МАЙЛУУ-СУУ – ӨЛКӨДӨГҮ ЭҢ РАДИОАКТИВДҮҮ ШААР

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу бир кезде завод менен фабриканын чордону болуп, гүлдөп турган шаар болчу. Бүгүн ал эски, ураган имараттарга толгон каралбай калган шаар. Бирок бул аймактын негизги маселеси мында эмес. 1946-1967-жылдары бул аймакка иштетилген уран калдыктары көмүлгөн. Анын кесепетинен Майлуу-Суунун эли бүгүнкү күнгө чейин булганган аба менен суунун курмандыгы болуп келет.

Шаардын мэри Нурадин Маматовдун билдиришинче, бүгүнкү күндө аталган шаарда 25 миң 460 адам жашайт. Шаарда электр лампа заводу, 7 мектеп, 7 бала бакча бар.



«БУЛГАНЫЧ АБА КЫЗЫМДЫ МАЙЫП КЫЛДЫ»

Азипа Бакирова Майлуу-Суудагы борбордук базарда торт жасап сатуу менен тиричилигин жүргүзүп келет. Биз барганда Азипа эженин жанынан 26 жаштагы кызын көрдүк. Кызынын акыл-эси тубаса тайкы төрөлгөнүн айтып, ага аймактын экологиялык абалы таасирин тийгизген болушу мүмкүн дейт кейиген эне.

– Биз Майлуу-Сууга өткөн кылымдын 80-жылдарында көчүп келгенбиз. Ушунча убакыттан бери ушул жерде жашап, иштеп көнүп калдык. Шаарыбызга сырттан келген адамдар абанын, суунун башкача жыты бар экенин, бир аз убакыт жүргөндөн кийин баштары ооруп чыгарын айтышат. Аккан суубуз киргилт түстө, айрыкча жамгыр жааганда өтө кир суу агат. Абанын, суунун таза эместигинен улам тери оорулары, богок, шал ооруларына чалдыккандар же тубаса майып төрөлгөн балдар көп. Менин кызым Кызжибек 26 жашта. Ал тубаса акыл-эси кем туулуп, ушул күнгө чейин өз алдынча жүрүп, сүйлөп, окуу же иштөө колунан келбейт. Көзөмөлдөп туруу керек, дайыма жанымда жүрөт.

«ОК-ДАРЫ САЛЫНГАН ЧОҢ ЧЕЛЕКТЕ ЖАШАП ЖАТКАНДАЙБЫЗ»

Майлуу-Суунун борборунан 2-3 чакырым жогору кеткен жолдо тоолордун боорунда үй салып жашагандар бар. Чаңдуу бир таман жол бизди ондогон үйлөр жайгашкан дөбөгө алып барды. Унааны сайга токтотуп коюп чоң дөбөнүн башына жөө чыктык. Бизди 59 жаштагы Миталик Урмашев тосуп алды. Ал Майлуу-Сууда көмүлгөн уран калдыктары жергиликтүү тургундардын ден соолугуна олуттуу таасир берип келе жатканын айтат:

– Бул жер канчалык радиацияга ууланган болсо да, биздин туулуп, өсүп, отурукташып калган жерибиз. Зыян экен деп туулган жерди таштап кетип калалыбы? Өзүңөр байкагандай Майлуу-Сууда кары-картаңдар менен жаш балдар басымдуулук кылат. Шаарда жумушсуздук күчүндө. Жалгыз лампа заводдун көзүн карайбыз. Ошондуктан келечек курам деген жаштарыбыздын баары сыртка кетип калышат. Биздин аймакта жашаган ар бир үй-бүлөнүн жок дегенде бирден мүчөсү акча табуу үчүн Орусияга кеткен.

Кары-картаңдар дегеним менен, көпчүлүгү пенсия курагын көрбөй эле каза болуп калышат. Менин деле ичер суум түгөнөрүнө канча калды, ким билет?..

Жергиликтүү элде жүрөк оорулары, кан басымдын жогорулашы, рактын ар кандай түрлөрү сыяктуу өтө коркунучтуу оорулар кеңири жайылган. Өзгөчө тубаса майып төрөлгөн балдар мени кейитет. Кулагы жок, баш сөөгүнүн жарымы кемтик, шал жана башка оору менен туулгандарды көрүп-угуп эле келатабыз. Бул, албетте, радиациянын кесепети. Уран калдыктары көмүлгөн жерлердин жаан-чачында ачылып же көчүп кеткендери бар. Өзгөчө жайкы саратанда күндүн нурунан урандын зыяны күчтүү тарагандыктан, абанын булганганы дароо билинет. Айтор, ок-дары салынган бир чоң челекте жашап жаткандайбыз.

«МАЙЛУУ-СУУ ЭЛИНИН ГЕНОФОНДУ ЖАКШЫ ЭМЕС»

Бул шаарда башка аймактарга салыштырмалуу майыптардын саны 3-3,5 эсеге көп. Кош бойлуу аялдардын көпчүлүгү богок оорусунан жабыркайт. Санай берсе толтура. Улуттук илимдер академиясынын өлкөнүн түштүк аймагы боюнча Медициналык маселелер институтунун жетекчиси Рахман Тойчиев менен майлуу-суулуктардын саламаттыгы тууралуу маектештик:

– Агай, саламатсызбы? Майлуу-Суу шаарынын тургундарынын айтымында, аймактагы аба менен суу жашоочулардын ден соолугуна олуттуу таасир тийгизет экен. Ага уран калдыктарынын көмүлүшү себеппи?

– Саламатчылык. Ооба, бул шаарда, шаардын четиндеги айылдарда булганган аба менен суу жашоочулардын ден соолугуна залал келтирет. Мурда чоң ата-чоң энелери уран кендеринде, заводдордо иштеп радиацияга кабылгандардын гени залакага учураган үчүн балдары көбүнчө тубаса оорулуу болуп төрөлүшөт. Айрыкча түйүлдүк пайда болгондо адамдын нерв системине урандын калдыктары көбүрөөк доо кетирет. Ушундан улам балдар тубаса дүлөй, дудук, Даун синдрому, олигофрения (акылы кем), талма-эпилепсия, богок, шизофрения, мээ-омуртка грыжасы, нышан жана башка оорулары менен башка аймактарга салыштырмалуу 3-4 эсеге көп туулат. 18 жашка чейинки майып балдардын арасында 95 пайыздан ашыгы тубаса оорудан жабыркагандар. Алардын 61 пайызы нерв системине доо кеткендер болсо, 47-48 пайызы жүрөктүн тубаса кемтик оорусу менен туулгандар. Ал эми боюнан түшкөн аялдардын саны башка аймактарга салыштырмалуу 3 эсеге көп. Алардын 90 пайызынын түйүлдүгү тубаса оорулуу болгондуктан, жашоого жараксыз. Уран көбүнчө сөөккө сиңгендиктен, тубаса сөөк патологиясы менен төрөлгөндөр да бул аймакта көп.

Өлкө боюнча ич келте менен жабыркагандардын 95 пайызы Майлуу-Сууда жашашат. Бруцеллёз менен ооругандардын саны башка аймактарга караганда 2-3 эсеге жогору. Андан сырткары жергиликтүү медициналык мекемелер берген маалыматка таянсак, аймактагы 811 баланын 88инин акылы тубаса кем болуп чыкты. Элдин 98 пайызы богок оорусунан жабыркайт. Эң кейиштүүсү, богок кош бойлуу аялдарда көп кездешүүдө.

Жалпы алып караганда Майлуу-Суу элинин майыптык көрсөткүчү башка шаарларга салыштырмалуу 3-3,5 эсеге көп. Бала кезинен тубаса майып болгондор 50-60 пайызга жетет. Бул көрсөткүчтөр Майлуу-Суу элинин генофонду жакшы эмес экендигин далилдейт.

– Бул маселенин алдын алуу же жок кылуу үчүн кандай чара көрсө болот?

– Эң алгач, мындай экологиясы начар абалда жашаган аймактарды таза суу, ооруканаларды тиешелүү адистер жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу зарыл.

1996-жылдары мэрия элди таза суу менен камсыз кылып, Улуттук илимдер академиясы 1 жарым тонна богоктун дарысын тараткандан кийин аймакта богок, ич келте оорулары, боюнан түшкөндөрдүн жана тубаса оорулуу балдардын саны азайды. Бирок аны менен маселе чечилип калган жок. Учурда биздин негизги максатыбыз – тубаса оорулардын санын азайтуу үчүн элге генетикалык кеңештерди берип, тереңдетилген изилдөөлөрдү жүргүзүү. Ошонун негизинде тубаса ооруларды түйүлдүк кезинде аныктап, алдын алып чара көрүү.

Биздин институттун жасаган илимий иштерине чет элдик окумуштуулар да кызыгуу артып жатышат. Анткени Майлуу-Суу шаарынын шартындагыдай уран калдыктары ташталган аймак дүйнөдө жок. Биргелешкен аракеттер менен жогорудагы муктаждыктар толукталып калат деген үмүт бар.

«КАТААЛ РЕЖИМДЕГИ ОБЪЕКТ»

Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын радиациялык жана ядролук коопсуздук башкармалыгынын башкы инспектору Бектур Айдаралиев Майлуу-Суу дарыясынын жээктеринде көмүлгөн уран калдыктары сел, жер көчкү, жер титирөө сыяктуу кырдаалдар орун алганда кооптуу экенин айтат:

– Майлуу-Сууда жайгашкан калдык сактоочу жайлар – катаал режимдеги объект. Ал көлөмү боюнча өлкөбүздөгү радиоактивдүү калдыктар эң көп жайгашкан аймак. Шаар жана анын айланасындагы 23 калдык сактоочу жайда 2 миллион метр куб, 13 кен калдыктарында 1 миллион метр куб уран калдыктары көмүлгөн. Мыйзам боюнча, уран калдыктары көмүлгөн жайларда көп убакытта жүрүүгө, мал жаюуга болбойт. Анткени урандын зыяндуу таасири адамга же малга ар кандай жол аркылуу өтүшү мүмкүн. Калдыктар көмүлгөн аймактарда жер көчкү, сел, жер титирөө учурунда кооптуу абал жаралышы мүмкүн. Мындай авариялык коркунучтардын алдын алуу үчүн агынды сууларды жолго сала турган каналдарды оңдоп-түзөө, тазалоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттиги байма-бай жүргүзүп келет.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Kymbatym
2018-09-11 11:29:47
кооптуу болгон үчүн үйлөр арзан экенда байкуштарга боорум ооруп кетти ууланган аймакта жашашкандарына
+1
nazarnew
2018-09-11 18:00:28
Көчүп кетишпейби не зарыл а жашап, крупно ууланып жатышса, крыша точно кетиптир да, за чем туулган жер деп келечектеги мутанттарды төрөп,кырг жерлер көп го Ош, Жалалабат, Баткен жб, блин кетип калгыла оптом, или өкмөт да карап койбойт, наверное им пофиг го.кырыла беришсин дешип.
+1
aiposharysbekova
2018-09-11 22:00:53
мед колледж, институт бар Майлуу Сууда. Чындыгында өтө булганыч суу, абада кандайдыр бир жыт бар сассык
+1
jazira_92
2018-09-12 16:42:36
МайлууСуу кандай кана шаар болбосун баары Бир журогун ошол жака тарта берет. МайлууСууну сагындым,кудайым буйруса баары жакшы болот
+2
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан