Жалал-абаддык Нусратилла Исмат уулу 43 жашта. Айтымында, 20 жыл мурун дарыгердин кетирген катасы аны бутсуз калтырган. Турмуштун оор сыноосуна сынбаган Нусратилла мырза унаасын кол менен айдоого ыңгайлаштырып жасатып, учурда эл ташып иштеп, ак эмгеги менен нан таап, үй-бүлөсүн багып келет.
«ӨЗҮМӨ ЫЛАЙЫКТАП ШАРТ ТҮЗҮП АЛГАМ»
Ошол окуяга чейин бутум ооруган эмес. Бир жолу футбол ойноп жатып бутка сокку жегенимди билем, бирок ал анчалык олуттуу жараат эмес болчу. Бутумду кескенден кийин 15 жыл үйдө отурдум. Анан агаларым алдымдагы ушул унааны алып беришкенден кийин көчөгө чыгып, элге аралашып иштей баштадым. Бул Деу Тико үлгүсүндөгү унаамдын коробкасы автомат, газ менен тормоздун педалдарын усталар кол менен башкара турган кылып жасап беришти. Башында баарын кол менен башкаруу кыйын болчу, бирок бара-бара көнүп кеттим. Учурда Сузак – Жалал-Абад каттамында эл ташып иштеп жатам. Жумуштан барганымда балдарым же келинчегим дарбазаны ачат, мен унааны ичкериге айдап кирип, жанымда турган колясканы колум менен өзүмө тартып, отуруп алам. Ошондой эле үйдө жуунуучу жайды, даараткананы өзүмө ыңгайлаштырып куруп, ылайыктуу шарт түзүп алгам. Ал эми мечитке коляскам менен түз эле кирип барып, килемдин үстүнө түшүп калам. Ошондуктан мени дайыма бир адам жандап жүрүүнүн зарылчылыгы деле жок, өз алдымча кыймылдап жүрө берем.
«ЖОЛ КИРЕНИ ТӨЛӨБӨЙ КАЧЫП КЕТКЕНДЕР БОЛОТ»
- Эл деген ар кандай да. Такси жалдаган кардарлардын да түрдүү жоруктарына күбө болуп жүрөм. Айрымдар тиешелүү жерге жеткиргенден кийин менин артынан кууп бара албасымды билип туруп, акчасын «азыр алып чыгам» деген боюнча кетип калышат. Бир жолу кезектеги кардар аял келип, отуруу үчүн эшикти ачканда эле бутумдун жок экенин көрүп «бул унаада кетпейбиз» деп эшикти жаап, башка унаага түшүп кетти (күлүп). Мен мындай окуяларга терикпейм деле. Жакшылыкты да, жамандыкты да Жараткан көрүп турат да. Жакшы адамдар да бар. Мисалы, май куюучу жайларга барсам, ал жактын кызматкерлери май куйганга жардам кылышат, көчөдөн башка айдоочулар жол бошотуп беришсе, МАИ кызматкерлери болсо жөн эле коё берип коюшат.
«КААЛООСУН ТАПСА КАР ДА КҮЙӨТ»
- 1-топтогу майыпмын. Милдет кылып бирөөнүн моюнуна отуруп алгандан Кудай сактасын. Кайрымдуулук кылган уюмдарга же элге кайрылып жардам бергиле дегим келбейт. Кудайга шүгүр, үстүмдө үйүм, кашымда үй-бүлөм бар. Ден соолугум жакшы. 5 маал намаз окуп, таза жүрөм. Жубайым үй кожойкеси, 3 балам мектеп окуучулары. Кудай «сенден аракет – менден берекет» деп айтат экен. Ошондуктан 5 миң сомдук жөлөк пулдун көзүн карап отурбай, элден кем калбай бала-чака багайын деп тиричилик кылып жүрөм. 6 айда бир дарыланып тургандыктан, дары-дармек үчүн да башкаларды кыйнабай, каражатты өзүм иштеп табам. Курсагыбыз тоюп жатканына шүгүр. Каалоосун тапса кар да күйөт, ошондуктан алдыга умтулгандан тажабаш керек экен.