АРСЕН КУЛЖАБАЕВ, ЖАМК кызматкери: “КАНДАЙ ГАНА АДАМ БОЛБОСУН АБАК АНЫН ПСИХИКАСЫН ӨЗГӨРТӨТ”

12-август – Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Кесиптик майрамына улай биз Бишкектеги №1 тергөө абагынын жетекчисинин нөөмөттөгү жардамчысы Арсен Кулжабаев менен кызматынын оош-кыйыштары тууралуу маектештик. Кылмышкерлер же кылмышка шектелип кармалып абакта жаткандар менен иш алып баргандардын кесиби окурмандарга да кызыктуу болсо керек.

 

– Арсен, майрамыңыз менен! Сиз бул тутумда 8 жылдан бери иштеп келе жатыптырсыз. Бул тармакка кантип келип калдыңыз эле?

– Рахмат! Мен кичинемден эле форма кийип мекенге кызмат кылууну кыялданчумун. 8-классты аяктаганда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейге тапшырып, билим алдым. Анан бул тармакка келип калдым.

– Сырттагы адам үчүн бул дубалдардын ичи өтө коркунучтуу аалам. Сиз үчүнчү?

– Мен көнүп калдым. Ооба, өмүрүбүзгө коркунуч жаралган учурлар болот. Ким, кайсы убакта, кантип кол салышы мүмкүн экендиги белгисиз. Жашоо бул жакта “кызыктуу”. Бири өзүн-өзү ургулап же жерге оонап алып бизди сабады деп күнөөлөп чыкса, экинчиси “өлөм” деп коркутат, дагы бирлери “качам” деп коркутат. ВИЧ, СПИД менен ооругандар да бар. Алардын бирөөсү кызматкердин артынан келип оору жугузулган ийне сайып же ийнени атайын кызматкер отурган жерге таштап кетиши мүмкүн.

– Качам деп коркуткандар качып кеткен учурлар болду беле?

– Качуу тасмалардагыдай оңой эмес да. №1 СИЗОдо Союз учурунда эртең мененки эшиктин алдын шыпыруу учурунда 4 киши качып кеткен экен. Алар арак ичип алып кайра келишиптир. Андан башка качкандар боло элек. Бирок башка абактарда качуулар болуп келген. Мисалы, 2 жыл мурда 50-тергөө абагынан өлүм менен коштолгон качуу болгонун баарыбыз билебиз.

 

– Камалгандар абак кызматкерлери жаман мамиле кылганын, сабаганын айтып ачкачылык жарыялаганын, ооздорун тигип алганын угуп-көрүп эле жүрөбүз. Кызматкерлер соттолуучуларга өтө жаман мамиле кылышабы?

– Камалып 4 дубалдын ортосунда отурган адам кыйналып кетет да. Ошондуктан айрым учурда өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн миң түркүн жоруктарды жасашат. “Кан тамырын кести, оозун тигип алды” деп коомчулукка тарап да кетет. Тамырын кескендер анчалык кан тамырына чейин кесишпейт. Тилип эле коюшат. Өздөрүн сабап алышып биздин кызматкерлерди күнөөлөшөт. Мына, кечээ жакында эле “унаа менен сотко алып баратып конвой менен атайын кызматтын балдары бизди сабады” деп арыз жазып салышты. Алар өздөрү унаадан ары-бери чайпалып унааны токтотушкан. Бирок автозактарда видеокамера жок болгондуктан мындай учурларда күнөөлүү эмес экенибизди далилдей албай калабыз. Былтыр да тергөө абагындагылар сабады деп 4 кызматкерибизди соттотуп салышкан.

– Ошондо абакта жаткандарга карата таптакыр күч колдонбойбуз дегиңиз келип жатабы?

– Колдонбойбуз. Камалгандардын көпчүлүгү симулянттар. Алар бир сүрөт же бир арыз менен эле коомдо резонанс жарата алышат. Бейөкмөт уюмдар, коомчулук камактагылардын таламын талашышат. Биз айткандарга эч ким ишенбейт, анткени биз ички тартиптеги көп нерселерди коомго жайып айта албайбыз.

– Жумуш учурунда сизди таң калтырган учурлардан айтып өтсөңүз.

– Тыюу салынган заттарды алып кирүүдөгү адамдардын амалкөйлүгү мени таң калтырат. Азыр атайын рентген-аппараттан өткөрүп текшеребиз. Мурда кол менен текшерчүбүз. Баңгизатын нандын, торттун ортосуна салып бышырып алып келишет. Ундун, конфеттин арасына, кайсы бир кутуну ачып салып, кайра заводдукундай кылып жаап да коюшат. Койдун башына салып өткөндөр бар. Баарынан таң калтырганы, өтө майда кылып кагазга ороп макарондун ичине салып койгондору болгон. Ар бир макаронду карап чыгыш керек, элестеткиле. Бирок биз психолог болуп калганбыз. Адам басып келатканда эле тыюу салынган зат барбы же жокпу, билип коёбуз.

– Бирок тыюу салынган нерселерди өткөрүүдө абакта отургандар менен “кызматташпайбыз” деп айта албасаңыз керек? Кечээ жакында эле таанышым абакта отурган тууганы менен сүйлөшүптүр. Ал адам “бизде телефон кенен эле колдонулат” деп айтыптыр. Ал нерселер абактарга кантип кирип кетет?

– Ооба, сиз айткан тыюу салынган каражаттар айрым учурда кирип кетет. Аны моюнубузга алабыз. Андан арылуунун үстүндө иштеп жатабыз. Кирүү жолдору түрдүү. Жактоочусу же тууганы алып кириши мүмкүн же дубалдан ыргытып деле алыш-бериш кыла беришет. Ал эми “кызматташуу” боюнча, аны да такыр жок деп айта албайм. Мурда андайлар бар болчу. Бара-бара аң-сезимибиз өсө баштады окшойт.

Видеокамера орнотулган алгачкы жылдары баарыбыз ага көнө албай жүрдүк. Баарыбыз көзөмөлдө болуп, андай иштерди жасагандан коркуп калгандар бар. Таасири ушунчалык экен, камералар орнотулгандан кийин абактагылардын “сейилдегенге алып чыкпай койду”, “сабап койду” деген арыздары 40 пайызга азайыптыр.

– Жазаларды аткаруу кызматы көп сынга кабылат. Балким, бир жерден ката кетип жаткандыр. Эмнени өзгөртүү керек деп ойлойсуз?

– Бир ирет бирөө адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектелип камалган. Ошол адам тергөө абагында соттун чечимин 5 жыл күттү. Кийин сот тарабынан 3 же 4 жылга эркиндигинен ажыратылды. Айтайын дегеним, 5 жыл бою анын тамак-ашына, аны сотко алып барып, алып келгенге кеткен чыгымдар, кызматкерлердин акысы, ооруп калса дары-дармеги жана башка болуп канча акча жөн эле короду. Ушул жагын ойлонуштуруп мамлекетке зыян эмес, пайда алып келе тургандай тартиптерди киргизишсе жакшы болмок. Тиги байкуштун канча өмүрү бекер өттү.

Анан да үй-жайы жоктор кыш мезгилинде тергөө абагын убактылуу жашоочу жайга айландырып алышат. Бир кичинекей кылмыш кыла калышып, мисалы, болбогон нерсени уурдап кармалышат да, жазга чейин тергөө абагында отуруп, мамлекеттин акчасын жеп туруп, жазында чыгып кетишет. Соттолгондордун санын азайтыш керек. Камактагыларды, балким, кара жумушка тартаттырбыз. Анан “мамлекеттин акчасын жеди” деп соттолгондор абакта жатып мамлекеттин акчасын жеп отурушуп кайра кутулуп кетишет. Аларды да коомдук иштерге тартыш керек. Мисалы, шаардын кооздугун сактоо үчүн бюджеттен акча бөлүнүп, жумушчу күчү тартылат. Бул иштерди соттолгондор жасаса арзан түшмөк.

– Кызматкерлерге караганда камалгандарга түзүлгөн шарттар жакшы деп айтып калчу элеңиздер...

– Ооба. Бир эле мисал, аларга бекер медициналык жардам көрсөтүлөт. Биз ооруп калсак, өз акчабызга дарыланабыз. Алар кыңылдап койсо эле, окуяны билип-билбей бейөкмөт уюмдар чуркап келип ызы-чуу сала беришет.

Биздин айлык менен жарытарлык батир да ижарага таба албайбыз.

– Камалган адамдарга бооруңуз ооруган учур болобу?

– Бир жаш баланын окуясы эсимде калган. Ал агасынын кичинекей баласын ойнотуп жатып, колунан түшүрүп өлтүрүп алыптыр. Бул кокустук да. Бирок агасы менен жеңеси аны каматышты.

– Ак жеринен соттолуп кеткендер да болобу?

– Негизи соттолгондордун 90 пайызы "күнөөм жок" деп айтышат. Иликтеп келсе, балким, 20-30 пайызы чындап эле күнөөсү жок болушу мүмкүн. Аны эми биз эмес, тергөө, сот аныктайт да.

– 10 жыл абакта отурган адам эркиндикке чыкканда өздөрүн таппай калып, жумушка орношо алышы үчүн кандайдыр бир окуулар өтүлөбү?

– Кандай гана адам болбосун абак анын психикасын өзгөртөт. Эркиндикке чыккандан кийин коомдун ага болгон мамилеси да аны кыйнап жиберет. Андан баары качат, эч ким жумушка албайт. Тууган-туушканы, балдары да башкача көз менен карап, ар кандай сөздөрдү айтышы мүмкүн. Бир гана адамды соттоп койдук дегенибиз менен, анын залакасы айланасындагы бир канча адамга тиет. Мындайды кантип “дарылайбыз”, билбейм. Ал эми абактарда соттолгондор үчүн атайын кесиптик окуу жайлар бар. Мамлекеттик деңгээлде билим алышат. Ал кесиптер заман талабына ылайыктуу. Мисалы, ширетүүчү, тигүүчү дегендей. Кааласа, кийин ал адам ишке орношсо болот.

– Маегиңизге рахмат. Ишиңиздерге ийгилик!

 

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө ЖАМКнын карамагында 11 түзөтүү мекемеси, 14 жатак-абак, 6 тергөө абагы бар. Аларда 15 миңдей адам жазасын өтөп же соттун чечимин күтүп жатышат.

 

 


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
surgeon777
2018-08-14 16:26:09
Булардын да жумушу оор,морально деле оор да..
Жанагы атйткан койгойлорду сиз айткандай кылып чечсе жакшы болмок,окмотго да пайда,оздоруно да жакшы болот эле.
Иштеринизге ийгилик жана ден-соолук болсун!
+7
monster_high_98
2018-08-15 00:48:31
Туура айтты,соттолгондорду кара жумушка иштетиш керек,бага бербей!
+5
bazarkyl
2018-08-16 22:07:07
Иштетип пайда болгон ишти кылдырса
Болот. Ооруп калса бекер дарылап,
+2
Kymbatym
2018-08-21 08:16:20
Чынында камактагыларды мамлекет бекерге багып жатат иштетип мамлекетке пайда кыла турган кылыш керек зыян эмес
0
№ 823, 10 - 16-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан