Султан Каназаров, журналист: «УЛАНБЕК ЭГИЗБАЕВ ДАЙЫМА АЛСЫЗДАРДЫН ТАРАБЫНДА ЭЛЕ»

22-июль. “Жигит өлбөс болсочу...” деген социалдык тармактардагы адамдын жүрөгүн үшүткөн шектүү жазуулар көпчүлүктүн жүрөгүн болк эттирди. Аз өтпөй эле “Азаттыктын” белгилүү журналисти Уланбек Эгизбев Ысык-Көлдө эс алып жүрүп сууга чөгүп каза болуптур” деген суук кабар желдей тарады. Болгону 28 жаш. Уланбектин артында каңырыгы түтөгөн калайык калкы, ботодой боздогон ата-энеси, ага-тууганы, өмүрлүк жары жана ата мээримине бөлөнүүгө жетишпей калган курсактагы наристеси кала берди...

ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ

Уланбек Эгизбаев каза болордон бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Ал билдирүүнү улай “бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн” деген комментарийлер жазылган. Кырсыктан кийин маркумдун жакын досу, тележурналист Каниет Жыргалбеков: “Мен Уландын жакын адамы катары эксперттерге кошулуп өлүкканага кирип, анын сөөгүнө алгачкы медициналык текшерүү өткөрүүгө баштан-аяк катыштым. “Анын денесинде жаракаттын белгилери жок” деген маалымат жалган. Мен анын денесин бүт карап чыктым. Буттарында көк ала тактар бар экен”,- деп билдирүү таратты. Натыйжада “бул кырсык эмеспи?” деген шек саноо күчөдү. Ал эми Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору "маркумдун денесинде жаракаттын белгилери жок болгон үчүн анын өлүмүнүн себеби сууга чөгүү болушу мүмкүн" деп билдирди. Ошондой эле Ички иштер министрлиги журналисттин өлүмүн өз көзөмөлүнө аларын жана аягына чейин иликтенерин убада кылды.

Уланбекти жакындары, кесиптештери эскеришет.

Фархат Сариев, бир тууган таякеси:

– Улан жездем менен эжемдин жалгыз уулу болсо дагы эркелетпей, чынчыл, жөнөкөй кылып тарбиялашты. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” болуп коомдогу ыплас иштерге каршы турам деп жаштыгына карабай маанилүү, чоң маселелерди көтөрдү. Өтө өкүнүчтүүсү – ошолордун түбүнө жетпей он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе арабыздан кеткени. Өзгөчө эжем менен жездеме оор мүшкүл болду. Уландын өлө турган мезгили эмес, иштей турган, балалуу боло турган мезгили эле. Улан, Уланбайым, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!

Каниет Жыргалбеков, жакын досу:

– Уланбек, байлык, бийлик деген эмне экенин билчү эмес, эл менен болом деп маршруткада жүрөт эле! 2020-жылга чейин бардык коррупционерди каматып, 2020-жылы депутат болуп, эл тараптагы жалгыз депутат болуп өлкөнү өнүктүрөм дечү! Уландай таза адам жок, өлкөнүн өнүгүшүнөн эми үмүт деле кылбайм! Ар бир министр, депутат баары эл үчүн эмес, андан коркконунан эле иштечү!

Айзада Касмалиева, “Азаттык” үналгысынын Кыргыз редакциясынын жетекчиси:

– Улан өзү “тирүүсүндө барктабай, өлгөндөн кийин мактаганга машпыз” деп билдирүү жазгандай, тирүүсүндө жумуштун ыргагы менен жүрө бериптирбиз. Азыр Уланга канча жылуу сөз айттым экен, эмне деп мактадым экен деп ойлоп жатам. Улан башкача жаралган, баатыр, эч нерседен тайманбаган эр жүрөк жигит болчу. Анан Көлгө барып сууга чөгүп өлүп калат деген нерсе акылга сыйбай, ички туюмум да бул нерсени кабыл албай жатат.

Султан Каназаров, кесиптеши:

– Улан дайым алсыздардын, чындыктын, укугу бузулгандардын тарабындагы, элдин ырыскысына кол салгандарга каршы турган журналист эле. Аз жашап калды. Артында калган кесиптештеринин биринчи парзы Улан Эгизбаев атындагы иликтөөчү журналисттердин атайын сыйлыгын уюштуруу деп ойлойм. (Ред.: 25-июлда экс-президент Роза Отунбаева Уланбек Эгизбаевге арнап жазган блогунда Иликтөө журналистикасынын фондун түптөөгө алгачкы салым катары өз пенсиясынан
1 миллион сом бөлгөнүн билдирди).

Улан эгер бир тууганы туура эмес иш кылса, ошону дагы жазып чыга турган инсан эле. Уландын жетекчиси болуп 4 жыл иштедим. Уландын көтөргөн маселелери адамдын оюна келбеген башкача маселелер болчу. Жөнөкөй маселени көтөрсө дагы кызыктуу кылып элге жеткирген журналист эле.

АЗ ЖАНА САЗ ӨМҮР

• Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган.

• 2013-жылы – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.

• 2015-жылы – Бишкек Гуманитардык университетинен саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.

• 2016-жылы – “Кыял” тасмасы үчүн “Webby Awards” сыйлыгына татыган.

• 2018-жылы – Публицист жана жазуучу Кален Сыдыкованын “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болгон.

• "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кабарчысы, "Ыңгайсыз суроолор" телекөрсөтүүсү үчүн бир катар журналисттик иликтөөлөрдү жасап келген. Үй-бүлөлүү.


“Супер-Инфо” гезитинин жамааты Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу ата-энесине, жарына, жакындарына жана "Азаттык" радиосунун жалпы жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жаш Журналист Улан Эгизбаев калың журтту кайгыга салып кете берди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
mukai
2018-07-31 09:48:57
Жаткан жери жайлуу болсун!
+7
monster_high_98
2018-07-31 10:01:32
Инстада азаттыкта видеосу журот,2минутага жетип жетпей чогуп кеткени, башында суу белинен келип ,заматта колу гана корунуп чабалактап калган, журналисттер оздору да текшерип коруптур,биринчи куткарган адам пульсун сезген экен,бирок мед айымы болсо козу антарылганынан эле каза болгонун билгем дейт,мед айымына да шегим бар! Жакшылаап аракеттенсе болбойт беле, скорый болсо жарым саатта аран келген!Келген бош конверттер корустон жетекчисинин адвокатынан болгон!Озунор тушунуп турасынар эмне болгонун!
+17
Elmira8084
2018-08-03 16:43:25
monster_high_98, куткаруучулар да оозунан суу анча коп эмес, кобунчосу ак кобук чыгып атты дегени ууландырылган болушу мумкун деген ой келет мага.
+2
monster_high_98
2018-07-31 10:04:21
Эми болду,мынча куйуп бышканда деле тирилте албайбыз!Жаткан жериниз жайлуу болсун!Бирок олумуно шектуу мыкаачы эки буттуу @йбан турмодо чиримейинче тынч отуруу кыйын!
+10
Journalistgirl
2018-07-31 10:44:41
Чындык деп журуп чырпыктай жаны кыйылды. Озу айтмакчы тируу кезинде барктап, баалай албадык. Эми олтургон айбандардын табылышына ишенбейм. Бизде Улан сыяктуу чындык деп чыркырагандар жокко эсе. Тируусундо коргой албадык жок дегенде маркумга атап куран окуп бейишин сурайлы алладан. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Чынары олсо да чырпыгы калды. Ошого шугур кылалы. Сапаргул аман эсен коз жарып ал. Уландын тукуму узулбосун.(тиги олтургондор эки дуйно жакшылык корбосун,тозоко отун болушсун)
+12
dobrajelatel
2018-07-31 11:29:21
Денис Тен менен Уландын аты козу откондон кийин данкталды, баркталды, аты мурдагыдан да таанылды. Колдо бар алтындын баркы жок деген ушул экен. Улан биз учун легенда бойдон кала берет. Абдан окуномун жаш кетти. Элге окшоп 70-80 жыл жашаса олконун осушуно зор салымын кошмок.
+9
Guli.89
2018-07-31 11:29:26
Чындык деп журуп отуп кетти ..жайы жаннаттан болсун...окуп алып козумо жаш алдым..кайран омур..ошол корустондун Алиев мн Чынгыз деген экоонун эле иши..бир аллах баарын коруп турат..кыныр иш кырк жылда билинет дейт..бул дуйнодо болбосо да аркы дуйнодо жооп бересинер .азабы оор болот..
+9
Guli.89
2018-07-31 11:32:25
Бош конверт жибергендер просто эскертуу берген...анан заказ беришкен
+8
aiturgasha
2018-07-31 14:23:20
Каниеттин берген интервьюсуна ыйлагым келди. Улан 2020 -жылды корбой кете берди аттин...менда ишенбейм эми олконун онугушуно! Дароо буттан чалып, олтуро беришсе ким онуктурот?!
+11
Benazir08
2018-08-01 04:46:24
Улан Эгизбаевдин жаркын элесине арналат.

30 га жашың толо элек,
Ойноп оюунга да тоё элек.
Бала эле бойдон болчусуң,
Сүт оозуңа толо элек.

Элдин баарын ыйлатып, жүрөктү эздиң,
Ушунчалык кыска беле, өмүрүң сенин.
Чыркырап чындык үчүн күрөшөм деп,
Курсактагы балаңды да, көрбөй кеттиң.

Кыргыз элиң, бүгүн турат гүйүнүп,
Жемкорлор турса керек, ичтеринен сүйүнүп.
Жок дегенде дагы 10жыл жашасаң,
Чыгат элең, көп
+10
Benazir08
2018-08-01 04:49:05

Жок дегенде дагы 10жыл жашасаң,
Чыгат элең, көп нерсенин ичинен билегиңди түрүнүп.

Кыргыз элдин жүрөгүндө, Улан деген дак калат,
Эми ким
+6
Benazir08
2018-08-01 04:52:15
Эми кимдер сендей болуп даңкталат.
Жаш болсоң да канча сырдын бетин ачтың,
Улан атың, түбөлүккө өчпөс болуп сакталат.

Алдын алып коркутуп, үркүтүп атып,
Кыйындардын түбүнө жеттиңер го.
Эмне мынча мыкаачы болосуңар,
Жырткычтан да жаман болуп кеттиңер го.

Эми Жанар! этиат бол аччуу чындык сөзүңө,
Көп илинбе жамандарын көзүнө.
Кайда жүрсөң кудай өзү колдосун,
Сак бол эми көз тийбесин өзүңө.
+5
zinza.girl
2018-08-01 10:23:24
Жаткан жери жайлуу болсун! Ким эмне кылса дагы, анын баарын Кудай өзү көрүп тургандыр?!
+5
admin_media
2018-08-02 10:00:37
nuriwka, Гезиттин же порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сунуштар болсо gazeta@super.kg, portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Leili
2018-08-02 14:08:35
Аттин арман дуйно аз жашады бирок саз жашады жаткан жери жайлуу болсун
+4
№ 821, 27-июль -2-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан