Оорукчан 3 кыздын апасы: «2 КЫЗЫМ ПСИХИКАЛЫК ЖАКТАН ЖАБЫРКАЙТ. ҮЧҮНЧҮСҮ ДА ООРУКЧАН»

Балдардын азабына эне гана чыдайт. Ош облусунун Араван районунун тургуну Урматкан Токур кызы бала бактысына балкып, алардын кубанычтарына ортоктош болуу ниети менен 4 баланы жарыкка алып келген. Тилекке каршы, анын 2 кызы психикалык жактан жабыркаса, үчүнчүсүнүн талмасы бар жана ДЦП менен ооруйт. Учурда жалгыз бой эне балдарынын азабын жалгыз тартып келет. Кеңсебизге баш баккан бул аял 11 жашар кызын колуна алып отуруп, оор тагдыры тууралуу айтып берди.

“ЭКИ КЫЗЫМ КОШУНАЛАРДЫ ТАЖАТТЫ”

- Мен да эл катары бактылуу жашоону ниет кылып 20 жашымда турмушка чыккам. Бирок жашоо биз кичинекей кезибизде кыялданып элестеткен жомокторго окшошпойт экен. 3 жылдан кийин жолдошум каза болуп калды. 2 кызым менен жалгыз калдым. Кыздарымдын дени сак болсо дагы кыйналбайт элем. Бирок экөө тең төрөлгөндөн тарта психикалык жактан ооруп келишет. Улуу кызым 22 жашта, 4 жашында баскан. Анысына шүгүр. Бирок сөзгө түшүнбөйт. Көчөдөн бирөөлөр менен уруша кетет. Айрымдар кызымды уруп коюшат. Өткөндө үчүнчү кызымды карап жатып уктап кетиптирмин. Бир маалда кызымдын “апа-а” деген кыйкырыгынан ойгонуп кеттим. Сыртка чыксам бир айылдаш келин кызымды арыктагы сууга басып алып уруп жатыптыр. Андай учурда жүрөгүм ооруйт. Чыдап отура албай, андайлар менен урушам. Тиги кыз мага да асылып, жулмалап калды. Кошуналарга “кызым бир нерсе кылса ага тийбей, мага айткыла” деп айтып турам. Бирок ага болбойт да. “Кызыңызды үйдөн чыгарбай караңыз” дешет. Кантип үйдөн чыгарбай камап коём? 9-класска чейин мектепке барып-келип жүрдү. Андан кийин мугалимдер кызым эч нерсени эптей албай жаткандыгына байланыштуу кыйналып кеткендиктерин айтып, мектепке албай коюшту. Улуу кызым үй шыпырып, идиш жууп, огороддогу жумуштарды жасаганга, үчүнчү кызымды караганга жардам берет.

“ЭКИНЧИ КЫЗЫМДЫ ПСИХИКАЛЫК ООРУКАНАГА ТАПШЫРГАМ”
- Эң көп кыйнаганы экинчи кызым болду. Ал 3-класска чейин мектепке барды. Андан кийин мен деле оку деп кыйнаган жокмун. Ошол кезде оорусу күчөй баштады окшойт, көчөгө качып кете берип кыйнады. Качып кетип көчөгө, аялдамаларга жатып алат, кайырчылык кылат, айтор, ар кандай жоруктарды жасачу. Кызымды көчөдөн көрүп калгандар ээрчитип келип беришчү. Бизди милиция кызматкерлери да жакшы таанышат. Алар да көп жолу кызымды алып келип беришкен. Эки кызым кошуналарды тажатып коюшту. Айыктыруу үчүн дарылаттым, молдолорго алып бардым. Ата-энем да айыктырганга аракет кылып көрүштү. Майнап чыккан жок. Врачтар “турмушка берип көргүлө. Айыгып кетиши мүмкүн” дешти. Турмушка берсек, 17 күн жашап ажырашып кетти. Ошентип экинчи кызымды психикалык ооруканага тапшырып койдум. Биринчи кызымды да тапшырып салсам болмо­­­к. Бирок ал бир аз түшүнөт. Экинчи кызымдай жаман жоруктарды жасабайт. Анан ал мага үйдө жардам берет. Эки жакка чыгышым керек болуп калганда үчүнчү кызымды карап тура алат.

“ООРУКАНАГА КАБЫЛ АЛБАЙ КЫЙНАШТЫ”
- Эки кызым менен экинчи ирет турмушка чыккам. Экинчи жолдошум экөөбүз 1 кыз, 1 уулдуу болгондо, тилекке каршы, ал жолдошум дагы каза болуп калды. Кудайга шүгүр, уулумдун ден соолугу жакшы. Азыр ушул 11 жашар кызымдын ден соолугу үчүн күрөшүп жүрөм. Бул кызым жакшынакай төрөлгөн. Сүйлөп, чуркап, тыпылдап жүргөн кыз болчу. 6 жашында мектепке бердим. Оорунун айынан 3-класстан кийин окуй албай калды. Оорусу бир жашка чыкканда эле байкала баштаган. Ошондо калтырап-титиреп калганынан ооруканага алып барганбыз. Дене табы көтөрүлүп, куса бергени үчүн бир жылдай дарылашты. Андан кийин 7 жашында да калтырап-титиреп баштады. Кайра дарылашты. 9 жашында да кайталанды. Ооруканадан “баары эле жакшы. Суук тийип, сасык тумоо болуп калыптыр” деп дарылашты. Бирок суранып ооруканага жаттык. Анткени талмасы мүнөт сайын кармап коркуткан. Ооруканада жатканыбызда гана врач байкап калып, эпилепсия экендигин айтты. Анысы тубаса экен. Бирок врач аныгын айта албай койду. Мээсинде да маселе бар болушу мүмкүн экендигин айтып, Бишкектеги ооруканага багыттама жазып берген. Анализдерин тапшырып коюп батирде жатсак, кызым түнү менен талмасы кармап кыйналды. Ооруканага алып барсак, “жүлүнүндө суу бар, башындагы майда кан тамырлары үзүлүп кеткен” деп айтышты. Сокулукта бир врач “3-6 айда сакайтып берем” деди. Ага 10 миң сом берет экенбиз. Бирок ал врач аймактарды кыдырып иштегендиктен, убактысы пландалып калыптыр. Эми ал чакырганда бармай болдук.

Таксиге түшүү да көйгөй жаратты. Бир таксист “Мындайларды салбайм. Жолдон бир нерсе болуп калса, жооп бере албайм” деп албай койду. Биз Жалдагы балдар ооруканасына да бардык. Алар “орун жок, багыттама жок, кызыңыздын талмасы бар экен” деп ар кайсы шылтоону айтып, бизди араң кабыл алышты. Ооруганыбыз үчүн бардык да. Соо адам оорукананын эшигин эмнеге какмак эле? Эртеси кызымдын ичи өтүп кетсе, жаман көрүп улам сүйлөнүштү. Мен алар менен урушуп кеттим. Анан дагы “кызың адам болбой калышы мүмкүн. Кудайдан, дарылана бергиле” деп айтышты. Азыр кызым баса албайт, сүйлөй албайт, эч нерсе кармай албайт. Тамакты өзүм берем.

“МАГА БАЙЛЫКТЫН КЕРЕГИ ЖОК. КЫЗДАРЫМДЫН ДЕН СООЛУГУ ЖАШООМДУ ТҮГӨЛ КЫЛМАК”

- Кыздарымдын мындай абалын карап чыдап тура албайм. Жүрөгүм ооруйт, колумдан эч нерсе келбейт. Бул кызым айыгып кетеринен үмүтүм азыр да чоң. Айыктырып алсам экен деп эле тилек кылып жатам. Ооруканадан чыкпай өмүрүм өтүп жатат. Мага байлыктын кереги жок. Кыздарыма ден соолук берсе эле жашоом түгөл болмок. Элден ашып деле жашагым келбейт. Эл катарында жашасам арманым жок эле. Араван районунда 3 бөлмөлүү үйүбүз бар, бирок анын чатырынан суу агат. Дубалынан жарака кетип калган. Көргөндөр “катуу жер титиресе кантесиңер?” деп сурай беришет. Эми Кудай сактасын.

Өзүм бала бакчаны тазалап иштейм. Жумушка дайыма эле чыга албайм. Абалым өзүңүз көрүп тургандай. Кызым кыйналып калса жанында болушум керек. Ушулар деп эле чуркап жүрөм. Мен да аялмын. Кээде эл катары кийинип алгым келет. Бирок айла жок. Балдарымды жакшы көрөм. Булар бир нерсе болсо жашай албайм.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
meni_kut
2018-08-21 10:20:12
150 кг которгон тендер жарыялаган креслонун акчасын ушуларга бергилечи
+18
monster_high_98
2018-08-21 10:23:39
Эй ушул врачтар жеткен ХХХХХ да!Ар шылтоону айтпай,акыбалын коруп туруп,жардам беришсе бир жери кемийби?.....Суперчилер жардам бере алаар бекенбиз?Учурда Бишкекте да ээ??
+12
PeriMuz
2018-08-21 12:48:48
monster_high_98,Байланыш номери 0774 603 475
+2
Linkin.
2018-08-21 14:12:50
Кээ бир врачтар точно тормоз. Жакшылап карабайбы? грипп деп анан талмасы кармаса, ааа талма экен э деп. Бул кээ бир врачтар "врач" деген ат учун эле окушат окшойт ради ааторитета. Кудай сакта.
+11
mira77
2018-08-21 14:33:35
Кыргызчылыкка кучтууу молдолорго окутуп корууу керекго медицина жардам бере албайт кыздарга коз тийгендей или апасына коз тийген болушу мумкун
+6
Yasmina87
2018-08-21 19:44:21
Аллахым ушундай энелерге сабыр берсин
+2
_PeriWa_
2018-08-21 23:56:09
Тушунбойсун анан эмнеге баланы да озун да кыйнап торойт биринчисин,экинчисин мейли учунчу кызычы ал да оорукчан экен.Кой балдарым оорукчан болуп калбасын деп сактанып алдын албайбы
+5
raykray
2018-08-22 01:25:12
Эх Аллах ар бир баланы ден соолугу бекем кылып берсе экен, байкуш эне кантти экен биз балдарыбыз бир жума ооруп калса канча шашып калабыз
+3
AKCAHAT
2018-08-22 16:48:11
Балдары эмес озундо же куйоондо же 7 атасын да, генинде бирдемке барго. Жон жерден 3 бала оорукчан болгондо да психикалык жактан оорукчан болуп калабы. Мындай адамдар уй булолук врач ар мн кенешип анализдерден отуп анан бала кутушсо. Ар бир аял бактылуу жашоого укугу бар бирок Эми кыздарына да озуно да ото кыйын, татаал жашоо. Адамдар дагы таш боор заманда кыйналышып.
+1
Batma08
2018-08-23 15:42:03
Кудай сакта
0
Baku88
2018-08-23 18:54:13
Айтайын дейсиң сөз көп... ден соолук тилейм Кудайым колдосун башка эч сөз жок
+1
ma2as
2018-08-25 10:47:53
Аксанат туура айтасын , тукум кууйт талма и жана башка психикалык оорулар . Эженин озундо да куно бар. Медицинада бизде Кыргызстанда тоскоол жок , бирок эскертилет балдарыы оорулуу торолору .- Менин оюмча балалуу болуга уруксат берилбеш керек . Торогон эне озу кор болбосо да , бала эртен кор болот жашы откондо .
+1
Kenje.jarkynbaeva
2018-08-26 17:37:04
Россияда генден бери сурайт экен жума сайын текшерип катталбасан штраф салып бизде торойун деп атканда олойун дегенде барат врач эч нерсе кабары жок анан ортодо бала жабыркайт . Ортодо эле врач куноолу . Швпаасын берсин
0
№ 824, 17-23-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан