“УУЛУМ 7 ЖЫЛДАН БЕРИ ДАЙЫНСЫЗ”
– Уулум Талантбек Мырзакматовду 7 жылдан бери издеп келебиз. Талантбек 1984-жылы туулган. Аны 2010-жылдын октябрь айында жээндерим Москвага иштөөгө чакырышкан. Байланышып эле жүрүп, 2011-жылдын май айынан бери дайынсыз болуп кетти. Таппай жатабыз. Апасы болсо уулун издеп Орусияга кеткенине 1 ай болду. Биз балабызды ойлоп уктай албай калдык. Баламды табууга жардам берип коюуңуздарды суранабыз.
Атасы Матмуса Мырзакматов. Тел.: 0777 30 55 60
“УУЛУМ ОРУСИЯДА ИШТЕП ЖҮРҮП БАЙЛАНЫШПАЙ КАЛДЫ”
Апасы Гулипа Мамазаирова, тел.: 0773 88 64 76
94 ЖАШТАГЫ АТА 51 ЖАШТАГЫ УУЛУН ИЗДЕЙТ
– Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургуну 94 жаштагы Садык Мадимаров 6 жылдан бери 51 жаштагы уулун издеп, анын келишин күтүп келет. Уулу Кушвакали Мадимаров Казакстанда иштеп жүргөн. Азыр ал кайда экени дайынсыз. Кушвакали Мадимаров учурунда музыкант болуп да иштеген, ошондуктан атасы короосундагы өрүктөн уулуна комуз чаптырып да койгон. Ал комуз да ээсин күтүп үйүндө илинип турат.
Айылдашы Исламбек Толубаев, Тел.: 0772 66 66 08
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28