“БИЙИКТИКТЕ АРКАНГА АСЫЛЫП ТЕРЕЗЕ ЖУУП, БАЛКОН ОҢДОО БИЗДИН ИШИБИЗ”

Өнөр жай альпинисттери өздөрүнүн нанын жипти жана альпинисттик жабдыктарды гана пайдаланып таап жешет. Кадимки курулуш технологиясы менен жасоого болбой турган кыйын иштерди жасашат. Адреналиндик кесипте иштеп жүргөндөрдүн иши, кесиптеринин күнгөй-тескейлери менен тааныштык.

“БИЗГЕ КРАН БАРА АЛБАГАН ЖЕРЛЕРДЕН БУЮРТМА КӨП ТҮШӨТ”

Биз чакырган жерге барганыбызда өнөр жай альпинизми компаниясынын мүчөлөрү 9 кабаттуу үйдүн 4-кабатынын балконун буюртма менен жылуулап жатыптыр. Жетекчиси өзүн Азамат Мусаев деп тааныштырып, төмөнкүлөрдү баяндады:

– Өнөр жай альпинисти эмне иш кылат? Бул бийиктикте негизинен альпинисттин, курулушчунун, электриктин ишин кошуп аткаруучу адам. Алып айтсак, көп кабаттуу имараттарда панелдердин кошулган жерлерин бүтөө, шыбоо, балконду оңдоо, сырдоо, жылуулоо, терезелердин сынган айнектерин алмаштыруу, терезелерди жуу жана ага темир торлорду орнотуу, кулптанып калган үйдү терезе же балкон аркылуу кирип ачып берүү, суу агуучу түтүктөрдү тагуу. Булардан сырткары жүктөрдү үйдүн терезеси аркылуу киргизүү, шаты жетпей турган терең чуңкурга түшүп кеткен адамды алып чыгуу, үйдүн фасадына (бет маңдайы) декоративдүү штукатурка жүргүзүү, фасадын кирден тазалоо сыяктуу иштерди аткаруучу адам. Бул кесип Кыргызстанда эми гана түптөлүп келе жатат. Чет өлкөлөрдө кеңири жайылган, анткени ал жактарда бийик имараттар көп.

Бийиктикте ысыкта, суукта, шамалда өз өмүрүңдүн коопсуздугун көзөмөлдөп чыңалуу менен иштөө адамдан физикалык күчтү жана психологиялык даярдыкты талап кылат. Бул ар кимдин колунан келе бербейт.

Бизге кран бара албай турган, мисалы, кычык-кучук, жолу тар жерлердеги бийик имараттарга чакырык көп түшөт. Өнөр жай альпинисттеринин кызматы көпүрө, телемунара, ГЭС курууда да керектелет. 1960-жылдары Кыргызстанда Токтогул ГЭСин курууга катышкан деген маалымат бар.

Шамал болуп жатканда аркандар менен ары-бери чайпалып иштөө кыйын. Андыктан жетекчилик дайыма үзгүлтүксүз аба ырайы менен таанышып, ошого жараша чечим кабыл алуусу керек. Мисалы, 2009-жылы Алматыда күтүүсүз катуу шамал болуп, 4 өнөр жай альпинисти бийиктен кулап кетип каза тапкан. Жетекчиси аба ырайы кандай болорун билбей ишке чыгарган. Бизди Кудай сактасын, андай боло элек.

“КҮТҮЛБӨГӨН КЫРДААЛДА ТУУРА ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛБАСАҢ ӨМҮРҮҢ ТОБОКЕЛДЕ КАЛАТ”

– Өзүм Көлдүн Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынан болом. Бирок бир топ жылдан бери Бишкекте жашайм. 2009-жылы Москвада өнөр жай альпинисти болуп иштеп жүргөн агамдын чакыруусу менен ошол жакка иштегени барып калдым. Алгач альпинисттерди окутуучу курста 15 000 рубль төлөп окудум. Биринчи ирет көп кабаттуу үйдүн чатырына чыкканымда бийиктиктен башым айланып, жүрөгүм жарылчудай корктум. Жерге түшкөндө агамдын, башкалардын да эмне деп сүйлөп жатканы кулагыма кирбей калган. Агам акырындан үйрөтүп жүрүп көндүргөн. Негизи бул кесиптегилер бийиктиктен корксо ошол фобиясын жеңе билүүлөрү, батыраак иштөөнү, кокус иш учурунда күтүлбөгөн кырдаал жаралып калса, туура тез чечим кабыл алууга жарашы зарыл. Болбосо өмүрлөрү тобокелде калат.

Агама кошулуп 3 жыл иштеген соң Бишкекке келип, компания түзүп, 3 жигитти алып, иштей баштадым. Алардын экөө Орусияда, бири Казакстанда өнөр жай альпинисттери болуп иштеп келген. Баары мага окшоп курста окушкан. Ишке керектүү жабдыктарыбызды чакага салып, аны байлап алабыз. Жерден бир нерселерди, мисалы, курулуш материалын көтөрүп чыгуу керек болсо, бирибиз аны арканга байлап берип турабыз. Бизге керектүүлөрдү (аркан, каска, коопсуздук куру, отургуч жана башка) атайын дүкөндөрдөн сатып алабыз. Алардын сертификаттары болот. 1 комплекти – 25 000-30 000 сомдун тегерегинде турат. Мисалы, 1 адамга 9 кабаттык имараттын бир кабатында иштеш үчүн 50 метрлик келген 2 арканда асылып иштөөгө туура келет. 2 аркан чатырдын 2 жерине байланат. Аркандарды имараттардын чатырындагы вентиляциянын түтүгүнө (моруна) байлайбыз. Эгер байлана турган эч нерсе жок болсо, анда бетон плитаны тешип, ал жерге анкерди (атайын шайман) орнотуп, арканды ошого байлайбыз.

Биздин ишибиз өмүрүбүзгө тобокелдик менен байланышкандыктан жакшы төлөнөт. Айталы, кондиционер орнотууга 5000-6000 сом, терезе жуусак 1 чарчы метрине 50-60 сом, жүктү терезе аркылуу киргизүү 10 000-15 000 сом, терезеге темир тор орнотуу үчүн 1 чарчы метрине 1000 сомдон өйдө алабыз. Туулган күнгө, майрамда куттуктап бериңиздер дешсе жаңы костюм-шымдарыбызды кийип, жип менен асылып түшүп туулган күн ээлерин куттуктайбыз, ыр окуп беребиз. Буга 5000 сом алабыз. Жипте асылып бийиктикте иштеп жатсак көчөдөгү эл, туристтер да таңыркап карашат, сүрөткө тартышат. “Башыңар айланбайбы, коркпойсуңарбы?” деп сурашат. Жакында эле жаңы баш кошуп жаткан түгөйлөр 4-кабатта иштеп жатсак биздин фонубузда фотосессия кылышты.

Иште ар түрдүү окуяларга күбө болобуз. Бир жолу бизге 9 кабат үйдүн акыркы кабатында жашаган 1 эркектен чакырык түштү. Ал “көчөдөн келсем, эшик бек. Ичтен бир жашар баламдын ыйлаган үнү чыгып жатат. Аялыма чалсам телефонун албай жатат, эмне болгонун билбейм” деди. Барып балкону аркылуу түшүп, эшикти ачтык. Бала ыйлай берип чарчаган окшойт, кире бериштеги эшиктин түбүндө уктап калыптыр. Андан да кызыгы, дааратканадан бирөөнүн үнү, тыкылдатканы угулат. Эшикти ачсак аялы чыгып жатпайбы. Көрсө, ал дааратканага кирип, эшигин ичинен бекиткен соң кармагычы сынып, чыга албай калыптыр.

“ЧАЙ ИЧКИЛЕ ДЕСЕ БАЛКОНДОН КИРЕБИЗ”

Жанатан бери арканда асылып, 4-кабаттын балконун жылуулоо менен убара болуп жаткан 23 жаштагы Канимет Дуулат уулу да түшүп келип, биздин маекке аралашып буларды айтып берди:

– Бул компанияга келе электе Бишкектеги башка компанияда иштечү элем. Бир жолу заказ боюнча 12 кабаттуу үйдөгү иштерди бүткөрүп түшүп келе жатып 2-кабаттан ылдый кулагам. Анткени аркан жетпей калган. Бул жетекчиликтин күнөөсү болчу. Ал аркандар жетер же жетпестигин текшербей койгон. Ошондон кийин имаратка чыга электе жетекчилик менен чогуу баарын текшерип алмайды адат кылгам. Кокус аркан 4-кабаттан эле жетпей калып куласам эмне болот эле, ким билет?

Ысыкта, суукта иштегендиктен кээде балконун же терезесин ачып, бизге чай, кофе же башка суусундукту берип калышат. “Жеп ал” деп булочка, таттууларын сунгандар, үйүнө киргизип чай бергендер да чыгат. Чай ичкенге балкондон кирет дегендер, билсеңиз, бизбиз. Катуу шамалда, жамгыр, кар жаап жатканда өз коопсуздугубуз үчүн иштебейбиз.

Канимет Дуулат уулу "Биз жумушубузду жасоо үчүн бийик имараттын үстүнөн түшөбүз. 9 кабатпы же 12 кабатпы айырмасы жок, бизге көнүмүш адат болуп калган" дейт.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Jazdyn_tany
2018-10-02 21:18:04
Кызыктуу жумуш экен...Ишиңерге ийгилик!
+3
sely
2018-10-02 22:09:35
Jazdyn_tany,анан коркунучтуу. Москвадагы высоткаларды коргондо альпиристин иштеп жатканын эмес жашагандан коркосун го
+3
Zarema94
2018-10-03 00:01:26
Хехе, кастюм-шым кийип, ыр окуп да бергендери жакшы экен))). Ийгилик!
+5
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан