Исмаил Мамытовдун атасы: «УУЛУМДАН КӨПТҮ ҮМҮТТӨНЧҮМҮН»

Кесиптешибиз, Sputnik Кыргызстан радиосунун кыргыз бөлүмүнүн жооптуу редактору Исмаил Мамытов 25 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Үйлөнгөнүнө бир ай боло электе жубайын, жакындарын, кесиптештерин күйүткө салып дүйнө салып кеткен Исмаил Мамытовду кесиптештери, жакындары эскеришет. Журналист "Кыздарыбызды аздектейли" аттуу ыр жана эсселер сынагында 2-орунду ээлеген. Ал эми ЖМКлар арасында "Жашыл экономика" форумунун алкагында өткөн сынакта "Мыкты радиоматериал" номинациясы боюнча биринчи орунду алган. Мындан сырткары да бир катар сынактарга катышып, байгелүү орундарды ээлеген.

“БАЛАНЫ ЖОГОТУУ КЫЙЫН ЭКЕН”
“Уулум менин күч-кубатым эле” деп боздойт Исмаилдин атасы. Кырчындай жаш курагында өтүп кеткен уулу менен сыймыктанып жашаганын атасы Осмонбек Абылкасымов мындайча эскерет:

– Исмаилим 5 баламдын экинчиси. Уулум мектепте окуганда эле ар тараптуу болчу. Жакшы окуп, спорт менен машыгып, коомдук иштерге активдүү катышчу. Сынактарга, олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды ээлечү. Культуризм, андан кийин каратэ менен машыкты. Гуманитардык сабактардан да, так илимдерден да жакшы окучу. Кесиби боюнча юрист. Бирок журналистика багытында иштеди. Уулум менен дайыма сыймыктанчумун. Ал да дайыма мени менен кеңешип иш жасачу. Азыр эстесем, анын мага бир нерселерди берилип айтып берип, менден кеңеш сурап жатканы көз алдыма тартылат. Мага арнап “Атама” деген ыр жазган. Эмне менен ооруганын түшүнбөй калдым. 3 ай мурун полиартрит болуп, дарыланган. Анан эле 12-июлда, өзүнүн үйлөнүү тоюнда өзүн жаман сезип, тойдон кийин ооруканага алып бардык. Күнү-түнү жанында болдум. Эки операцияга кирип, 19-июлда экинчисинен чыкпай калды. Андан жарым саат мурда эле врач абалынын жакшы экенин айткан. Мындай болуп кетерин такыр ойлогон жокпуз да. Ичпей, чекпей, спорт менен машыгып жүрсө, ооруйт деп ойлочу эмесмин. Балам тууралуу кабарларды окуганда кыйналып кетип жатам. Балаң жаркылдап жүрүп эле өтүп кетсе жаман экен. Ал менин күч-кубатым эле. Жаңы гана жашоонун даамын татып келатканда жерге берип отуруп калдым. Кыйын экен.

“ЖАКШЫ КӨРӨМ, АПА”
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун улуттук версиясынын жооптуу редактору Канышай Бешбаева Исмаилдин кесиптеши жана өкүл апасы болгон. Өкүл апасы Исмаилге дайыма суктанып келгенин айтып, көзүнө жаш алды:

– Мен бул жигитке дайыма суктанар элем. Ал ар тараптуу адам болчу. 2 жыл мурда Sputnik Кыргызстанга жумушка келгенде кесипкөй, өз ишин мыкты билген адис келип жамаатка кошулганы сезилген. Кээде анын материалдарын окуганда ыйлап да алчумун, таасирдүү жазчу. Бул иш менен чектелип калбай, КМЮАда сабак берип иштечү, ыр жазчу, тамадалык кылчу, волейбол ойноп, турнирлерге катышып жүрчү, дин багытында билим алууну да ойлоп жүргөн эле.

Так диагнозун билбейбиз. Лейкемия деп жатышат, пневмония деп жатышат, түшүнгөн жокпуз. 15инде ооруканага барып, сүйлөшүп отуруп келгем. Кетеримде кучактап бетинен өптүм. Ал мени “апа” дейт эле. Көптөн бери тааныш болуп, эне-баладай болуп калганбыз. Кучактап “жакшы көрөм, апа” деп колумдан кармады. Көрсө, ошондо акыркы жолу сүйлөшкөн экенмин. Кайдан билиптирмин? Ал айыгып келип, кайра арабызга кошулат, чоң иштерди бүтүрөбүз деп жүргөм. Кудай ага көп кырдуу талант берип, бирок анын баарын колдонгонго узун өмүр бербептир. Көп балалуу болууну, мындан ары да билимин улантууну кыялданчу эле. Кеңсеге шайдоот кирип келип, баарыбыздын маанайыбызды көтөрүп, суктандырган баламдан айрылып, анын жок экенине азыр да ишене албай турам.

“Супер-Инфо” гезитинин жамааты Исмаил Мамытовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу ата-энесине, жарына, жакындарына жана Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин жалпы жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Jazdyn_tany
2018-07-31 09:32:47
Жакшы журналист эле, фейсбуктагы посттору, жазган макалалары таасирдүү эле...Жаткан жери жайлуу болсун!
+9
monster_high_98
2018-07-31 10:18:41
Ээх жакшы адамдар мезгилсиз дуйнодон кайтат экен!Жакындарына сабыр!
+7
№ 821, 27-июль -2-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан