАН АРТТА КАЛБАГЫЛА»

– Өзүм бүгүн абитуриенттерге алтын сертификат тапшыруу аземин алып бардым. Кыргызстан боюнча 65 абитуриент алтын сертификатка ээ болушту. Жаңы, кооз аталыштагы кесиптерди же бирөөнүн сунушу менен эмес, жүрөккө жакын кесипти тандаган туура. Студент болгондо бир гана окуу менен алек болбостон ар түрдүү ийримдерге катышкыла, колдон келишинче тил үйрөнгүлө дегим келет. Студенттик кез бир келет. Ошондуктан акыл менен эс алууну да унутпаш керек. Студенттик кез бүтүп, иштей баштагандан тарта «жумуш, жумуш» деп чуркап жүрүп эс алууга чама келбей калат. Азыр ойлосом, эс алуучу убактымды иштеп өткөрүп жибериптирмин. Дагы бир кеңешим же мен кетирген ката. Жаңы инновацияларды, жаңы технологияны үйрөнүшсүн. Себеби бүгүнкү заман техниканын заманы.

Азамат Аттокуров, экономист, Москвадагы Мамлекеттик башкаруу университетин бүтүргөн: «БИЗДЕ ЖАКШЫ КАДР ДАЯРДАГАН АШЫП КЕТСЕ 2 ОКУУ ЖАЙ БАР»

– Ар бир абитуриент «менин эң жакшы көргөн жумушум эмне? Мен эмне кылганды жакшы көрөм? Дүйнөдө кайсы кесиптерге зарылчылык көп?» деген суроолор менен баш катырып, терең ойлонушу керек. Мисалы, азыр 1-орунда IT адистигине суроо-талап жогору. Экинчи орунда медиктер турат. Андан кийин химик-биологдор, экологдор, инженерлер, тамак-аш технологдору, долбоор менен иштеген менеджерлер учурдун жакшы кесиби болуп саналууда. Кыргызстанда иштейм десе мамлекет менен байланышкан кесипти тандабай эле коюшса дейм. Себеби айлык аз, ошондуктан коррупция абдан чоң.

Чет тилдерин жакшы окуп, бул жерден билим алгандан кийин чет өлкөлүк башка окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Биздеги билим берүү системи өнүккөн өлкөлөрдөгү окуу жайлар менен эч качан атаандаша албайт. Менин көз карашымда, бизде жакшы кадр даярдаган ашып кетсе 2 окуу жай бар.

Нурзат Токтосунова, алпаруучу, Ататүрк-Ала-Тоо университетин аяктаган: «ӨЗҮҢ СҮЙГӨН КЕСИПТЕН ГАНА КӨП АКЧА ТАБАСЫҢ»

– Кесип тандоо канчалык оор экенин сезип турам. 11-классты бүтүп жатканда мен дагы көп ойлонгом. Азыр «мына бул кесиптерге барсаң көп акча табасың» дегендер жаңылышат. Өзүң сүйгөн кесипти гана чын ыкластан аткарсаң, анын өтөсүнө чыгасың. Ошондо гана көп акча келет. Абитуриенттерге айтарым, кайсы окуу жайга, кайсы факультетке тапшырба, 1-күндөн тарта жакшы оку. Кыргыз коому азыр чыныгы профессионалдарга аябай муктаж. Акыркы жылдары жаңы кесиптер көбөйүп жатат, аларды да байкап көрүшсүн. Эң биринчиден, жалпы республикалык тесттин баллы кайсы окууга жетип жатса, ошону окуганы деле оң. Канчалык көп окусаң, ошончолук дүйнө таанымың өсөт. Эгер биринчи тапшырган окууң ата-энеңдин багыты же тесттин жыйынтыгы менен болсо, экинчи окууңду өзүң жүрөгүң менен танда.

Аида Касмалиева, Жогорку Кеңештин депутаты, БГУну аяктаган: «ӨЗҮҢӨРДҮ ЭЧ КАЧАН ЧЕКТЕБЕГИЛЕ»

– Менин кеңешим, ар бир бүтүрүүчү алдыга чоң максат коюш керек. Өзүңөрдү эч качан чектебегиле. Канчалык чоң максат койсоңор, ошончолук көп нерсеге жетишесиңер. Мен айтчу кеңештер кайсы убак болбосун өзүнүн керектүүлүгүн жоготпойт. Адамдын өзүнө ишенүүсү, талбай эмгектенүү, билимге умтулуу жана жөнөкөйлүк. Азыркы заманда мүмкүнчүлүктөр көп. Көбүрөөк саякаттоого, эл-жер көрүүгө умтулуу адамдын деңгээлин өстүрөт. Тил үйрөнсөңөр, сөзсүз майнап чыгат. Мен жашоомдо бирөөнүн колдоосуна таянган жокмун. Жакшы кыялданып, аракет кыла берсең эле айланаңдагылар сени сөзсүз байкайт.

Акылбек Жамангулов, Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз-Орус Славян университетин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны, ТИМге караштуу Дипломатиялык академияны аяктаган: «ЭЧ КАЧАН ЖАШМЫН ДЕБЕШ КЕРЕК»

– Алтын медаль, кызыл диплом менен бүтсө эле баары идеалдуу болуп кетет дегенден алысмын. Азыркы 20 жаштагы баланын амбициясын уксаңыз, "окуйм, үй-бүлөмдү багам, бизнес ачам" дейт. "Артка жол жок" деп, ушундай амбиция менен алдыга гана умтулуу туура. Айрымдар "азыр жашмын" деп максаттарын артка жылдырышы мүмкүн. Жаштыктын деми менен көп иш баштаса болот. Быйыл 24 абитуриентти Орусияга, Түркияга, Кытайга гранттык негизде акысыз окууга жибердим. Алар жакшы окуган, бирок жогорку билим алууга шарты жок же ата-энесиз улан-кыздар. Жол кире өңдүү алгачкы чыгымдарын өз моюнума алгам.

Санжар Мыкыев, тамада, Ататүрк-Ала-Тоо университетин аяктаган: «ОКУУ МЕНЕН ЧОГУУ БИР НЕЧЕ ИШ МЕНЕН АЛЕКТЕН»

– Абитуриент алгач жашоодо эмнеге жетишкиси келет, ошону өзү үчүн иликтеп, изилдеп, чечмелеп алышы керек. Анткени өзү тандаган кесип менен кийин күнү-түнү жашайт. Өзү тандаган жолдогу мыкты инсан болууну максат кылыш керек. Айырмасы жок, бул социалдык тармакпы же илимий тармакпы. Эң башкысы, ошол жолду туура тандап туруп, майын чыгара окуш керек. Жогорку окуу жайларына мектептегидей мамиле кыла беришкендери жалкоолук. Мен Ататүрк-Ала-Тоо университетинде окуп, программист адистигин алып чыккам. Азыр башка тармакта иш кылып жатсам да, өз кесибим менен ар түрдүү долбоорлордо иштеп жатам. Университетте окуп жүргөндө эле көп иш менен алектенчүбүз. Ошолордун ичинен кайсынысы сага жакын аны убакыт өзү көрсөтүп коёт. Кесип тандоодо популярдуу кесипти тандоонун кереги жок. Анткени жыл сайын канчалаган адам финансы адистигин алып чыгышат. Алардын канчасы жумушсуз жүрүшөт. Азыр мурункудай бирөөнүн колунда иштөө пайдасыз. Ар ким өзүнүн ишин ачып, ишкерлик кылууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Руслан Акун, кинорежиссёр, БААУну аяктаган: «ЖҮРӨГҮҢӨ ЖАКЫН КЕСИПТИ ТАНДА»

– Бизде кесип тандоодо жаңылыштык көп болот деп ойлойм. Анткени ата-эне баласынын оюнан өзүнүн оюн бийик коюп, «тиякка, биякка бар» дешип багыттама беришет. Ал туура эмес. Бала ата-энеси чийип берген жол менен барып окуган күндө деле ал диплом менен иштебейт. Абитуриент эң негизгиси жан дүйнөсүнө, жүрөгүнө жакын кесипти тандаса эч качан адашпайт. Анткени ал кесипти өмүр бою сүйүп, артынан сая түшүп иштей берет. Өзүңөр билгендей, иштеген тиштейт.

Бакыт Осмонканов, актёр, сценарист, Кыргызстан эл аралык университетин бүтүргөн: «ТУУРА ЭМЕС КЕСИПТИ ТАНДАП ӨКҮНҮП КАЛГАМ»

– Мен 3 окуу жайын бүтүргөм. Бирок өкүнүп калдым, анткени туура эмес кесипти тандаптырмын. Мен абитуриент болгондо элдин баары ызы-чуу болуп экономист, юрист болуп жатышкан. Ошол толкундун артынан мен дагы алардын катарына кошулуп калгам. Абитуриенттерге айтарым, жакшы көргөн, жүрөгүңөргө жакын кесипти тандагыла. Болбосо 5 жыл убактыңар жөн эле кетет. Керек болсо бир жыл өзүңөргө эмне жагат, эмне жакпайт иликтегиле.


Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
monster_high_98
2018-07-10 12:28:23
Нурзат Токтосуновага кошулам"Озун суйгон кесиптен Гана коп акча табасын!"
+3
Siren90
2018-07-10 18:25:17
Мен да кесип тандоодо жанылгам, андыктан озундун журогуно жакын, ырахат ала тургандай кесип тандоо керек экенин кийин билдим...
+3
Snejana
2018-07-10 18:55:56
Мага озумдун кесибим жагат. Биринчи туура эмес кесип тандаганымды сездим. Кийин озумдун суйгон кесибимди уланттым. Окуш керек. Билим болсо, кыялдар орундалат. Жашоодо кыйналбайсын.
0
Ferdews
2018-07-11 13:17:32
Урматту бутуручулор силерге келечекке карай чон жоол!эсинерде болсун кыялдар орундалат!Созсуз турдо орундалат!Ошондуктан окуунар ортолоп калганда Оруссияга кетип калбай,койгон максаттарынарга жеткиле!
+1
Zebi.asylbekova
2018-07-11 16:32:30
КУУну буткондордон деле интервью алып койсонуздар болмок экен
Ал эми мен туризм тармагын тандаганыма эч окунбойм
0
kadam
2018-07-14 16:08:28
Жаштарга сунуш кылат элем. Нефти-газ,тоо-кен геология адистиги б-ча окугула.Айлыгы абдан жакшы, өмүр бою кор болбой адамча жашайсың.
0
saat1200
2018-07-14 17:00:50
Уф, кайсы окуу жайга барба коррупция. Биз Алайдан Бишкекке барганбыз. Тесттин жыйынтыгына карабайт. Мет.коллеж 2000 $. Бербесең экзаменден жыгыласын окуй албадык.
0
PeRa
2018-07-15 02:26:08
saat1200,мед.колледжди туура эмес жазсан окуй
албайсын албетте, мугалимдер жакшы окугандардан акча сурабайт.
0
saat1200
2018-07-15 04:15:59
PeRa, мен Кыргызстанда жок параны жазып алыпмын. Кечир туура жазганды үйрөнүп анан тапшырайын ээ.
0
sirenaaaaa
2018-07-16 12:02:21
Кыздар уйбулолук жашоо менен айкалыштыра иштеген кесип тандаса жакшы. Семьяга, балдарына да жакын болосун, озун тарбия бересин дегендей. Акча тапканына суйунбо. Негизи ошол нерсе сага ырахат тартууласын.
0
№ 818, 6-июль -12-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан