ТАРЫХ МУЗЕЙДИН ТАШТАРЫ КАЙДА?

Борбор калаадагы Тарых музей 2016-жылы оңдоп-түзөө үчүн жабылып, эки жылдан соң быйылкы жылдан тартып көрүүчүлөргө эшигин ачмак. Бул аралыкта Тарых музейинде бир катар чуулгандуу иштер орун алды. Музейдин ичиндеги оңдоп-түзөө иштериндеги коррупциялык иштер, күмөн жараткан экспонаттардын баалары боюнча кылмыш иши козголгон. Эми Тарых музейдин сыртындагы “иштер” боюнча чуу чыкты. Оңдоо иштеринде музейдин сыртынан сыйрылып алынган баасы кымбат мрамор жана граниттер кайда кеткени учурда белгисиз болууда.

“ОҢДОП-ТҮЗӨӨДӨН ДА АКЧА ЖЕШ КЕРЕК БОЛГОН ТУРА”

Тарых музей 1980-жылдары Турдакун Усубалиев Кыргыз ССРин жетектеп турганда курулган. Анын негизги автору катары (ред.: музейдин авторлору деп 6 киши жазылган) архитектор Советбек Абышев эсептелинет. Ал учурдагы болуп жаткан оңдоп-түзөө иштерин көрүп, айласыздан күлөсүң дейт:

– Тарых музейдин автору катары мени оңдоп-түзөө иштерине аралаштырат же жок дегенде консультант катары чакырат деп ойлогом. Андай болгон жок. Ойлоп койдум, кээ бирөөлөр үчүн бул жерден да акча жеш керек болгон тура. Автор катары Тарых музейдин оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө Түркиянын өкүлдөрү кылат дегенге каршы эмесмин деген документке кол коюп бер деп чакырышкан. Улуттук музейди кантип башка өлкөнүн архитекторлору жасайт? Бул акылга сыйбаган иш деп, кол койбой кетип калгам. Бирок башка автор архитекторлор кол коюп беришиптир. Таң калганым, тепкичтердин астына төшөлгөн граниттердин ордуна башка жасалма материалдарды коюп коюшуптур. Гранит – бул курулуштагы эң кымбат материал. Аларды алмаштыруунун кажети жок болчу. Кылым чыдачу материал эле да. Сыртында жүрүп жаткан курулушта курулуш лесаларын колдонуп иштеп жатышканын көргөнбүз, ошолор сыртындагы плиткаларды алмаштырды экен деп ойлогом. Андай эмес экен. Кечинде музейди жарык берилип жатканында көрсөңөр, түшөйүн деп турган плиткаларды көрүп, коркосуң. Аларды жууп тазалап эле коюшкан тура. Эми ошол плиткалар жараксыз болуп жерге түшүп кетсе, пилди да өлтүрүп коё алат. Музейдин каптал жагындагы фонтандар турат, ошолор мурун гранит эле, азыр кафель турат. Кафелди үйгө эле колдонсо болот, бул уят эле көрүнүш.

ЖУРНАЛИСТТЕРДЕН ЖАЛТАКТАГАН ЖЕТЕКЧИ, ФУТБОЛ ОЙНОТКОН МИНИСТРЛИК

Учурда Тарых музейин оңдоп-түзөөдө акыркы жумуштар жүрүп, аны “Аркант” ЖЧКсы аткарып жатат. Курулуш иштери качан бүтөт, гранит жана мраморлор кимдер аркылуу жана кайда чыгарылып кеткендиги сыяктуу суроолорубузга маалымат берүүдөн баш тартышты. Алар “ТИКА” (Түркиянын кызматташтык жана өнүгүү башкармалыгы) аркылуу бул жумушту аркалап жатышкандыгын айтышып, бардык суроолорду ошол жакка узаткыла дегенден башка сөз айтыша алган жок.

Ал эми Тарых музейинин жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүковго кайрылганыбызда, ал бул курулуш иштери боюнча жооп бере албай тургандыгын жана ага суроо узатуу үчүн биринчи кезекте Маданият министрлигинен уруксат алуу керектигин айтып телефонун койгонго шашты. Журналисттерден жалтактаган жетекчи өзү башкарган музейде эмне иштер болуп жаткандыгын билбейби? Курулуш иштери, жоголгон гранит жана мраморлорду айтпай эле коёлу, Тарых музейи качан ачылат деген суроо азыркыга чейин ачык бойдон...

Тарых музей Маданият министрлигинин карамагында. Кызыгы, аталган министрлик уруксатты кой, музейдин иштери боюнча эч кандай маалымат берилбей тургандыгын билдирди. Ким жооп бере тургандыгын тыңыраак айта албаган министрлик, ар кимге жиберип, футбол ойнотконго өттү...

КУРУЛУШ АГЕНТТИГИ ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИН КӨЗӨМӨЛДӨБӨЙТ

Тарых музейин реконструкциялоо тууралуу өкмөттүн буйругу 2015-жылы чыккан. Музейдин оңдоп-түзөө иштери Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба агенттигине жүктөлгөн. Бирок аталган агенттиктин айтымында, алар ичин гана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, музейдин сыртын түркиялык “ТИКА” жасамай болгон:

– Агенттик ички жасалгасына гана милдеттүү эле. Өкмөттүн чечиминин негизинде сырткы иштери толугу менен “ТИКА” аркылуу жүргүзүлдү. Алардын грант аркылуу бөлүнгөн каражаты менен жасалгандыктан, мамлекеттин акчасы кеткен жок. Каражат Түркия тараптан бөлүндү, тендерди алар өткөрүшүп, жумушту өздөрү көзөмөлдөштү. Алардын иштерин биздин агенттик караганга акысы да болгон жок. Биз аларга кийлигишкен да жокпуз, бул ТИМ аркылуу каралат өңдөнөт. Биз тараптан эмне жардам керек болсо ошого гана каралашуу болду,- дейт агенттиктин Турак жай жарандык курулушу департаментинин башчысы Адилет Абдыкадыров.

Агенттик көрсөткөндөй, музейдин ичинде жүргүзүлгөн иштер СМУ-3 ишканасы аркылуу жүрүп, плитка жана мраморлор жалпы 8 миң чарчы метрден ашуун болгон. Алардын кай бири Улуттук онкология борборуна, "Кыргызтелеком" ишканасына, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине берилсе, калганы музейдин өзүнө кайра колдонулган.

“ТИКАдан” ТЫҢЫРААК ЖООП ЖОК

Мамлекеттик имараттын оңдоп-түзөө иштери эмне үчүн өлкөнүн курулуш агенттиги тарабынан көзөмөлгө алынбаганы суроо жаратпай койбойт.
“ТИКА” музейдин сырт жагын оңдоого гранттык негизде жалпы 15 миллион доллар бөлүп, жасамай болгон. “ТИКАнын” өкүлдөрүнөн бул иш боюнча тыңыраак жооп алуу мүмкүн болгон жок. Алардын кеңсесине баш бакканда кайрылуу ТИМ аркылуу гана жүрөрүн, музей боюнча жооп берүү мүмкүн эместигин гана айтышты. Интернеттеги маалыматтардан алып карасак, сырткы иштерде жалпы 19 миң чарчы метр жаңы материалдар төшөлгөн. Ал эми канча чарчы метр гранит жана мрамор алынганы, алар азыр кайда экендиги тууралуу суроого жооп жок. Үстүдө белгилүү болгондой бул суроого бир дагы мамлекеттик орган так маалымат бере алган жок.

Базар баасы менен гранит таштардын чарчы метри 15 доллардан 80 долларга чейин бааланат. Орточо баа 50 доллар менен алганда дагы 19 миң чарчы метр үчүн жоголгон таштардын баасы дээрлик миллион долларга чейин жетет. Учурда музейде гранит жана мраморлордун ордуна гретон деген каражат колдонулган. Советбек Абышевдин айтымында, бул материал оңдоо иштери жасалып бүтө электе эле четинен жарактан чыга баштаган. “Музейге барып көрсөңөр эмитен эле бузулуп баштаганын байкоого болот. Эми ачылгандан кийин канчага чейин чыдайт экенин байкап көрөлү”,- дейт ал.

"МУЗЕЙ БОЮНЧА ИШТЕР АЯГЫНА ЧЕЙИН ЧЫГЫШ КЕРЕК"

Бул чуулгандуу иштер Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында орчундуу маселелердин бири болорун Алмамбет Шыкмаматов айтат:

– Биз сентябрь айында алгачкы фракциянын жыйынында орчундуу маселелердин бири катары Тарых музейин жаңылоо иштерин көтөрүп чыгабыз. Союз маалында музейдин айланасы кымбат гранит жана мраморлор менен курчалган. Миллион долларлык наркы бар таштар жок деген маалыматтар түшүп жатат. Бул баалуу таштар абага сиңип кетчү таштар эмес, ким алса дагы ошолорго чара көрүлүүсү керек. Бул ишти дыкат көзөмөлгө алабыз. Тиешелүү органдар иликтесе эле, кимдер алганы билинет. Ошондой эле оңдоо иштерин жүргүзгөн компаниянын ишмердүүлүгү, эмне үчүн майлуу-сүттүү иштерге бир эле компания тендерди ута берген деген бир катар суроолор бар. Тарых музейинин ичиндеги коррупциялык иштер боюнча кылмыш иштери козголгон, ал жөнүндө да тиешелүү органдардан кандай иштер жүрүп жаткандыгы тууралуу суралат. Тарых музейи орчундуу иштердин катарында, аны аягына чейин чыгуу үчүн аракет көрөбүз.

Кыргыз өлкөсүндө чет өлкөлөрдөн карыз, жардам алуу менен жасалган ири долбоорлордо коррупциялык иштер гүлдөп жатканы ачыкка чыкты. Тарых музейде бир эле эмес, эки чуулгандуу иш болуп жаткан чагы. Баасы бар гранит жана мраморлор жеке менчикке өтүп, жең ичинен сатылып кеткендиги тууралуу интернет айдыңында сөздөр айтылып баштады. Өлкөдө долбоор канчалык чоң болсо, андагы коррупциянын чоңдугу да ага пропорционалдуу өскөндөй... Мындай иштер тиешелүү органдар аркылуу так иликтенип, бул иштерге тиешеси бар адамдар жоопко тартылбаса кийинкиге сабак алынбайт.

Кафель төшөлгөн фонтандар.
Гранит жана мраморлор алмашылган тепкич жана анын сырттары.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тарых музейиндеги баалуу таштар кайда?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Izdei_-_berem
2018-09-04 11:07:31
Аягына чыгыш керек,мындай тигиндей,соз эле бойдон калдыго, результат жок,Улан Эгизбаев изилдеп жаткан эле,олдунор ага дагы кысым коргозуп.
+3
Jasa
2018-09-04 14:38:05
Жоголуп кетбесек эле эми ушинтип отуруп,акыры ар бир нерсенин аягы болот,эскиси деле жесе,орун алмашып жанысы деле жесе тугонот да мамлекет
+3
Shokoladka94
2018-09-05 08:57:58
Улан Эгизбаев тируу болгондо...
+2
adiaza
2018-09-05 11:03:20
Эхх катуу текшеруу болбой жаткандай болуп турат бул жерде, соз менен элге кыйратабыз табабыз деп коюп, текшеруучу кишилери да оз кишилери окшойт, текшере келгенде эле баардык нерсенин оордун бат эле толуктап актанып кетип атышат жасалма документтер менен
+1
№ 826, 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан