Эсенбек Абдыкадыров: «АРТЫМДА ТУЯК КАЛТЫРБАЙ КЕТЕМБИ ДЕП КОРКОМ»

Бүгүнкү “Тагдыр” рубрикабыздын каарманы 10 жылдан ашуун ден соолугунун түйшүк арабасын тартып келе жаткан Эсенбек Абдыкадыров. “Бир бутумдан ажырагам, экинчи бутумду кестирбей сактап калып, үй-бүлө кургум келет” деген изги тилегин ишке ашыргысы келген каарманым кыялдары менен бөлүштү.

“ООРУ КЕЛГЕНДЕ ГАНА УБАКТЫМДЫ ӨТКӨРҮП АЛГАНЫМДЫ БАЙКАДЫМ...”

– Биздин чоң үй-бүлө Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Оттук айылында отурукташкан. Ата-энем 1 кыз, 6 эркекти татыктуу тарбиялап-өстүрүп, учурда 80ге чыгып, карып калышты. Мен 1970-жылы төрөлгөм. Кичинекейимде элдин балдарындай эле тызылдап чуркап ойноп жүрүп чоңойдум. Мектепти бүткөн соң 2 жыл аскердик кызматымды өтөп келдим. Келген соң университетке тапшыргам. 3-курста окуп жатканда жашоо кыйындап, окуумдан академиялык өргүү алып, ошол бойдон окуумду таштап салдым.

Кийин Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуу мекемесине жумушка кирип, 10 жылдан ашуун жүргүнчүлөрдү ташып 212, 344, 286, 262, 134-маршруттук каттамдарда кичи автобус айдап иштедим. Бала кезимден эле техникага кызыгып, машиналарды шынарлап жүрчүмүн. 10 жыл аралыгында канча миң чакырым жол жүрдүм, убакыттын кантип өткөнүн билбей калыптырмын. Оору келгенде гана 36 жашка чыгып калганымды, үй-бүлө кура электигимди, убактымды өткөрүп алганымды байкадым.

“ОРГАНИЗМ ЖАСАЛМА КАН ТАМЫРДЫ КАБЫЛ АЛБАЙ, ОҢ БУТУМ КЕСИЛДИ”

– Бала кезимден төшөккө жатып, ооруканга барып көргөн жан эмес элем. Анан эле бул оору кайдан жабышты билбейм. Оң бутум акырындан оорутуп жүрүп, бир күнү шишип кетти. Басылып калат деп жүрө бердим. Бирок оору басылбады. Чыдабай калганымда ооруканага барсам “кан уюп калган” дешти. Бара-бара кан айлануу жакшы жүрбөй, бутумдун баш жагы көгөрүп кетти. Таң аткыча басып жүрөм, сыздатып ооруйт. Ошентип бул оору менен 10 жыл алыштым. Оң бутумду сактап калуу максатында дарыгерлер 9 ирет операция жасашты, бөйрөктүн үстү жагынан тешип жасалма кан тамыр орнотушкан. 25 күн кан жүгүрүп иштеп жаткан, андан кийин организм жасалма кан тамырды кабыл албай, акыры оң бутум кесилди. Кесилгенде кандай, алгач оң бутумдун чириген бир манжасы, анан кийинкиси, анан баары, кийин тизеден ылдый, тизеден өйдө, акыры жоон сан толугу менен кесилди. Дарыгерлер колдон келген жардамын көргөзүштү, бирок керектүү заманбап жабдыктардын жоктугунан бутумду сактап кала алышкан жок.

“МЕН КӨРГӨН ООРУНУ АЙБАНГА ДА КААЛАБАЙМ”

– Бул оорунун себептери суук өткөндөн, стресстен, тамеки тарткандан пайда болот дешти. Менин оорум кайсы себептен улам башталганын билбейм. Балким, 10 жыл бою тикчийип отурган жумушта иштеп, кан айлануум бузулгандыр же ысык-суукта жүрүп шамалдап калгандырмын.

Бутум 2014-жылы кесилген. Азыркыга чейин аба ырайы бузулса кесилген жери ооруйт, “фронталдык оору” деп коёт экен, жок бутум ооругандай сезилет. Көпкө бир жериң ооруса ал аң-сезимиңе сиңип, кийин деле оорутуп жатат деген сезим кала берет экен. Уктап жатсам кесилген бутумдун бармагы ооруйт же тизем ачышат, кычышат, аны издеп ордун сыйпалап таппай калам. Анан соо бутумду кармалап кала берем. Мен көргөн ооруну айбанга да каалабайм.

“ЖАЛАҢ ЭЛЕ КЕСИЛГЕН БУТТАР...”

– Бутум кесилгенден кийин 3 жыл врачтардын айткан дарыларын ичип жакшы жүрдүм. Анан бир күнү экинчи бутум челектей болуп шишип кеткенинен ооруканага бардым. Сол бутумда да томуктан бөйрөккө чейин тромб жайылып кетиптир. Жүрөккө аз эле калды. Эми жан талашып экинчи бутумду сактап калуу аракетин көрө баштадым. Дарыланып, жакында эле ооруканадан чыктым. Жума сайын УЗИге түшүп текшерилип жатам, эч жылыш жок. Канча жыл ооруканада жаттым, тромбдон жакшы болуп кеткен адамдарды көрбөдүм. Жалаң эле кесилген буттар... Медициналык заманбап жабдуулар алынып келсе, мага окшоп зар какшап тургандардын үмүтү жанмак.

Врачтар “чет өлкөгө барып дарыланып келбесеңиз бутуңуздан ажырайсыз” деп жатышат. Чет өлкөгө кайдан чыгам, күнүмдүк жашоомду эптей албай жатып? 10 жылдан бери ооруп келем, бир туугандарым жардамын аяган жок, ыраазымын. Бирок учурда жашаштын өзү оор болуп жатпайбы.

“ҮЙЛӨНӨМ ДЕГЕНДЕ ООРУП КАЛДЫМ”

– Шаар кичине эмеспи, бутум кесилгенден кийин көчөгө чыксам менин маршруткама дайыма түшүп жүргөн жүргүнчүлөр таанып “байке, кантип ушундай абалга келип калдыңыз?” деп келип абалымды сурашса ыраазы болуп калам. Чогуу иштешкен айдоочулар, мени тааныган жүргүнчүлөр жардамын аябай бирин-экин тыйын беришет, ал да болсо чоң жардам, көңүл. 6 миң сом төлөп батирде турам, 1-топтогу майыптык үчүн 4300 сом жөлөк пул алам. Уйку жок, дарынын күчү менен эле уктабасам. Дары ала албай калган күндөрү Кудайдын азабын тартып таң атырам.

Бутум соо кезинде бир кыз менен 1 жыл сүйлөшүп, экөөбүз үйлөнөбүз деп жатканда ооруп калдым. Ал мени кечке күтүп жүрө бермек беле, турмушка чыгып кетти. Анын үстүнө чолок адамга ким турмушка чыгат деп ойлоном. Бир чети өлүп калсам бир никеге турбай, эркектик парзымды аткарып артымда туяк калтырбай кетип, тиги дүйнөгө барганда эмне деп жооп берем деп корком.

“БӨЙРӨГҮМДӨН ИРИҢ АГЫП ТУРАТ”

– Врачтар туугандарыма эскертиптир “жинденсе, кайгырса эле тромб өйдө жылып, жүрөккө жетет, абайлагыла” деп. Азыр өмүрүм кыл үстүндө тургансыйт. Кыйналып жатканда“ушинтип кыйнагыча өзүңө алып кетсең болмок” деп Аллага кайрылам. Кайра өзүмө сабыр тилейм. Тромбду бул жактан дарылай алышпайт экен, Израилдеги врачтарга анализдеримди жиберсем, алар кел дешти. Ага баш-аягы 40 миң доллардай керек экен.

Тромбду дарылап алсам, кезек бөйрөктү дарылоого келет, ал үчүн Түркиядан операция жасатуу керек. Оң бутума жасалма кан тамыр түтүк коюшканда бөйрөк тушта 3 жарым сантиметрдей калып, калганы бут менен чогуу кесилген. Ошол түтүк көңдөйчө (свищ) жаратыптыр. Оң бөйрөгүм ириңдеп шишип, жарылайын деп калганда былтыр атайын аппараттын жардамы менен 100 граммдай ириң алышкан. Учурда ичимде кичине тешик бар, ошол жактан бөйрөктөгү ириң агып турат. Аны өзүм күнүгө тазалап, таңып турам. Бөйрөгүмдү дарылаш үчүн өкмөт кийинки жылдын аягына Түркияга квота берген. Бирок мени убакыт күтпөй коёбу дейм. Андыктан карапайым элимден жардам сураганга мажбур болуп турам.


Асыл Орозбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бир бутунан ажыраган Эсенбек Абдыкадыров: “Артымда туяк калтырбай кетемби деп корком”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
monster_high_98
2018-07-31 10:25:40
Негизи кыргыздар оорууга вообще конул кошпуз,башка жактыктар жотолуп,же мурду канаса сразу больницага алып барат, эмне болду деп!А бизде температура 40 болсо да уйдоо оронуп чумконуп тердесем басылат деп отура беребиз,адам озунун денсоолугун ойлоосу керек да конул кош болбой,байкеге эми денсоолук каалайм,тилегине жетсиин!!
+7
010288
2018-07-31 12:47:47
monster_high_98,врачтарын да мурдун канап барсале конул коюп карай коюшпайт да.Анан барсан ушуну айтат деп кала беребиз пенделер.
+9
kutman-kg94
2018-07-31 16:29:57
Жакшы болуп кетиниз
+2
Sonra.94
2018-07-31 22:20:36
ЭЛСОМ дарегин бергиле көп түкүрсө кол болот эртеңки күнүбүз Аллах гана билүүчү!!
+6
Sonra.94
2018-07-31 22:21:06
ЭЛСОМ дарегин бергиле көп түкүрсө кол болот эртеңки күнүбүз Аллах гана билет!!!
+4
admin_superstan
2018-08-03 12:33:26
Sonra.94, Эсенбек Абдыкадыровго жардам берүүнү каалагандар, төмөндөгү номер аркылуу байланышса болот: 0 703 77 23 23
0
NSKA
2018-08-04 13:21:27
Урматтуу''Супер инфо''гезитининин жамааты, Маевкада бир аял озунун уйундо майып балдарды карайт экен, ошол боюнча маалымат берип койсонуздар эгер мумкун болсо, чон рахмат.
0
admin_media
2018-08-04 17:19:08
NSKA,сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат.
0
№ 821, 27-июль -2-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан