Кубан Карымшаков, ветеринар: «АЙЫККАН МАЛ МӨӨРӨП ЖЕ МААРАП КОЙСО РАХМАТ АЙТКАНДАЙ СЕЗИЛЕТ»

Ветеринардык – бул мал ооруларын дарылоого, малдан оорунун адамга жукпашынын алдын алууга багытталган кесип. Өлкөбүздүн бардык аймагында мал кармалгандыктан ветеринарларга иш көп жана тыным жок. Малдын башы көбөйгөн сайын ветеринардык кесиптин да баркы көтөрүлүүдө. Анда эмесе, аталган кесиптин ой-кырлары жана мал багуунун сырлары тууралуу сөз кылабыз. Маектешибиз Нарын облусунун Жумгал районунун Куйручук айыл өкмөтүнүн мал чарбасы боюнча башкы адиси Кубан Карымшаков. 53 жашта, ветеринардык эмгек стажы 29 жыл.

– Бул кесипке кокустан келип калгансызбы же каалоо мененби?

– Илгери Союз кезинде ЖОЖдо окуу үчүн 2 жылдык эмгек стажы керек болчу. Андыктан мектепти бүтүп, 2 жыл чабан болуп иштедим. Ооруган малды дарылоого, эмдөөгө ветеринарлар келишкенде жардам берип жүрүп алардын кесиби жагып калды. Анан ветеринардыкка окуп, минтип иштеп жүрөм. Айлык 10 миң сом. Ага карабай сүйгөн кесибиң болгондон кийин иштейт экенсиң. Мал доктур болбой, адам доктуру болсом болмок беле деп өкүнгөн учурум деле болгон жок. Ветеринардан малдын гана эмес, адамдын да ден соолугу көз каранды. Бизге психолог болууга да туура келет. Анткени мал бул жерим ооруп жатат деп айта албайт. Анын эмнеси ооруп жатканын биз сезип, таап, дарылашыбыз кажет. Кээде бизди түндөп чакырып калышат, биз “Тез жардам” сындуу барып калабыз.

Бизде бардык шарттары бар ветклиника жок. Андыктан ким чакырса ошонукуна барып, дарылоону короосунда жүргүзүүгө туура келет.

Менин кесибимди бир уулум улантканы турат. Ал ветеринария факультетин аяктады, эми иштейт.

– 29 жыл иштеп жүрүп ооруган малга сыртынан эле диагноз коюуга жетишип калсаңыз керек?

– Ооба. Мал дарылай берип көзүң каныгып калгандыктан көчөдөн өтүп бараткан малды карап эле кайсы ооруга чалдыкканын же ооруюн деп калганын билсең болот. Адамдардыкы сыяктуу эле малдын көптөгөн оорулары бар. Мисалы, пневмония , шарп, кутурма, сибирь жарасы, чакалай, мастит, бруцеллёз жана башка. Алардын жугуштуу оорулары адамдарга жукпашы үчүн эмдөө жүргүзүп турабыз. Ооруган малга убагында туура диагноз коюп дарылабасаң ал өлөт, ээси чыгым тартат. Бул жаман нерсе. Анткени мал азыр киреше булактардын бири. Өзүмдүн да малдарым бар болгондуктан малга деп келген вакциналарды, дарыларды алгач ошолорго берип, таасирин байкап, ошого жараша иш кылам. Башкача айтканда, малдарым “подопытные кролики”.

Вакцина үчүн дары-дармектер мамлекет тарабынан бекер берилет. Дарыларды болсо өзүбүз сатып алабыз. Мал ээлери дарынын жана кызматыбыздын акысын төлөшөт.

– Малда эхинококкоз, альвеококкоз оорулары көбөйүп, адамдарга көп жугуп жатат. Буга ооруканаларда операциялар көп жасалып жатканы далил. Бул оору адамга жукпашы үчүн эмне иш жасайсыздар?

– Аталгандар иттен жугуучу мите курт оорулары. Адамдын көбүнчө боорун, өпкөсүн жабыркатат. Мунун алдын алуу үчүн 4 айда бир атайын дарыны ар бир иттин тамак-ашына кошуп беребиз. Ит 3 күн байлоодо турат, бул аралыкта ичиндеги мите курттар түшөт. Малды сойгондо ооруган боор, өпкөсүн бышырып жебей, итке бербей чуңкур казып, ошого көөмп салуу керек.

– Тууй албаган малды кесарево жолу менен туудурган учурлар көп эле болсо керек...

– Ооба, буга чейин 30 чакты уйга, 100гө жакын кой-эчкиге жасадым окшойт. Уйдуку 2-2,5 саатка, кой-эчкиники 1 саатка созулат. 2 сааттан кийин туруп, жем жегиси келип баштайт. 10 күндөн кийин жибин алабыз. Кандай болуп калды экен деп текшергени барганда аларды сылап-сыйпап эркелетип койсоң мөөрөп же маарап коюшса рахмат айтып жатышкандай болуп өзүнчө сүйүнүп каласың.

– Эми мал багуунун сырлары менен ой бөлүшсөңүз...

– Малга деле адамдай аяр мамиле жасап баксаң эмгегиңди актайт, болбосо жок. Малды ичиндеги мите курттардан 1 жылда жок дегенде 3 жолу кутултуп турсаң ооруларга туруктуу болуп, семирет. Болбосо курттар ууларды бөлүп чыгаргандыктан мал төл бербейт, семирбейт. Андыктан жазында мал жайытка чыккандан 35-40 күн болду дегенде альбендазол дарысын ар ким өзү алып эле берүүсү керек. Анан жайында, күзүндө чөп каткан кезде да берилет. Күздө берилгени кышы менен мал митесиз таза турат дегендик.

Уйдун сүтү көп болуусу үчүн бооз уйду алгачкы 6 айда жем-чөбүн үзбөй жакшы багуу керек. Кийинки 2 айда орточо багуу керектелет. Болбосо ичтеги музоо чоңоюп кетип, уйдун туушу кыйын болуп калат. Акыркы 1 айда абдан жакшы бак. Себеби желиндеги сүт каналчалары кеңейип, желин чоңоюп, сүттүн көп чыгуусуна шарт түзүлөт. Башка уйларга салыштырмалуу сүтү 2 литрге көп болот. Жемине кошуп кечкисин буудай, арпа, же жүгөрү шактан атала бышырып берсе болот. Уй жарма ичкенден жылып, суукта түнкүсүн анча үшүбөйт, жегендери да жакшы сиңет.

Мал баккан адам малдан пайда табуу үчүн малынын породасын жакшыртуусу керек. Биз жасалма уруктандыруу иштерин (көбүнчө уйларга) да жүргүзөбүз. Уруктар Бишкектен ичине суюк азот толтурулган атайын контейнерлер менен ташылат.

– Чакалайды жана желиндеги сөөлдөрдү кетирүүнүн элдик медициналык жолу барбы?

– Чакалай уйдан адамдарга көп жугат. Андыктан жукпашы үчүн дароо дарылоо кажет. Ал үчүн 20 грамм көк ташка (медный купорос) 100 грамм балыктын майын же болбосо 100 грамм машинанын иштетилген мотор майын кошуп кайнатып, анан сүйкөө керек. Алгач солярка менен ошол кабырчыктап турган жерге сүйкөсө, алар эзилет. Анан таза мата менен аарчыса кабырчыктар түшөт, андан кийин жанагы кайнатмадан 1 күндө 2-3 маал сүйкөсө 1 аптада таза айыгат.

Уйдун желининдеги сөөлдү кетирүү үчүн 10 пайыздуу йодду 1 күндө 2 маал сүйкөй берсе 1 аптада кетет.

– Койлорду көк мээ оорусунан кантип дарылайсыздар?

– Бул ветеринарияда ценуроз оорусу деп аталат. Мээ менен баш сөөктүн ортосунда митенин айынан ичине суюктук толгон ыйлаакча жаралат да, ал улам чоңоюп өсүп, мээни кыса баштайт. Ошондо койлор бир орунда тегеренип калат. Ошол жерди кармап көргөндө жумшарып калган болот. Ошол жерди аспап менен тешип, ыйлаакчаны алып чыгабыз. Болбосо шприц менен сордуруп алабыз. Кайра ордун тигип коёбуз.

– Малдарды дарылоого арналып чыгарылган АСД каражатын эл кээ бир оорулардан кутулуу үчүн ичип жүргөндөрүн көрүп жүрөбүз. Бул боюнча оюңуз...

– Бул малдарды дарылоого гана багытталган. Ага карабастан рак, псориаз, бронхиалдык астма сыяктуу оорулардан айыгуу үчүн ичип жаткандар бар. Бул башка айла калбай калгандан болсо керек деп ойлойм. Кандай таасир берерин айта албайм.

– Малдан оору адамга жукпашы үчүн кандай эрежелерди сактоо керек?

– Малдан оору адамга жукпашы үчүн өзгөчө ооруган жана тууган малды карап-багууда халат, резинка өтүк, кол кап кийүү керек. Малды дарылап бүткөндөн кийин кийимди сыртка чечип, колду самындап жууш шарт. Ооруган малды союп, этин сатып жиберүү дегендик башкаларды ооруга чалдыктыруу экендигин унутпоо керек. Жолбун ит, мышыктардын эмдетер жана дарылатар ээси жок болгондуктан алар оорулардын булагы болуп жүрө берет, андыктан аларды жок кылуу зарыл.

"Бодо малдын ички органына да ушинтип операция жасалат".
Уйларды операция ыкмасы менен туудуруу учурлары.

Канымжан Усупбекова
kооm@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Jigitchem
2018-09-25 14:34:12
Мына тажырыйба коп экен бул атада
+3
Nestana95
2018-09-25 15:35:32
Папам да мал доктур..чынында оор..... операция жасаганын угуп иан калгам..азыр конумуш адат.......
+2
Kalemkash
2018-09-25 16:53:43
Кыйын киши экен. Соз жок
+1
Jin1209
2018-09-26 01:37:19
Асд тууралуу маалымат бериниздерчи
0
Fortuna1987
2018-09-26 13:21:49
Азамат, суйлогонунон эле билесин канчалык мыкты адис экенин.
+1
Asyl.jazi
2018-09-27 11:37:52
Биздин бир козубуз да бүгүн бир жеринде кайра-кайра айланып калыптыр. Демек мал доктурга көргөзүү керек экен. Айыктырса болот экен да. Рахмаат чооң!
+1
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан