Эгем Назарбеков, 1-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран: «МАЙЫПМЫН ДЕП ЖАТЫП АЛСАМ ЧОҢ КҮНӨӨГӨ БАТКАН БОЛОМ»

Каарманыбызга жолугуу үчүн барып, көп кабаттуу үйдөгү батирдин эшигин ачканда эле дары-дармектин жыты келди. Күңүрт, бирок таза, тыкан бөлмө. Ашканада столдо катырылган нан салынып турду. «Нан көпкө жетиши үчүн катырып коём, ооз тийиңиз»,- деген Эгем Назарбеков менен маектешип жатып эркинин күчтүүлүгүнө баа берип отурдум.

«КАН АЙЛАНУУ ЖАКШЫ ЖҮРБӨЙ, СОЛ БУТУМ ИРИҢДЕП КЕТИПТИР»

«Эл оозунда макталып,

Сооп иштерди жасаңыз.

Адал менен арамды

Айырмалап жашаңыз».

Сөзүн ушундай ыр саптары менен баштаган каарманыбыз башынан өткөн оор тагдырын баяндап берди:

– 1962-жылы Алланын буйругу менен тубаса майып болуп төрөлгөн экем. Ага кошул-ташыл болуп бешикте жаткан убагымда айылдагы кемпир-кесектер «далысына кан уюп калды, чыгарабыз» деп ырымдап далымды тилип, анан оң бутумду сол далымды, сол бутумду оң далымды көздөй чоюшуптур. Төрөлгөндөн эки бутум тең бүгүлбөйт эле, тигинтип бутумду чоюшканда сол жамбашым чыгып кетип, сөөгү туура эмес бүтүп калыптыр.

Сол жак бутумдун согончогу өспөй калган, манжалар турган бөлүгүнө таянып басам. Баягы жамбашым чыгып, туура эмес өсүп калгандан кан жакшы айланбай, сол бутум тизеден ылдый ириңдеп кетиптир. Сыздап күнү-түнү ооруп чыдатпай калганынан ооруканага барсам, врачтар флегмона деген диагноз коюшту. «Эгер ириң сөөккө жеткен болсо бутуңузду кескенге туура келет» дешти, «такыр эле мүңкүрөп төшөккө байланып калам, башка айласын табыңыз» деп врачтардан сурандым. Ошентип бутумдагы ириң толугу менен алынбай жатып 4 ирет операция жасашты. «Бутуңузга күч келтирбей жатыңыз» дешет, кайдан, мен деле жан сакташым керек, нан табышым керек да.

Сол колум оозума жетет, андан ары көтөрүлбөйт. Оң колум такыр эле көтөрүлбөйт, анткени чыканактан ылдый ириңдеп кетип, бул колума да операция жасалган.

Сөз менен айтканда кыска аралыкта болуп өткөн окуядай, оорудай сезилиши мүмкүн, бирок төрөлгөндөн бери эле оору мени коштоп келе жатат. Сөөктөрүм күнү-түнү сыздатып ооруйт, аба ырайы алмашканда кыйналганымды айтпаңыз. Дайыма ооруну басаңдатуучу дары-дармек менен жүрөм. Болбосо жаным көзүмө көрүнүп калат. Бирок бул да болсо Кудайдын сыноосу да, майыпмын деп жатып алсам чоң күнөөгө баткан болом. Андыктан ооруга баш ийбей, жашоо үчүн күрөшүп келе жатам.

«АПАМ 15 БАЛА ТӨРӨГӨН ЭКЕН, АНЫН АЛТООСУ ГАНА ЖАШАП КЕТИПТИРБИЗ»

– Эгер менин баянымды зерикпей окуп жаткан болсоңуз, сиздерди бала чагыма жетелейин... Балалыгым Тажикстандын Жерге-Талында өттү, ошол жакта жарык дүйнөгө келип, 15 жашка чейин айылда болдум. Ата-энем жөнөкөй адамдар, 6 бир тууганбыз. Апам 15 бала төрөгөн экен, алардын ичинен алтоосу гана жашап кетиптирбиз. Атам музыкалык аспаптарды, кол өнөрчүлүккө керектүү буюмдарды жасаган уста, качан болсо да олжолуу келген мергенчи, талаа иштеринде мыкты дыйкан эле. Үй-бүлөмдү багам деп жүрүп биз менен жай отуруп сырдашкан деле күнүн эстебейм. Келип тамак ичип алып эле үйдөн чыгып кетчү. Атамдын көзү өтүп кеткен. Апам болсо өмүр бою балдарынын түйшүгүнө байланып үйдө отурду. Учурда инимдин колунда, айылда жашайт.

«15 ЖЫЛГА ЖАКЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА ОКУДУМ»

– Эми билимге умтулганым боюнча айтып берейин... Ден соолугум чектелүү болсо да кичинемден билимге суусаган бала болдум, мектепте жалаң «5ке» окуп, класском элем. Анан 9-классты бүткөндөн кийин Бишкекке келип, Финансы-экономикалык техникумуна тапшырдым. Анткени атам «балам, абалың мындай болгондон кийин сен кара жумушка жарабайсың. Андыктан калем менен нан тапчу адистикке оку» деди. Техникумду жакшы окуп бүтүрүп, Жерге-Талга барып эсепчи болуп иштеп калдым. Бирок айылдан «сен майып экенсиң, бизге талаага чыгып иштегендерге гана жумуш бар» деп бетиме эле айтышты. Биздей адамдар баарын жүрөгүнө жакын кабыл алышат эмеспи, ал сөздү көтөрө албай кыйналдым. Менин абалымды ойлоп, бир туугандарым бири-биринин эски-уску, жыртык кийимдерин кийишсе, мага дайыма кийимдин жаңысын, оюнчуктун жакшысын алып беришер эле. Анан бейтааныш адамдар орой мамиле кылса бат сынып калат экен киши, билимимди улантам деп кетип калдым. Тажикстандын борбору Душанбедеги мамлекеттик университеттин экономика факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктадым. Айылдык мектепке барсам башталгыч класстардын мугалими кылып жумушка алышты, бирок көп өтпөй «билимиңиз мектеп программасына туура келбейт» дешти. Ошентип кайра жумушу жок калдым. Анан Ош МУнун журналистика факультетине тапшырдым. Окууну бүткөндөн кийин жакшы окуган студенттерди окуу жайга алып калышат го, мени да ошентип алып калышты. Ал жакта 2 жыл иштеп калдым. Анан бир туугандарымдын баары Бишкекке келип, мен да ал жакка бардым. И.Арабаев атындагы Мамлекеттик университетке барсам «окууну таштабай аспирантурага тапшыр, сага иш ордун берели» дешти. Окуюн десем бир туугандарым «өмүрүңдү окуп жүрүп өткөрүп жибересиңби? Болду токтот, сени биз эле багып алабыз» деп каршы болуп коюшту. Ошентип 15 жылга жакын жогорку окуу жайларында окудум.

«АЯЛЫМ ЭКӨӨБҮЗ ЧООЧУН ЭЛЕК, ЧООЧУН БОЙДОН КАЛАЛЫ ДЕП ЧЕЧТИК»

– Эми, окурман, жалгыздык тууралуу кеп салайын... Бир тууган бир үйдө турганда бир тууган экен. Качан бири үйлөнүп, бири турмушка чыкканда ал уя бузулат тура. Биз 1 кыз, 5 эркекпиз. Эң улуусу мугалим, калгандарынын баары иштебейт. Карындашым үй-бүлөсү менен айылда турат. Жумушу жок, анан ден соолугу чектелген адамды ким батырсын? Эркек бир туугандарымдын үйүнө барсам келиндер мурун чүйүрөт, карындашымдыкына барсам күйөө бала тууган-уругуна эмне дейт деп ашка жүк, башка жүк болгум келбейт. Анын үстүнө ар кимиси өз арабасын араң тартып жүрөт.

Ата-энем бир кезде мени да үйлөндүрүшкөн. Буга боло берет дештиби же майып адамды ким карайт дештиби, айтор, акыл-эси жетик эмес аял алдым. Мен көптү көрүп, окуп психолог болуп калдым окшойт, адамдар менен бир сүйлөшүп эле мен жөнүндө кандай ойдо экендигин биле алам. Алган жарым менен бир столдо отуруп чай ичкенде жарытылуу сөз таап сүйлөшө албадык, бири-бирибизге эркелеше албадык. Аялым экөөбүз чоочун элек, чоочун бойдон калалы деп чечтик. Кийин дагы бир кыз менен тааныштырышты, бир сүйлөшүп эле жактырышпадык, андыктан баш кошкон жокпуз. Майып адамдар менен жашоо оор, түшүнөм. Бирок биз да чын дилинен берилген, жакшы көргөн адам менен жашагыбыз келет, бирөөгө түрткүнчүк болбой.

Кубансам да, кайгырсам да аны кагаз бетине ыр түрүндө чагылдырам. Тааныштардын жардамы менен биринчи ыр китебим басылып чыккан. Азыр экинчи китебимдин үстүнөн иштеп жатам.

«АР ЖУМА САЙЫН МЕЧИТТИН АЛДЫНА БАРЫП КАЙЫР СУРАЙМ»

– Эми учурдагы жашоомо келели... Бишкекте батирде турам. Арзаныраак жер үйгө чыгайын десем шарты жок болуп кыйналам. Андыктан шарты бар көп кабаттуу үйдө турам, өзүм тамак жасайм, өзүм жуунам, өзүм жашайм... Күнү-түнү дары-дармексиз жүрбөйм дебедимби, ага кошумча тамак-аш да керек. Каражат маселесине келсем, 1-топтогу майыптыгым үчүн жөлөк пул алам. Андан сырткары Аламүдүн-1 кичи районундагы «Чынар» базарында банан сатып иштечүмүн. Бул өсүмдүгүң өтө назик келет экен, бир аз күн ысыса карарып эзилип кетет, суук болсо тоңуп калат. Фирмадан алып келип таштап кетишет да, банан өтөбү, өтпөйбү алардын иши жок, акчасын бериш керек. 1-2 күндө 100-200 сом акча түшсө түшөт, болбосо жок.

Кайрымдуу адамдар бар экени кубандырат, ошол базарда иштегендердин баары мени тааныйт, жардам берип турушат. Бир таанышым «каршы болбосоң мечиттин алдына барып тур, дени соо адамдар деле кайыр сурап турушат» дегенинен барып алып аябай кызыктай болдум, уялдым, бир чети ушундай абалга түшүп калганыма күлкүм келди. Адамдар чыгып абалымды көрүп акча сала башташты. Кийин көнүп кеттим, азыр ар жума сайын мечиттин алдына барып кайыр сурайм.

Банандан пайда таппай калганда базардын жетекчилигине «эгер мени тоскоолдук жаратпайт десеңер, коробка коюп алып базардын бир четине отуруп кайыр сурайын» деп бардым. Жетекчилик деле менин абалымды көрүп турат да, каршы болгон жок. Күн суукта такыр эле ооруп баса албай калам, күн ысыкта да кыйналам. Андыктан азыр базарга кечки 5терде гана чыгам, мээрими түшкөнү берет, бербегенине капаланбайм. Түз жерлерде эле акырындан таяктын жардамы менен жылып баспасам, узакка баса албайм. Бирок нан жешим керек, Кудай канча өмүр берет билбейм, ошол өмүрдө эч кимге көз каранды болбой жанымды баксам дейм...


Асыл Орозбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Менде толо мээрим бар. Кимге төгөм?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
monster_high_98
2018-07-24 11:10:44
Шугур кылалы,12мучобуз соо, жегенге тамак бар!Анан да байкенин номери жазылыптыр,колубуздан келгенибиз жардам берели аз болсо да
+9
dobrajelatel
2018-07-24 16:04:16
Аллахым сабр, шыпаа берсин. Эрки кучтуу экен. Эч сынбаса экен. Эч ким оорубасынчы.
+2
tokitok
2018-07-25 11:43:20
Аллахым жардам берсин.
ушул байкеге абдан окшогон бирок ыссыкколдун покровкасында турган дагы бир байке бар эле. Бул Ошол байке эмес болду бекен???
0
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан