ЭМГЕК БААЛАНГАН МИЛЯНФАН АЙЫЛЫ

Кант шаарынан 14 чакырым алыстыкта Милянфан деген айыл жайгашкан. «Милянфан» деген сөздү дунган тилинен которгондо «күрүчтөрдүн өрөөнү» дегенди түшүндүрөт. Бирок бул жерге барсаңыз айыл тургундары күрүч эмес, башка жер-жемиштерди өстүрүшкөнүнө күбө болосуз. Эмесе, атына заты төп келбеген айыл тууралуу маалымат алыңыз.

Жайгашкан орду –
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, деңиз деңгээлинен 1100 метр бийиктикте жайгашкан.

Жалпы аянты – 42 миң чарчы метр.

Калкынын саны – 5112 адам.

АЙЫЛ ТАРЫХЫ

1910-жылдары бул өрөөн камыш баскан, саз, эч нерсеге жараксыз жер болгон. 1918-жылдары дунган улутундагы бир нече үй-бүлө Пишпектен бул жакка көчүп келишет. Алгач алар өздөрү кол менен арык казып, жер иштетип күрүч өстүрө башташкан. Кийинчерээк бул жерге көчүп келген адамдардын саны жылдан-жылга көбөйө баштайт. 1930-жылдардын башында 30 үй-бүлө биригип колхоз уюштурушкан. 1935-жылы күрүч, буудай, арпа эгишип, мол түшүм алышат. Бул көрсөткүчү үчүн колхозго «Миллионер колхоз» деген наам ыйгарылат. Азыркы күндө дагы бул өрөөн айыл чарбасы өнүккөн айылдардын катарына кирет.

КЫШЫНДА ДАГЫ ДЫЙКАНЧЫЛЫК КЫЛЫШАТ

Айыл тургундарынын жашоолорунда дин маанилүү орунда турат. Динге абдан бекем болуп, беш убак намаз окушат. Ошондуктан бул өрөөндө жашоо таң агарып атканга чейин эле башталат. Ошол эле учурда соодага жакын келген дунган калкы жайы-кышы жер-жемиштерди өстүрүү менен алектенишет. Жайында өзүнүн бакчаларында, үлүш жерлеринде эмгек кылышса, кыш мезгилинде күнөсканаларда ар түрдүү жемиштерди эгишет. Шаарга баруу айыл тургундары үчүн татаалдыкты жараткандыктан, көпчүлүгүнүн жеңил унаалары бар. Эртең менен шаарга жөнөп жаткан машиналардын саны үзүлбөсө, кечинде шаардан келе жаткан катар-катар унааларды көрөбүз. Себеби көпчүлүгү Бишкектеги «Дордой» базарында эмгектенишет.

АЙЫЛ ТУРГУНДАРЫ ГАНА ЭМЕС, ЖАЛПЫ ДУНГАН ЭЛИ СЫЙМЫКТАНГАН МУЗЕЙ

Дунган улутунун сыймыгына айланган Советтер Союзунун Баатыры Манзус Ванахундун үй-музейи бул айылда жайгашкан. Бир гана Борбор Азияда жашагандар гана эмес, дүйнөнүн төрт бурчунда жашаган дунгандар бул айылга ушул музейди көргөнү келишет. Себеби аталган музей жалпы дунган улутунун тарыхын, маданиятын чагылдырып турат. Манзус Ванахун тууралуу кеп козгосок, ал 1907-жылы Пишпек (азыркы Бишкек) шаарында дыйкандардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1920-жылдары бир туугандары менен Милянфан айылына келип, айыл чарба иштери менен алектенет. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, 1942-жылы апрель айында аскердик кызматка чакырылып, 232-миномёттук полктун командири болот. 1943-жылы жай мезгилинде Курск шаарынын жанында маанилүү салгылашууда эрдик көрсөтүп курман болот. Ошол эле жылы 8-сентябрда Манзус Ванахунга «Советтер Союзунун Баатыры» деген наам ыйгарылган.

«АЙЫЛДА ЖУМУШСУЗ ЖҮРГӨН АДАМДАР ЖОК»

Сулейман Губеза, Милянфан айыл аймагынын башчысы:

– Биздин айылдын тургундары өзүнүн эмгекчилдиги менен айырмаланып турат. Айылда ишсиз жүргөн жарандар жок. Калктын көпчүлүгү жашылча-жемиштерди өстүрүү, мал чарбачылыгы менен алектенишет. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда биздин айыл Михаил Фрунзе атындагы колхоз эле. Айыл тургундары күрүчтү Кант темир жолу аркылуу согуштагы аскерлерге жөнөтчү. Советтер Союзунда алдыңкы айылдардын бири болгон. Ошол кезде 4 тургунубуз Ленин ордени менен сыйланганы буга далил. Азыркы күндө суунун жетишсиздигинен улам күрүч өстүрүлбөйт. Анткени күрүч дээрлик сууда өскөндүктөн сууну көп талап кылат.

1993-жылдары колхоз системи кулап, жакырчылык башталып, жашоо начарлаган. Көптөгөн айылдарда мектептер, бала бакчалар, маданият үйлөрү жабылган. Бирок биздин айылда бардык социалдык объекттер сакталып калган. Бул биздин айылдын ынтымактуу экендигин айгинелейт. Мектеп, бала бакчалардан тышкары кесиптик лицей дагы бар. Мындан тышкары былтыркы жылдан тарта айылда айыл чарба кооперативдери уюштурулуп, иштей баштады.

«ДУНГАН УЛУТУНУН МАДАНИЯТЫН ЧАГЫЛДЫРГАН МУЗЕЙ БИЗДИН ГАНА АЙЫЛДА БАР»

Айша Баги, Манзус Ванахун атындагы музейдин жетекчиси:

– 1980-жылы ачылган бул музей жалпы дунган улуту үчүн зор мааниге ээ. Себеби биздин улуттун маданиятын чагылдырган башка музей дүйнөдө жок. Мен бул музейде 2002-жылдан бери иштеп, башкарып келем. Музей Манзус Ванахундун баласынын үйү болгон. Бул жерге келген коноктор дунган улутунун жаралышы, маданияты, Милянфан айылынын тарыхы жөнүндө маалыматтар менен тааныша алышат.


«АЙЫЛ ТУРГУНДАРЫ БИР НЕЧЕ ТИЛДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨШӨТ»

Зухра Зазаза, Милянфан китепканасынын жетекчиси:

– Дунган эли дүйнөнүн төрт бурчунда бар. Биздин мамлекетибиз дагы, желегибиз дагы жок. Бирок биз өзүбүздүн тарыхыбызды муундан-муунга калтырып келебиз. Бул айыл жалпы дунган улуту үчүн чоң мааниге ээ. Биздин айылдын тургундары бир нече тилде эркин сүйлөшөт. Мектептерде кыргыз, орус, дунган жана англис тил сабактары өткөрүлөт. Биздин китепканада дагы ушул 4 тилде жазылган китептер бар. Биздин айыл меймандос. Ай сайын бизге ар кайсы мамлекеттерден конок келет. Жакында эле 6-сентябрда Кытайдан чоң делегация келип, биздин айыл менен таанышып кетти. Биздин айыл көп улуттуу болгону менен, абдан ынтымакта жашайбыз.

Китепкана – жергиликтүү коомчулуктун эң сүйүктүү жери.
Милянфан айылы – дунган маданиятынын чордону.

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
ady-88
2018-09-25 09:01:38
Дунгадан кыз алсан жыргайсын
0
KyrgyzstanBishkek
2018-09-25 09:11:34
Башка айылдар да улгу ала турган экен.
+2
Dembele84
2018-09-25 09:53:36
Дунгандар ото эмгекчил калк болушат экен.2004-дылы Бишкекте Улуттук Гвардияда кызмат отоп жургондо,дунгандар биздин жоокерлерди сатып алып талаада иштетчу.Бир жолу кеч куздо 30 жоокерди Кара Балтага 18 гектар сабиз талаасына командировкага алып келип иштеткен,ноябрь айы болгондуктан жамгыр,ылай,суук жаткан жерибиз,айнеги жок,тооктун кыгы жыттанган вагондордун астына камыш тошоп устуно оз тошогубузду салып жатып алчубуз.Корсо дунгандар каптап сабиз берип анан бизди алып кеткен экен))))
+1
mukai
2018-09-25 19:38:07
Ото эмгекчил дунган эли. Милянфан айылына 2015-жылы барган элем. Айылына кирсен тынч, кочодо бейчеки басып жургон бекерчи адамды кезиктирбейсин. Чон чон тамдарды корууго болот. Курбан айт маарекесине туш барган элем. Тааныганы да тааныбаганы да салам берип, айт майрам менен куттуктап уйго кирип даам ооз тийгиле деп ото сыпайы, кичи пейил экен.
+1
elhan123
2018-09-26 22:46:33
Кызыктуу айыл турмушу жонундо жазсанар сураныч
+1
admin_media
2018-09-27 09:52:31
elhan123, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
+1
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан