ФЕТӨнүн КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНӨ КОРКУНУЧУ БАРБЫ?

Өткөн аптада Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз жергесине иш сапары менен келди. Бул жолугушууда да Түркия ажосу ФЕТӨ (Фетхуллах Гүлендин террористтик уюму) тууралуу сөз козгоду. Ал өз сөзүндө: "2016-жылы биздин өлкөдө төңкөрүш жасоо аракети болуп, жыйынтыгында 251 киши курман болгон. ФЕТӨнүн бул иштерге тиешеси бар жана Түркияга коркунуч туудурат. Мындай төңкөрүш Кыргыз жеринде болушун каалабайбыз”,- деп билдирди. Түркия бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүлендин тарапташтарынан турган кыймылды ФЕТӨ деп атап, аны экстремисттик деп тааныган. Аталган уюмга тиешеси бар делген Гүлендин идеясына негизделип түзүлгөн "Хизмет" коомдук кыймылынын Кыргыз өлкөсүндө да билим берүү мекемелери бар. Бул уюм Кыргыз өлкөсүнө коркунуч жаратышы мүмкүнбү?

ФЕТХУЛЛАХ ГҮЛЕН ДЕГЕН КИМ?

Фетхуллах Гүлен – диний аалым, коомдук ишмер жана жазуучу. “Хизмет” кыймылынын негиздөөчүсү. Түрк бийлиги тарабынан куугунтукка кабылгандыктан учурда АКШда жашайт.

Ал 1941-жылы 27-апрелде Түркиянын Эрзурум шаарына жакын Коруджук деген айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы имам болгондуктан Фетхуллах да жаштайынан диний билим алып, 1981-жылга чейин көптөгөн мечиттерде имам болуп иштеген. Учурдагы Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен мамилеси жакшы болуп, кийин экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр болгон. 1999-жылы АКШга дарыланууга кеткен боюнча мекенине кайткан эмес. Фетхуллах Гүлен 60тан ашык диний, этикалык китептерди жазган. Гүленчилерге таандык делген билим берүү мекемелери аркылуу ал көптөгөн тарапташтарын чогулта алган.

Дүйнөнүн 140 мамлекетинде болжолдуу 1400гө жакын "Себат" мектептери бул кыймылга таандык деп саналат. Бул уюм билим берүү мекемелеринен башка дагы теле-радио станцияларды, гезит-журналдарды, жумушчулардын ассоциацияларын, студенттерди колдоого алган уюмдарды түзүүгө жетишкен.

"СЕБАТ" "САПАТ" ДЕП ӨЗГӨРТҮЛДҮ

Кыргызстанда гүленчилер каржылайт делген бир нече билим берүү мекемелери бар. Алардын негизгиси делинип 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү лицейлери айтылат. "Сапат" деп өзгөртүлгөн билим берүү мекемесинин бүгүнкү күндө биздин өлкөдө 16 лицейи бар. Андан сырткары гүленчилерге тиешелүү делген 4 башталгыч мектеп, 2 эл аралык мектеп жана 1 университет бар.

"Сапат" лицейлеринин окуучулары эл аралык олимпиадаларда кыргыз өлкөсүнө 15 алтын, 60 күмүш жана 98 коло медаль алып келишкен.

“Себат” лицейлерин жабуу талабы 2016-жылы Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракети ишке ашпай калгандан кийин айтылган. 2016-жылы Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети орун алып, бирок оңунан чыкпай калган. Ушул окуядан кийин Түркия бийлиги бул иштердин башында Фетхуллах Гүлен жана анын тарапташтары турат деп айыптап чыккан. Натыйжада гүленчилер куугунтукка алынып, миңдеген кишилер камакка алынган. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнө “Хизметке” тиешелүү окуу жайларды жабуу талабы коюлган. Бирок ал кездеги кыргыз бийлиги муну өлкөнүн ички саясатына аралашуу деп санап, лицейлерди жапкан эмес. «Себат» «Сапат» деп өзгөртүлгөн.

"САПАТ": "БИЗДИ ФЕТӨгө БАЙЛАНЫШТЫРУУНУ ТҮШҮНБӨЙ ЖАТАБЫЗ"

“Сапат” билим берүү мекемесине байланышканыбызда анын өкүлү: Бизди эмнеге ФЕТӨгө байланыштырып жатканын түшүнбөй жатабыз. Бул жагдай Түркиянын ички саясатынан улам келип чыккан түшүнбөстүк. Мунун биздин ишибизге тиешеси жок. АнткениСапаттаэч кандай террордук идеология жок. Мекеме толук түрдө Кыргыз мамлекетинин карамагына өтүп, бүгүнкү күндө Билим берүү министрлигинин көзөмөлүндө иш алып барып жатат.

Биз мыкты деңгээлде билим берип, Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошо турган адамдарды тарбиялоого аракет кылабыз. “Сапатжабылбашы керек. Учурда бизде 10 миңден ашуун окуучу окуйт. 80 пайыз кадрлар кыргыздар. Биз “Google”, “Apple”, “Microsoft” өңдүү компанияларда иштеген бүтүрүүчүлөрүбүз менен мактана алабыз",- деп жооп берди.

КОРКУНУЧТУУ ДЕЛИНГЕН 130 АДАМ КИМДЕР?

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө болгон иш сапарында "ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар" деп Кыргыз өлкөсүндө жашап жүргөн 130 кишинин тизмесин өткөрүп берди деген маалыматтар тарады. Анын 13ү "биринчи кезекте" деп белгиленген. “Хүрриет” гезитинин журналисти Ханде Фырат Кыргыз мамлекети ФЕТӨ уюмунун коркунучтуу экенин билбей жатканын белгилеп, 130 адамдын аты-жөнү, жашаган дареги, кайда иштээри, бүт маалымат Кыргыз тарапка берилгенин айтат. Расмий Анкара жана Бишкек бул маалыматты ырастап же төгүндөй элек.

“БУЛ УЮМДУ ТЕРРОРИСТТИК ДЕП АТООГО НЕГИЗ БАР”

Ал эми коопсуздук көйгөйлөрү боюнча эксперт, УКМКнын отставкадагы кызматкери Талант Разаков “Сапат” мекемесинин Фетхуллах Гүленге тиешеси бар экенин айтып, аны жабуу туура болот деген пикирин айтат:

– “Сапат” Фетхуллах Гүленге тиешелүү билим тармагы экендиги далилденген. Бул тармакта Гүлендин кишилери чындыгында бар жана алар биздин жарандарды да өздөрүнүн уюмуна тартып жатышат. Мектептер ачылып жатканда да, былтыр террордук иштерге шектелгенде да мектептерде текшерүү жүргүзүлгөн. Бирок биздин конституциялык түзүлүшкө каршы эч нерсе табылган жок.

Бирок ФЕТӨ каржы жагынан мүмкүнчүлүгү чоң уюм, аны террордук уюм деп атоого негиз бар. Анткени алар Түркияда куралдуу төңкөрүш жасаганы баарыбызга маалым. Менин пикиримде “Сапатты” жаап, Түркия тарап сунуштап жаткан уюм менен иш алып барышыбыз керек. “Сапаттагы” сындан өткөн жакшы мугалимдерди ошол мектептерге иштетсек болот.

"ЖАКПАГАНЫ ҮЧҮН "ТЕРРОРЧУ" ДЕГЕН ТУУРА ЭМЕС"

2017-жылы белгилүү диний аалым Чубак Жалиловдун Фетхуллах Гүлен менен АКШдагы жолугушуусу коомдо кызуу талкуу жараткан. Ал бул жолугушуулары тууралуу: “Мен Түркия Гүленди террорчу деп эсептегенин билем. Бирок эч бир мамлекет Түркия бийлигинин чечимин колдогон эмес. Жадакалса АКШ дагы Гүлендин террорчу экенин чанып, Түркия бийлигине өткөрүп берген эмес. Бир адамдын экинчи адамга жакпаганы үчүн эле “террорчу” деп атоо туура эмес деп эсептейм”,- деп билдирген.

“САПАТТЫН” ФЕТӨгө ТИЕШЕСИ ЖОК”

“Сапат” билим берүү мекемелеринин ФЕТӨгө тиешеси бар” деген пикирлер айтылып келе жаткандыгынан улам бул боюнча “Сапаттын” бүтүрүүчүлөрүнүн көз карашын билип көрдүк.

Темирбек Ажыкулов, ЖИА бизнес ассоциациясынын президенти:

– Мен Жалал-Абаддагы Кыргыз-Түрк “Себат” балдар лицейинин бүтүрүүчүсүмүн. Негизи эле ФЕТӨ деп атоо, бизди ага байланыштыруу туура эмес. “Сапат” Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык түптөлгөн мекеме. Анын Кыргызстанга, анын калкына кошкон салымы чоң. Мектепте радикалдык эч нерсе үйрөтүлбөйт, террордук идеология жок. Өнүккөн өлкөлөрдү деле карасаңыздар, мекеменин бул уюмга тиешелүү экендиги далилденген эмес. Бул Түркиянын гана ички маселелеринен улам келип чыккан жагдай. Мектептер Фетхуллах Гүлендин идеясынын негизинде түптөлгөн болушу мүмкүн. Саясатташтыруунун кереги жок. ЖИАнын да бул уюмга тиешеси жок. Биз 12 жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына салым кошуп келатабыз. Эмнеге “Сапатты” жабуу тууралуу сөз болушу керек, түшүнбөйм.

«Маариф» фондунун мектептерди ачышына да каршылыгым жок. Ар нерседе атаандаштык керек. Атаандаштык жаратуу менен алар «Сапат» окуу жайларынын билим деңгээлин мындан да арттыра алса өлкө үчүн жакшы.

Зафарбек Сулайманов, “Enesay.kg” бренд дүкөнүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири:

– Мен да Жалал-Абаддагы “Себат” балдар лицейин аяктагам. Бул мектепте 5 жыл окудум жана татыктуу билим алдым деп айта алам. Бул жылдар аралыгында бизге эч кандай диний же экстремисттик көз караштагы тарбия, билим берилген эмес.

Өлкөбүздө мектептер аз болуп жатканда “Сапат” лицейлерин жабабыз дегенге каршымын. Бул жерде кандайдыр бир саясий көз караштар болушу мүмкүн. Бирок, эң башкысы, бул билим берүү мекемеси болгондон кийин окуу методикасына жана мектептин жетишкендиктерине карап баа берсек туура болот. Билим берүү боюнча так айта алам, бул лицей эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн да тарбиялап чыккан. Ал эми алдыңкы бүтүрүүчүлөрү азыр Америкада, Европада иштеп жатышат.

 

1-сентябрь күнү Бишкек шаарында Эрдогандын расмий иш сапарынын алкагында эки тараптын жолугушуусу болуп өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен "Маариф" фонду меморандумга кол коюшту. Бул меморандум "Маариф" фонду тарабынан Кыргыз өлкөсүнө билим берүү мекемелерин ачуусуна шарт түзөт. "Маариф" фонду Түрк өкмөтүнө баш ийет. Түркия бийлигинин колдоосу менен жаңы мектептер ачылса дагы, "Сапат" лицейлери жабылбастан өз иштерин улантарын Кыргыз өкмөтү белгиледи.


 

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
ludimira
2018-09-11 10:59:35
Берилет диний тарбия...мугалимдер оздору окуучуларга жакшы корсотуп биринчи псизологиялык жактан даярдап анаааан узууун кийинтип намаз окуп зомбилер даярда чыгат.
Тентек балдарды сырттан карап тартылган адамды тандап алат.Отттооооо этияттап иш кылат.
Кыздарды жоолук салындырбайт Эллен болунуп билинип калбайлы деп
-2
CEO1
2018-09-11 12:33:35
ludimira, жомок жазуудан уялбайсынбы?!! Себат лицейлери ачылганына 20 жылдан ашты, миндеген бутуруучулор бутуп чыкты. Арасынан бир террористти колун менен корсото аласынбы?!!

Соке экооно кеп жок!!!
+4
elhan123
2018-09-11 16:31:42
Билим менен саясатты аралаштырбасак жакшы болмок. Мамлекетибиз билим бирдиктуу идеология негизинде беруу системасын тузсо жакшы болмок
-2
elhan123
2018-09-11 22:23:33
elhan123,Азыр биздин мектептерде идеология жок. Мекенчилдикке, табият менен таттуу мамиледе болуу сычктуу идеологиялар керек
0
ma2as
2018-09-12 12:10:08
Билим беруу эмес булардын башкы манызы саяат . Турктоштуруу , оздоруно жакындатуу . Терен тушунгон адам , тарыхты жакшы оздошутргон адам жакшы тушунот . Орто АЗия мамлекеттери , жайгашкан жери менен айырмаланат . Хандык Россиия руссификация кылууну аракет кылып , ар бир айылга орус айылдарын кочуруп келди . Арабтар мечитерди салуу менен арабташтырып салды - чупурокту оротуп , кийбеген нерсени кийгизип. Туркторда лицейди жон салган жок . Турк лицейде окууган бала менен суйлошуп калдым -
+2
ma2as
2018-09-12 12:12:58
Ошол баланын ою туркия жакшы болуп, кыргызстан жаман . Канчалык жаман болгон кундо да мекениго - Кыргызстан .
+2
arzygul.imankulova
2018-09-15 15:16:47
Чынбы төгүнбү билбейм, бир себатта окуган таанышым жайында бизди бир лагерге алып барат, ал жакта мээбизди жууйт деп айткан эле. Сөзгө түшүнбөй кантип деп сурасам, мекениңерди, ата - энеңерди унуткула деп айтат деген болчу.
+1
kipinai777
2018-09-15 16:29:26
Себат мектептерин жабууга эч негиз жок ошол мектептерде сапаттуу кучтуу билим берилет.
-2
bosmos77777
2018-10-04 17:24:44
Бутундой чет олколук,билимканаларын жабуу керек. Турктор менен байланышы бар. Аалым жана чондорду суракка алып. Мамлекеттин коопсуздугуна жана келечегине коркунуч туудурганы учун жазага тартуу керек.
0
kkkk3259780
2021-01-28 08:29:40
Байкелер опасный элесинер....
0
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан